ВИДЕО — Мамат САБЫРОВ: «Өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары»…

ВИДЕО — Мамат САБЫРОВ: «Өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары»…

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: 29-январь. Мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис АСЕК уулу дүйнөдөн өткөн күн. Бүгүн жылдыгы…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эстеген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө… 

Бүгүн да эскеришет…

Атактуу саясатчы, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» аталган Мелис Эшимкановдун досу, белгилүү журналист, жазуучу, «Асабада» чогуу иштеген күндөрүн эстегенде азыр да көзүнө жаш тегеренген Мамат Сабыров досунун бир тууган инисин эскерет. 

«Мелис, Эрнис редактор болгон жылдарды мен “Асабанын” эң гүлдөгөн мезгили деп эсептейм»

Мен Эрнисти алгачкы жолу көргөндө 5-класста окуган, кипкичинекей бала эле. Кийин ал менин көз алдымда өсүп, чоңойду, бой тартып, үй-бүлө күтүп дегендей. Бирок, менин эсимде ал ошол 12 жашар баео бала бойдон калды…

«Эрнис менден да акылдуу, таланттуу” деп Мелис иниси менен сыймыктанаарын айтчу эле” деген Асел аяшымдын интервьюсун окуп калдым. Бул калетсиз сөз. Эрнис чындыгында эле жандүйнөсү бай, көрөңгөсү зор, таланттуу жигит эле. Кыска өмүрүндө кандай жетишкендиктерге жеткен болсо, ошонун баарына табигый жөндөм -шыгынын жардамы менен эле жетти. Орус филологиясы факультетинде окуп жүрүп, Рига университетине которулду. Ал жактан келгенден кийин, агасынын гезити «Асабада» иштей баштады. Бир жолу Кыргыз эл акыны, кечээ эле акыркы сапарга узатылган Рамис Рыскулов кирип келгенде, Мелис ыраматалык кире бериштеги столдо бирдемелерди жазып отурган Эрнисти көрсөтүп, “Мобул жигит менин иним болот” десе, Ракем: “Анделегиңди бышырып жаткан турбайсыңбы”,- деп тамашалаганы эсимде. Эми ойлосом, “Акындардын падышасы” болгон Рамис агабыз аябай таамай айткан экен. Чындыгында эле Мелис инисин алгач кабарчы, анан жооптуу катчынын жардамчысы, кийин редактордун орун басары кылды, качан оор жүктү сүйрөп кете аларына көзү жеткенден кийин гана башкы редакторлуктун эки тизгин, бир чылбырын карматты. Ошол кезде мен Эрнистин орун басары элем. Иштегендер жакшы билет, гезиттин иши аябай токтоомун деген кишини да тарс жарып ийчү нерв жумуш экенин. Чекишмей, чокушмай, анан кайра элдешип -табышмай көнүмүш нерсе. Бирок, Эрнис экөөбүз бир да жолу жакшы -жаман айтышпай, “сизиң-бизиң” болуп  иштештик. Мунун себеби, менимче, бир гана нерсе болушу мүмкүн: мен аны инимдей, ал мени агасындай көрүп сыйлаган болсо керек.

Мен макаланы жазаарын жазып алып, заголовок кое албай кыйнала берем. Ал эми Эрнис болсо акын да, заголовок, рубрика дегендери ыр төгүлгөндөй эле төгүлүп турчу. Кийин “Асабанын” туруктуу рубрикасына айланып кеткен “ Өлүм менен өмүрдүн жарк дей түшкөн учкундарынын” автору  Эрнис болчу. Орусча да ыр жазчу.

Бирок, редакторлукту канчалык жакшы аткарбасын Эрнистин стихиясы башка тура. Кабинеттик кызматта өзүн тушалгандай, жипсиз байлангандай сезип, чыгармачылык эркиндикти эңсечү экен. Эгер ошондо эле гезиттин түйшүгүнө малынбай, акындыгынын, котормочулугунун артынан сая түшсө биз “Мастер и Маргаританы”, Конфуцийди мындан жыйырма жыл мурда эле кыргыз тилинде окуп калмак экенбиз. А балким, Пруст, Джойс, Кафка, Беккеттерди да кыпкыргызча окуп отурат белек.

Мен ушуга жаман өкүнөм…

Мелис, андан соң Эрнис редактор болгон жылдарды мен “Асабанын” эң гүлдөгөн мезгили деп эсептейм. Коллектив да ал кезде укмуш күчтүү болчу. Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Бекташ Шамшиев, Жаныш Кулмамбетов, Баратпай Аракеев, Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке), Жолдошбек Зарлыкбеков …Не деген залкар таланттар! Журналистиканын не деген дөө-шаарлары! Анча-мынча сакталып калган ошол кездин гезиттери колума тийип калганда, азыр да көзүмө жаш тегерене түшөт…

Архивден…

Эрнис АСЕК уулу: «Кыргыз элинин жүрөгүнө эмне тамчылатып жатабыз?”

— Эрнис, орус, кыргыз тилинде ырларды жазып, башка тилдеги чыгармаларды которуп жүрчү элең. Азыр кайсыл багыт менен көбүрөөк алек болуп атасың?

— Чыгармачыл адам болгондон кийин жазгандан калбайт экенбиз. Менимче, Маканин айтса керек эле: “Когда не пишу, чувствую себя дурно, а когда пишу, чувствую себя еще дурнее” деп. Мен да өзүмдү “еще дурнее” сезип жүрөм.

— Ошондо ыр жазып жатасыңбы?

— Менимче, ыр жөн келбейт. Гүл сугарсаң, эртең менен ачылып калат го? Ырга да суу куюп койсоң, эртеси ачылып калат. Бирок, аны дыйкандай болуп бага албайсың. Анткени, ыр өзүнчө өзгөчө гүл… Анан “Кагындылар” деген китепти баштап койгом. Артка кылчайып, кагынып да коюш керек экен.

-“Баягы Асабанын” эки-үч санынан Конфуцийдин котормолорунан окуп калдым. Ара-чолодо которуп жүрөсүң го?

— Жок, ара-чолодо эмес. Мен 6 жыл жалгыз жашадым. Анан которгум келди. Россиядан Конфуцийдин чоң жыйнагы чыккан. Беш бөлүм, ар бир бөлүмү 20 главадан турат. Ошого отурдум. Кубат аке айткандай, Конфуций кыргыз болгон окшойт. Которсом эле кыргыздын макалдары болуп калат. Мен кытайча билбейм да. Ошон үчүн орус тилинен котордум. Орус тилине 6 котормочу которгон экен, мен ошолордун баарын синтездеп кыргызчаладым. Китеп кылып чыгарайын деген деле ой келе элек.

— Кубат акени өзүң айтып калдың. Ал кишинин “устатым” деп ээрчигендердин арасында сен дагы бар элең. Азыр байланышып турасыңбы?

— Байланышым жок. Мамат аке, өзүңүз билесиз, мен адамга шыгым жок кишимин. Адамдар менен сүйлөшкөндөн качпайм, бирок, атайын барбайм, шыгым жок. Мелис байкемдин (Эшимканов) улуулугу ушунда болчу да. Шыгы жок адамды да алып барып, сүйлөштүрүп койчу. Бир айлап, үч айлап Кубат акенин жанында жүрчүмүн. Байкем кайтыш болгону Кубат аке менен да байланышым үзүлүп калды. Бирок, баягы калыптанып калган сый-урмат дале бар. 70 жылдыгын өткөргөндө бардым да тез эле кетип калдым. Себеби, атмосферасы жаккан жок. Ал жерде Кубат акени чындап түшүнгөн адамдар аз экен. Кубат акеден качкан жокмун, аны түшүнбөгөндөрдөн качтым.

— Жакын, кымбат адамыңдын жоктугу улам мезгил өткөн сайын катуу сезилет экен. Мисалы, Мелистин жоктугу 3 жылдан кийин өзгөчө сезилип жатат. Сенде да ошондой сезим болобу?

— Мелис байкем мен үчүн агам да, атам да, досум да болчу. Досумдай кеңеш айтчу, атамдай урушчу, агамдай жардам берчү. Бири-бирибизди далыбыз менен түшүнчүбүз. Ушу тапта Мелис байкем жетишпей турат. Сиз айткандай, башында көп сезилбейт экен. Азыр ал жөнүндө бир китеп жазып жатам. Бала күнүнөн баштап, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин жазсам дейм. Мелис байкемди көбү түшүнө элек. Баягы орустун чыгыш таануучусу Радий Фиш, Жаладиддин Румини сонун ачкандай, ошондой ачып бериш керек болуп жатат. Мелис байкем мага эле эмес, жалпы кыргыз журналистикасына, саясатына да жетишпей турат. Мелис байкемдин улуулугу ушунда болчу, кошулбаган “кочкорлордун башын бир казанга салып” койчу. Кээде аны тегирмендер менен алпурушкан Дон Кихот катары элестетем. Бирок, ички дүйнөсүндө Мелис байкемен өткөн назик киши жок болчу да. “Аска элең бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да элең өсүп турган” деп ошон үчүн жазгам. Аскадай көрүнгөнү менен ички дүйнөсүндө алсыз бир гүл эле да. Элдин баары асканы көрүп, бирок, ичиндеги назик гүлдү эч ким көргөн жок. Ал гүлдү тебелеп-тепсешти.

— “Баягы Асабаны” кайра чыгаруу да дал Мелистин демилгеси эмес беле. Өлөөрүнөн мурда мени чакырып, “Гезитти каттоодон өткөрүп койдум, Кудай буйруса, эски “асабачылардын” баарын кайра чогултам” деди эле… Сага рахмат, Мелистин ошол жакшы тилегин ишке ашырдың.

—  Чынын айтканда, Мелис байкем гезитке кайра кайрылып келбейт деле болчу. “Үкам, сен чыгар. Мен каражатыңды таап, коллективди жыйнап берейин” дечү. Менин арман кылганым – ошол айтканда эле макул десем, гезит ошондо эле чыгып калмак. Ошондо эле баарыбыз чогулмакпыз. Бүт баары менен сүйлөшкөн экен да. Алыкем, Шакем, Түкөм, сиз менен… Бирок, мен “жок” деп туруп алдым да… Акыркы кездерде Мелис байкемди башка жакка оодара баштаган. Анткени, бала кезинен кино тарткысы келчү. Шукшинди көрүп, Феллинини көрүп. “Акча таап, тарта баштабайсызбы” десем, кызыгып калган. “Кино тартканды билиш керек да. Сен экөөбүз окубасак. Сени Садык Шернияздай кылып атайын Москвага жиберейин, сен барып окуп кел. Анан чогуу тарталы” деди. Бирок, ал тилеги да ишке ашпай калды. Менин кийин деле “гезит чыгарайын” деген оюм жок болчу. Бирок, келинчегим Назира: “Чыгаралы, Мелис байкенин аманатын аткаралы, “Асабанын” салтын уланталы” деп туруп алды. Мен азыр 44 жаштамын. Эсептеп көрсөм, 22 жыл журналистиканын казанында кайнаптырмын. Ачыгын айтканда, гезит биз үчүн нан табуунун амалы эмес. Тескерисинче, бир аз тапкан тыйыныбыздын баарын гезитке жумшап жатабыз.

— Дем алышыңар бүттүбү, гезит качан чыгат? Окурмандарды кандай материалдар менен сүйүнтөсүңөр?

—  11-сентябрда чыгабыз, Кудай буйруса. Менин бүгүнкү журналистиканын деңгээлине ичим чыкпайт. Муну менен мен коллегаларымды күнөөлөгөндөн алысмын. Турмуш өзү ушуга алып келди окшойт. Журналисттер гана эмес, акын- жазуучулар, саясатчылар, бүт эле майдаланып кетти. Коом майдаланып кетти. Коомдо ажырым пайда болду. Адам менен адам ажырым, ата менен бала ажырым. Мен өзү глобализация деген нерсеге каршымын, бирок, Кыргызстандын ичинде Улуу Ынтымак керек болуп турат. Биригүү керек болуп турат. Экономика, маданият, саясат боюнча элди бириктирүүгө багытталган жакшы идеяларыбыз бар. Америкада улуу депрессия болгондо Бернард Шоунун минтип айтканы бар: “Говорите только о своем сердце. А сердце у всех одинаково. Түшүнбөсө да айта бер, айта бер, акыры бир тамчысы жүрөгүнө тиет” дейт. А биз кыргыз элинин жүрөгүнө эмне тамчылатып жатабыз? Ошону ойлонуп жатабызбы? “Асаба” колунан келишинче тазалыкты, акыйкатты, ынтымакты тамчылатса дейбиз.

Кепке тарткан Мамат САБЫРОВ

«Азия ньюс»,  28.08.2014-жыл

P.S. Эскерүүлөр «Эрнис АСЕК уулу» аттуу китепке киргизилет.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.