Эрнис АСЕК уулу: «Айныган бала эмессиңби?» деп агайым кабинетинен кубалап чыкты эле…» (Архив)

Эрнис АСЕК уулу: «Айныган бала эмессиңби?» деп агайым кабинетинен кубалап чыкты эле…» (Архив)

Эсен болуп, эстей жүр!

«Мен үчүн өтө оор күн. Жымжырттык күнү. Сөз жок күн» деп Эрнис жанындай жакшы көргөн агасын жоктоп жазып да, айтып да калчу эле… Эми мен ошентип айтып калдым…
2020-жыл. 29-январь. Жолдошум Эрнис АСЕК уулунан ажырап калган күн. Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болсо, Эрниске эки жыл болуптур… Агабыз 60га, Эрнис 52 жашка чыкмак…

Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, Мелис байкенин аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга ыраазычылык билдирем…
Эрнис АСЕК улуунун жазгандарын окуганды сагындыңарбы?.. Бүгүн кечке эскеребиз. Архивде сакталгандардан, сыр сандыктагы кол жазмаларынан жана эскерүүлөрдү беребиз!

Сыр сандыгынан…

«Лекцияда олтуруп «Ай» деген бир аңгеме шилтей койдум. Анан бутту покко, башты көккө малып, кыздар айткан аты бар, заты жок жазуучу агайыма жөнөдүм»

Записки от скуки

Ай

Анда он тогузга мына чыгам деп турган жаш кезим, кесир кезим, эссиз кезим. Курсташ кыздар чурулдап калышты. «Студенттердин жазгы фестивалына Жазуучулар Союзу «Учкун» деген альманах чыгарганы жатышыптыр, сен да бербейсиңби!» дешип. Лекцияда олтуруп «Ай» деген бир аңгеме шилтей койдум. Анан бутту покко, башты көккө малып, кыздар айткан аты бар, заты жок жазуучу агайыма жөнөдүм. Жакшы тосуп алды. Аңгемемди алдына жая салдым. Алгач көз жүгүрттү. Анан үңүлдү. Анан мага тике карады да: «Айныган бала эмессиңби?» деди. «Эмне болду, агай?» дедим. «Эмне эч нерсе түшүнгөн жоксузбу?» дедим. «Эмне эч нерсе окуган жок белеңиз?» дедим. «А-аа, «Алиппеден» башканы билбейсиз да» дедим. Кабинетинен ит кубалагандай эле кубалап чыкты. Оозунан ак ит кирип, сары ит чыгып ал калды. Тоо томкоруп койгонсуп, аңгемемди кучактап мен кеттим. Азыр көчөдөн көрүп калам. Карып калыптыр. Жакшы киши. Ошондогу жаш бала мен экенимди кайдан билсин. Мен да айтпайм. Учурашып калабыз. «Гезитиңер чыгып атабы?» деп коет. «Чыгып атат» деп калам. Ошол аңгемемди он жети жылдан кийин таап алдым, эй! Окуп алып чалкаман кеттим. Агайым кууп чыкканындай эле бар экен. Мынакей:

* * *

«Чачтары үксүйгөн жаштар гитарада ойнойт, ырдашат, күлүшөт, жыргашат…»

Таранчы акырдын кырына конуп, эки жагын каранды да, кайрадан учуп кетти. Акырда аттан калган жемдин жугунда кызыл кумурска адашып жүрөт. Бирөө сууну ачты. Демек, чай койгону жатат. Ашканадан идиш-аяктын калдыраганы угулду. Вагондун терезесинде чексиз талаа жүгүрүп барат. Поезд шарактайт. Чачтары үксүйгөн жаштар гитарада ойнойт, ырдашат, күлүшөт, жыргашат. Ашканадан ширенкенин жанганы угулду. Он сегиз миң ааламдын болгон акын-жазуучу аттуулары караңгы бөлмөдө акырдын кырына конуп, кайра учуп кеткен таранчы менен жемдин жугунда адашып жүргөн кызыл кумурска жөнүндө кызыл чеке болуп талкуулап жатышты. Карганын үнүндөй бирөө «карк» этип, эч кимге сөз бербестен, эрди эрдине тийбейт. Кызыл чоктор өчүп-күйөт. Ашканада бүжүрөп сүйлөшкөн эки кыздын үндөрү угулду. «Ушуларга тамак жасагандан тажадым. Күнүгө эле жетип келишет» — «Айтпа!» — «Тамак ичкендери аз келгенсип, үйдү ыштап бүтүшмөй болушту. Анан конуп калгандарын кантесиң!» — «Ошону айтсаң!» Вагондогу жаштар дале ырдап жатышат. Алардын ырынан коркуп, терезедеги казактардын чексиз талаасы качып бараткандай. Поезд өз ритминде. Радиодо акыркы жаңылыктар. Көкүрөгүндө ордени бар картаң чал жаштардын үнүнөн улам үналгы угалбай кабагын чытыйт. Поезд өз ритминде. Жигит саатын карады. Кичинекей чакан гүлзарбакты аралап бүтүп, тажап бүтүп, олтургучка көчүк басып, саатын карады. Жигитке бул дүйнөдө сааттан башка эч нерсе калбай калгандай туюлду. Алакандай күзгү жигити карабай кеткен селкидей терезенин кырында кайгылуу жатты. Бетине упа чачылып, ыйлап жиберчүдөй кайгылуу жатты. Акындар туйбады. «Эмнеге кумурска жемдин жугунда адашып жүрөт?» деген соболго баш катырышууда.

«Мен сени сүйөм!» — «Бул деген табийгаттын улуу тамашасы да!»

Кызыл чоктор өчөт-күйөт, өчөт-күйөт, өчөт-күйөт. Карга какылдайт. Кайрадан ашканадан ширенкенин жанганы угулду. Жанганы чүчкүрүккө окшоду. «Мен сени сүйөм!» деди жигит селкисинин алкымынан аймалап. «Сен Дюруага окшошсуң, сен – Дюруасың!» деди селкиси. Мопассандын каарманын атады. Селки өмүрүндө биринчи жолу бир китеп окуп келип, түнү бою көзүн илбей окуп келип, ушул эле жигити берген китепти окуп келип, жигитине ушинтип айтты. Жаштар шарактап калышты.Колундагы гитарасын жанындагы кара кызга карматып, жанатан бери чозуп отурган чачтары каакымдай барпайган сары чийкил семиз жигит селки менен жигитти карап, шылдыңдай бир каткырып алды да, мектепти аяктап жатканда бир сулуу менен таанышканын, аны сүйүп калганын, ал анын алгачкы махабаты экенин, анан үйүндө эч ким жокто ээрчитип барганын, экөөнө төшөк салдырганын, анан алгачкы махабаты ошол түн менен бирдикте кетип калганын, кыз экөөнү жетимдей кылып таштап кетип калганын чычкаак философтой сөөмөйүн чычайта өйдө көтөрүп, аягында «бул деген табийгаттын улуу тамашасы!» деп айтып бүтүп, каткырып алганда, каакымдай үксүйгөн жаштар вагонду жаңырта дуу күлүштү. Абышка дале кабагын чытыйт. Поезд болсо өз ритминде. Поезд өз ритминде. Акындар талкуулап жатышкан ыр жазылган барак калдактаган бойдон келип, жай таап алгансып тактайга жабыша түштү. Караңгы бөлмөнүн каалгасы ачылып, ашканадагы кыздардын бири аш көтөрө тактайдагы ыр-баракты тепсеп өттү. Акырдагы жемдин жугунда адашкан кызыл кумурска көрүнбөйт. Жигит селкисине мактанып, акырдын кырында конуп турган таранчыны мээледи. Ача жыгачынын ташкап чоймосу керилди. «Мен сени сүйөм!» — «Бул деген табийгаттын улуу тамашасы да!» — «Ха-ха-ха!» — Үндөр үзүлдү. Селкиси көздөрү аңтарыла тырп эткен таранчыны такасы менен томолотуп көрдү. Акын-жазуучулар дасторкон үстүндө мулчуңдашат. Бетине упа төгүлгөн күзгү болсо ай шыкаалаган терезенин кырында кайгылуу жатты. Чын эле терезеден ай шыкаалайт. Ай…

1989-жыл

Арман. Арман. Арман. Сенсиз өткөн күндөр жалган!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.