Алым ТОКТОМУШЕВ: «Ар бириң кеткен сайын ойлоп келем: Кудайдын тизмесинин катасы бар…»

Алым ТОКТОМУШЕВ: «Ар бириң кеткен сайын ойлоп келем: Кудайдын тизмесинин катасы бар…»

РЕДАКЦИЯДАН: 9-декабрь. Бүгүн белгилүү саясатчы, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» аталган Эшимканов Мелис Асаналиевичтин туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак экен. «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп өзүнүн Эрнис инисине айткан сөзү бар экен…

2011-жылы, 15-сентябрда көз жумган. Арадан 9 жыл өтүптүр…

Маркумдун ашы өткөндөн кийин, 2012-жылы жубайы Асел Эшимканова жолдошунун элесине арнап «Мелис Эшимканов» аттуу китеп түзгөн. Ал китеп баарыӊыздардын эле колуӊуздарга тийбесе керек. Андагы эскерүүлөрдү Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси Эрнис Асек уулу (Эшимканов) атап кеткен «Алакан» сайтынан окуй аласыздар. Бүгүн кечке Эшимканов Мелис Асаналиевичти эскеребиз. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» 

Эсен болуп, эстей жүр!  

Кудайдын тизмесинин катасы бар

Тиленип, тийбей калган бата сыңар,

Тирелип ар кай жерде жатасыңар.

Ар бириң кеткен сайын ойлоп келем:
Кудайдын тизмесинин катасы бар…

Мен бул саптарды Аман Токтогулов акырет кеткенде жаздым эле. Жаным күйгөнүнөн жазгам. Бүтпөй калдым. Жаным күйүп бүтпөй калды, талант-шыгым жетпей калды. Жандай көргөн жакындар, атүгүл жөн эле жакшы санаалаштар «кеткен» сайын менин денемдин да бир жери өлүп аткандай сезилет деп айткым келген.

Аны кечээ Мелис Эшимканов келбес сапарына кеткенде дагы бир сездим. «Үкө-дос» деп койчу элем. Агасынан артык көрчү. Бери калганда мага ошондой сезилчү. Бир кабыргам сынгандай болду. Деги менде канча кабырга бар экенин билбейм: сынып эле атат, сынып эле атат. Ошон үчүн кудай тизмесин тактап салса деп атпайымбы. Мен 65ке кеттим. Ал 48 жашта экен.

Капырай, бул 48 кандай каргыш тийген жаш! Аман Токтогулов кеткен 48 жашында. Жолон Мамытов кеткен 48 жашында. Турар Кожомбердиев кеткен 48 жашында. Жашыбыз элебирээк болгону менен жаныбыз бирге дегендей санаалаш, каламдаш элек, жакшы жолдош элек. Алар менден таланттуу болучу. Аны эскерип атканым, алардын кетиши менен кыргыз адабиятынын кабыргасы сынбаса дагы катуу кайышты. Анын сыңары Мелис Эшимкановдун кетиши — кыргыз журналистикасынын, журналисттеринин, азыркы кыргыз саясатынын, саясатчыларынын кабыргасын сындырбаса да, бир жерин катуу сыздатат болуш керек.

Ооба, анын достору көп болчу. Ошого жараша кастары да каз катар эле. Анткени ал адам болчу. Күнүндө да жашачу, түнүндө да жашачу. Ыры бар, сыры, чыры бар, биографиясы бар эле. Адам жанынын кумардыгы, үмүтү, трагедия менен комедиясын кошо алып жүрчү. Аны биз билчүбүз. Кастары (эми ал кас болуудан калды, ошондуктанбы, алар көрүстөнүнө да арбын барды) айтып атпайбы: адамдыгың кеп эмес, сен бизге «социалдык кыймылдын бирдиги» гана бол. Алар М.Эшимкановдун кечээкиси, эртеңкиси, бүгүнкүсү менен эсептешкен жок, көтөргөн «желеги» боюнча баалап келишти. «Желек». Андан башка эч нерсе. Тереңдебейт.

Кечээки «төңкөрүшчүлөр» Мелис Эшимкановду «Бакиевдин эшигин сагалады» деп «эңшерип» кетүү аракетин жасап киргенде жаздым эле: «Кана, кимиң бар Бакиев режимине кызмат кылбаган? Алмазбек Атамбаевби? Роза Отунбаевабы? Же Топчубек Тургуналиевби? Санап келсе «соо» «төңкөрүшчүлөрдү» табуу кыйын» деп жаздым эле.
Баса, Мелис менден суранган эмес, ыракмат да айтпады. Баш-аягы «Асаба» менен «Агымда» 15 жыл иштепмин. «Момуну жазып, тигини «согуп» койчу» деп мага же башкаларга айтканын уккан да жокмун, көргөн да жокмун. Тескерисинче, мен Мелистин өзүн бир топ эле ачуу сындарга кошуп ийчүмүн. Бирок гезитке жарыялай берчү да, талкуу жыйында айтып калчу: «Мына, Алыке мени деле «согуп атпайбы» деп. Эсеби маселең, Өмүрбек Текебаев экөө Аскар Акаевди ээрчий баштаганда «оппозиция оппортунисттери» атап, кыйла кыйгыл сын айткам. Мен муну менен Мелис Эшимкановдун тушунда ал башкарган гезиттерде чындап эле сөз эркиндиги болгонун белгилегим келип атыр. (Албетте анын сапаты башка кеп) Ага карайбы, Акаевдин да, Бакиевдин да «жандармериясы» «муну Мелис Эшимканов эки-үч эсе көп айлык төлөп жаздырып атат» маанисинде коомчулукка жажалап келди.

Өмүрүнүн акырында коомдук окуялардан алда канча алыс жашаса да, азыркы бийлик өзүнө багытталган ачуу сөз, коллаждарды Эшимкановдон көрүп атат деп уккам. Мына, эми Эшимканов өлдү, гезиттердин сын, мейли, шылдың «кербездери» токтоор бекен?
Мелис Эшимканов эбегейсиз чынчыл болчу, ичи-тышы сыртында эле, жалындап күйүп-жанып турчу, фантазиясыз, жаңы тема издебей жүрчү эмес, күлкүсү да көңүл уулабаган ачык, таза күлкү эле. Оттон-суудан кайра тартпаган тайманбас, кайратман, анан да өзү моюнга ала жүргөндөй, ашкан авантюрист жан боло турган. Болбосо элестетип бак: атасынан жаштайынан ажыраган, кызмат абал, каражат, «колдогон кожодон» куржалак, али аты белгисиз жаш журналист кантип кыргыз журналистикасынын жаңы доорун ачты? Кантип мамлекет башчыларынан баштап, республиканын майда чиновниктерине чейин алдына бүжүрөттү? Кантип чоң саясаттын туу чокусуна жетип, дөө-шаа делген саясатчылар менен кантип достошту жана касташты? Бул жаатынан келгенде Трояны аскерсиз басып алган Агамемнон эске түшөт.

Менимче, аны өлүм гана жеңди. Жеңилмек эмес. Дагы бир жалындын ичинен чыкмак. Мага мындан төрт жыл мурда оголе көп акча кошуп Бегалы Наргозуев экөө үйүмдү кеңейтип берди эле. Ошондо досунун көзүнчө «үй алып бердиң, эми Бас-Бөлтөктөн көр алып бер» деп тамашалагам. «Андан камсанабаңыз» деди эле.

Арийне, ал өлүмдөн да менден озуп кетти. Өрт жүрөгү менден мурда токтоду. Айла жок, колдон келгени бир ууч топурак экен, аны салып, айланабыз аңгырап отуруп калдык…

Алым ТОКТОМУШЕВ,

«Мелис Эшимканов» китеби, 2012-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.