ВИДЕО — Көк бөрүнүн эрежелерин ким иштеп чыккан?.. Кичинекей күйөрман…

ВИДЕО — Көк бөрүнүн эрежелерин ким иштеп чыккан?.. Кичинекей күйөрман…

Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 12-мартта чүчү кулак кармоо менен башталган. 1-лигада ойной тургандар 24 команда болуп кеткендиктен, 3 командадан 8 тайпага бөлүнүп, оюндар 15 мүнөттөн 3 тайм менен өттү. Тайпадагы атаандаштарын 15-мартта чүчү кулак кармап аныктап алган Жогорку лига оюндары болсо, ар бир 3 тайм кадимки 20 мүнөт менен уланды…

Эми эрендердин эр оюну көк бөрү улакчы жигиттерибиздин каруу-күчүн, чапчаңдыгын, шамдагайлыгын, амал-аракетин, чыдамын жана сабырын сынаган улуттук оюн. Көл-шал терди агызып, ооздук жырып, туяктар тийип, бир жыгылып, бир туруп, шамалдай сызып, каркырадай учуп, шукшурулуп атаандаш атты кагып, сүзүп, топту жарып — көк бөрү күлүктөрү да ошол улакчыларыбызга чыныгы канат болуп беришет. Тили бар болсо, үстүндөгү чабандеси менен жарыша далайды айтып бермек бул тулпарлар…

Кыскасы, кызуу оюндар болду адаттагыдай. Болгону аба ырайы алгачкы оюндарда кабак чытып бүркөлүп турса, улам кийинки оюндарда жамгыр жаап, кумдуу майдан көлчүк, ылай-баткак болду. Жер оорлошуп, аттарды да, улакчыларды да кыйнап койду. Негизи улакка союлган теке же серке салмагы 32-35 килограмм болсо, оюн талаасы баткак кезде 27-30 килограмм болушу шарт. Бирок ошол салмак деле ылай, сууга тъшъп жатып, кадимки салмактан ашып кетери бышык. Акыркы оюндар ушундай шартта өткөндөй болду…

Кыргызымдын жигиттери…

А бүгүн аба ырайы ачыгы ачык болду, бирок чыйрыктыргандай суук тартып турду. Бирок көк бөрү оюнунун кульминациясы — Жогорку лигадагы «эль-класико» — финалдык беттеш оюну аны сездирген деле жок окшойт. Ушул 21-мартта элди ат майданына да, сыналгы алдына да жыйнаган беттеш — Таластын «Ынтымак» жана Чүйдөн «Сары-Өзөн» командаларынын ортосунда орун алып, оюн талаасында кайра-кайра көрө тургандай  кызыктуу, кооз, катуу оюн көрсөтүштү. Албетте, тирешкен, түртүшүп, сүзүшкөн, аттан жана ат менен кулаган моменттер түпөйүл кылбай койгон жок…

Оюн 3 таймда тең чыңалган абалда уланды. Биринчи таймдын 20-мүнөтүндө «Ынтымак» командасынын 11-номурдагы улакчысы, «Каркыраны» минип, шумкардай сызган Майрамбек Рыспеков биринчи улакты таштап, эсепти ачты. 33-мүнөттө «Ынтымак» командасынын 12-номурдагы оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу тай казанга экинчи салымды салып, эсепти 2:0 кылды. Ушул эсеп менен командалар тыныгууга кетишти.

5 секунддагы упай…

2-таймда «Сары-Өзөн» командасынан «жарым-жартылай таластык»мыкты улакчы Сейитбек Анарбек уулу эсепти 2:1 кылды. Экинчи таймдын аякташына 5 секунд калганда, атаандаштын тайказанын жанында топураган «ынтымакчылар» улак салганга жетишип, 3:1 менен эки салым алдыга озушту. 3-таймда да катуу тиреш жүрүп, мыкты оюн көрсөтүп, чабуулга чыгып, коргонууда да жаза баспай жогорку лига оюндарынын мыктысы болгон Майрамбек Рыспеков эсепти 4:1ге жеткирди.

Кичинекей күйөрман

Ошентип 4:1 эсеби менен «Ынтымак» командасы жеңди. «Ынтымактын» жеңгени жакшы болду, болбосо, бир тууган агамдын баласы бүгүн «Сары-Өзөн» күйөрмандары жагында отуруп калып, «Ынтымак!» деп кыйкырып тамагы ооруганча катуу күйөрмандык кылган 3-класстагы Райан ыйлап калмак экен. Биздин үй-бүлөнүн кичинекей күйөрманы көк бөрү Көлдө өтүп жаткандан бери байкеси менен барып жатат.

Бул сапар Чолпон-Атадан 1-лиганын финалчылары “Бакубат-Талас” менен “Ийгиликтин” оюндарына жетишпей калып, ардагер таластык улакчылардын оюнуна «жакшы ойнобой коюшту, аттары жакшы чуркабай койду» деп капаланып, «Ынтымактын» жеңишине кубанып кайтып келди. «Ынтымакка» күйөрман болуп, оюн аягында күйөрмандары менен жолуккан «ынтымакчылардын» сөзүн угуп, кошулуп «Таласымды» ырдап, өзү байкаган, көргөн көп кызыктарды айтып келди. «Баткенге да барсамбы деген пландарым бар» дейт… Жол өтө узак болбосо, ал жакка деле жол жүрүп барганга деле даяр, садагам…  

Айтор, «Ынтымактын» оюн жүрүштөрү жакты бизге. Коргонуу да, чабуул да мыкты болгонсуду. Чабуулчулар, ошол эле Нуржан Мелисбек уулу, Майрамбек, башкасы, чабуул жасап чыгып кетип калбай, коргонууда да жүрүштү. Жекеме-жекенин мыктысы Нооруз Раатбек уулу бутунан алган жаракатка карабай улам ортого түшүп, ортодон улакты алып чыгып берип жатты…оюн этегинде аксаганы таасын эле байкалды… «Көлгө келсем эле оюнум жүрүшпөйт» деген Өмүрбек да ортонун ишин жакшы аткарды…

Эми көк бөрү оюнун көрбөй калгандар үчүн «Азаттык» тарткан видеону тартуулайбыз…

Көк бөрү оюнунун тарыхына кыскача кайрылсак…

Көк бөрү — кыргыз элинин байыртадан ат үстүндө ойнолуп келаткан улуттук спорт оюндарынын бири. Маалым болгондой, бул оюн тегиз жерде, ат майданында ойнолот. Аламан улактарда оюнчулардын жашы да, саны да чектелбейт. Командалык оюндарда, эреже боюнча, команда курамында 12 улакчы, 12 ат болот. Оюн талаасына ар бир командадан төрттөн улакчы чыгат.  Оюн 20 мүнөттөн үч айлампа жүрөт, улак тайказанга салынат, оюн маалында улакчылар кезектешип алмашып чыга берет.  Улакчылардын алмашуусу калыстардын көзөмөлүндө болот. Төрттөн ашыкча чыгып кетсе, ал команданын бир оюнчусу жаза мамасына кетип, бирге кем ойношот. Оюн жүрүшүн бир башкы калыс жана капталдагы жардамчы калыстар тейлейт. Капталдагы калыстар  улакчылардын алмашуусун, улактын оюн талаасынын чегинен чыгып кеткен-кетпегенин карашат.

Мына ушул жана башка эрежелерди айтылуу режиссер маркум Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеев, Болот Шернияздор иштеп чыгышкан. Кийин алар толукталып бир кыйла кеңейген. Дагы да кошулуп калышы толук мүмкүн…

Көк бөрү эрежелери 2001-жылы түзүлгөн Эл аралык көк бөрү федерациясы тарабынан да колдоо таап, уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан арасында өлкө аралык мелдештер уюштурула баштаган эле. Кийин казак туугандар көкпар дегенди таңуулап, кыйла кызыкты башташты… Бул эми башка сөз…

Баса…

Айтмакчы, өлкөнүн Көк бөрү федерациясына жетекчи болуп бир кезде аксакалдардын каалоосу менен Талас облустук көк бөрү федерациясын жетектеп, дубандын көк бөрү оюндарын жаңылыктарды киргизип мыктылап, федерация ишин жакшыртып өткөрүп берген Талас Бегалиев келди. Мыкты тандоо жана дайындоо болду… Буйруса, бул кишинин жетекчилигинде көк бөрү боюнча алгачкы өлкө турнири өттү. Дагы да жакшы иштер кылынарына ишеним чоң…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.