Оор кар
Колумда карды мыкчыйм, муздагы кол какшатат. Оор кар. Суу кар. Тоголок кар. Эзилип абдан бышкан шабдаалыдай. Дарактын денесине шап жабышат. Карт дарак кыздай болуп ачууланбайт. Кабак түйбөйт. Турганы турган бойдон. Оор күн. Суу күн. Анткени асманда оор күн, суу күн күлүп турат. Ыржыйып бирөөнүн бирдемеси көрүнгөндөй күлүп турат. Кышкы күн табы жок, алсыз болот. Кышкы карга алы жетсе жетет, жетпесе жок. Кар ээрийт же ээрибейт. Ээрисе кар оор, кар суу. Дарактын денесине шап жабышат. Хоккей ойногон маңка чунактардын тизелери суу болот. Кышында күчтүү, айбаттуу күн тийсе, кара менен актын согушу, урушу башталат. Жердин ар кай жери – кара, ар кай жери – ак. Ак шейшепке кара жамаачы салгандай. Жигиттер баш кийимсиз. Селкилер баш кийимсиз. Жаштар дайым ушундай. «Жылуулуктан сулуулук» дейт жаштар дайыма. Жаштар дайым тескери жүрөт экен. «Бээ» десе – «Төө» дегендей, «Төө» десе – «Бээ» дегендей. Кийин буга түшүнүп, өзүнчө күлөт экен. Жаштарды кардай кылып колуңда мыкчысаң, муздагы кол какшатат. «Жаштар – ысык» деп бекер эле айтат экенбиз. Оор болушат. Суу болушат. Колума карды алып ушуну ойлойм. Дарактар карыялардай. Ары билгич, ары акылман. А биз жаштар түшүнбөйбүз. Кардай муздакпыз, оорбуз, суубуз. Бирөө алып ыргытса, дарактын денесине жабышабыз очоюп…
Эрнис АСЕК уулу,
1989-жыл
Көктөмдөгү кубаныч…
Көктөмдө жааган кар Эрнистин «Оор карын» эстетти. 19 жаштагы жаш жигиттин жазганын окуп алып, жаш кездеги ата-энебизди какшатып кышында баш кийим кийбей жылаңбаш өткөргөн балалык күндөрдү эстедим…
Анан кайра бүгүн экөөбүз баш кошкон, бактылуу күндү эстедим. 2013-жыл, 23-март. Анда көктөм эле, күн жылуу эле. Костюм, туфличен жүрүп калганбыз…
Ал күнү курган жүрөк элеп-желеп болуп бир башкача ойгонгом… Анан сулуулук салонуна Жылдыз аттуу кесиптешим болбой алып барды эле…
Саат 12де Бишкектин Кызыл-Аскериндеги «Арал» кафесинен Асел жеңемдер кулагыма сөйкө салып, алып кетишмек. Ал убакыттан бир жарым саат кечигип бардым. Курбум Рахат кайра-кайра чалып, «Келатасыңбы? Күйөөң тоңуп калды го, ал сыртта сени күтүп жүрөт. Кирбей койду» деп Эрнистин ден соолугуна тынчсызданып жатты.
Тагдырдын тамашасын кара, ошол «Арал» кафенин дал маңдайындагы №140 үйдө Эрнистин балалык чагы өтүптүр… Мен келгенче ошол үйдү акмалап, балалык кезин, ата-энесин, чоң апасын, Мелис байкенин жоктугун эстеп көзүнө жаш алганын жашырган эмес. «Апа, мен кайрадан турмуш куруп жатам. Сиз болгондо Назиранын башына ак жоолукту өзүңүз салмаксыз. Мелис байке сиз болгондо бир башкача той болмок» деп ичинен сызып, мени күткөн убакыттын кантип өткөнүн билбей калганын эртеси айтып бергенде, Эрнисиме боорум ооруган…
Таңкы коңгуроо…
Таң атпай Швейцариядагы Эрнистин досу Жеңиш чалды эле… Куттуктап кубанган. Досу менен сүйлөшкөн соң кайра уйкуга кеткен Эрнис. Бир жумадай түшкө чейин уктап жүрдү. «Уйкучу го» дегем. Анын себебин өзү айтып берди бир күнү: «Кайдагы уйкучу күйөөгө тийип алгам» деп ойлодуңбу? Бирок, такыр сураган жоксуң. Ойготкон жоксуң, ыраазымын. Мен ажырашкандан бери, 6 жыл жакшы уктаган жокмун, жалгыз каламбы деп чочулап… Υй-бүлөлүү болдум деп жандүйнө тынчып, жакшы уктадым. Сени таап алганыма кубанам. Менин өмүрүмдү узартып койдуң. Жалгыздыктан тажап, жашагым келбей бараткан»,- деп кубанычы койнуна батпай…
«Чын эле мен сени таптымбы?..»
Ары-бери өтүп, «Чын эле мен сени таптымбы?..» деп үй-бүлө курганына ишенбей да жүрдү… Алгач 7-кичирайондо жашадык. Бир жумадан кийин мен тумоолоп калдым. 1-апрель эле. Бир жаш врач кыз мага туура эмес укол сайып, реакция жүрүп кетип, бир заматта шишип чыгып өлүп кала жаздадым. Укол алып сыртка чыкканда эле башым тегеренип, көзүм, бетим ачышып, тамагым кургап чыкты. Эмне болуп атам деп элес алган эмесмин. Жамгыр төгүп жаткан. Ар ким эле мени карап өтөт. Күткөн маршруткам кечикти. Эмнегедир өзүмдү жакшы сезбей бараттым. Ооруканага чуркап кирип күзгүдөн карасам шишип чыгыпмын. Тиги врачтын кабинетине кирип эле эсимди жоготуп коюпмун… Көзүмдү ачсам, ызы-чуу болуп толтура врачтар жүрөт. «Күйөөңүздү чакырыңыз»,- дешти. Эрниске чалсам, «1-апрель, алдап жатасың» деп трубканы коюп койду. Ал күн алдамай күн экенин деле унутуп коюпмун. Кайра чалсам, ошол эле сөздү айтты. Врачтарга такси чакыртып алып үйгө эптеп жеттим.
Эрнис тамашакөй болчу. Эшикти ачып эле, «Менин мындай аялым жок» деп каалганы жаап салды. Такылдатып турам… «Аялым келсе эмне дейт. Кетиңиз!» деп коет. Ошентип атып акыры киргизди… Ачууланган жокмун, аябай күлдүм. Анын жоругуна күлсөм, ал мени карап алып, «Кокуй, эмнени сайдырып келгенсиң» деп шишиген кебетеме күлөт. Шишик жаман экен да, 3 айдай кетпей жүрдү… Дүкөнгө барсам, «күйөөң уруп койдубу?» дейт жаш кыз. Айтсам, ал дагы күлдү. Аягын Кеминдеги Зуура эжем көргөн, ал дагы аябай таңгалып караганда, түшүндүрдүм, ал дагы күлдү… Көрсө, бир жериң көгөрүп же шишип-көөп калсаң эле башкача ойлошот экен. Эрнис урмак түгүл, жаман сөз айтчу эмес. Ушунчалык мүнөзү жакшы болчу…
Ботаникалык бакка көп барчубуз. Ал жакта экөөбүздүн багыбыз, көпүрөбүз бар болчу. Ошол жерде отуруп алып, дүйнөлүк адабият, акын-жазуучуларды айтып берээр эле. Экөөбүздүн көпүрөбүздө туруп, ушул ырын эстедим:
Таң атпай
Бул талаага келген элек экөөбүз,
Бак түбүндө олтурганбыз. Күз эле.
Бул көпүрө болгон ыйык көпүрө,
Экөөбүздү кошуп турган. Түз эле.
Күн да тийген. Дирилдеген жалбырак.
Ушул жолдо баскан элек үн катпай…
Бүгүн болсо кыш аяктап баратат.
Келдим мында өзүм жалгыз таң атпай.
Келдим мында. Талаабызды кар баскан.
Таңдай жарып чымчыктар да сайрабайт.
Көпүрөбүз көңүлү жок сумсайып,
Салам берип коюуга да жарабайт.
Бак түбүнө басып келдим, олтурдум.
Карабадым биз жашаган тарапты.
Ушул талаа, бул көпүрө, ушул бак,
Мен күтпөгөн, мен билбеген азаппы?
Күн да тийбейт. Дирилдебейт жалбырак.
Жолду карай басып келем үн катпай.
Дагы бир кыш аяктоодо билинбей,
Келдим неге мында жалгыз таң атпай?..
1991-жыл
Кайра үйгө келатып бул ырын эстедим:
Бата жана бакыт кушу
Жамандарды жолуктурсам күйүнөм,
Жакшылардын сөзүн уксам сүйүнөм…
Бакыт кушу консун бизге, Назира,
Бата алдык Байдыкенин үйүнөн!
А бүгүн экөөбүз табышкан күн…
Эскерем. Бүгүн? Бүгүн… Өтөт мүнөт.
Каректе калкып турат ошол сүрөт:
Көк асман. Эки жүрөк. «Эсиңдеби?»
«Эсимде» — эскирбеген сөзү жүрөт…
Сездиңби? Сезгениңди билип турам.
Сезимге жүрөгүмдү ийип турам.
Көздөрүң укмуш эле ал ирмемде.
Көздөрүң – бийик эле. Бийик улам…
Жаз. Көктөмдө жайып салып жайнамазын,
Сүйгөнүмө сүйүү нурун төккөн белем.
Деңиздей чалкып жаткан, шоокумданган
Капкара карегиңе чөккөн элем.
Биз таанышкан, биз табышкан көз ирмем.
Кимдер чечет, айтчы, сезим түйүнүн?
Кимдер сезет, кимдер билет? А мага
Ал көз ирмем – пайгамбары сүйүүнүн.
Балонду кучактап жыгылып…
Υйгө келатып, «отун, көмүр сатылат» деп кап-каптап таңгакталып турган отун, көмүрдү көрүп, «Көк-Жар» жаңы конушунда эки жылдан ашык жашаган жерибизди эстедим. Ал жерде от жакчубуз. Көмүр төгө турган жер жок болгондуктан бир каптан алып келчүбүз. Арабага салып алып, түртүп баратканда айылдагы балалык кезди эстеп күлчүбүз, агезди сагынчубуз. «Карыган сайын айылдын жашоосун сагынат экенсиң, жүр айылга эле кеттик» деп калаар эле. Макул десем кубанып калчу… Кандай гана бактылуу күндөр эле… Ошол бактылуу күндүн биринде отун жарып жатып балта менен сөөмөйүн чаап алып, кан көп кетип, жүрөктү түшүрдү эле. Такси менен врач өкүл атабыздын ооруканасына барганбыз. Кечки саат 11де башталган операция түнкү саат 3тө аяктаган. Коридордо күтүп атып, отургучка уктап калыпмын. Медайым ойготту, палатага барсам, байым кийинип алыптыр, «үйгө кеттик!» деп. Өкүл атабыз: «Ушундай көк бет балам бар да, жок дегенде 3 күн жат десем болбой жатат. Күндө колун жаңыртып таңууга келип тургула! Эрнисти жакшы кара, кызым!»,-деди. Бир айдай барып турдук. «Сөөмөйүмдүн баркын эми билдим, бул деле кызмат аткарат экен да» деп компьютерге жазып жатканда күлүп калчу…
Акыркы жашообуз «Арча-Бешик» жаңы конушунда болду. Ал жерден да бир өлүмдөн калды эле.. Анда да кыш болчу… Газ жакчубуз. Балон алсак, оозу тоңуп калыптыр. Балон алып келген жигит, «таң атканча коюп койсоңуздар болот» деп кеткен. Дем алыш күн эле. Эртең менен турсак газ жыттанды, дароо эшикти ачып желдеттим. Көптөн кийин газды күйгүзсөм дүрт деп балон күйдү. Сыртка атып чыгып, эшик алдында: «Эрнис, сыртка кач, сыртка чык, Эрнис!» деп кыйкырсам, чыгып, күйүп жаткан балонду илинип турган курткасы менен басып жыгылды. Андайды күтпөгөн жаным кыйкырып, ыйлап жибердим. Бир заматта оюм жамандыкка кетти… Балон жарылса, Эрнис кошо жарылат деген ой менен бакырдым… Жо-ок, балон өчтү. Чуркап барып, кучактап ого бетер шолоктоп ыйладым, «аман калдың» деп. Кебелбей, «аз жерден үй ээсине үй карыз болуп кала жаздадык ээ» деп коет. «Койчу үйдү, сен балон менен жарылып кетсең эмне болот эле» деп көз жашымды аарчыдым. «Мына, аманмын» деп жаркылдаган…
«…Оказывается, во мне живут два человека…»
Эки жолу өлүмдөн аман калды эле… Анан эле, капысынан жүрөгү кармап, 2020-жылдын 29-январында келбес жакка кете бербедиби… Муздак жер алдында жатканына 2 жыл 1 ай 23 күн болду.
«Бул турмушта туу чокуга жетсемчи,
Бүгүн кантип күн өткөрөм? Эртеңчи?
Баарын билип баш көтөрбөй жүргөнчө,
Түк эч нерсе билбей өтүп кетсемчи!» деген ырды көп айтаар эле…
Сыр сандыгындагы күндөлүгүндө: «Жакында билдим. Оказывается, во мне живут два человека, один из них семилетний ребенок. Другой 70-летний старик. Два противоположных возраста. Но они оба слабы. Первый из них чист и наивен, второй – холодный, умудренный, усталый. Старик и ребенок разрывает меня на части. Ужасно не хватает обыкновенного 19-летнего юноши, т.е. самого себя. Просто самого себя» деп жазганы бар экен…
Ооба, так өзү жазгандай, жаш баладай таза, баёо, адамга зыяны, жамандыгы жок, жоош, орундуу сүйлөп, өзүн олуттуу алып жүргөн ойчул, акылман адам эле… “Бүгүнкү адамзаттын шору, акылдуулардын азабы, ошол эле менин иним Эрнис Асек уулу, акылдуу, интеллектуалдуу, жер билиминин океанына өтүп алган” деп Мелис байкебиз бир интервьюсунда айткандай, Эрнис алда канча алдыга кетип калган акылынын азабын тартып, «жалгыздыктын» курмандыгы болду. “Жалгыздыктын эмгек сиңирген ишмери” деп өзүнө ыйгарган наамы да жөн жерден чыккан эмес. Анткени ал дүйнөлүк адабият, искусство, философия, тарых, илим-билимдин кудугун жаштайынан эле өтө казып окуп, жарык-караңгыны, ак-караны ажыратып, окуй турганын тээ качан эле таап алып, аң-сезими өзү теңдүүлөрдөн алдыга озуп кеткен. Окуп, билгенин өзүндөй ой-чабыты кенен адам менен бөлүшүп, баарлашкысы келип, андай чөйрө таппай, өзүнө-өзү батпай, акылынын азабын тартып өттү…
Акыркы күндөрү котормо, ааламтаануу, адамтаануу окуулары менен алектенип калган эле…
Эрнис, сени менен өткөргөн өмүрүмө ырахмат! Сендей адамды жарык дүйнөгө алып келип, жакшы тарбия-таалим берген ата-энеңе, ар бир жазганыңа кебин, акыл-насаатын кошуп, оозуңдан түшүрбөгөн чоң апаңа, сага үлгү болгон Мелис агаңа ырахмат! Аз жашасаң да артыңдан опол тоодой эмгек калтырып, кыргыз тилине кошкон салымыңа ырахмат!
Жаткан жериң жайлуу болсун, көрүнбөгөн периштем!
Назира СААЛИЕВА