Эртеңден баштап троллейбус, автобуска 11 сом, маршруткага 15 сомдон төлөйбүз! Унуткан жоксуздарбы? 

Эртеңден баштап троллейбус, автобуска 11 сом, маршруткага 15 сомдон төлөйбүз! Унуткан жоксуздарбы? 

Эртең, 1-ноябрдан баштап Бишкек шаардык кеңештин 28-сентябрда чыгарган токтому менен жол кире кымбаттайт. Жүргүнчүлөр троллейбус, автобуска 11 сомдон, маршруткага 15 сомдон төлөшөт.

Эске сала кетсек, транспорттун тарифи 2012-жылы көтөрүлүп, троллейбус, автобус — 8 сом, маршруткалар — 10 сом, кечки саат 9дан кийин 12 сом болгон. Пенсионерлер күндүз 5 сомдон төлөшкөн.

Жол кире тарифи маселеси чындыгында канчадан бери талкууда. Жол кирени көтөрүү маселесин айдоочулар кайрадан ушул жылдын башында, анан жайында козгоп, иш таштап, нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар алгач жол кирени 15 сомго, кийин 20 сомго чейин жогорулатууну талап кылышкан болчу Бишкек шаардык мэриясында маалымат жыйын 2-июнда өтүп, талкууланган. Алар абалдан чыгуу үчүн — коомдук транспорттордо жүрүүнүн акысын жогорулатуу боюнча тарифтердин үч вариантын сунуштаган:

1) мурдагыдай эле калтыруу;

2) муниципалдык коомдук транспорттордо тарифти 11 сом, менчик фирмалардын бардык класстагы автобустарына 15 сом кылуу;

3) автобустарга — 15 сом, троллейбустарга — 11 сом, менчик фирмалардын бардык класстагы автобустарына — 19 сом кылуу.

Мэрия эң ыңгайлуусу катары, «бардык тараптардын кызыкчылыгына туура келчүдөй» деп, маршруттук таксинин жол киресин 15 сом, муниципалдык транспорттордукун (тролейбус, автобус) 11 сомго көтөрсө болорун билдиришкен .

Буга чейин элес албай келген эл эртең, эмне болоор экен?..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.