Сүрөттө: Белгилүү акын Өмүрбек Тиллебаев айкелчи Тамила Маматова менен
Жолдош ТУРДУБАЕВ: «… акынмын деп төш кагууга шашпагыла…»
Учурда «Эркин Тоо» гезитинде эмгектенип жаткан белгилүү журналист, акын Өмүрбек Тиллебаев агабыз эки жыл мурун (2020-жылы, март айы) төмөндөгү мааниси терең ырын жарыялаптыр. Агабыз өзү: «Эки жыл башта жазылган поэмамды бүгүн окуп алып эсим ооп отурам. Кенже Сүйүнбаева карындашым Фейсбукка кайрадан жүктөгөн экен» деп жазгандай, эс оой тургандай ыр. Белгилүү журналист, публицист Жолдош Турдубаев агабыз айткандай, катуу айтыптыр, ачуу чындыкты жазыптыр. Сөз ээсин табат деп ойлойбуз!
Жолдош мырза бул мыкты ырды социалдык тармактан бөлүшүп, башына мындай деп жазыптыр: «Катуу айтыптыр. Бирок «жалгыз акын ким экен?» деп элеңдебей, издене бергиле, өзүңөрчө жаза бергиле, калемгерлер! Болгону акынмын деп төш кагууга шашпагыла, башкалар генийсиң деп мактаса да, Эл акыны деген наамды ыйгарса да…»
Анда эмесе, ырга кулак төшөйлү:
ЖАСАКЕР ЖАЗМАКЕРЛЕР ЖАНА МЕЗГИЛ-АКЫН ЖӨНҮНДӨ
(Поэма)
Акын Акбар РЫСКУЛОВго
Акын жокто акындайсың,
Ыр окуп бакылдайсың,
Ал барда ийменчиктеп
мышыктай жакындайсың
унчукпай, катылбайсың
огу жок мылтыктай
атылбайсың.
Бышпаган дүмбүлдөйсүң
ыштаган чырактай бүлбүлдөйсүң.
Алдыга алтымыш жыл кетсең дагы
Алдына чыга албайсың, үлгүрбөйсүң.
Бир ойду айтыш үчүн
Кур сөздөрдү кураштырып
кербендей чубаштырып
кетесиң кыр аштырып.
Туш жакка чарк урасың
тушалган аттай чарпыласың.
Бир ойду айтыш үчүн
Жүз сөздү пайдаланып,
таш кошуп, сайдан алып
боштукту Айдан алып
ырыңды окугандар
башы ооруп
жыгылат тайгаланып.
Сөздөр бүт кескиленген балталанып,
Ойлор да чачылган талкаланып
сын айтса калкан алып
чыгасың, өпкөлөп, таарынасың
зар урасың.
Желим шардай
«Пүү» десем «тарс» этип жарыласың.
Ырларга окшоштуруп,
Китепке топтоштуруп,
Томдук деп чыгарасың,
Ойнобойм топташ уруп.
Акындык-билбегенге мазак экен
билгендерге азап экен.
Кудайдан сурачы
Кудай ыр жаза бекен?
Акындык менде болсо, таза бекен?
Түмөн санаам,
Алигиче күмөн санайм:
«А сен өзүң акынсыңбы?»-Кудай Сакта!
«же акынга жакынсыңбы?»-Кудай сакта!
Акын дагы, жакын дагы эмесмин,
Андан көрө базарда буудай сат да
оокатың кыл, акын болгун дебесмин.
А азырчы?
Жазмакердин кара тааны каптаган,
бири-бирин «генийсиң» деп мактаган
калп каткырып, далысына таптаган.
Бардыгына МЕЗГИЛ сынчы,
Кимдер анын дайрасында акпаган?
Кайда акындар?
Китептери текчесине батпаган.
Кайда акындар?
Сыйлыктары үстөлүнө батпаган.
Кайда акындар?
Ордендери күрмөсүнө батпаган.
Күнү-түнү өзүн-өзү
акынмын деп какшаган.
Анын баарын
мезгил небак күм-жам кылып таштаган.
…Жаңы кадам баштаган,
«Жөн эле ыр жазып
жөн эле китеп чыгаргысы» келген жаш калам.
Ойлон! Ойлон!
Кандай азап, кандай казат,
Күтөт сени башкадан.
Алды жакта
далай катуу ызгаар бар,
далай ашуу, муздар бар,
жалаң ачуу туздар бар.
Акындык ал-
МЕЗГИЛ түнү жапса да,
Жылдыз сымал жаркырай.
МЕЗГИЛ алга акса да,
Агып келүү каршы агымда шаркырай.
Акын болуу
Токтогулдай, Алыкулдай, Барпыдай!
Мындан беш жүз жылдар кийин
же бир кылым, ал тургай
ырларыңды окуса элдер калтырбай
атыңды издеп келген болсо артыңдан
дал ошону Акын деп айт тартынбай!
…А калганың бош жүктөрдү артынба
жок иштерге чарпылба
койго чөп сал, итиң сугар!
Ушул менин шартым да,
Ушул менин антым да!
Акындык бул
убагында жерде калып,
элден калып, кембагалдык,
кийин «жарк!» деп чыгып келген алтын да.
Алтын болсоң талпын да!
Көмүр болсоң
кал чаңыбай, калпыңда!
Жазмакерлер-жасакерлер,
Көз жазгырган амалсыңар,
Чардаксыңар, чабалсыңар.
Азыр акындар көбөйдү,
Жүз койдон 170 козу алган
союздагы чабан сыңар.
Акын жалгыз,
калганыңар караансыңар.
Жазмакерлер!
Каягы сөөк, каягы эттүү
кызматты тандайсың жанга эптүү.
Ая сөздү, ая кепти.
Он китеп чыгарсаң да,
Өмүрүң сая кетти.
Эми ушул керек беле?
Сенден көрө пайдалуу терек деле
курулай делектебе!
Акындык-сыйлык эмес сен ойлогон
Ал кетти көзүңдүн тирүүсүндө
кайрылып келет дебе!
Акын болом дегендер көп куштарман,
Тазалаймын асманын, жарганаттан
жалган аттан, жанга баткан «куштардан».
Акындык ал-ишеним,
Бузуп чыгуу турмушту
үзүп чыгуу салттуу ырдын кишенин.
Акындык-бул ыр жазуу эмес
сыр казуу, издөө жаңы асманды.
Жаңы идея, жаңы сөз, ой, басканды
үйрөнгөндөй жаңыдан.
Түпкүрүнө түндөрдүн
от чыгаруу жаныңан.
Акындык бул-өткөн менен жарышуу,
Эртеңдерге жаңы чуу
салып чыгуу, жан учуу
алып чыгуу мейкиндерге жаңы ысым.
Акындык-ал үйүгүшүп
ыр жазуу эмес сүйүү үчүн,
Жаралган от күйүү үчүн
күлү калбай.
Миң карышкыр бир учурда улугандай,
Бир карасаң хулигандай
бир карасаң улуу кандай!
Акын-ой, сезим, сөздүн чагылышы,
жаныңдын отко күйүп жагылышы
доордун жүрөк-тамыр кагылышы
аязга кайыгышы,
чертилген күү жайы-кышы
ал акын-айыбы ушу.
Ата-Журттун оору, дарты
кайра анын айыгышы.
Акын жолу-таштак ал,
Калемиңди жашка мал!
Болгон эмес,
болбойт дагы башка амал.
Тагдырыңа таш калаар,
Чын акындан ырлар калаар, жаш калаар.
сен алуучу атакты,
алып кетер жолун тапкан башкалар.
Акын даңкың, балким бүгүн,
балким кийин
өлгөндөн соң башталаар.
Акындыкпы-арышы
кең асмандай бар бекен
же сыраяктай тар бекен?
Боло албаса тууган эли Ар-Мекен.
Өмүр бою ыр жазып,
Акын болбой калгандар бар,
Мындан өткөн бактысыздык бар бекен?
Элди сен, неге алдайсың?
Чырпыгыңды эге албайсың
Талант барда.
Сыйлыктын баарын алдың
алсаң да жеңе албайсың.
Бороондорго бет албайсың,
Куусаң да жете албайсың
жетсең да
аны айланып кете албайсың!
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
2020-жыл, 10-март
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы