ВИДЕО — 49 жылдык өмүрдү 9 мүнөткө батырган Байма Сутенова

ВИДЕО — 49 жылдык өмүрдү 9 мүнөткө батырган Байма Сутенова

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Кыргызстандын бардык аймактарына кеӊири таанылып, эл эсинде калган айтылуу «Асаба, «Агым» басылмаларынын негиздөөчүсү, белгилүү саясатчы, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» аталган Мелис ЭШИМКАНОВдун каза болгонуна 15-сентябрда (2011-жылы каза болгон) 10 жыл болот. Агасын жоктоп, сыздап жүрүп артынан кеткен бир тууган иниси, белгилүү котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 5 ай 4 күн болду… 

Ага-ини быйыл, 25- апрелде, Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда эскерилди. Тагырагы, Эрнис Асек уулунун эскерүү кечесинде бир туугандардын жасап кеткен эмгектери эскерилди.

КТРК, Маданият телеканалына ыраазычылык!

25-апрелдеги эскерүүнү бекер, акысыз тартып, кийин көгүлтүр экрандан берип, азыр да кайталап көрсөтүп элге жеткирип жаткан «Маданият. Тарых. Тил» (жетекчиси Назира Аалы кызына) каналына, дегеле УТРКга (жетекчиси Бактияр Алиевге), эскерүү берүүсүнө редактор болгон, жазуучу, акын Асанбек Тезекбаевдин кызы Элмира Тезекбаевага тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

Мына, бүгүн (4-июлда) да ошол эскерүү кечесин «Маданият» телеканалы кайталап көрсөттү…

КТРКнын алдында ачылган ушул «Маданият. Тарых. Тил» телеканалынын жетекчиси, кесиптеш, адашым Назира Аалы кызы тууралуу эки ооз сөз айта кетсем, ал белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер маркум Аалы Молдокановдун кызы. Ата-энеден жакшы тарбия алган Назира Бишкек шаарында чоңоюп, өссө да, оштоңдоп орусча сүйлөбөгөнү, обу жок бой көтөрбөгөнү, нукура кыргызча сүйлөгөнү, салт-санааны мыкты билгени, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, айтор, бардык адамдык сапаттары менен жагат…

Назира ААЛЫ кызы: «Мелис байке журналистиканын жаңы пайдубалынын кышын кынады”

Эрнис Мелис агасынын аманатын аткарып «Баягы Асаба» гезитин 2013-жылы чыгарган. Анда Назира «Ибарат» маданий борборунун жетекчиси болчу. Гезит тууралуу пикир жыйнап, кайрылганыбызда: «Асаба» гезити чыгат» дегенде Эшимканов Мелис Асаналиевичти эстедим. Ал киши өтө чоң пассионер, реформатор эле. Мелис байке жазма журналистиканын жаңы пайдубалынын кышын кынады. «Асаба» учурунда саясатта салмагы чоң гезит болчу. Саясатчыларды соолута сокку ура турган, акча үчүн эмес, чындык үчүн чыркыраган гезит эле», —  деп жылуу пикирин билдирген эле…

«Назира Аалы кызы 5-каналда журналист болуп жүргөндө, Мелис байкем анын кыргыздын каада-салтын жакшы билген, кыргыз тилине күйгөн кыз экендигин байкап, КТРКга алып келген экен. Байкем жаңылбаптыр…» деген эле Эрнис.

«Баягы Асаба» чыгып жатканын уккан Назира кубанып Эрнисти КТРКга маекке чакырган, кийин да чакырып жүрдү. Андайга келгенде кежир байым баш тартып койгон. Кийин батага келген Назира: «Бизде интервьюлар архивде сакталат. Эрнис убагында келип койгондо өзү да, сөзү да телевидениеде сакталып калмак экен. Эми курандан башка арга жок, белиңди бекем буу, далай эскеребиз» деген…

Эскерүү кеченин алдындагы эскерүү…

25-апрелдеги эскерүү…

Байма Сутеновага калтырылган аманат

Көгүлтүр экрандын көркү, кадыр-барктуу, тажрыйбалуу, белгилүү тележурналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Байма Сутенова эжебиз 2018-жылы мыкты тасмасы менен бизди таӊгалдырган. 22-декабрда Текебаев Өмүрбек Чиркешович 60 жылдыгы өткөн. Ал учурда абакта болчу. Ага карабай партиялаштары «Дасмия» ресторанында юбилейин өткөрүп, саясатчы, коомдук ишмер, журналисттерди чакырышкан эле. Ошондо Байма эженин Өмүрбек Чиркешович тууралуу даярдаган даректүү тасмасын көргөнбүз. Баарына жагып, Байма эженин колун кысышкан. Эже менен бир столдо отуруп калыппыз, Мелис байке тууралуу сүйлөшүп отурганбыз. Мелис байке тууралуу эженин айткандарын Эрниске айтып барсам аябай кубанган. Ал байкеси тууралуу жакшы гана сөз уккусу келчү…

Айтмакчы, «Өмүрбек Чиркешовичтин өзү жок жерге барбайм» деп мааракеге барбай койгон. Маркум Болот Шер Эрнисти сурап, салам айтып, Ө.Текебаев менен М.Укушов жазган «Временное правительство Кыргызской Республики» аттуу көлөмдүү китепти берип жиберген. Китепти бат окучу, тез эле окуп чыгып, артындагы сүрөттөрүн барактап, Мелис байкенин сүрөттөрүн кечке тиктеген эле…  Эрнис сөзүнө туруп, Өмүрбек Чиркешович абактан чыгып, түлөө бергенде барып, Болот Шерге жолуккан. Экөө бири-бирин көрүп аябай кубанган эле…

Байма эженин тасмасы менен ушундай көп окуя эске түшүп кетти. Эми Байма эжеме келсем, ошондогу Өмүрбек Чиркешович тууралуу мыкты тасманы эстеп, март айында эжеме барып, Эрнистин аманатын (программасын ишке ашырууну) аткаруу тууралуу айтып кеӊеш сурап кайрылсам: «Ушул эки мыкты жигитке көз тийип кеттиби деп кетем. Чынында мыкты балдар эле. Мелис иниси Эрнис менен сыймыктанчу, «менден да кыйын, башы укмуш иштейт» деп айтчу. «Тирүүчүлүктүн мыйзамына баш ийгин! Эрнис түбөлүккө эсиңде болоор, бирок, тирүүнүн жолун уласаң арбак да ыраазы болот! Эрнис деген жерде Мелистин аты аталат да… Эки инсан эскерилгени жаткан экен. Аманатты аткарган аял да аткарат, жакшы иш кылып жатыпсыӊ. Алдыӊда чоӊ милдет турган экен, эскерүүнү тартып беребиз, андан кам санаба! 10 мүнөттүк сюжетти мен даярдап берем» деп сүрөт, видеолордон сурады. Алтындай убактысын бөлүп сюжет даярдап берген, эскерүүгө да келип сахнада сүйлөп, Эрнистин аманатын айткан Байма эжеге тереӊ ыраазычылык билдирем!

9 мүнөткө баткан өмүр…

25-апрелдеги эскерүү

Касиети бар ага-ининин айткан сөздөрү…

«Ага-ини кетти ээрчишип, 49 жаштын кырында, сүйлөшүп  экөө алгандай…» деп төкмө акын Жеӊишбек Жумакадыр жазгандай, экөө тең элүүгө жетпей 49 жашында кетип ичти тызылдатышты… Касиети бар бир туугандар бир нерсени сезгендей алдын ала айткандары, жазгандарычы?..

2004-жылы «Бишкек таймс» гезитине Мелис байкебиздин берген маегинде: «Кээде селт этип алам, атам Асектин, чоӊ атам атактуу мергенчи Эшимкандын, анын атасы табып Ашымдын, анын атасы молдо Райдын кыска өмүр жашагандарын эстегенде…» деп айтыптыр. 2010-жылы Эрниске: «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп айтканы бар…

Мелис байке көзү тирүү болгондо эмки жылы 60 жашка чыкмак…

Жолдошум Эрнис да 2019-жылы М.Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын эки айда эле которуп, бүтүп, «Турар” басмаканасынын негиздөөчүсү, ээси Тилек Мураталиевге (демөөрчү болом деп өзү сурап алган эле, Тилек агабыз да былтыр каза болуп калды) берип, китептин чыгышын 7 ай зарыгып күткөн. Ошондо: «Нази, Булгаков да бул романын көрбөй кетти эле. Мен да көрбөй калбаймынбы, ыя? Булгаковдун аялындай болуп бул китепти сен чыгарып калбайсыңбы, ыя?» деген эле. Ошол эле жылы: «Нази, быйыл мен Мелис байкемдин көзү өткөн жашындамын, 49 жаштамын. Биздин тукумда эркектер элүүгө чыккан эмес эле. Мен чыгамбы, ыя?» деп кооптонуп айтты эле… «Оюңа албачы, антип айтып коркутпачы…» дедим эле… Аттиң, аттиң…

«Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!»

«Тирүү өлөт, жердин койну — жатагы. Изи калаар, болсо жакшы атагы» деп Жусуп Баласагын айткандай, атагы алыска кеткен эки гений ага-ини жашоого из калтырып кетиптир… «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» дегендей, көзү өткөндөрдү даңктайлы, эмгеги менен эскерели. Тирүүлүктүн парзы ушул экен…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Эскерүү алгач сайтка жарыяланып, кийин Эрнис АСЕК уулу аттуу китепке кирет. Эскерүүнү saalnaz@list.ru эл. почтасына жиберсеӊиздер болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.