Бүгүн, 25-январда Майрам Акаева Кыргызстанга келгенин «АкиПРЕСС» жеке булактарына таянып жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Майрам Акаева 104 жаштагы апасын (сөөгү 26-январда жерге берилет) акыркы сапарга узатууга келген.
Белгилей кетсек, Майрам Акаева Кыргызстанга 17 жылдан кийин келди. Ал эми жолдошу, мурдагы президент Аскар Акаев былтыр, 2021-жылы 16 жылдан кийин Кыргызстанга келген. Андан кийин да келип кетти. Эки жолу тең «Кумтөр ишине» байланыштуу сурак бергени келген.
Эске сала кетсек, Аскар Акаев 1990-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстанды башкарган. 2005-жылы, 24-марттагы революциядан кийин, өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Орусияда жашап келет. Тилекке каршы, уулу Айдардан 2020-жылдын 6-февралында айрылып калган. 43 жаштагы Айдар Акаев Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы