РЕДАКЦИЯДАН: Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтындагы 14 саат 27 мүнөт манас айтуусундагы иш-чарага демөөрчү болгон Азат Исакунов менен тажрыйбалуу журналист Шейшекан Жаналиева эжебиз маек куруптур. Бул баарлашууда Азат мырза ийгиликке жеткенге чейинки башынан өткөргөн кыйынчылыктарды айтып бериптир. Жокчулукка чөкпөй, барчылыкка көппөй, табиятынан жөнөкөйлүк сапатын сактап калганы жакты. Кечээгисин унутуп, кара жанына көөп, байлыктан көкүрөгү «сокур» болуп калган адамдардын жанында үлгү болчу сапаттары көп нагыз кыргыз уулу экендигин баамдадык. Баарынан да бир уяда чогуу чоӊоюп, бир сындырым нанды теӊ бөлүп жеген Айнура эжесинен ажырап калганына 23 жыл болсо да, бир тууганына болгон сый-урматы, арманы, сагыныч-кусалыгы дале жүрөгүндө жүргөнүн окуп таасирлендик. Жандүйнөгө азык болчу сонун маекке кулак салыӊыз, окурман!
— Азат Мелисович, кимдир бирөөнүн капчыгына кызыгуу жакшы адат эмес. Ошентсе да, меценаттыкка жетүүнүн жол-жобосун сурап, анын сырына кызыккандар бар чыгаар? Улуп-жупуп, алдап, азгырып, жазгырып тапкан байлыктан, таман акы, маңдай тер менен жеткен ийгиликтин даамын жон териңиз менен сезет чыгаарсыз?
— Мени меценат дегендерге анча деле кошулбайм. Меценатмын деп өзүмдү-өзүм өргө айдабайм. Кечээкисин унутпаган, бүгүнкү күнүнө шүгүр келтирип, эртеңки жашоосуна өкүнбөгөн адамдар менен тилектеш, пикирлеш, санаалаш, замандаш болгум келээрин айта кетсем ашыктык болбос. Жаш болсом да турмуштун өйдө-төмөнүн, жакшы-жаманын көрдүм. Окуучулук, студенттик кездеримди эстегенимде, алтындай болгон ата-энем, 90-жылдардан кийинки элдин жакыр-бакыр турмушу көз алдыма тартылат. Тамак-аш, кийим-кечек тартыш болгон күндөр артта калганы менен, башкаларды билбейм, мен ал күндөрдү эч качан унутпайм. Айрыкча, атамдын эски бут кийимдерин сыр билгизбей кайра-кайра майлаганы, энемдин үстүндөгү өңү өчүп бараткан кызматтык формасын (милициянын) жууп-тазалап кийгизип, жумушка узатканы көз алдыма тартыла берет. Жетишкен-жетишпеген, өп-чап тиричилик менен студенттик күндөрдү артка таштадым. Кыйналсам да ата-энемдин ишеничин актоо үчүн Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринен билим алып, кесипке ээ болдум.
Бирде бар, бирде жок жашоо-тиричиликтин кыйынчылыгы качандыр бир кезде унутулаары анык го. Бирок бассаң-турсаң артыңдан көлөкөдөй ээрчип жүрөөр жоготуунун азабы жүрөгүмдөн кетпестигин ушул бүгүн да моюнга алам. 1997-жылы менден эки жаш улуу эжем Айнура катуу оорудан жөнүгө албай ата-энемди, мени, карындашымды катуу кайгыга салып кетти. Эжемдин дартына даба болчу дары-дармектерди сатып алыш, бардык ыңгайлуу шарты бар сапаттуу ооруканага жаткырыш үчүн канча азап чегишти ата-энем. Тилекке каршы, бир боорумдун өмүрүн сактай албай калдык. Бул биз үчүн өтө оор жоготуу болду. 23 жылдан бери ата-энемдин, менин, карындашымдын көз жашы кургап, көкүрөк дартыбыздын дабасы табыла элек. Ата-энемди аяйм, аларга менин ийгилигимден мурда эл ичинде аман-эсен жүргөнүм чоң олжо экенин түшүнөм.
Сиз суроо салгандай, меценаттыкка чейинки жолум өзүм каалагандай түз болгон жок. Маңдай терим, таман акым менен табылган каражатты туура пайдалана албай, далай жолу күйдүм. Мокодум, бирок курчудум. Акыры өндүрүшкө керектүү долбоордун чоо-жайын ийне-жибине, үтүр-чекитине чейин тынбай изилдеп, салыштырып айтканда, көөрүктө уста кандай узанса, мен дагы дал ошондой узандым. Албетте, уйкусуз түндөрдөгү мээ короткон мээнеттин жемиши таттуу болот. Бирөөлөрдүн байлыгын уурдай, жула качуу менин табиятыма туура келбейт.
— Кайрымдуулукту, соопчулукту кандай түшүнсөк болот? Алакан сунуп, жардам сурагандардын баарына эле колдоо көрсөтөсүзбү?
— Кайрымдуулукту социалдык, экономикалык, укуктук, философиялык жана диний жактан, кыскасы, ар тараптуу түшүнсөк болот. Татаалдаштырбай, жөнөкөй тил менен айтсам, үмүт артып кол сунуп жардам сурап келген адамдын ийин жандырбай, шагын сындырбай колдоо көрсөтүү ар бирибиздин адамдык парзыбыз, муну унутпашыбыз керек. Мал мүлкүбүздөнбү, жыйган-терген башка каражат булактарыбызданбы, эч болбосо көңүл көтөрчү жылуу сөзүбүз, жумшак мамилебиз мененби, кыскасы, жардам бергенден өтөөр иш жок.
Ыйык Куранда, Мухамбет пайгамбардын хадистеринде да кайрымдуулуктун, соопчулуктун парздары, шарттары ар тараптан терең чечмеленген. Ойчул-даанышмандардын, аалымдардын, залкар таланттардын, акын-жазуучулардын накыл-кептеринен, ыр саптарынан, философиялык ойлорунан да кайрымдуулуктун маани-маңызы тереңдээрин түшүнөм. Демек, ар бир акыл-эстүү адам көр тирликтен өйдө көтөрүлчү үлкөн максаттар менен жашаса, кайрымдуулук, соопчулук иштери аркылуу муктаждарга жарык чачса деген ой-максат менен артыма из калтыргым келет. Доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун даанышмандык менен “Адамга ар күн сайын адам болуу кыйын” деген философиясы таасирлентпей койбойт.
Тилекке каршы, мага үмүт байлап, ишеним артып келгендердин баардыгына эле жардам бере албайм. Колумдан келген кайрымдуулук, соопчулук иштеримдин баарын ачыкка чыгарып, көпчүлүккө жарыялай бербейм. Бирок, Мухамбет пайгамдардын хадисинде айтылгандай, кээ бир учурларда кайрымдуулук көрсөтүп, соопчулук тапкандарды ачык айтуу аркылуу башкалардын адамдык парзын ойготуп, үлгү көрсөтүүгө болот.
— Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган таажывирусу адамдардын кулк-мүнөзүн, өй-өрүшүн, аң-сезимин өзгөрттү. Көрсө, ден соолуктан өткөн байлык жок экен. Пандемияда сиз миллиондогон акчаңызды коротуп, өмүрдүн баркын көтөрүүгө көмөктөш болдуңуз…
— Туура айтасыз, ден соолуктан, аманчылыктан өткөн байлык жок. Дүйнө элин дүрбөлөңгө салган таажывирусу адамдардын кулк-мүнөзүн, дүйнө чабытын, жашоого карата көз карашын өзгөрттү деп бир жактуу жооп берүү кыйын. Ошентсе да, ден соолуктун кадырын түшүнгөндөрдүн бир даары бу жалган дүйнөгө келген аманат өмүрдүн вазыйпасы көр дүйнө жыюу менен өлчөнбөстүгүнө терең маани беришти деп ойлойм. “Дени сак адам — дени сак мамлекет” деген чакырык бекеринен чыкпайт да. Мамлекет үчүн элинин саламаттыгы биринчи орунга тураарын көзүбүзгө сайып көрсөтпөдүбү, жашоонун, тирүүчүлүктүн маңызын тереңдетпедиби.
Пандемияга чейин деле бир топ кайрымдуулук иштерин жүргүзгөм. Бирок, анын баары ачык жарыяланган эмес. Табиятымдан ушундаймын, теменени төө көрсөтүп, чымынды пил деп айткандан тартынам, ал тургай уялам. Ырас, пандемияда мекендештериме жардам бердим. Берген жардамдарымдын көлөмү, акчанын өлчөмү менин кайрымдуулугум үчүн эмес, жергиликтүү жетекчилердин отчеттору үчүн керек болот экен. “Канча гуманитардык жардам келди, ал кайда кетти?” деген элдин суроо-талабы сөзсүз эске алынаарын түшүндүм.
Көзгө көрүнбөгөн таажывирусу канча адамдардын бейажал өлүмүнө себепкер болду. Бир келген аманат өмүрдүн асылдыгын баарыбызга эскертти. Жакында эле Айбек Жаныбаев деген мекенчил досум, классташым мезгилсиз дүйнө салды. Ал акыркы 3 айдан бери катуу ооруп жаткан. Өлүм алдында өзүнүн социалдык баракчасына өмүрдөн, ден соолуктан өткөн байлык жок экендигин, тилекке каршы, кээде алтынга алмашкыс тирүүчүлүктүн баркы-баасы билинбей пайдасыз иштерге жумшалаарын өкүнүү менен жазып кетиптир. Акыркы сөздөрүн окуп, кабыргам кайышып, жүрөгүм ооруду…
— Байкашыма караганда, сизде “мен” деп көкүрөк кербеген, айрымдарга окшоп ийгилигиңизден башыңыз айланбаган карапайым мүнөзүңүз бар экен. Жөнөкөйлүк жакшы деңизчи, ошентсе да мындай кулк-мүнөзүңүздү түшүнө бербегендер болсо керек?
— Табиятымдан жөнөкөймүн, жасалма мүнөзүм жок, ал ата-энемдин таалим-тарбиясы. “Сенден кыйындар да бар, андыктан алды-артыңды карап жүр! Жөнөкөй болгуң келсе, чөйрөңдү карап, талдап-таразалап, салыштырып жүр. Калп айтпа, ушак сүйлөбө, улунуп-жулунба, кесирленбе, текебер болбо!» деген акыл-насааттарын ушул күнгө чейин айтып келишет.
Бала күндөн калыптанган кулк-мүнөзүмө жараша досторду, жакшы санаалаштарды даражасына, зоболосуна, ээлеген кызматына карап тандабайм. Айрым бир чиренген чиновниктерди айланчыктап, көшөкөрлөнбөйм. Досторумдун көбү жаңы конуштарда, көчүп-конуп батирлерде жашашат. Ушундай жөнөкөй адамдар менен сүйлөшүү, ой бөлүшүү мага жеңил.
— «Уккан кулакта не жазык» дегендей, кымбат баалуу машинеӊиз бар туруп, көбүнчө велосипед тебет экенсиз? Эмне үчүн?
— Кымбат баалуу автоунааларды айдасам деген жаштык кыялдарга азгырылган жокмун деп мактанбайын, актанбайын. Айнура эжемди Бишкекке ооруканага жеткирүү үчүн автоунаабыз жок кыйналганыбыз, таксиге акча таппай карайлаганыбыз карегимде катып калыптыр. Бирок, жөө жүргөндү, балдарым менен велосипед тээп таза абада эс алганды көбүрөөк жактырам. Жөө жүргөндө оюма-ой, кыялыма-кыял, максатыма-максат кошулат. Эл арасынан көңүлүмө туура келген адамдарды кезиктирип, алардын ой-мүдөөлөрүн угам. Жандүйнөмө тынчтык бербеген кээ бир көйгөйлүү маселелердин түйүнүн көчөлөрдөн, сейил бактарынан таап, чечүүгө аракет көрөм.
— Манасчы Дөөлөт Сыдыковго демөөрчү болгонуңуз узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин жетти. Манасчынын демилгесине дем берүү идеясы кайдан, кандайча жаралды?
— Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков менен соңку кездери ага-инидей мамиледе жүрөбүз. Манасчылар, дегеле өнөр адамдары менен чай кайнамчалык убакыт болсо да пикирлешүүгө не жетсин! Ичинде кыпындай арамдыгы жок, ар дайым бакылдап-шартылдап, көбүрүп-жабырып жаркылдап жүргөн Дөөлөт инимдин идеяларын жактырам жана колдойм.
Дөөлөт былтыр, ноябрь айынан мурда эле тынбай Манас айтмак. Бирок 5-6-октябрдагы толкундоолордон улам, бул идеябыз ноябрга жылган. Ал “Ала-Тоо” аянтында 14 саат, 17 мүнөт тынбай, узакка манас айтты. Элдин деми, “Манас” деп ураан чакырган чакырыктары, ички сезимдери мени аябай таң калтырды. Өзүм да көпчүлүк менен Дөөлөт инимди колдоп, толкунданып турдум. Ошол күнү сампарлап кар жаады. “Асмандан кут түштү, нур төгүлдү” дешкен аянттагы эл ого бетер аба жарып ураалап жатышты. Көпчүлүктүн өтүнүчү менен манасын токтоткон Дөөлөттүн: “Азат байкем кайда?” деп жан-жагынан мени издегени, мен үчүн айтып бүткүс керемет болду. “Азат байке, тукумуңуз өссүн. Эки дүйнөдө кем болбоңуз” деген мазмуну терең, баарынан да чын дилинен, көөдөн түпкүрүнөн берген ак батасы ата-энемди, досторумду чексиз бакытка бөлөдү. Буга чейинки кайрымдуулук, соопчулук иштерим бир тең, алп манасчылардын изин басып, жолун улантып келаткан көөнөргүс өнөрдүн ээси — Дөөлөттүн ак батасы бир тең болду.
— Анда Дөөлөт Сыдыковдун берген ак батасы кабыл болсун деген изги тилек менен келечек ой-максаттарыңызды билгибиз келет…
— Алдыда көп эле ой-максаттарым бар. Ачык айтсам, “Стартаптарга миллион” жана башка долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн чапкылап жүрөм. Өз элимде, жеримде ишкерлигимди улантып, мекениме пайда алып келүүдөн өткөн максат жок деп ойлойм. Жаңы жылыбыз жалаң жакшылыктарды алып келген ак жолтойлуу жыл болсун. Элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун! Дүйнө эли таажывирусун жеңип, бекем ден соолукта, жарык маанайда, кушубак өмүр сүрөлү!
Маектешкен Шейшекан ЖАНАЛИЕВА