«Манастын уулу Семетей» тасмасы кайрадан сынга кабылды. Жаныш Кулмамбетовдун пикиринде…

«Манастын уулу Семетей» тасмасы кайрадан сынга кабылды. Жаныш Кулмамбетовдун пикиринде…
«Так Мураскери” («Манастын уулу Семетей») киносу август айынын бери эле чуу жаратып, коомчулукка, айрым манасчыларга, кээ бир тарыхчыларга жакпай, тасманы тартууну токтотууну талап кылып келишет. Бирок, болбой эле тартылууда. Бул кинонун жеке көрсөтүүсү 26-октябрда Бишкекте болуп өткөн эле…Толугу бу ШИЛТЕМЕде.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: «Өмүрзак Төлөбеков таарынган чыгаар, бирок, бул менин жеке позициям»

Кечээ, 16-декабрда өкмөттүн машинасы менен кино тармагынын өкүлдөрүн резиденцияга чакырып, “Манастын уулу Семетей” киносу президент Садыр Жапаровдун катышуусунда (жалпы 31 киши) көрсөтүлгөнүн Эрлан Бекчоро уулу  жазып чыкты. Ал көрсөтүүгө катышкан белгилүү драматург, театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов «Манастын уулу Семетей» фильми жана демократиялык баалуулуктар» аталышта пикирин кечээ кечинде «Фейсбуктагы» баракчасына билдирди. Анда мындай деп жазылган:

Ооба, Kyias Moldokasymov менен Erlan Bekchoroevich жазышкандай, көптөн күткөн «Манастын уулу Семетей» фильмин бүгүн көрдүк.
Мен советтик, большевиктик, тоталитардык принциптерди чыгармачылыкка карата пайдаланып, ага тыюу салууга, чектөөгө, кийлигишүүгө принципиалдуу түрдө каршымын. Каршы эле эмес, жек көрөм дагы. Чыгармачылык эркин көрүнүш. Демократиянын базалык баалуулуктарынын бири ушунда. Бул менин өтө терең ишенимим. Ошон үчүн фильм тартыла баштаганда бул туурасында өз пикиримди ачык билдиргем.
Бирок, тилекке каршы, бүгүн фильмди көрүп чыккан соң, мындай турушунда көрүүчүлөргө сунуштоого болбосун айтып, каршы экенимди кескин билдирүүгө туура келди. Анткени, мен кыргыздын уулумун, а «Манас» мен үчүн ооздун курулай жели эмес — Ала-Тоолук элимдин эң улуу, эң ыйык, эч бир байлыкка алмашкыс рухий мурасы!
Ошентип, менин демократиялык принциптеримен да «Манасты» кадырлоом, улуттук намысым жогору туруп калды.
Мына ушундай кейиштүү чындыкка бүгүн туш келдим…
Өтө өкүнүчтүү. Эгер фильм көркөмдүк беделге ээ, колго алаарлык болсо, мындай көрүнүш болмок эмес. Мындай кескин пикирди айтмак да эмесмин.
Албетте, Өмүрзак Төлөбеков таарынган чыгаар, бирок, бул менин жеке позициям, ынанымым…
А эгер объективдүү жагдайга келе турган болсок, чакырылгандардын көпчүлүгү фильмди кабыл алышпаганы баамдалды. Президент Садыр Жапаров да мындай турушуна каршы экенин билдирди, маңыздуу сын пикирлерин айтты. Фильмди оңдоп-теңдеп кийинки күздө кайра көрсөтүүнү сунуштады.

Эми режиссёрго келсек…

Бюджети 1 млн. долларды түзгөн бул тасма бийликке, чиновниктерге жакканы менен манасчылардын, элдин сынынан өтпөй, купулуна толбой келет. Бирок, режиссёр Өмүрзак Төлөбеков коомчулуктун дооматтарга макул эмес. Ал тасманы июлдун аягында тарта баштаган. Анда ал сценарий Жалил Сыдыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде жазылганын айтып, президент Садыр Жапаров да колдоо көрсөтүп жатканын билдирген. Андагы мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат» деген маалыматты четке каккан. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Буга чейин жарыяланган кинонун үзүндүсү:

Бул чуу жараткан тасманын аягы эмне болуп аяктаары бир гана Кудайга белгилүү…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Талашка түшкөн «Так Мураскери” («Манастын уулу Семетей») тасма боюнча пикирлерди берип турабыз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.