Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Ашыкенин атын бир көчөгө ыраа көрбөй, деги ким болуп баратабыз?»

Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Ашыкенин атын бир көчөгө ыраа көрбөй, деги ким болуп баратабыз?»

Айтылуу Ашыралы Айталиев атабыздын бизден узап кеткенине 12 жыл болуптур. Ошондон бери байбичеси Наила апанын Ашыралы атанын атын Бишкектин бир көчөсүнө же музыкалык окуу жайлардын бирине берүү боюнча барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес. Чоңдордон көңүлү калган апа жаңы келген бийлик өкүлдөрү кыргыз маданиятына да жакшы көңүл бурар деп, Ашыралы Айталиевге байланыштуу маселени айтып видео аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылган эле…

Чет өлкөдөгү мекендештерибиз да үн кошууда…

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, апабыздын кайрылуусун колдогондор эл ичинде оголе көп болууда. Чет өлкөдө жашап, иштеп жаткан мекендештерибиз да үн кошууда. Бергенге жетишпей жатабыз.

Буга чейин Түркияда убактылуу жашап, иштеп жаткан белгилүү журналист, акын, котормочу, аналитик кесиптешибиз Жыргалбек Касаболоттун пикирин бергенбиз. Эми көп жылдан бери Финляндия мамлекетинин Хельсинки шаарында жашап, эмгектенип келаткан мекенчил мекендешибиз, кесиптешибиз Асыран Айдаралиевдин пикирин ортого салып турубуз…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Кыргыз үчүн Ашыраалы Айталиев ким да, Логвиненко ким?» 

— Акмак эле калкпыз өзү, арданасың, ата-жотобуз таанып билбеген, а тургай кыргызды тукум курут кылгысы келген кас душмандардын аты-жөнү килтейген көчө, ал эмес шаардын атын алып жүрөт. Кыргыз үчүн «Ашыраалы Айталиев ким да, Логвиненко деген ким» дегендей эле итчилик.. Мажирөөлүктүн деле чеги болуш керек эле акыры. Кээ бирлер айтышы мүмкүн, «болоор-болбос иш, ушу да маселеби» деген тейде мурундарын чүйрүшүп. Элдин, Улуттун баалуулуктарынын ана башында дал ушул кайталангыс таланттар, кечээки эле тарых, маданиятыбыздын туу чокусу катары бааланып келген, төкмө акындар, алардын бири Ашыке — Ашыраалы Айталиев эмне деген залкар эле? Ушундай инсандарыбызды унутуп, алардын атын бир көчөгө ыраа көрбөй, ыйгарып койгонго жарабай, деги биз өзү ким болуп баратабыз? Түшүнүк жетпейт, тоб-боо!

Мен залкар Ашыке менен эки ирет кездешип жолугуп калдым. Биринчисинде, капыстан эле, кайсы жылдары экени эсимде жок, Ала-Тоо айантынын жанындагы (Киев көчөсү) сактык кассага кызым экөөбүз кире калсак, ошол жерде отурган экен. Салам айтып, кол алышып учураштым. Ал-акыбалын сурадым. Бажактап күлүп, «Жакшы, балам, Кудай деп кыбырап жашап жүрөбүз, оокат бүтпөйт тура, келдик, кезекте турабыз» деген карапайым сөздөрү эсимде калыптыр. «Сен кимсиң?» деп сураган деле жок. Ошол, кайра бат эле чыгып кеттик ал жерден.

Экинчи жолкусунда Кыргыз Улуттук Филармониясында жолуккан элек. Анда бир топ улгайып калган болчу. Ыраматылык Мелис Эшимканов «Жаштык жарчысы», айтылуу «Асаба», «Агым» гезиттеринин биргелешкен маараке тойун өткөргөн эле. Ал мааракеге Кыргыздын мен деген каймактары, депутат-сайасатчылары, аткаминерлери топ-тобу менен келишкен. Эсимде, ошондо Ашыкени үйүнөн машине менен алып келген элем. Үстүңкү кабаттардын бириндеги артисттердин бөлмөсүнө жетелеп келип отургузуп кеткем. Бир учурда топ адамдар чыгып куттуктоо айтып сүйлөшкөн, ошондо Ашыкебиз биринчи сөз алып, куттуктап, комузун чертип ырдап берген…

Мен өзүмдү-өзүм жек көрүп, азыркыга чейин өзүмдү кечирбей жүргөн жоругум ушул, канчалаган залкар таланттар, кыргыз адабият-маданиятынын, мен-мен деген интеллигенттеринин туу чокулары менен жолугуп, баарлашып, кол алышып жүрүп, колумда фотоаппаратым туруп, болгондо да элде, эч кимде жок акыркы үлгүдөгүсү, (ошол учурда) ошолордун бири менен да сүрөткө түшүп койбой, «эртеби-кечпи бул асылдар деле арабыздан өтөт, кетет, эстелик үчүн» деген нерсени эстебей, нес болуп жүрө бериптирмин..

Азыр алардын дээрлик баарынын көздөрү жок, Акыреттик болуп кетишти, ат-тиң!

«Эл менен бийиксиң, элден чыккандан кийин кийиксиң»

деген кыргызда жакшы макал бар. Кыргыз маданиятына салым кошкон зор эмгеги, мээнети, айтуучулук, төкмөчүлүк өнөр-чыгармачылыгы, керемет ырлары менен өрнөктүү өмүрдү жашап өткөн Ашыралы атабыз дале болсо эл жүрөгүндө, көӊүл түнөгүндө экендиги билинди. Буга социалдык түйүндөрдө «Ушундай залкар инсанга Бишкектеги чоң көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарылса» деп  курч, мурч сөздөр менен коштоп жазып колдоп жаткан күйөрман, угарман, окурмандарыбыздын комментарийлерин окуп ынандык. Абышкасына болгон сый-урматы менен азайбай, Ашыкебиз көмүскөдө калып кетпей, элдин көӊүлүндө, улуттун өмүрүндө болсун деп демилге көтөрүп, бийликтин да эсине салып жаткан байбичеси Наила апаны алкашууда… Элден айланса болот.

Ошо, Наила апанын демилгеси уланууда… Алдыда дагы көптөгөн инсандардын пикирин окуй аласыздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

One thought on “Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Ашыкенин атын бир көчөгө ыраа көрбөй, деги ким болуп баратабыз?»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.