Президент Садыр Жапаровдун 5-майдагы кайрылуусунда: «Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларды келечекте жеке менчикке өткөрүү. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет» деди. Миссиясын аткаргандан кийин жоюлушу керек болгон Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программа алкагында иштерди баштады…
Дегеле Кыргызстандын мамлекеттик мүлктөрү кайсылар, кандай иштеп жатышат, чыгаша мененби, киреше мененби, бул тууралуу менчиктештирүү деп кеп козголгондо эле кабардар болуп калабыз. Барып-барып эле сатылмакчы болгон мүлктүн баары чыгаша менен иштеп жаткан болуп чыгат. Менчиктештирүү керекпи-жокпу деп элден деле сурашпайт, тээ Аскар Акаевичтин мезгилинен башталгандан бери «зарыл, керек, мажбурбуз» дегенди бетке кармап келишет. Азыркы бийлик да менчиктештирүүнү милдеттүү иш катары баштап отурат…
ЖК депутаттары 29-июлда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын өзгөртүүнү талкуулашкан. Анда сатылмакчы болгон мүлктөр тизмесине «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясы (100% акциясы), Кепилдик фонду (14,9%), «Керемет» банкы (0,74%) жана Евразиялык сактык банкы (76,56%) кошулганы маалым болгон эле. Бул объектилерди көз карандысыз тарап баалай турганын, андан соң атайын комиссия сатуу ыкмасын аныктарын айткан Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Мирлан Бакиров ал ыкмалар аукцион, сынак же түз сатуу болушу ыктымалдыгын билдирген.
Эми мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү канчалык ойлонулган, мамлекетке канчалык пайдалуу, зарыл кадам болгонун убакыт көрсөтөр, анткен менен, бул иштен күмөн санагандар толтура. Маселен, учурда «Мегаком» уюлдук операторунун сатылышы коомчулукка жаккан жок, дале кызуу талкууда…
Дайын-дарегине токтолчу болсок, “Мегаком” уюлдук оператору 100% мамлекеттики. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин убактылуу өкмөт анын 49 пайызын улутташтырып, 2014-жылы компания толук бойдон мамлекет карамагына өткөн болчу…
Дал ушул фактыга токтолуп, мамлекетке киреше алып келип жаткан компаниянын сатылып жатышы тууралуу кыска талдоо-сынын журналист, акын, котормочу, аналитик Жыргалбек Касаболотов «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү менен калтырды:
— Азыркы бийликтин негизги максаттарынын бири ачыкка чыкты. Жашыра албай калды. Жашырганга убактысы да калбай баратат.
Мамлекетке киреше алып келип жаткан бул ишкананы сатууга «Ата Мекен» партиясы каршы чыгып, Аида Салянова аны 100 пайыз мамлекеттин карамагында сактап калган. Бул — тарыхый факт.
«Аны Текебаев сатканы калды» деп жердин баарына жарыя кылып, акыры Белизден келди деген документи калп болуп чыгып Абдил Сегизбаев ит болгон. Андай документ бар экенин эч ким далилдей албай койгон. Бул да факт.
Садыр Жапаров сактап калган парламент болсо иш убактысын узартып алып кылганы бул. Былтыр бийликке келген команданы Максимдики десек ажылдап каршы чыккандар болду эле. Эми эмне дей алышат болду экен? «Мегакомдун» тегерегиндеги мурдагы схемалар Максимдики экени бардык жерде далилденбеди беле?
Айтмакчы, бир жыл ичинде мамлекеттик менчиктеги ишканаларды сатуу боюнча азыркы бийликтин планы да ошол эле катарда. Андай эмес экенин далилдегиси келсе — сатпасын.
Азырынча «Мегаком» боюнча далилдей алган жок, кезектеги калпы чыкты деп эсептейбиз.
Айтмакчы, биз «Мегакомду» кирешелүү деп жатканыбыз менен, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду башка ойдо. Алардын айтымында, “Компания бүгүнкү күндө двиденд берип жатат. Бирок анализде көрүнүп тургандай жылдан-жылга тапкан пайдасы төмөндөп баратат. Компаниянын баасы жакшы убагында сатсак мамлекетке пайдасы көбүрөөк тиеби деген негизде анын баалоо ишин баштап жатабыз. Компаниянын баасы чыккандан кийин саткан пайдалуубу же мамлекет өзү иштеткени туура болобу белгилүү болот”.
Азырынча, «Мегакомду» сатуу үчүн биринчи анын сатык баасын чыгаруу зарыл, аны көз карандысыз кайсы бир компания чыгарат, ал компания сынак аркылуу тандалып алынат дейт Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду… Мынча болду, баасын ким бычат, канчага бааланат, канчага сатылат, ким же кимдер сатып алат, сатып алган адам чыныгы кожоюнбу же чыныгы кожоюн көмүскөдөбү, бара-бара көрөрбүз… балким…
Бирок, компаниянын баасы чыккандан кийин мамлекет өзү иштеткени туура болобу деген да чечим чыгып калышы мүмкүн…
Аида Салянова «Мегаком» тууралуу…
«Вечерний Бишкек» менен Абдрахмановдун калпы…
Эсибизде, 2016-жылы айтылуу «Белизгейтти» гезит басылмалары «Вечерний Бишкек» менен «Дело№» күчөтүп жиберген эле. Алар Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун сөзүнө таянып, «сенсация» деп жалаяктай материал жарыялашкан. Абдрахманов “чөнтөк” соттору («Прокуратура да (Салянова) көңүл бөлбөй койгон» деп Салянованы кыпчый кеткен — авт.) аркылуу Текебаев 100 000 сом өндүрүп алганын айтып чыккан.
«Вечерканын» эмес, башка калыс журналисттер ага: «Акча алганын көрдүӊүз беле?» деп суроо узатканда: «Мен көргөн эмесмин, орустар менен жолугушуусуна катышкам» деген. Кийин бул маселе боюнча сотко күбө катары чакырылганда, «Автомат такаса да барбайм!» деп баш тартып кетенчиктегени кызык болгон. Бул эмнени билдирет? Демек, анын ар бир сөзү эч кандай далили жок жалаа, ушак же калп болгонун…
«Белизгейт». Аны ойлоп тапкан Сегизбаев… же башкабы?
Ооба, «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыгып, кыйла чууну жараткан эле. Анда Алмазбек Атамбаев президент, Абдил Сегизбаев УКМК жетекчиси болчу. Атайын кызмат төрагасы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөшкөнүн, аны Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер тастыктап турарын айтып, атүгүл, ал документтерди андагы президент Алмазбек Атамбаевге көрсөтүп жатканы тийиштүү ракурстардан камераларга тартылып көгүлтүр экрандан элге да көрсөтүлгөн болчу. Эгер бул чатак иш боюнча документтер жасалма болуп чыга турган болсо, Сегизбаев жооп берээрин Атамбаев таасын айткандай эле болгон. Бирок ал айтылган нерсе Атамбаев президент кезде эмес, кийин-кийин ишке ашкансыды: быйыл январь айында Сегизбаев «Белизгейт» боюнча УКМКга суракка чакырылып, бир нече саат суракка алынып, күнөөлүү деп табылып камалган…
Кыскасы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программа алкагында алгач 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган болчу. Эми ал программага «Мегаком» бренди, белгилүү «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясы (100% акциясы), Кепилдик фонду (14,9%), «Керемет» банкы (0,74%) жана Евразиялык сактык банкы (76,56%) кошулду…
Кайталап айтарыбыз эле ушул: мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү канчалык ойлонулган, мамлекетке канчалык пайдалуу, зарыл кадам болгонун убакыт көрсөтөр…