Көрүүчүнү «таңгалтырган» кино…
Эдил БАЙСАЛОВ: «Жаштарыбыз тарыхты, эпосту дээрлик билишпейт»
МАНАСЧЫЛАР: «Биз сценарийде одоно каталар болгондон улам каршы чыктык…»
деп бир топ манасчылар 10-августта маалымат жыйын өткөрүшкөн. Назаркул Сейдракманов, Рыспай Исаков, Замирбек Баялиев, Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев жана Асаналы Калил уулу “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын тартылышына каршылыгын билдиришип, себебин айтышкан. Алар тасманын сценарийи эпостун салттуу вариантынын мазмуну менен шайкеш келбей калганын баса белгилешкен. Алар өлкөдөгү жалпы манасчылар биригип, кол топтоп, тасманы тартууну көзөмөлдөөнү же токтотууну өтүнүп перезидентке, Жогорку Кеңешке, Министрлер кабинетине, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылышарын жарыялашкан.
Дооматтарга баш бербей келаткан режиссёр
Баса…
Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Эл акыны, манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетовдун уулу. Ал президенттик администрация жетекчиси кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик катчы болуп 12-октябрда дайындалган.
«Элдик лотерея” менен элдин эсинде калган Юруслан Тойчубеков
Эми Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы башчысы Юруслан Тойчубековго келсек, ал “Элдик лотерея” соода маркасы менен элдин эсинде калган. “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. салык түшпөй калганы менен айыпталып, кызматынан бошотулган. Кыргызстандан качып кеткени айтылып, ага издөө салынганын ИИМ 2015-жылы билдирген. Анын адвокаты Акин Токталиев чет өлкөдө дарыланып жатканын айткан.
Бир жылдан кийин, 2016-жылы анын уулу Тимур Тойчубеков кармалганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирген. Ал Москвадагы банктардын биринен ири өлчөмдө акча алганы боюнча алдамчылыкка айыпталып, камалган. Буга чейин эшек бизнесине байланыштуу чырда аты аталган эле…
Чуу болгон тасманын аягы эмне болуп аяктаары бир гана Кудайга белгилүү…
Кечээ жарыяланган кинонун үзүндүсү:
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
One thought on “«Манастын уулу Семетей» киносун кубаттагандар: Сүйүнбек Касмамбетов, Эдил Байсалов, Юруслан Тойчубеков ж.б. (ТИЗМЕ)”