Эрнис АСЕК уулу: «Мелис байкем башкаларга жок болсо, мен үчүн бар бойдон»  (Архивдеги маеги)

Эрнис АСЕК уулу: «Мелис байкем башкаларга жок болсо, мен үчүн бар бойдон»  (Архивдеги маеги)

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Кыргызстандын бардык аймактарына кеӊири таанылып, эл эсинде калган айтылуу «Асаба, «Агым», «Баягы Асаба» басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген белгилүү журналист, котормочу, акын Эрнис АСЕК уулун эскерүү кечеси Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоӊ залында эртеӊ, 25-апрелде өткөнү турат. Анда Эрнис АСЕК уулунун ырлары окулат, обон чыгарылган ырлары ырдалат. Аны менен катар «Каалга» аттуу ыр китебинин бет ачары болот.
Кирүү акысыз. Башталышы: саат 14:00.

Поэзия сүйөрмандары, маркумдун күйөрмандары, эскерүү кечеге келип, Эрнис Асек уулунун чыгармачылыгына күбө болуп кетиӊиздер!
Ага чейин ырларында, эскерүүлөрдө экинчи өмүрүн жашап жаткан Эрнис Асек уулунун маектеринин бирин окуп туруӊуздар!

Архивден…

Эрнис АСЕК уулу, “Баягы Асаба” гезитинин башкы редактору: “Койчусу көп журналистика арам өлөбү?”

— Эрнис мырза, гезитиңердин ачылганына жакында бир жыл болот. Бул аралыкта эмнеге жетиштиңер? Кандай кыйынчылыктар болду? “Мелис Эшимканов тирүү болгондо, гезиттин нускасын 5 миң эмес, 50 миң кылып иймек” дешүүдө. Өзү да: “50 миң нуска менен чыгарам” деп берген интервьюсу бар эле. Эмнеге нуска өспөй жатат?

— Кыргызда жакшы сөз бар: “Койчусу көп болсо кой арам өлөт” деген. Азыр кыргыз журналистикасынын койчусу көп болуп кетти. Гезитти чыгарганда ички көрөңгө керек да. Журналистикадан 6 жыл алыс жүрсөм да, ат айланып казыгын табат болуп, кайтып келгендин бирден бир себеби – кыргыз журналистикасын башка тепкичке, башка жаңы, чынчыл, калыстык нукка бурсак, ошого кенедей болсо да салым кошсок деген ниет болду. Гезит чыгаруу өзүң билесиң, оңой-олтоң иш эмес, көп каражат талап кылат. Мелис байкем деле: “О, 50 миң дегеним менен, чыгарыш кыйын го. Ал үчүн жок эле дегенде 300-500 миң доллар салыш керек” деди эле. Чындап эле чоң каражат салып, 50 миң нускага жеткирсе болот. Бирок, жасалма түр менен эмес, табигый нук менен кеткени туура го дейм. Жакшы гезит чыгарсаң, окурман өзү биле баштайт, сөз кетет, нуска көбөйөт. Жайкы отпускеде көп эле жерге баргандай болдук, гезиттин чыкканын көпчүлүк биле бербейт экен. Азыр эмне көп? Гезит көп. Сайттар көп. Маалымат селдей агып жатат. Окурман кайсы бирин тандаганга да шаабайы келбей калды. “Кой арам өлүп баратса”, кол шилтеген четтен эле чыгат да…

— Эмнеге дагы деле Эрнис Асек уулусуз? Мелис байке жок болгондон кийин Эшимканов болуп алсаңыз болбойбу?

— Мелис байкем башкаларга жок болсо, мен үчүн бар бойдон. Анын үстүнө ал киши жөнүндө китеп жазып жатып, күндө сүйлөшкөндөй болом. Оо, далай саясатчы, далай кишинин жүзүн ачам го? Расмий документтеримде Эрнис Эшимканов болуп эле келатам. Бирок, журналистикага Асек уулу болуп кирген соң, бир ысым менен эле калганым туура да. Ардагым, ар-намысым Асек атамдын атын чыгармачылыгымда колдонуп жүргөнүмө сүйүнөм.

— Сиз “Записки от скуки” деген рубрикаңыз менен таанымалсыз. Неге мындай аталып калган?

— Ошол рубрика менен таанымал болгонум кызык экен… Бир жолу Мелис байкем: “Жүрү, Кубат акеникине барып келеличи” деп калды. Агезде мен студент. Бардык. Кубат аке жадырап тосуп алды. “Эй, режанин (агезде Рига шаарында окучумун да), мен Хозяин менен сүйлөшүп алайын, сен алдагы китеп текчеден бир китеп тандап ал, окуганга берем” деп калды. Залынын бир дубалы бүтүндөй китеп текче экен. Эмне деген китептер. Көз жайнайт. Китеп дегенде жанымды берген жан элем. Мен издеген, окуйун дегенде төрт көзүмдү сегиз кылган китептер. “Бир китеп дебедиби” деп аябай карап жатам. Анан ылдыйкы катардын эң четиндеги эски, түлөгөн китепке көзүм түштү. Карасам, “Записки от скуки” деп турат. Орто кылымдагы жапон жазуучу Сэй-Сёнагон аттуу аял жазган экен. Аталышы менен эскилиги жакты. Байыркы жапон уламыштары жазылыптыр. Жазуучу зериккенде ошолорду айтып бере берет экен. Кичинекей, кыска уламыштар. Менин стихиям экен тимеле. Ошол китепти бир жумага сурап алгам. Мелис байкем да: “Ушунча китептен тандаганың ушулбу?” деп мыйыгынан жылмайды эле. Кубат аке кийин айтып жатпайбы: “Ошол китепти тандаганың менен мага жактың” деп. Анан өзүм “Записки от скуки” жазып калбадымбы. Меники эми эсселер да…

— Рубрика демекчи, жаңы ачылып жатканда “Асаба” 9 жыл өмүр сүрүп, 900 рубрика ачыптыр. Кээ бир рубрикаларды айрым гезиттер пайдаланып жүрөт. “Ээсиң келсе, бээсин бер” дегендей, биз чыккандан кийин өзүбүзгө берээр” дедиңиз эле. Бардыгын кайтара алган жок окшойсуз?

— Кеп кайтарганда эмес. Анын маанисин түшүнүп пайдаланганда. Көпчүлүк гезиттер маанисинен тескери пайдаланып жүрүшөт. Бир жыл ичинде дагы бир нече рубрика, идеяларды киргиздик. Аларды да пайдалана башташты. Пайдаланышсын. Кайра жакшы да. Демек, керектүү идеяларды берип жатыптырбыз да. Өзгөчө, “Атыңдан айланайын, айылым!” деген рубриканы радиосу деле, телеси деле, гезити деле аталышын бир аз өзгөртүп алып берип жатпайбы. Бул рубриканы көптөн бери ойлонуп койчумун. Бирок, бир дагы ММК баштай элек эле. Анан “Асабага” чыккан соң башкалар колдонгону кубандырат. Жакшы иш ошентип жерде калбайт.

— Мурунку, кийинки рубрикалардын баарын сиз тапчу белеңиз же Мелис байкеби?

— Бир киши таппайт да. Мындан рубрика тапкандардан Мелис байке, Каныбек Иманалиев, Шайлообек Дүйшеев, Төлөгөн Карыкеев, мен, анан кээде Түгөлбай Казаков таап калаар элек. Летучкада сөздөн сөз чыгып отуруп эле жалпыбыз таап алчубуз.

— Былтыр жаңы чыкканда дөө-шаалардын аты-жөндөрү жазылган эле. Эмне үчүн алар жазган жок же аларга айтылган жок беле?

— Дөө-шаалардын баарына кайрылдык, кызматташалы дедик. Анан ыраматылык Алыке баш болуп, “Ой, биз карыбадыкпы, жазбай деле калдык. Аты-жөнүбүз турган соң, кеп-кеңеш айтып, моралдык колдоо көрсөтүп туралы” дешкен. Мындан Эсенбай Нурушев агабыз: “Сөзсүз жазам” деди эле. Чолосу тийбей койду окшойт. Анын үстүнө мен да алар каалаган каражат төлөп беришим бир аз кыйыныраак болду.

— Сиз акын экениңизди билебиз. Неге ырларыңызды китеп кылып чыгарбайсыз? Эмне үчүн жалаң муңдуу, жалгыздык жөнүндө жазасыз?

— Ырларым жарыкка чыкпаган соң, менин муңдуу, жалгыздык жөнүндө жазаарымды кайдан билесиң? Же койнумдагы колуктум айтты беле? Тамаша. Негизи ырды аз жазам да. Келсе, шилтеп коем. Бир жолу мыкты акын Кыялбек Урманбетов сурап калды: “Ой, Эрнис, кызык бала экенсиң, мына Мекем деле турат, бир эмес, он китеп чыгаргандай шартың бар. Давай, чыгар, эмнеге чыгарбайсың?” деп. “Оюма деле келбептир. Анын үстүнө китебимдин деле кереги жок, кийин балдарыма керек болсо чыгарып алышар” десем, “Эй, антпе, балдарыңды кыйнаба, мына мен атамдын китебин чыгара албай жүрөм” деп атпайбы. Жылмайып кутулгам…

— Көп жыл гезиттен алыстап кеткениңизди жакшы билебиз. Ал учурда эмне иш менен алектендиңиз эле?

— Жалгыздыктын жаздыгында жарпымды жазып жаттым. Күнүмдүк тиричилигиме котормочолугумдун пайдасы тийип жатты. Азыр деле бош боло калганда котормо менен алпурушуп, тыйын таап алам. Илгертен котормо берген кишилерим бар. Пулун да жакшы төлөшөт. Анан казак достордон жакшы бир суммага киносценарий заказ алгам. Тилекке каршы, ал сценарийди азыркыга чейин бүтө элекмин. Алар мени унутуп деле коюшту окшойт. Бүтүп калсам, режиссерлорго сунуштап көрөм го…

— Эмне жөнүндө?

— Чү-шш! Төрөлө элек баланын жынысын айтпайт…

Маектешкен Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

“Алиби”, 9.09.2014-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.