Ишкана кирешесин 7 эсе өстүргөн Даир Кенекеев башка жетекчилерге үлгү болду

Ишкана кирешесин 7 эсе өстүргөн Даир Кенекеев башка жетекчилерге үлгү болду

Бүгүн, 23-апрелде, “Учкун” ААКнын акционерлеринин жылдык чогулушу болуп өттү. Күн тартибинде 12 маселе каралды. Негизги маселелердин бири катары башкы директор Дайыр Кенекеевдин 2020-жылдагы ишкананын финансылык-чарбалык ишмердиги боюнча отчету угулду. Акционерлер отчетту бир добуштан колдошту.

“Учкун” ААКнын жетекчилиги 2020-жылдын бюджетин ашыгы менен гана аткарбастан, акыркы 20 жыл ичинде эң жогорку рекорддук таза киреше алып келди.

Дайыр Кенекеев Учкунга жетекчи болуп келгенден берки акыркы үч жыл ичинде ишканага түшкөн таза киреше 7 эсеге өскөн!

Эске сала кетсек, 46 жаштагы Даир Кенекеев Мамлекеттик «Учкун» акционердик коомунун жетекчиси болуп 2018-жылы ноябрда келген. Ал бул кызматка отурганда: «Кудай буйруса, Мамлекеттик «Учкун» акционердик коомунун келечегине жакшы жаңылыктарды жаратабыз»,- деген эле. Айтканындай эле жакшы жаңылык киргизип, ишканага киреше алып келип мамлекеттин экономикасына чоң салымын кошту. Ар бир жетекчи таза иштесе эле ушундай көрсөткүч болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.