МАЕК — Рахат КЕРИМБАЕВА: «Келечекте илим өсүп-өнүгүп келатканына кубандым»

МАЕК — Рахат КЕРИМБАЕВА: «Келечекте илим өсүп-өнүгүп келатканына кубандым»

Министрлер кабинетине караштуу, эл Кыргызпатент деп билген, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин 10-жетекчиси Рахат Керимбаеванын директор болуп келгенине жыл айлана элек. Анткен менен бир кыйла жакшы иштерди жасап жатканын эшиттик. «Миң укканча, бир көргөн жакшы» деп, маектешкени иш бөлмөсүнө барып калдык. Киргенде эле көзүбүзгө иш столундагы тактайчадагы «Иштегиси келген киши мүмкүнчүлүк издейт, Иштегиси келбеген киши шылтоо издейт» деп жазылган сөз урунду. Анан маегибиз ушул сөздөн башталып кетти…

— Рахат айым, сиз башкарып жаткан «Кыргызпатентте» мүмкүнчүлүк издегендер көп бекен же шылтоо издегендерби?
— (Күлүп) Биздин мекемеде шылтоо издеген жалкоолор жок, жалаң мүмкүнчүлүк издегендер. Жүрөгүндө жалын, жандүйнөсү чыгармачылыкка жакын адамдар. Чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик болот, аны өзүңөр жакшы билесиңер. «Бул өмүрдө бир нерсе жасап калалы, артыбызга из калтыралы» деген инсандар иштейт. Көп жылдар бою үзүрлүү иштеп, Кыргызстандын интеллектуалдык менчигин коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жыл жыйынтыгында сыйлыктар менен сыйланып турушат. Мына, жакында эле, 1-февралда 2021-жылдагы ишмердиктин жыйынтыгы боюнча Коллегиянын отуруму болуп өттү. Анда Кыргызпатенттин жана мекемеге караштуу уюмдардын ишинин жыйынтыктары чыгарылып, жыл пландары жактырылып, Кыргызпатенттин ишине оң баа берилди. Бул эмнени билдирет? Эмгек жамааттын жакшы иштеп жатканынан кабар берет. Коллегиялык отурум жыйынтыгында, автордук сый акыларды чогултуу, автордук укук объектилерин колдонуучулардын ар түрдүү категориялары менен лицензиялык келишимдерди түзүү иштерин күчөтүү, авторлордун жана ойлоп табуучулардын патенттик жана чыгармачыл активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү, өлкөнүн аймактарындагы ата мекендик инноваторлорду колдоо иштерин улантуу жөнүндө маселелер баса белгиленди.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата 2-мартта “Кана эмесе, кыздар!” аталышта интеллектуалдык оюнун “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмеси жана Кыргызстан эл аралык университетинин көмөгү менен  өткөрдүк. Бул оюнга 6 жогорку окуу жайдын студенттери катышып, кыздар интеллектуалдык менчик жана аялдардын укугун коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар боюнча билимдерин сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду «Назик» (КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы), 2-орунду «Аруузат» (Ж. Баласыгын атындагы КУУ), 3-орунду «Сымбат»(Кыргызстан эл аралык университети) командалары жеңип алды. Жеңүүчүлөргө диплом, белектерди тапшырдык. Буга чейин Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнүнө карата 11-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Аялдар түзүмү, жаштар ишкердигин өнүктүрүү боюнча “Энактус Кыргызстан” компаниясынын колдоосу, Кыргызпатенттин демилгеси менен “Илимдеги аялдар жана кыздар — өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү” аталышта иш-чара өткөрүлдү.

Анда Кыргызстанда илимдеги аялдарды жана кыздарды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан долбоорлор, пландалган иш-аракеттер тууралуу баяндама жасалды. Интеллектуалдык оюндар, викториналар уюштурулуп, виртуалдык прототиптештирүү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Мындай иш-чарага жаңы конуштардагы, шаар четиндеги мектептин окуучулары катышты. Аларга Кыргызпатенттин Инновациялык борборуна экскурсия, кыздарга илимде багыт бере турган китептердин жана дүйнө жүзүнө белгилүү кыргызстандык илимпоз аялдар жөнүндө көргөзмөлөр уюштурулду. Бул иш-чаранын максаты – илимий-изилдөө ишмердигине жана кесипке даярдоо чөйрөсүндө аялдарга, кыздарга мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү болчу…

— Эмгек жамааты жакшы иштеп жаткан экен. Айлыктары кандай? Аз болсо керек, качан көтөрүлөт?..
— Албетте, аз. Бирок, айлык аз деп иштебей кетип калгандар жок. «Жазында көбөйөт» дегенди кызматкерлер уккан. Мына, жаз дагы келди, ошол жакшы жаңылыкты күтүп жатабыз.
— Иш кагаздары сиздерде кандай, кыргыз тилинде эле жүргүзүлөбү же орусчабы?
— Иш кагаздарыбыз мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Айрым учурда кайрылуу каттарын орус тилинде жазганга туура келип калат. 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүндө “Эне тил жана жаратмандык” аталышта иш-чара өткөрдүк. Ага белгилүү ойлоп табуучулар, илимий кызматкерлер катышты, аларга жаңы чыгарылган китептерди белекке бердик. Илимде жана техникада ачылыштарды жасаган ойлоп табуучулар менен сыймыктанып, келечекте илим өсүп-өнүгүп келатканына кубандым. Келечекте ойлоп табуулар дээрлик кыргыз тилинде жазыларына терең ишеним артам.
— Эне тилибиз үйүнөрдө да сүйлөнөбү? Көпчүлүк жетекчилер, дегеле азыркы интеллигенция балдары менен үйүндө орус тилинде сүйлөшөрү жаңылык деле эмес да…

— Ооба, эне тилибизде сүйлөшөбүз. Эне тилди сыйлоо, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, каада-салтты кармоону ата-энебизден үйрөнгөнбүз. Ошол тарбияны балдарыбызга да берип келатабыз. Негизи ата-бабадан келаткан тарбияны кийинки муунга өткөрүү ар бир ата-энеден деп ойлойм. Мисалы, мен чоң ата, чоң эненин тарбиясын көрүп калдым. Чоң атам элим, жерим деген, интеллектиси бийик, коммунист киши болгон. Айтылуу Төлөгөн Касымбековдун «Кел-Кел» романындагы каармандардын да бири. Бул боюнча азыр эмес, ачыктап кийин айтып берейин ээ. Тарыхый инсандарды учкай эмес, узун айтып берүү керек да…

— Кыргызпатенттин каржылык колдоосу менен акын-жазуучулардын китептери жарык көрүүдө. Ал кандай критерий менен тандалат, кимдер тандайт?
— Биздин Кыргызпатент жылына авторлор арасында Улуттук сынак жарыялайт. Сынак 4 номинацияда өткөрүлөт: проза, драма, иллюстрацияланган балдар көркөм адабияты, илимий-популярдуу чыгарма. Былтыр 12 акын-жазуучунун китеби жана 2 альбом-каталог — жалпысынан 14 автордун китеби жарык көрдү. Авторлордун китебин критерий менен тандоо боюнча атайын түзүлгөн комиссия бар. Алар — акын-жазуучулар. Ошол комиссия бизге кимдин китебин сунушташса, ошону чыгарып беребиз.
— Китеп чыккан сайын сизге белекке берилет да, окуп жетишип жатасызбы?
— (Күлүп) Чынын айтайын, китеп окуганга жетишпей жатам. Албетте, белекке алган китептерге кызыгам, убакыт тардыгына байланыштуу барактап гана карап чыгам. «Жайынча сөзсүз окуп чыгам» деп өзүмө убада бергеним менен, чынын айтайын, убакыт жок болууда. Өзүм чыгармачылыкка жакынмын. Ыр жазган акындардын тапкан темасына, сөз табылгасына, талантына суктанам. Мектепте окуп жүргөндө залкар акын, жазуучулардын ырларын, кара сөз чыгармаларын, китептерин окуп чоңойдук. Ошондон улам Кудай ушул кызматка жетелеп келдиби деп ойлойм. Бул кызматка былтыр, 11-августа келгем. Келген күндөн бери кыялымдагы иштерди четинен ишке ашырып келатам десем болот.
— Ал кандай кыял, билсек болобу?
— Албетте. Аймактардагы бизге тийиштүү көйгөйлөрдү чечсем, ишке ашырсам деген кыялым бар. Кыялымда ойлоп табуучуларды, жаратмандарды дүйнөлүк инновациялык илимге киргизүүнү мектеп партасынан баштасак дейм. Жаш балдарды илимге суугаруу үчүн ар кандай шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Шарттарды түзүү үчүн маалымат технологиясы күчтүү болушу керек! Ошондон улам биз IT (маалыматтык жана коммуникациялык технологиялык) тармагына өттүк. Анткени келечек IT менен тыгыз байланышкан, андыктан АйТи жаатындагы инновациялык жаратууну жаштарыбыз колго алса, платформа түзүшсө деп ниет кылып жатабыз. Себеби, билесиздер, азыр IT тармагы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй көз ирмем тездикте өнүгүп жатат. Ошондуктан биздин жаш улан-кыздарыбыз дагы ошол тармактагы базарга аралашып кетүүсү зарыл. Аларды аралаштыруу үчүн баарыбыз жапа тырмак аракеттерди көрүшүбүз керек!

Мына, биздин Эркин Адылов АйТи багытындагы системаны жасап, Forbes журналына кирип, оозго алынган лидерге айланды. Асел Сартпаева кызыбыз ойлоп табуусу менен дүйнөнү тангалдырып жатат. Эркин менен Аселдей жаштар чыгуу үчүн биз болгон аракеттерди жумшашыбыз керек! Жаштарга туура багыт берсек, алар бүгүнкү буркан-шаркан базарга аралашып кете алышат. Аны ишке ашыруу үчүн бизге илимий жетекчи институту керек!
— Ал институт кандай жыйынтыктарды алып келет деп ойлойсуз?
— Бизде 2200дөн ашуун мектеп бар. Ар бир мектеп инновациялык мектепке айланыш үчүн илимий жетекчи институту керек деп ойлойм. Институт ар бир мектеп жетекчилерин менеджер болууга багыттайт жана илимий көз карашта жаратмандарды камсыздайт деген ишеним бар. Коомдук башталыштагы илимий жетекчилерди дайындоо сунуштарын жакында эле Министрлер кабинетине бердик. Илимий жетекчи сөзсүз балдардын шыгын ойготот, ошондуктан институт керек деп ойлойбуз!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Роспатенттин алдында ачылган Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы (РМИМА) бар. 28-февралда ошол академия менен бирге “Инновация аркылуу билим берүү сапатына карай” аталышта вебинар өткөрдүк. Вебинар аймактардагы инновациялык мектептердин балдар чыгармачылык борборлорунун мугалимдери жана окуучулары үчүн уюштурулган. Мунун жыйынтыгында, биз мугалимдердин ушундай багыттагы илимге суусап тургандарын көздөрүнөн, сөздөрүнөн байкадык. Бул бир. Экинчиден, Кыргызпатентке «башка мамлекеттер менен инновациялык илимди тереңдетүүгө жардам бергиле» тариздеги каттар келе баштады. Жандануу башталды десек болот. Мен жогорудагы вебинарда РМИМА интеллектуалдык менчикти башкаруу факультетинин деканы А. Никлаус менен сүйлөштүм. Жыйынтыгында, мектептер жана балдар билим берүү борборлору менен бирдиктүү иш-аракеттерди улантууну макулдаштык. 14 ЖОЖго кызматташуу боюнча Меморандумга кол койдук.

— Жакшы демилге болуптур. Эми кол коюлган меморандум максаты эмнеде? 
— Меморандумга кол коюунун максаты — илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйбалык-конструктордук иштерди түзүү, интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын натыйжаларын өнүктүрүү жана ишке ашыруу. Эки тарап интеллектуалдык менчик жаатында билим берүү программаларын жакшыртуу, биргеликте илимий, кесиптик билим берүү, илим, технология, бизнес түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн инновациялык формасын өнүктүрүү боюнча кызматташат. Так ушул саясатты бүгүн президентибиз Садыр Жапаровдун колдогону кубандырды. Тагырагы, Садыр Нургожоевич инновациялык жаатында аймактарды өнүктүрүүнү жетекчилерден талап кылып жатат. Азыр Кыргызстандагы жалпы калкыбыз 7 миллионго келип калды. Биз жаштарыбызды 7 миллион элди эле эмес, дүйнөдөгү 7 миллиард элди багууга үндөп, тарбиялашыбыз керек! Жаштарды дүйнөлүк рынокко киргизүү зарыл. Ага биз билим берүү менен гана кире алабыз. Так ушул нерсени президентибиз да байкап, өз учурунда маселе көтөрдү. Себеби, жаратман жаштар мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө натыйжалуу пайдалануу менен интеллектуалдык ресурстарын экономикалык активге айландырып, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошо тургандарына ишенимим зор.

— Элдин кабардар болушу да маанилүү да, аймактарга маалыматтарды кантип жеткирип жатасыздар?
— Туура, чынында, аймактарда, айыл-айылдарда биздей мекеме бар экенинен кабары жок ойлоп табуучулар, таланттуу балдар жок эмес, бар. «Аларга жеткирип, багыт берүү үчүн аймактарды кыдыруу керек!» деген сунушумду коллегияга айтсам, колдошту. Түштүк-түндүк аймактарын кыдырып келишти. Баткен, Алайга чейин барып, «суукка калдык, бирок, көздөрү жанып турган жаратман жаштарды көрүп, чакырып келдик» дешти. Нарын, Ат-Башы, Таласка эми барышат. Мына, жыл башында, 26-январда Кыргызпатенттин инновациялык борборунда ойлоп табуучулар Кеңешинин президиумунун XV отуруму болуп өттү. Отурум катышуучуларына 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызпатенттин ишмердиги (интеллектуалдык менчик объектилерине болгон өтүнмөлөрдү каттоо, автордук сыйакыларды чогултуу жана бөлүштүрүү, маалыматтык ресурстар системасын санариптештирүү) жана 2022-жылга карата пландар тууралуу айтылды. Мындан сырткары, сыйлыктар тууралуу сөз болду. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” ардактуу наамы жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) “Ойлоп табуучулук үчүн” номинациясы боюнча Алтын медалына талапкерлерди көрсөтүү маселеси каралды.
— Ойлоп табуучуларды башка мамлекеттерде да окутуу боюнча келишимдерге кол коюп жүрөсүздөр го. Кол коюу кол алышып эле койгондой эмеспи? Кол коюлгандын канчасы ишке ашты? Ойлоп табуучуларды кандай критерий менен тандайсыздар?

— Туура, мен бул жерге 10-жетекчи болуп келдим. Келгенде эле эмгек жамаатына: «кызматташууну кол алышып, кол коюп койбой, реалдуу кадамдар менен жасайлы» деп өз оюмду ортого салып, кыялдарымды, планымды айткам. 5 ай ичинде ондогон өлкө менен түзгөн келишим ишке ашты, жолугушуулардын, дипломатиялык кол алышуулардын өзөгү болуп жатат.  Кыргызстанда 2200 мектеп бар. Андагы ойлоп табуучуларды жашынан эле интеллектуалдык мектептер менен байланыштырып, окуталы деп жатам. Жаратмандарды 5 жашынан баштап окууга тартуу керек деп ойлойм. «40 райондон 40 долбоор» инновациялык долбоорду ишке ашырууга белсенип жатабыз. Жаштардын инновациялык идеясын колдонуп, ойлоп табуучуларды эл аралык деңгээлге чыгаруу керек. Жаратмандар менен кантип байланышабыз? Азыр техника өнүккөн да, Вотсап группасы аркылуу ишке ашырсак болот экен. 40 райондун акимдери менен акылдашып Вотсап группа ачтык. Бул дагы аздык кылат деп, айыл өкмөтүнө өзүнчө кылдык. Ошондон кийин бир аз ишибиз жеңилдеди. Бизде сынактар болгондо биз айыл өкмөттөрүнө, алар мектептин директорлоруна, алар окуучуларга жеткирип жатышат. Бул жакшы ыкма экен. Жаныбыздга аким отургандай эле сүйлөшөбүз. Эгер керектүү маалымат болсо, 1 мүнөттө бул жагы Ат-Башыга, тиги жагы Алайга жетип жатат. Ошону окуп, жаратмандар сынакка катышып жатышат. Аларга биз атайын борбор ачпадыкпы. Борбордун багыты, максаты — Кыргызстандагы жаратмандардын ойлоп табууларын дүйнөгө жайылтуу, долбоорлорун колдоо. Анын механизмдерин иштеп чыгып, түштүк аймагына да борбор ачууну ойлоп жатабыз. Андан кийин Караколго ачсак деген аруу тилек бар. Россия менен сүйлөшүү жүрүп жатат, качан ишке ашары белгисиз. Мен Кыргызпатенттин акылман күчүнө таянам. Биздин максат — ар бир аймактагы шык-таланттарын ойготуп, аны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жаратмандар көп экен. Эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрдүк, ага 3 миңге жакын жаратман катышты. Дагы тактап айтып коеюн, сынак боюнча алдын ала маалымат беребиз. Андагы шарттар боюнча ар бир ойлоп табуучу катыша алат. Биз алардын максатына багыт көрсөтүп, шыгына стимул түзүп берип, кызматташууларды жүргүзүп жатабыз.

Мына, жакында эле, 15-февралда Кыргыз-түрк “Манас” университети менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койдук. КТМУ ректору Алпаслан Жейлан менен жолугуп, интеллектуалдык квалификацияны жогорулатууну уюштуруу, биргелешип ишмердикти координациялоону, жогорку окуу жайларында инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча кызматташууну, жаштардын илимий-изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатуу маселелерин талкууладык. Ошондой эле, биз бир топ сунуштарды киргиздик. Алпаслан мырза сунуштарыбызды окуп, колдой тургандыгын билдирди. Аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын түзүүнү макулдашып, Меморандумга кол койдук. Ал эми эл аралык кызматташуунун келечегин “Бир алкак — бир жол» долбоору аркылуу ишке ашырууга далалат кылып келатабыз. 1-мартта Кытай улуттук интеллектуалдык менчик мекемесинин комиссары Шэнь Чаньюй менен онлайн жолугушуусу болуп, аталган долбоордун алкагында кызматташууну талкууладык. “Ойлоп табуучулук ишмердикти шыктандыруу жана жандандыруу: Регионалдык көз караш” аймактык семинарын жана интеллектуалдык менчикти укуктук коргоону камсыз кылуу этаптарын санариптештирүү жаатында атайын тренинг уюштурууну биргеликте өткөрүүнү макулдаштык. Биз Кыргызстанда интеллектуалдык менчик академиясын ачууга көмөктөшүүнү сурандык, алар бул сунушту карап чыга тургандыктарын билдиришти.

Ошондой эле, Шэнь Чаньюй мени ушул жылы “Бир алкак — бир жол” долбоору боюнча өтө турган III конференцияга катышууга чакырды. Мен да аны Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырдым.
Былтыр, 8-октябрда Швейцарияга барып, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Ассамблеясынын 62-отурумуна катышып келгем. Женева шаарында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) генералдык директору Дарен Танг менен жолуккам. Ал мени жылуу кабыл алган. Биз ал жолугушууда креативдүү экономиканы жана инновацияларды өнүктүрүү маселелерин талкуулап, биргеликте келечектүү долбоорлорду ишке ашырууну пландаганбыз. Кыргызпатенттин интеллектуалдык жана инновациялык ишмердикти шыктандыруу жаатында жасап жаткан иштери тууралуу айтып, 3-4 долбоорду сунуштагам, ал Кыргызстандын инновациялар экосистемасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзө тургандыгын айтып, колдоп берерин билдирген. Жолугушуунун аягында, аны Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырсам, ал 2022-жылы келип кетүү ниетин билдирген эле…

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Женевадан Дарен Танг менен жолукту. Алар эмнени сүйлөштү?
— Ошол жолугушуудагы сүрөттө комуз кармап турганыңызды көрдүм эле. Комуз чертесизби?
— (Күлүп) Ооба, комуз чертем. Кыргыздын керемет күүлөрүн черткенди жакшы көрөм. Бирок, баягы эле убакыттын тардыгына байланыштуу көптөн бери черте элекмин. Комуз черткенди атамдан үйрөнгөм. Атабыз бизди комуз чертип ойготор эле. Ушунчалык жакшы маанай менен ойгончубуз. Күү адамга жакшы таасир калтырат экен. Эс алганда күү черткенди жакшы көрчүмүн, бирок, тереңдеткен жокмун. Хоббим катары калды десем туура болот.
— Соңку суроо. Мурунку жетекчилер менен мамилеңиз кандай?
— Жакшы. Мен мурдагы директорлорду чакырып, «Директорлор институтун» түзөлү десем, кубануу менен кабыл алышты. «Мындай нерсе ар бир министрликте болсо жакшы болмок. Мурдагы жетекчилерди чакырып, алардын кеңешин угуу тартибине өтүүсү зарыл деп ойлойбуз. Баарыбыз биригип, өлкөнү өнүктүрүү үчүн жапа тырмак иштешибиз керек!» дешти. Мен да туура деп ойлойм, алардын кеңешин пайдаланышыбыз керек! Дасыккан, тажрыйбалуу кесипкөйлөр коомду алдыга жылдырууга чоң салымын кошот деген үмүт менен күтүүдөбүз!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Кыргызпатенттин жаралыш тарыхы…

«Кыргызстанда автордук укук жана чектеш укуктардын өнүгүү тарыхы 1973-жылы Бүткүл Союздук автордук укук боюнча агенттигинин кыргыз бөлүмүнүн ачылышы менен башталган» деп жазылат Кыргызпатенттин тарыхы тууралуу маалыматта. Ошондон берки жарым кылымдык убакыт ченемин алсак, Кыргызпатент мезгилдик ишмердиги бараандуу эски мекемелерден. Өзүнчө мамлекеттик орган болгонго чейин, эгемендик жылдар башында Патенттик башкармалык болуп түзүлүп, кийинчерээк Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Интеллектуалдык менчиктин башкы башкармалыгына айланган. Интеллектуалдык менчикти коргоо багытында өзүнчө мамлекеттик орган болуу муктаждыгы жаралып, башкы башкармалык аталышы узун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги деп ишин уланткан. Ортодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттиги  (Кыргызпатент) деп аты кыскарып, учурда аткаруу бийлигинин түзүмүнө кирип, агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы деп өзгөргөн.

Эми эл бейрасмий Кыргызпатент деп билген мекемени эгемендик жылдары кимдер жетектеген жана жетектеп жатат, таанышып коюңуздар:

1. Оморов Роман Оморович (20.09.1993 – 22.05.2007);
2. Турганбаев Надырбек Турганбаевич (22.05.2007 – 14.10.2008);
3. Улан Мелисбек (14.10.2008 – 03.05.2010);
4. Исабаева Зина Беккелдиевна (26.05.2010 – 11.02.2011);
5. Калмаматов Ажибай Айтиевич (11.02.2011 – 31.01.2012);
6. Назарбеков Марат Рысбекович (01.02.2012 – 11.11.2015);
7. Абдыллабек уулу Манас (11.11.2015 – 21.11.2016);
8. Эсеналиев Досалы Акпаралиевич (22.11.2016 – 20.04.2018);
9. Молдошева Динара Автандиловна (28.04.2018 – 10.08.2021);
10. Керимбаева Рахат Топчубаевна (11.08.2021 келген, учурда жетектеп жатат).

Айтмакчы…

Жогорудагы маекте аттары аталган, бири дүйнөнүн 30 компаниясы пайдаланып жаткан, жасалма интеллект технологиясына негизделген — кеңсе кызматкерлеринин бир күн ичиндеги иш-аракети боюнча маалыматтарды берген, эсепке алган жана ал иш-аракеттердин жөндүү-жөнсүзүн тескеген системаны ойлоп тапкан Эркин Адылов, кандай температура болбосун, вакциналардын күчү узакка өзгөрүүсүз сакталган системаны командасы менен ойлоп тапкан Асел Сартбаева сындуу мекен кыйырындагы жана өлкө ичиндеги мекендештерибиздин таанылып-тааныла элек ойлоп табуулары боюнча өзүнчө сөз кылабыз…

 

One thought on “МАЕК — Рахат КЕРИМБАЕВА: «Келечекте илим өсүп-өнүгүп келатканына кубандым»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.