Шор элинин белгилүү акыны Таяна Тудегешова 65 жашында дүйнө салды. Маркумдун бир топ чыгармасын биздин белгилүү жазуучу, драматург, акын, котормочу Алтынай Темирова которгон. Ошол котормолорун сурап, Тудегешова менен кандайча таанышып калганын сурасак, мындай деп эскерди:
Эсимде, 2008-жылдын декабры. Кычыраган кыш. Москвадагы дүйнөлүк М.Горький атындагы Адабият институту өзүнүн 70 жылдыгын белгилеп, мурунку бүтүрүүчүлөрүн чакырган. Россиянын Жазуучулар Союзу 50 жылдыгын да ушул учурга тууралаптыр.
Алтай аймагынан Бронтой Бедюров менен Шор элинин көрүнүктүү таланттуу акын кызы Таяна Тудегешова экөө эле экен. Бишкектен мен жалгыз болгондуктан, аларды көрүп кубанып кеттим. Таяна, орто бойлуу, арыкчырай, татынакай, жылдыздуу жүзү жылмайгандан жазбаган мээримдүү жан экен. Экөөбүз дароо эле жакын болуп сүйлөшө кеттик. Институтту менден бир аз мурдараак бүткөнүн билдим. Чогуу жүрүп, бир тилде – өз эне тилибизде сүйлөшүп, бири-бирибизге таң калып, сурашып, туугандашып да калдык.
Силердин үлгү алар, Айтматовдой бийик чокуңар бар деп суктанган эле. Ошондо, жаңы чыккан “Тогуз көздүү жаа огунун көкөлөшү” аттуу орусча жыйнагын белек кылган. Өзү орусча жазат экен, өз тилин унутуп калышканын айтып өкүндү. Россия акындарынын жаңы чыккан Антологиясына да ырлары кирген экен, көрүп, куттуктадым.
Шор эли деген ат аларга жасалма таңууланган ат экенин, Шор эли байыркы кезде АБА деп (биздеги «АВА» деген сөзгө жакындай туюлат) аталганын Таянадан ошондо алгач угуп абдан таң калгам. ШОР элинин тилинде АБА — АТА дегенди билдирет экен. Эң байыркы чоң уруунун аталышынан улам эли да ушундай аталыптыр. Бул баатыр, жоокер калк, темирдин сырын укмуш билген, өнөрү атадан-балага өткөн мыкты темир усталар болушуптур. Алар жашаган байыркы шаар – “Аба-Тура” аталчу экен, бизче, Ата-Турак, же Ата-Тууру дегендей. XVI – кылымда, баскынчылар алгач Кузнецк чеби деп атап, азыр, Новокузнецк шаары делип калган.
Мени Таянанын өз тилинде угулган аты-жөнү, ырларынын колориттүүлүгү кызыктырып, өз элин сүйүп-күйүп, жүрөгүнө бекем түйүп, жан-дүйнөсү ооруп жазган ырлары ага болгон сый-урматымды арттырды.
Бирге жүргөн 3-4 күндө, мындан ары чыгармачылык байланышта болууну сүйлөшүп, пландадык. Бирок, кайрадан бир жолугушуу буюрбаптыр. Мен анын интернет дарегине жазып жооп ала албай жүрдүм. Ал кезде интернет начар, ватсап келе элек кез эле. Кийинчерээк, ооруп жүрөт дегенди уктум…
Аттиң, Шор элинин көзгө басар мыкты акыны элең, арты кайырлуу болсун!!!.. Ошо кезде которгон бир нече ырлар эми ошол күндөрдөн эстелик болуп калды.
ТАЯНА ТУДЕГЕШОВА
(Шор элинин белгилүү акыны)
Которгон — Алтынай ТЕМИРОВА
* * *
Мен – кызымын аба деген уруунун,
Байыркынын, байыркысы — бул чыным.
Аба деген – Ата, чаңдак талаада
Куудай башын ийген тулаң ага да.
Аба десе – угам жаа ышкырыгын,
Аба… түштү сар жалбырак шыбырың.
Саадагында ар бир жаанын октору
Жетчү жоого жан бүткөндөй октолуу.
Аба… атым мүдүрүлдү арыштап,
Жаткан атка капталдан кан оргуштап.
Бул аргымак чыккан эле дүңгүрөй –
Бейажал ок жеткен экен түбүнө.
Кетти уулдар, эрдик жолун тандашып,
Тууган жердин көкүрөгү калды ачык.
Аба-Ата!!! Сиңет Көккө чыңырык…
Алптар эле, эми – куудай карылык…
Аба, Аба… Каным кызып согууда,
Кайда очогум, кайда ата каны да?
Аба!.. Түштө – күн жаркырайт, бийикте,
Аба… Урду суук шамал чекеге.
Аба… үндөр эрип, ырлар басылды.
Кошок кошом – коштошуу ыр акыркы.
Тукум курут болду биздин уруубуз…
Барбы мындан ашкан кайгы, угуңуз!
Мен кошогу – аба элинин байыркы.
БАКШЫБҮБҮНҮН АЙТКАНДАРЫ
Түндүн түбүн тешет көздөрүм,
От боюнда сырдуу түтөгөн,
Келечектен айтам көргөнүм,
Эшик ачып башка дүйнөдөн.
Маңдайыма жазган жазмыш-ко –
Болуу сакчы акка, карага.
Тогуз көздүү жебемин, Көккө
Жерден кабар айткан ааламда…
Сезет жүрөк шамал чиерин
Суу бетине жым-жырт, баш коюп,
Көк бетине – булут чеккенин
Айтам, сырдуу тамгадан окуп.
Таттуу үнүн булбулдардын да,
Теңир сүйгөн — таптым маанисин;
Гүлдөр жашайт, демине бага –
Мээр Рухун жарыктын бүтүн.
Эркелетип жер бетин нурлар
Кетет Жерден, жылжып караңгы…
Каптап. Түн. От. Добулбас кагар
Мен бакшымын, күчтөргө абалкы…
ЖАНЫБАРЫМ, ЧАРЧАБА…
Жаныбарым, карагерим!
Туяк алдың көк иримдүү дарыя…
Жээктерин жууп, жулган
не деген алп бактарды.
Төбөбүздөн өткөн сымал
кылымдар таскак сала,
бир заматта өпкөбүз көөп,
кырылдадык аптыга.
Бул дүйнөдө кыйкырыгым
чыгаар азыр акыркы,
Тумчугаттыр Көккө сиңип,
ушул үнсүз абада.
Ат жалына өбөктөймүн –
жалгыз атчан кайыккан,
Нан сунуп, ал сураар жан жок,
жай да жок баш катарга.
Карагерим, ойлой көрбө,
эми мени “акмак жан”:
Мен өзүм да таякталдым,
алды турмуш шылдыңга!
Андыктан мен сенин күчтүү
моюнуңа баш катам,
Досуң барын сезип тургун
аязда чыкылдаган.
Аста досум, баспасынчы
денеңди бүт калтырак:
Аз калды эми, жутат бизди
түбөлүктүү жай муздак.
Кечир мени, жүргөн элең
эч бир камчы салдырбай,
Бу жарыкта көйгө салдым
сени да кошо кыйнап…
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы