5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер майрамы. 1994-жылдан бери жүздөн ашык мамлекетте майрамдалып келсе, бизде бул күн Өкмөт токтому менен 2014-жылдан бери белгиленип келет. Тагырагы, октябрь айынын биринчи жекшембиси мугалимдер майрамы болуп эсептелет. Датасы жылып турган бул майрам бул жылы 3-октябрга туш келди. Андыктан, бардык мугалимдерди, дегеле, билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз.
55 жыл мектепке арналган өмүр
Талас районундагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинде 55 жыл мугалимдик кесипте үзүрлүү эмгектенип келаткан республикага таанымал Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков агайыбызды майрамы менен куттуктап, берген сабагы, жасап жаткан эмгеги тууралуу окуучулары сөз кылмакчы. Биз сыймыктанып, сыйлап, урматтап келаткан агайыбыз Манас таануу, кыргыз тил жана адабияты маселелери жана улуттук педагогика боюнча 41 китеп («Манас» сабагы (1997-ж.), «Манастын жети осуяты» (1997-ж.), «Манас эпосун окутуу» (1989-ж.) «Манас наамы» (2005-ж.), «Манас — жан дүйнө борбору», «Манас таалими», «Манас алиппеси» ж.б.) жазып, 250дөн ашуун илимий-усулдук окутуунун ыкмалары тууралуу макалаларды жарыялады.
Азыр да колунан калеми түшпөй, чарчап-чаалыктым дебей нарк-насил, көөнөрбөс жандүйнө, акыл даанышмандыгы боюнча агартуучулук иштерин улантып жаткан агайыбыз тууралуу онго жакын телефильм тартылган. Алтүгүл 2008-жыл «Бектур агай жылы» деп да жарыяланган. Анан, жакында эле, 15-сентябрда Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Маалымат технологиялар багытындагы «Бектур агай» лицейинин ачылыш аземи болуп өттү.
Элнура КАЛНАЗАРОВА: «Ар кайсы аймактан мугалимдер келип, Бектур агайдын сабагына катышчу…»
25 жыл мектепте мугалим болуп келаткан окуучусу учурда Бишкектеги № 73-мектепте эмгектенет. Орус класстарга кыргыз тил сабагынан сабак берген Элнура мындай дейт:
- — Бектур агай бизге 1985-1990-жылдары сабак берди. Педагогдук даанышмандыгы менен аттын кашкасындай республикага таанымал Исаков Бектур агайдан билим алганыма чексиз ыраазымын. Балалык доорду, мектепти агайсыз элестете албайм. Агай бизди эл-жерди сүйүүгө, мекенди барктай билүүгө, адамдык асыл сапаттарга ээ болууга, ыймандуулукка үйрөттү. Агайдын берген сабагы ушул убакка чейин эсимде. Сабакка көнүлү чаппаган окуучу агайдын сабагын муюп угуп отурар эле. Анткени, Бектур агай сабакты көкүрөккө кыт куйгандай эстен кеткис кылып өтөөр эле. Агайдын сабак өтүү усулун үйрөнөбүз деп ар кайсы аймактардан мугалимдер келип, сабагына катышып, таасирленип кетишчү.
Биз, окуучулар өзүбүз жазган дилбаянды өзүбүз талкуулачубуз. Көрсө, агай ушул нерсе аркылуу сөз байлыгыбызды өстүрүп, сөз берметтери аркылуу көркөм сүйлөөгө, катасыз, жакшы жазууга багыт берчү тура. Агай тууралуу айта берсек сөз көп. Бизге мыкты сабак берген агайыбызга таазим кылып, башымды ийип рахмат айткым келет. Майрамыӊыз менен, агай!
Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: «Калемден тапкан бактыма агайдын эмгеги зор»
«Ленинчил жаш», «Асаба», «Агым» гезиттеринде чогуу иштеген Мелис Эшимкановдун жакын досу, белгилүү журналист, жазуучу Мамат Сабыровдун жубайы, акын, журналист окуучусу мындай деп эскерет:
— Республикага таанымал Бектур Исаков агайыбыз жөнүндө дайыма айтып келем, айта берем. Себеби, мен бу турмушта бир нерсеге жетише алган болсом, ага агайымдын кошкон салымы зор. Өмүр эмне экенин түшүнүп, өз жолумду, өз бактымды тапкан болсом ал да агайымдын мага болгон ниет, тилегинин актыгынан деп билем. Бактымды калемден таптым десем, аны кармаганды агайым уйрөткөн.
Баланын жандүйнөсүн менин агайымдай эч ким түшүнө албаса керек.
“Балдар көзүңөрдү жумгула!”- деди. Жумдук. Арал айылынын чер токою. Кыш. Айлана аппак карга чүмкөнгөн. Айлана жым-жырт. Аӊгыча, шырт-шырт деген үн чыкты…” . Баарыбыз муюп калдык. Класста чымындын учканы угулат. ”Ачкыла көзүңөрдү. Эмнени көрдүңөр? “. ”Агай, кыпкызыл түлкүнү көрдүк”. “Ооба, агай, ал коёндун жытын билип калды.”. “Жок, агай чил учту.” “Ушул көргөнүңөрдү эми ыр кылып жазып келгиле. ”Ырдын үчүнчү сабы “ып” деген сөз менен аяктап,биринчи, экинчи, төртүнчү сабы уйкаш болот” деген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ыр менин жүрөгүмдөн түнөк тапты. Ошол күндөн бери калемим колумдан түшпөдү.
Экинчиси, турмуштун чо-оң даңгыр жолуна жетелеп келип, салып койду десем болот. Мектепти аяктаганда “Ленинчил жаш” гезитинин (кийинки ”Асаба”) редакциясына келип, Мелис Эшимканов, Жолдошбек Зарлыкбеков, Мамат Сабыров өңдөнгөн журналисттерге дайындап, чакмак дептерге жазылган ырларымды тапшырып кеткен экен. Менин ырларым агайда бар эле. Бала неме жоготуп албасын дедиби, айтор, ырларымды окутуп, магнитофонго да жаздырып алган. ”Бала — булак. Булактын көзүн ачыш керек” деп агайым айткандай, шылдырап аккан канчалаган булакты өзөн-дарыяга кошту. Бактылуу болуш үчүн өтө чоң нерсенин кереги жок экен. Болгону адамга адам керек экен. Мен бир таза, момун аялдын кызы болуп калганыма, Бектур Исаков агайдын окуучусу болуп калганыма сыймыктанам. Агайдын бардык жакшылыгы үчүн башымды ийип, таазим этем. Сиз бардык сыйга татыктуусуз. Эң башкысы, Кудайдын сыйына татыган жансыз. Сиздин бардыгыңыз бизге дем, күч-кубат. Бар болуӊуз, аман болуңуз!.
Назира СААЛИЕВА: «Эл агартуу тармагында ат көтөргүс эмгек кылып келаткан агайыбызга таазим»
— Эл агартуу тармагында опол тоодой эмгек жасап, элет жеринде талбай эмгектенип келаткан Кыргыз Эл мугалими Исаков Бектур агайыбыз бизге, окуучуларга новатордук ыкма менен натыйжалуу, кызыктуу, өрнөктүү билим берди жана берип келатат. Келечектеги муунду айкөл Манастын ыйык руху менен тарбиялоо үчүн илимий-усулдук окуу китептерин жазган жана жазууда. Арал мектебинен таланттуу улан-кыздарды уядан учуруп, турмуш жолуна аттандырган жана аттандырууда…
Жогоруда кесиптешим Динара Бейшеналиева айткандай, көбүбүздүн ичте уктап жаткан шык-талантты козгоп, чыгармачылыкка чыйыр жол салып берген дал ушул Бектур агайыбыз. Эсимде, Бектур агай «бул жаман окуучу», «ал жакшы окуучу» деп окуучуларын экиге бөлчү эмес. Экиге окуган окуучуну орто, орто окуганды жакшы, жакшы окуганды эң жакшыга жеткирчү.»Бай, кедейдин баласы» деп оозанчу эмес, алардын ата-энесине жагынчу эмес. Кошоматтан алыс, ар бир ишке калыс карачу. Ар бир окуучуга бирдей мамиле жасачу.
Агайдан интервью алайын деп 2005-жылы үйүнө барып калдым. Диктофонду көрүп эле, «Ушул темирге ишенесинби?» деп, эс тутум тууралуу айтып берди. «Мурдагы журналисттер калем менен эле кагазга жазышчу. Ошол жазганын сонун кылып гезит бетине чыгарып коюшчу. Колго жазган эс тутумду жакшы кылат, темирге ишенсеңер, эс тутумуңар жоголот. «Азыр заман өзгөрдү» деп эле баары заманга шылташат. Заман эмес, адам өзгөрдү. Ыймандуулук деген жоголуп баратат. Кыргыздын табиятындагы көп нерсе жокко чыкты. Жөн эле бир мисал: илгери акты сатчу эмес. Азыр сүт, айран, кымыз, куруттун баары сатылып калды. Жадагалса «нан ооз тийиңиз» дегенге жарабай калышты» деп келечекке кейип көп кепти айкан эле…
Кийин, 2014-жылы айылдан Бишкекке чейин бир машинеде чогуу келдик. Ошондо да Манас, адабият, маданият тууралуу узак, кызыктуу, маныздуу баян куруп берип, борбор калаага кантип жеткенибизди билбей калгам. Ара-чолодо алдымдагы инимдин баласына алаксып кетсем, аны да байкап калып, «Назира, колуң бошобосо да, кулагың бош эле да, кулак салып кое бер», — деп уялткан эле. Анда жолдошум бар эле. Байым да илим, билимге сугарылган адам болчу. Бишкекке келгенде жолдошум менен тааныштырсам, аябай кубанып, «ылайым башыңар көбөйө берсин» деп ак батасын берди эле…
Эмне дейм, агайдын ар бир айткан сөзү, өткөн сабагы, жазган китеби, таалим-тарбиясы ар бир окуучунун жүрөгүнө урабас эстелигин тургузду жана тургузууда. Маданиятка, адабиятка опол тоодой эмгек кылганз, ысымы алтын тамга менен тарых бетине жазылуу Исаков Бектур агайыбыз «Кыргыз Эл Баатыры» наамына татыктуу. Сыйлык, наамды ушундай инсандарга бериш керек! Бул маселени дагы козгойбуз го…