1-ноябрда башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат. Нарын облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16,
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20….-25, күндүз -4…+1°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 2…4, күндүз 12…14° жылуу болот.