Белгилүү журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболот кезектеги макаласын «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.
Өзөгү жок өксүк, кабык жеген каргаша
Жакында бийликке жакын деп эсептелген ээн ооздордун бирөө парламенттеги бир депутат айымдын жеке турмушу жөнүндө ыплас айың таратып, бала башы менен «жеңе» болду. Көбү мунун артында 50 «WhatsAp» тайпанын тажрыйбасын топтогон ыплас саясий технологиянын изин көрүп турган чагы. Албетте, анын да жөнү бар. Анын үстүнө фейктерге каршы мыйзам биз мурунтан айткандай эле бийликтин тарапкерлерине карата бир да жолу иштебей койду. Мындай көрүнүш анда-санда гана жолуга турган сейрек кубулуш дейли десек, акыркы жылдары аябай күчөп баратат.
Эки тараптын лидерлеринин эч бирине кенедей да симпатиям жок. Бири 2010-жылы бизди аткандардын наркы бети, бири берки бети. Кеп саясий, медиа жана жалпы эле маданият тууралуу болуп жатат.
Саясатта оппонентинин платформасына, жүргүзгөн иштерине каршы эч нерсе айта албай, сөз түгөнгөндө айрымдарынын төшөгүн аңдып, аны компроматтын туу чокусу көргөн, керт башына асылган учурлар кийинки жылдары көп эле кездешип келди.
Албетте, саясат илгертен ыплас нерсе деп эсептелип келген. Бирок саясатты деле адамдар ыплас же таза кылат. Антсе да бизде саясат эле ушундайбы же башка да чөйрөлөрүбүздүн кебетеси ушу беле?
Чынын айтканда мактана турган жайыбыз жок. Айтматовдун бир деле чыгармасын окубаган, окуса түшүнбөгөн, Бүбүсара Бейшеналиеванын бир деле балетин көрбөгөн, көрсө уктап калган далай кишилер «Чыңгыз менен Бүбүсараны» жанталаша талкуулашканы бар.
Төлөгөн Касымбеков улуттук адабиятка, улуттук аң-сезимге кандай салым кошконун түшүнмөк тургай китебинин бетин ачпаган көп адамдар эки ай бою экинчи үй-бүлөсүн кеп кылды эле.
Ашыктык ырларынан эстетикалык ырахат албай эле «Кимге арнадың?» деп ичи-коюнга кирип сурагандар, «ырын мага арнаган» деп калп жеринен мактангандар, кайсы атактуу ким менен болуп, кимге таарынганын эң көп кеп кылгандар чыгармачыл чөйрөдө толуп атпайбы.
Айтор, төбөсү көрүнгөн адамдардын кылган иши менен калтырган изин талкуулап, терең сабак алгандын ордуна коомчулукта алардын жеке мамилесине, белден ылдый турмушуна кызыгуу күч экени байкалып эле жүрөт.
Ал тургай эң консервативдүү деп эсептелген дин өкүлдөрү деле жеке турмуш, аял-эркек мамилеси тууралуу заматта сексологго айланып, шашпай саймедиреп кеңеш бергендери болду. Аны күнөөлөйүн десең ошол багытта берилген суроолор өзү деле өтө эле көп экен.
Ушунун баары — кыргыз коомундагы чоң бир илдеттин диагнозу. Ал — бардык нерсенин өзөгүн пайдаланбай, кабыгы менен таштандысын жанталашып жеп, жалаң тышкы атрибуттарына маани берген өнөкөт. Элдин кыйла бөлүгү ошентип кабык жеп жашап калды. Тилекке каршы, буга биздин чоң күнөөбүз бар. Биздин дегеним — жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттер ар нерсенин түпкү маңызын түшүндүрбөй, жеңил-желпи, белден ылдый сенсациялуу маалыматтарга маани бере берип, элди ошого көндүрүп алдык.
Муну атак-даңкка жетүүнүн оңой жолу катары көргөн шоу-бизнес өкүлдөрү биринчи колдонуп, алган машинеси, ажырашкан күйөөсү тууралуу деле маалымат бере баштады эле. Кийин саясатчылар деле жалаң ошондой кабарлардын булагы болуп, далай жылдар бою пиар куралы катары тартынбай-этпей эле пайдаланды. Эми колуна телефон тийгенден бери атын чыгарыш үчүн жер өрттөгүсү келгендерге эч кандай чек жок болуп турат.
Эмне кылыш керек?
Бир жолу — баарын жайына коюп, баары түбүнө түшүп, таптакыр болбой калганда эл өзү туура жакты көздөй умтулгучакты күтүп туруу. Бул табигый жана эң оңой жолу. Бирок анда элибизди да, мамлекетибизди да жоготуп алуу коркунучу көп.
Экинчи жолу — мамлекеттик көзөмөл. Социалдык тармактарды катуу чектөөдөн тартып көркөм кеңештерге чейин, улуттук кызыкчылыктагы цензурадан тартып тиешелүү түзүмдөргө жана институттарга чейин кайрадан жандандыруу. Бирок, биринчиден, муну аткарыш үчүн мамлекеттик түзүлүш түп-тамырынан бери өзгөрүшү керек. Экинчиден, аны аткара турган бийлик өзү ошол эл умтула турган нерсенин үлгүсү болууга тийиш. Андай бийликти көптөн бери көрө элекпиз. Ошондуктан ушу тапта анын жүзөгө ашырылышы кыйыныраак.
Үчүнчү жолу — туура үлгү көрсөтө турган күч табуу. Жакшынын жакшы экенин көрсөтмөйүнчө жамандын жамандыгы билинбейт. Эл жаман нерседен качып, жакшы нерсеге умтулушу үчүн адегенде жакшы эмне экенин көрсөтүү зарыл. Ошондуктан саясатта болобу, илимде болобу, маданиятта болобу, айтор өз тармагынын мыктыларын чогултуп үлгү катары көрсөтө ала турган күч керек. Анын да кыйынчылыгы бар — мындай күч коомчулукка таанылып, аң-сезимде жарашык өрнөгү (законодатель мод) катары легитимдеши үчүн кыйла убакыт талап кылынат. Бирок узак жылдар бою туруктуу иш жүргүзсө сөзсүз жемишин бере турган вариант. Ал күч коомдук уюм да, бейформал топ да, кайсы бир жеке инсан да болушу мүмкүн.
Бул айтылгандар — даяр рецепт эмес, адистер, тиешелүү тармактардын өкүлдөрү, кайдыгер эмес жарандар практикалык өңүттө ойлонушу үчүн болжолдуу багыт. Андыктан жогоруда айтылгандарды олуттуу маселе деп эсептегендер чогуу ойлонолу.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ