Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда болоорун жана ага даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалаарын президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов бүгүн, 21-январда, ММКга билдирди.
Маалымат боюнча, инаугурация Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 28-январда өтөт. Ант берүү аземин уюштуруу тобун президенттик аппарат башчысы Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Ошондой эле ант берүү аземине сарпталуучу каражат суммасы да бекитилген: даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалат.
Кечээ, 20-январда, БШК президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын билдирип, шайлоочулардын 79,20% добушун алган Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланганын расмий жарыялады.
Эске сала кетсек, 10-январда президенттик шайлоо болуп, ага 17 талапкер катышкан. 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилээрин БШКнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда, билдирди.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
One thought on “Садыр Жапаровдун инаугурациясы кайсы күнү болоору, ага 10 миллион сом жумшалары айтылды…”