«Манастын уулу Семетей» киносун кубаттагандар: Сүйүнбек Касмамбетов, Эдил Байсалов, Юруслан Тойчубеков ж.б. (ТИЗМЕ)

«Манастын уулу Семетей» киносун кубаттагандар: Сүйүнбек Касмамбетов, Эдил Байсалов, Юруслан Тойчубеков ж.б. (ТИЗМЕ)
Коомчулукта кызуу талкууланып жаткан, жалаӊ нааразычылыкты жараткан «Манастын уулу Семетей» тасмасынын тартылып жатышы тууралуу августта эле чуу болгон. Ошол тасмасынын жеке көрсөтүүсү кечээ, 26-октябрда Бишкекте болуп өткөнүн «Факты.kg» жазып чыкты жана кинодон үзүндүсүн жайгаштырды.

Көрүүчүнү «таңгалтырган» кино…

Алардын маалыматына таянсак, тасманы көрүп чыгууга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, мурдагы Айыл-чарба министри Таалайбек Айдаралиев, Издөөдө жүрүп кармалган Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков, журналист, публицист, Айтматов таануучу Эсенбай Нурушев катышып, ойлорун айтып, бааларын беришиптир.
Алар тасманын кызыгуу менен көрүшүптүр. Тасма башынан аягына чейин көрүүчүнү таң калтырып, зериктирүүгө жол берилбептир. Түстөрдүн айкалышы, костюмдар, музыка, укмуштуудай жаратылыш сүрөттөрү эч кимди кайдыгер калтырбаптыр.
Бул тасманын продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбековдун максаты — тасманы акыркы монтажга чейин Кыргызстандын ар кайсы тармактагы белгилүү инсандарынын эксперттик ой-пикирлерин чогултуу болуптур. Ал: «Бул тасма дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө көрсөтүлө тургандыктан, биз бардык каалоолорду жана комментарийлерди эске алуу менен тасманын жумушчу версиясын көрсөтүүнү чечтик» — дептир.

Эдил БАЙСАЛОВ: «Жаштарыбыз тарыхты, эпосту дээрлик билишпейт»

Сүйүнбек Касмамбетов менен Эдил Байсалов продюсер Өмүрзак Төлөбековду «Манас» эпосу сыяктуу татаал теманы колго алып, иш жүзүндө биринчилерден болуп ашырганын баса белгилешиптир.
«Муз жарылып, улуу эпосубузду тартууну баштаганыбыз жакшы болду. Бул башталышы гана. Өмүрзак Төлөбеков «Манас» эпосунун негизинде дагы көп тасмаларды тартат деп ишенем«, — деп мактаптыр мамкатчы.
Ал эми Эдил Байсалов: «Жаштарыбыз тарыхты, эпосту дээрлик билишпейт. Бул абдан көңүлдү чөгөрөт. Андыктан мындай тасмалар патриоттуулукка тарбиялоо үчүн абдан керек.» Манастын уулу — Семетей» тасмасы ийгиликтүү болду деп ойлойм. Мен ишенем, акыркы түзөтүүдөн кийин ал дагы укмуш болот «, — дептир.

МАНАСЧЫЛАР: «Биз сценарийде одоно каталар болгондон улам каршы чыктык…»

деп бир топ манасчылар 10-августта маалымат жыйын өткөрүшкөн. Назаркул Сейдракманов, Рыспай Исаков, Замирбек Баялиев, Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев жана Асаналы Калил уулу “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын тартылышына каршылыгын билдиришип, себебин айтышкан. Алар тасманын сценарийи эпостун салттуу вариантынын мазмуну менен шайкеш келбей калганын баса белгилешкен. Алар өлкөдөгү жалпы манасчылар биригип, кол топтоп, тасманы тартууну көзөмөлдөөнү же токтотууну өтүнүп перезидентке, Жогорку Кеңешке, Министрлер кабинетине, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылышарын жарыялашкан.

Дооматтарга баш бербей келаткан режиссёр

Ал эми режиссёр Өмүрзак Төлөбеков мындай дооматтарга макул эмес. Ал тасманы июлдун аягында тарта баштаган. Анда ал сценарий Жалил Сыдыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде жазылганын айтып, президент Садыр Жапаров да колдоо көрсөтүп жатканын билдирген. Андагы мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат» деген маалыматты четке каккан. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.
Бюджети 1 млн. долларды түзгөн бул тасма бийликке, чиновниктерге жакканы менен манасчылардын, элдин сынынан өтпөй, купулуна толбой келет.

Баса…

Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Эл акыны, манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетовдун уулу. Ал президенттик администрация жетекчиси кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик катчы болуп 12-октябрда дайындалган.

«Элдик лотерея” менен элдин эсинде калган Юруслан Тойчубеков

Эми Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы башчысы Юруслан Тойчубековго келсек, ал “Элдик лотерея” соода маркасы менен элдин эсинде калган“Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. салык түшпөй калганы менен айыпталып, кызматынан бошотулган. Кыргызстандан качып кеткени айтылып, ага издөө салынганын ИИМ 2015-жылы билдирген. Анын адвокаты Акин Токталиев чет өлкөдө дарыланып жатканын айткан.

Бир жылдан кийин, 2016-жылы анын уулу Тимур Тойчубеков кармалганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирген. Ал Москвадагы банктардын биринен ири өлчөмдө акча алганы боюнча алдамчылыкка айыпталып, камалган. Буга чейин эшек бизнесине байланыштуу чырда аты аталган эле…

Чуу болгон тасманын аягы эмне болуп аяктаары бир гана Кудайга белгилүү…

Кечээ жарыяланган кинонун үзүндүсү:

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “«Манастын уулу Семетей» киносун кубаттагандар: Сүйүнбек Касмамбетов, Эдил Байсалов, Юруслан Тойчубеков ж.б. (ТИЗМЕ)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.