Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп Муса Жаманбаев кечээ, 8-апрелде, президенттин жарлыгы менен дайындалды. Бул милдетти ага чейин мурдагы Маданият министри, Жогорку Кеңештин IV-V-чакырылышынын мурдагы депутаты, Кыргыз Эл артисти Ибрагим Жунусов аткарып келген. Мурдагы элчи менен жаңы элчинин келиши жана бул кызматтын оош-кыйышы тууралуу ат жалында маек курдук.
— Ибрагим мырза, сиздин ордуңузга Муса Жаманбаев келди. Ал тууралуу маалыматыңыз барбы? Кызматка туура келдиби, кандай дейсиз?
— Муса Жаманбаев дасыккан дипломат, анда тажрыйба мол. Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматында катчы-референт, атташе, премьер-министр аппаратынын протокол кызматында референт, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы болуп эмгектенген. Андыктан Муса бул кызматка татыктуу деп ойлойм.
— Буга чейин ЖК депутаттары бул кызматка Фархат Иминовдун талапкерлигин колдоп жатышканы жарыяланды эле… Анын тандабай калышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Фархат Иминовду мен жакшы тааныбайт элем. Аны мен Ташкентке барганда көрдүм. Ал 4 жылдан бери Ташкентте жүрөт. Фархат эл аралык иштерге аралашкан эмес, анда тажрыйба жок. Анан ал бир дагы мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Болгону эки жыл депутат болуптур. Мандатын да өткөрбөй кетип калганын уккам. Анын ишинде чыр көп болгондуктан президент колдобой койду го дейм. Менимче, Мусанын келгени туура эле болду. Элчи үчүн талап-шарт, тажрыйба жагынан Муса Фархатка караганда күчтүү.
— Сиз бул кызматка 2018-жылы келип, үч жыл иштеп, бир топ иштерди алдыга жылдырдыңыз. Биздин сайт менен кызматташкандыктан, жасаган иштериңизди билип калдык. Аягына чыкпай калган иштер болгон жокпу?
— Кудайга шүгүр, бул кызматка келгени бир топ иштерди алдыга жылдырдык. Элчиликтердин ишине баа алты ай, бир жылдагы кылган деп коюлат. Жыл жыйынтыгы боюнча биздин элчилик эң жогорку бааны алып келгенбиз. Ишенбесеңер, Тышкы иштер министрлигинен да текшерип көрсөңөр болот. Албетте, алдыда жасай труган дагы бир топ иштер бар эле… Бирок, бир дагы чечилбей калган маселе болгон жок. Болгону чек ара маселесинде 7-8 пайыздык иш калган. Демаркация, делимитация, ратификациянын 85 пайызы бүткөн. Бир топ постторду ачтык. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 15 КПП (көзөмөл-өткөрмө жайы) бар. Бүгүнкү күндө тогузу иштеп жатат. Мурда бир эле пост иштечү. Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, пандемия учурунда биздин мамлекетке Өзбекстандай эч бир мамлекет гуманитардык жардам көрсөткөн жок. Дагы бир жакшы иштердин бири — Баткен облусунда курулган эки мектеп. Бири бүткөн, бири жакында бүтөт. Өзбек драма театры жасалып жатат, ал 31-августта ачылат. Кыргыз-өзбек фонду түзүлдү. Жалпысынан 200 млн доллар коюлган, анын 50 миллиону даяр, жакында которулат, калганын кийин бөлөт. Ортодо чечилбей турган маселелер үчүн которулуп турат. Мындан тышкары, 400 мобилдик больница берген, анын 200ү Кадамжайга, 200ү Чүй облусуна коюлду, иштеп жатат. Өзбекстандын Кыргызстанга болгон көз карашы абдан жакшы. Мурда бул кызматка ким барат десе, бардыгы каччу эле. Эми болсо элчи болом дегендердин саны 15тен ашып кетиптир. Себеби, ал жакта бардык маселелер чечилип, кыйынчылыктар артта калды.
— Кандай кыйынчылыктар? Сиз кайсыларына тушуктуңуз?
— Ар бир кызматтын, ар бир кесиптин кыйынчылыгы болот. Өзгөчө пандемия учурунда кыйынчылыктар болду. Ошондой болсо да, Өзбекстан Кыргызстанга 2 миң тонна буудай, миң тонна ун, кислород аппараттарды, дары-дармек, ПЦР-тест жана башка дагы керектүү нерселерге жардам берген. Эми кыйынчылык дегенде, Кыргызстандан барган кээ бир министрлердин көпчүлүгү эч нерсе билбей, түшүнбөй командировкага барып алышат. Эки тараптуу жолугушууда айткан нерселерин аткара албай же кол койгон келишимдин аягына чыкпай калышат. Ушул жактан биз кыйналдык. Анткен менен, мамлекет тарабынан берилген тапшырмаларды аткардык. Мындан ары дагы аткарылат деп ойлойм.
— Өткөн жылы күздө болгон парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмеси менен катыштыңыз… «Азаттыктын» өтпөй калышы боюнча айтар сөзүңүз барбы?
— Эми шайлоо деген шайлоо да, бири утат, бири утулат дегендей… БШК сервери өчүп калып, кайра күйгөндө биздин партиянын добушу түшүп кеткен. Эми аны далилдөө кыйын да. Бешенебизге жазылганы ушундай экен. Шайлоодо утуп келип, мандат алып, парламентте отурган депутаттардын баарына ийгилик каалайм! Аларга убакыт бериш керек, жаңы эле келишти, 4 ай гана болду. 5 жыл ичинде жакшы мыйзамдар жазылат деп ойлойм.
— Сизге башка бир кызмат сунушталдыбы? Эгер сунушталса барасызбы?
— Азырынча эч жактан эч кандай сунуш болгон жок. Бирок, болуп калышы ыктымал. Күчкө толуп, тажрыйба топтоп, иштей турган убагым. Кайсы кызмат болбосун иштегенге даярмын!
— Чыгармачылыгыңыз эмне болууда?..
— Чыгармачылык токтобойт, ал өз нугунда келатат.
— Жакында эле эки чыгармачыл залкар адам өтүп кетти: Омор Султанов менен Марат Алышпаев. Экөө бир күндө коюлду…
— Бул эки залкардын сөөгү бир күндө, Улуу Рамазан айында коюлду. «Рамазан айы — 12 айдын султаны болгон ай. Күнөөлөр кечирилет. Тозоктун эшиги жабылып, бейиштин эшиги ачылат» деп айтылат го Рамазан айында өткөндөр тууралуу… Шедевр ырларды жазган Омор аганын китебин издеп окучу элек. «Чарчоонун жүзүнчү ыры» деген китебин издеп, таап окучубуз. Ал учурда китеп табуу кыйын болчу. Жакшы мамилелеш элек. Маданият, адабиятты көтөрүү боюнча кеңешин айтчу эле. Ал эми Марат акени мен студент кезден баштап таанычумун. Театрда дүйнөлүк классикалардан Шекспирдин “Гамлет”, “Король Лир”, «Ричард III» драмаларында башкы каармандарды жараткан мыкты актер эле. Маданият министрлигинде иштеп жүргөндө чогуу иштеп калдык. Жөнөкөй, тамашөкөй адам эле. Эки залкардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Эки залкар өткөндөн кийин не деген жакшы сөздөр айтылып, жазылып жатат. Адамды тирүү кезинде баалап-барктап, жакшы сөз арнасак жакшы болот эле. Сенин байың, маркум Эрнис айткандай, «Тирүүлүктүн өзү майрам да».
Маектешкен Назира СААЛИЕВА
P.S. Ибрагим Жунусовдун үй-бүлөсү тууралуу сураган окурмандар оголе көп. Кызыктуу маекти жакында окуй аласыздар!