Күжүрмөн акын, дыйкан акын, иштерман акын Эркалы Өскөналиев агабыздан айрылдык…

Күжүрмөн акын, дыйкан акын, иштерман акын Эркалы Өскөналиев агабыздан айрылдык…

Эсен болуп, эстей жүр!

Адаттагыдай эле эрте ойгондум. Саат 6да «Фейсбукту» ачсам эле, «Эркалы Өскөналиев каза болду» деген жаман кабар жүрөт. Көргөн көзүмө ишенбей, агабыздын чөнтөк телефонуна чалсам, уулу алды. Аты Адилет экен. Аттиң, таңкы жаман кабар чын болуп чыкты… Адилет атасынын сөөгү бүгүн, 27-октябрда, Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн чыгарын айтты. Уулунун айтымында, агабыз кечээ, 26-октябрда, эртең менен көз жумуптур. Эч кандай оорубаптыр, жакшынакай уйкуда жаткан боюнча эле кете бериптир…

Ошентип бүгүн биз дагы бир жакшы адамды, белгилүү журналист, жазуучу, акын Эркалы Өскөналиев агабызды акыркы сапарга узатабыз…

Архивди аңтарып…

Эрнис АСЕК уулу: «Эркалы байкебиз күжүрмөн, дыйкан, иштерман акын«

Эркалы Өскөналиев агабызды мурда сыртынан гана таанычумун. 2014-жылы редакциябызга келип калып, жолдошум Эрнис аркылуу жакындан таанышып калгам.

«Баягы Асаба» гезитине байымдын суранычы менен ырларын алып келиптир. Ошол ырларынын башына Эрнис кыска-нуска мындай деп жазды эле: «Эркалы байкебиз эрке деле акын эмес. Күжүрмөн акын, дыйкан акын, иштерман акын. Жөнөкөй тартылган сүрөттөй, шашып жылган мүнөттөй, Көкөмерендин агымындай, тоолордун жагымындай, тирмийип өскөн дарактай, тиши сынган тарактай, тамгасы шуру барактай, ичилбей калган арактай… Публицистикалык ырларды катырат, ой-чабытты жапырат. «Физикпи» деп жүрсөк, мыкты лирик экен. Анда Эркалы акыныбыздан элирген сүйүү көлүнө чумкугула…»

Эркалы ӨСКӨНАЛИЕВ: «Жээкке айды түшүрүп, жетелеп үйгө барамын…»

Көөлгүгөн көгүш көл кечи,
Ай барат калкып кайыкта.
Жалындай жашыл теректин
Сүрөтү бийлейт жайыкта.

Ырдасам толкуйт абаным,
Кылчайып айды карадым.
Кызык эй, сүйүүң ушубу,
Кызыдым ичпей шарабың.

Кызжандуу тентек баламын,
Кызыгып өптүм жамалын.
Кылкыяк болуп чертилип,
Кыялым нени самадың?

Желбирейт баардык тарабым,
Жел сыяк жеңил калагым.
Жээкке айды түшүрүп,
Жетелеп үйгө барамын.

* * *

Айжарыгым кереметтүү дүйнөгө
Каркырадай калкып учуп кетели.
Махабаттын дайрасына бой таштап,
Аркы өйүзгө кулач жайып өтөлү.

Жыпжылаңач Күнжарыкка чайынып,
Кулпунайдай кулпуналы нурларга.
Сүйүү аттуу бир кудайга жалынып,
Жылыналы көктөн жааган ырларга.

Арак ичпей мас бололу, кел эми,
Куштай жумшак кучагыңды сагындым.
Уялбагын, чечип ыргыт баардыгын,
Ушунчалык келип турат жалынгым!

 * * *

Кыялымды кытыгылайт көйнөгүң,
Көлдөй толкуп, желдей желпип жүрөктү.
Бешиктеги бөбөк сыяк термедиң,
Берип мага бейиштен беш мүнөттү.

Жер асманга, Асман жерге жакындап,
Периштелер отурушту кашымда.
Сырдуу дүйнө Айжарыктай жаркырап,
Сыйып турду биздин аппак чатырга.

О берекем, бекем жумуп көзүмдү,
Чолпулдаттым чоктой ысык төшүңдү!
Сенден эмес, сүйүү деген шайтандан
Алып жаттым бир чактагы өчүмдү!

 * * *

Жаз жамгыры менин көзүмдө
Жанган шамды кантип өчүрөт?
Ыйласам, ай, ысык төшүңдө,
Ашыктыкты кудай кечирет!

Толгон айга окшош о курбум,
Толкундаган ойлор, кыялдар!
Түшкө кирдиң түндө, тоолордун
Гүлкайыры болуп буралган.

Жүз мертебе үйүң айландым,
Жүрөгүмдө сарысанаа бар.
Сагыз сыяк жаман чайналдым,
Сан кылымга саатым барабар!

Жаз жамгыры сүйүү жалынын,
Айтчы деги, кантип өчүрөт?
Эшикти ач эми, жарыгым,
Экөөбүздү кудай кечирет!

* * *

Суйкаят арбап көл сулуу,
Суйсалат жайнап мөл сулуу.
Соңуркап кетип барабыз,
Соң-Көлдүн айлуу толкуну!

Көгүнөн жылдыз себелеп,
Көл кечи укмуш керемет.
Көбүрүп жээгин жайпаган,
Көбүгүн өптүк чөгөлөп.

Шыбырап гүлдөр сүйлөгөн,
Шыбактар жаңсап бийлеген
Бурулдук жашыл булуңга,
Экөөбүз башта билбеген.

Ырахат татып Түн деген,
Ырдадык жагым үн менен.
Кыңкайып сага жөлөнсөм,
Кыялга түшөт дүрбөлөң.

Көкүрөк жагың жыттасам,
Жыттадым жайлоо чөптөрүн.
Көңүлгө жаздым көчүрүп,
Көйнөгүң делбирт эткенин.

Жылтылдайт оттор ыраакта,
Жыргалдын баары быякта.
Жымыңдап бизди жылгада,
Жылдыздар аңдып турат да…

* * *

Чачпагы утур шыңгырап,
Чай сунуп сулуу кылгырат.
Чалгынын жалтаң мизинде
Чабылган чөпмүн шуудурап.

Чайнектей кайнайм мештеги,
Чаташып оюм жуурулат.
Чаалыктым чайың ичалбай,
Чаарчык көзүң суй жыгат.

Сарымай сыяк ээриткен,
Сымбатың укмуш келишкен.
Сыйкырың барбы даарыган,
Сырыңды айтчы периштем?

Жаңырган айдай каштарың-
Жаңы ырга тапкан саптарым.
Жаз жайнайт жаным, үйүңдө,
Жааган кар сыртта капкалың!

* * *

Жайкы түндүн жакшы белем жыргалы,
Жанга жагым чегирткенин ырлары.
Чөп жазданып тыңшап жатсаң мамырап,
Чертилет эй, кыялыңдын кылдары.

Байтеректер созолонуп бой керет,
Бак аралап бассаң, сонун ой келет.
Асман койну бака-шака, той-топур,
Жылдыз күлүп, жылдыздарга кол берет.

Тармал дайра ташкындабай жай агып,
Тал-теректер суйсалышат таранып.
Анда келчи, ай-жылдыздар алдында,
Айжарыгым, бир жытташып
алалык!

* * *

Кулагыңа түндө шыбырап,
Гүл сүрөтүн тарттым сөз менен.
Койнубузда жылдыз шыгырап,
Канат жайып учтук көк менен.

Төшүңдөгү аппак алманы,
Этияттап колум кармады.
Эриниңе эрдим тийгенде,
Эх, махабат кушу сайрады!

Ак кар төгүп сыртта кыш жүрөт,
А сен мага апрель жыттандың.
Агарбаган түндү агарткан
Айжарыгы белең кыздардын!

«Баягы Асаба», 2014-жыл

Эркалы ӨСКӨНАЛИЕВ: «Эгемен эл болгондугуң ушубу, Эне тилиң кемсинтилди, өксүдү«

Эркалы Өскөналиев Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Кабак айылында 1958-жылы 9-августта туулган. Жогорку билимдүү. КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Жумгал райондук «Демилге» гезитинин редакциясында кабарчы болуудан баштаган. Компартиянын Жумгал райкомунун идеология бөлүмүндө 1982-1985-жылдары инструктор болуп эмгектенген.  Андан кийин армияга барып, рота командиринин саясий иштер боюнча орун басары болгон. 1987-1990-жылдары Компартиянын Жумгал райкомунун уюштуруу бөлүмүндө инструктор, 1990-1992-жж. Жумгал райондук «Демилге» гезитинин редактору болуп эмгектенген.

Агабыз эне тилибизге аябай күйүп-бышчу. Мындай деп жазганы бар:

«Өлкөсүндө өгөйлөнөт өз тили,
Өйдөсүнөт, өпкөлөнөт чет тили.
Эгемен эл болгондугуң ушубу,
Эне тилиң кемсинтилди, өксүдү»

Минтип, 2014-жылдагы жаркылдаган Сиз да, Эрнисим да жок… Байымдын артынан кеттиңиз…

«Баам салып байкап көрсөң сен эгер, Адамдар бар, өлбөстүккө эгедер. Акын өлбөйт, өлбөйт акын чынында, Жүрөт тирүү ырларынын сабында» деп залкар акын маркум Эсенгул Ибраев агабыз жазгандай, акын өлбөйт, ырларында жашайт!

Экинчи өмүр көчүнө сапар алган Эркалы агабыздын уул-кыздарына, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.