“Учкун” туңгуюкта калган кезде кызматка келген Даир Кенекеев. Бүгүн ал мамкатчы, эл менен жолугат…

“Учкун” туңгуюкта калган кезде кызматка келген Даир Кенекеев. Бүгүн ал мамкатчы, эл менен жолугат…

Бүгүн, 17-декабрда, “Учкун” басмаканасынын 95 жылдык салтанаттуу мааракеси мамлекеттик деңгээлде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында белгиленет. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышат.

Даир Кенекеев кандай иштеп жатат?

Ошентип, мамлекеттик «Учкун» акционердик коомуна 95 жыл толуп отурат. Канча суу агып, канча жетекчи алмашты. Азыркы жетекчиси — Даир Кенекеев. Ал бул кызматка 2018-жылдын ноябрь айында келген. Чын-чынына келгенде, ал “Учкундун” абалы оор учурда, туңгуюкта калган кезде кызматка келди. Ошондо ушундай суроо узатканыбызда: “Учкун” ачык акционердик коомунун колу-буту таңылып, аба жетпей тумчугуп турган убагында жетекчи болуп келдим. Финансылык абалы өтө начар, карызы чачтан көп экен. Соцфондго 5 млн, салыкка 2 жарым миллион, жылытуу системасына жана башка карыздары менен жалпы 29 миллион сомдон ашат. Эң көйгөйлүү маселе — салык менен соцфонддун карызы. Ак ниет менен таза, так аткарып, эл үчүн кызмат кылуу зарыл деп эсептейм. Мен эл үчүн иштеп келгем жана иштей бермекчимин. Кудай буйруса, Мамлекеттик «Учкун» акционердик коомунун келечегине жакшы жаңылыктарды жаратабыз!» деген эле. Айтканындай эле жакшы жаңылык, өзгөрүүлөрдү киргизип, ишканага киреше алып келип мамлекеттин экономикасына чоң салымын кошту: ал «Учкунга» жетекчи болуп келгенден берки акыркы үч жыл ичинде ишканага түшкөн таза киреше 7 эсеге өскөн!

Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, бул ишкананы менчиктештирип алууга да кызыкдар адамдар болгон. Ошого да Даир Кенекеев жол берген жок!

Даир Кенекеевди тааныштыруунун кажети жок, себеби, ал Кыргызстанга таанымал инсан. Ошентсе да, учкай айта кетсек, ал Таластын кулуну1974-жылы 24-майда Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Ал мамлекеттик кызматтардын ылдыйкы тепкичинен жогорку тепкичинде ар кыл тармакта иштеп, ак эмгек, адал кызмат кылып келет.

2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын апрелине чейин вице-премьер-министр болгон. Ага чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on ““Учкун” туңгуюкта калган кезде кызматка келген Даир Кенекеев. Бүгүн ал мамкатчы, эл менен жолугат…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.