Кудай сакта! «Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө деп табылды» дейт го. Ишенесизби?

Кудай сакта! «Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө деп табылды» дейт го. Ишенесизби?

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылды. Тагырагы, Борбор Азияда, Борбордук жана Чыгыш Европадагы өлкөлөр арасында эң акыркы катарга жылыптырбыз. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Чыккан маалыматка таянсак, аталган индекске 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. Бул изилдөөнү Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору ишке ашырган.

Аялдардын укуктары боюнча санариптик аудио-видео файлдар түрмөгүн (подкаст) даярдап жүргөн феминистка Бегаим Замирбекова аталган иликтөө менен таанышып чыгып, Кыргызстандын аялдар үчүн кооптуу өлкөлөрдүн катарына кошулганын «Азаттыкка» мындай дептир:

«Менин байкашымча, отчетто дүйнө жүзү боюнча аялдардын коопсуздугу начар абалда экени көрсөтүлгөн. Буга пандемия шартындагы жашоо таасир этиптир. Карантин маалында зомбулук күчөгөнүн айтпасак деле белгилүү. Биздин өлкөнүн көрсөткүчүн айта турган болсок, зомбулук учурлары боюнча ачык статистикадан улам болсо керек. Мисалы, Түркмөнстанда абал биздегидей ачык эмес. Экинчиден, Айзада, Бурулайдын окуясындагы жазасыздык да себеп болду. Тагыраагы, бийлик тараптан жетишерлик чара көрүлгөн жок. Бир жагынан биздин башка өлкөлөрдөй жабык болбой, абалды ачыктап жатканыбыз жакшы. Бирок, зомбулукка каршы күрөш аксап, жазасыздык болуп жатканы жакшы эмес. Биздин өлкөдө «сен аялыңды дөңгөлөк асып алып, кордосоң деле эч кандай жазага тартылбайсың» деген түшүнүк пайда болуп калбадыбы. Ошондуктан, абалды оңдоо жазадан башталат«.

Азиза АБДРАСУЛОВА: «Кыргызстан аялдар эле эмес, эркектер үчүн да кооптуу боло баштаптыр»

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова болсо: «Кыргызстан аялдар эле эмес, эркектер үчүн да кооптуу боло баштаптыр. Азыр жабык жайлардагы абал менен таанышып чыгып, кордолгон балдарды, кыздарды көрдүк. Камалгандардын арасында өзүн коргош үчүн кылмышка барган кыз-келиндер да бар экен. Мисалы, ушундай тагдырга мен мурда тааныган келин туш болуптур. Биринчи турмушунан жолу болбой, экинчи жолу турмушка чыккан эле. Ал адамдын кордугу жанына батканда ачууга алдырып өлтүрүп алган экен. Азыр сот чечимин күтүп отурат«, — дептир.

Эми бул жааттагы тийиштүү адистердин айтымында, үйдөгү зомбулук миграциянын күчөшүнө да себепкер. Жакындарынын ур-токмогунан, басым-кысымынан чарчаган аялдар сыртка чыгып кетүүгө аргасыз дешет.

Садыр ЖАПАРОВ: «Аялдар ээн-эркин эле жүрөсүңөр…»

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстанда гендердик тең салмактуулук бузулуп жатат дегенди четке кагып, мындай деген:

«Гендердик баланс боюнча Кыргызстанда коркунуч бар дегенден кудай сактасын. Аялдар ээн-эркин эле жүрөсүңөр. Каалаганыңарды кыласыңар, эч ким эч нерсе деген жок. Өкмөт курамында кемчиликтер бар эми. Аялдарды дагы тартабыз«.

ИИМ эмне дейт?

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 30%га көп. Башкы прокуратура эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Мындай көрүнүштүн 90%дан ашык учурларында аялдар жабыр тартат.

Тилекке каршы, зордук-зомбулук ар заманда болуп келген. Көп учурда «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» деп тымызын кордук көрүп унчукпай чыдагандар, унчукпай жүрүп чүнчүп жанын кыйгандар же жанына жеткенде кокустук менен кылмышка баргандар кээде статистикага деле кирбей калат. Андай учурда кайрылар жерибиз — социалдык кызматтар, милиция. Билишибизчек, зордук-зомбулукка кабылган аялзаты менен балдарга жардам көрсөтүү, ар кандай кокустуктар-кылмыштардын алдын алуу үчүн милиция да, социалдык кызматтар да атайын профилактикалык иш-чараларды алып барышат. Учурда, айтымында, жогоркудай учурларда көрсөтүлчү кызматтардын жана жардамдын сапатын кыйла жогорулатуу боюнча 200дөй милиция кызматкери атайын окуудан өтүп жатышат. Мындан жана башка чаралардан кандайдыр бир өзгөрүү байкалабы, аны да убакыт көрсөтөр… Ага чейин жогоркудай эл аралык индекстик ченем-сынамдарда кооптуу, коркунучтуу бойдон кала берерибиз бышык…

Эми мынча болду, кайсы өлкө аялдар үчүн чындап кооптуу?

WPS индексинде аялдарга куурал эмес, жыргал турмуш куруп берип жаткандардын сап башында: Норвегия, Финляндия, Исландия, Дания жана Люксембург. Аялдар үчүн өтө кооптуу өлкөлөр катарына киргендер — Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак. Ушул мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда жыргал эле. «Аялдар ээн-эркин эле жүрөсүңөр. Каалаганыңарды кыласыңар, эч ким эч нерсе деген жок» деп президент айткандай эле. Кээде аша чапкан учурлар бар. Маселен, каалаганыбызды кылган үчүн чет мамлекеттин кымбат акчасын акташ үчүн, бир аялды алып келип, элдин алдына жыпжылаңач кылып музейге чыгардыңар. Ич кийимдер жайма базардай жайылып илинди…  «Муну искусство дейт» деп кайра беттен алдыңар. «Мен төрөбөйм! Мен чай куйбайм!» деген жат ураандар менен жаштарды көчөгө алып чыктыңар, алып чыгып жатасыңар. Ар кандай агымдар көбөйүп, ар кимдин башын айлантып жаткан учур. Ориентациясы ар кылдар баш көтөрүп, ачык эле чыга баштады… Бул эмне эркиндик эмеспи? Болгондо да ээнбаш эркиндик. Батыштын саясаты, батыштын маданияты таңуулап жатканын билип эле жатабыз. Бирок ошол жат саясат менен жаштардын аң-сезимин бузуп жатасыңар… Ооганстандай болуудан Кудай сактасын! Ал жактагы чүмкөнгөн аялдар эркиндикти эңсеп, жетпей жүрөт го. Ыр жаза албай, спортзалга бара албай дегендей… Ага караганда, бизде жыргал, басымдуубуз каалаган жагыбызга барабыз, каалаганды кылабыз…

Ушундай агымдардан, адашкандан Кудай сактасын! Айтор, улуттук көрөӊгөдөн көп жакшы нерсени чанып, жакшылыктуу бир жөнөкөй адептерди кармай албай келебиз!

Бизде баарынан аксаганы — чыккан мыйзамдар сайдын ташындай көп, иштегени аз. Укуктар тебелендиде калып кетип жатат. Мыйзам мыйзамдай иштегенде, көп маселе, көп көйгөй чечилмек…

«Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында» дейт. Оюбузду оңдоп, ар кандай агымдан адашпай, батыш саясатына жетеленип, акчага сатылбай, туура сүйлөп, туура ойду карманалы, туугандар!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.