9-Май. Бул күндү эске салар чыгарманы Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры сахналаштырып алып чыкты. Башкы жаңылыгы — ал чыгарма буга чейин коюлуп жүргөн чыгармалардан эмес, алгачкы жолу алынып чыккан саамалык болду. Болгондо да залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесинин негизинде коюлду. Тырмак алды эмгектин ошол 29-апрелдеги бет ачарында белгилүү жазуучу, драматург, акын, котормочу Алтынай Темирова эжебиздин чакыруусу менен барып көрүп келдик эле, балалыгыбызга кайтып баргандай эле болдук…
29-апрелде, 8-майда — жаш көрүүчү жеткинчектер, окуучулар, ата-энелерге тартууланган спектаклдин сценарийин Жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү драматург Бурул Калчабаева менен КРнын эмгек сиңирген артисти Нурлан Асанбеков биргеликте жазып, аны куурчактар дүйнөсүнө салып койгон режиссер да Нурлан Асанбеков.
«Театр эмнеден башталат? Кийим илгичтен» деген айтылуу Станиславскийдин сөзүн улай куурчак театры — куурчактардан башталат десек болчудай. Бирок, айрым бирөөлөр тамашалашып талашкандай, бардык театрлар билетчилер — эшик алдынан келген көрүүчүлөрдү тосуп, билеттерин айрыган эжекелерден башталат го дейм. Дегеним, театр босогосун биринчи эле колдору тынбай билет айрып, кайра кайрып берген эжелер менен жүз көрүшүп аттайсың. Жаадырап күнү чачыраган жазда кийим илгичке деле жолобойсуң да…
Ооба, спектаклдин бет ачары — ошондой жаздын ысык күндөрү менен башталды. Биз барган күнү атайын чакыруу менен келген коноктор көп экен. Анын бири — Министрлер кабинетинин төрагасынын учурда социалдык маселелерин тейлеп жаткан орун басары Эдил Байсалов болду. А биз 3-класстагы уулун ээрчите келген адабиятчы, публицист, журналист Жолдош Турдубаев менен катарлаш отурдук. А негизи көрүүчүлөрдүн көбү мектеп окуучулары экен. Соңку убактарда көп жерден байкап, көңүлүм ооруп жүргөн бир жаман адатты байкап, капалана түштүм. Окуучулар да, аларды жетектеп келген мугалимдери да орус тилинде сүйлөшүп жатышты. Эне тилибизге болгон мамиле… илгери СССР убагына шылтачу элек, «кыргыз тилинде сүйлөтчү эмес, бир орус турса да, орусча сүйлөгүлө дешчү, бир орус катышса да, чогулуш-жыйналыштар орусча өтчү» деп… Эмичи, эгемендүүлүк алганы орус тилинде сүйлөмөй күч алып кетти…
«Ай-ай» деп капаланып отурганыбызда, көшөгө ачылып оюн башталып кетти. Бала кезимде көшөгө артынан артисттер көрүнбөй, көшөгө үстүндө куурчактар чыгып ойногон спектаклдерди көрдүм эле, бул сапар сахнада артисттер да көрүнүп, алардын колунда куурчактар да кыймылдап… алгач куурчактарды караймынбы же аларды сүйлөтүп, кыймылдатып жаткан артисттердиби деп оюм чачырап кетти… Эми бул деле куурчак театрынын оюн коюусунун бир тиби, тартиби дечи, бирок көптөн бери куурчак театрына келбей көнбөгөндүк кылдымбы, айтор, спектаклдин жүрүшүнө, куурчак- артисттердин кыймыл-сөздөрүнө бир топто барып аралаштым…
Анткен менен, ойноткон да, ойногон да артисттер жакшы аткарышты. Куурчак театры, эми бул курама искусство да. көркөм сөз, көрсөтмө образдар – куурчактар, алардын кийимдери, сахнанын көркөм-кооздук жасалгалары да, музыкалык коштоо… — көрүүчүлөргө бүтүндөй көркөм каражаттар топтому аркылуу таасир эткенге ыктайт. Бирок анын баарын, баягы эле, көрүүчү болуп келген орус тилдүү балдарыбыз канчалык түшүндү деп калдым… Миллиондогон балдарды атасыз калтырган Улуу Ата мекендик согушта атасын сагынган, ата мээриминен өксүк калган, атасын күткөн 6 жашар Авланбектин согуштан кайтпай калган атасына болгон сагынычы, апасы Жээнгүлдүн жолдошуна болгон кусалыгы, аянычтуу да, муңдуу да учурлар менен коштолуп жатты… залдагы эселек балдар аны түшүнбөй эле куурчактардын кыймылына күлүп жатышкандай эле элес калтырды…
6 жаштагы Авланбек: «Чоң эне, туяк деген эмне?»
Мага өзгөчө жаккан бир учур — Авланбектин «туяк» деген сөздүн маанисин чоң энесинен сураганы болду. Авланбек кечинде, аны башынан сылап уктатып жаткан апасынан атасынан келген катты окуп берүүнү суранат. Бирок ал кат Жээнгүлдүн окуп берип жаткандай эмес, катка жан кирип, атасы өзүп сүйлөп берип жаткандай ойлонуштурулган экен, Авланбектин атасынын ролун аткарган Эрнис Адылбеков катты ушундай мыкты окуду эми… спектаклди кайталап кайра коюшса, барып угуп, көргөнүңүз оң. Дагы бир катында атасы уулдуу болгонуна кубанып, «артымда туяк калат экен» деген жери бар. Авланбек туяк деген сөздү чоң энесине чуркап барып сурайт:
— Чоң апа, туяк деген эмне? Аттын туягыбы?
— (Күлүп) Жо-ок, кагылайын, ал сенсиң. Атаң сени айтып жатат, — деп чоң апасы согуш маалында төрөлгөн көпчүлүк балдардай эле жеңиштен кийин балалык баёо дүйнөсү менен жашап жаткан небереси баласы бул ааламга калтырып кеткен жалгыз белек, тукумун үзүлбөй улануучу уул экенин чечмелеп түшүндүрүп берет..
Спектаклдин аягы биз окуган, кийин тасмага айланган учурдагыдай окуялар менен аяктайт. Авалбек Жээнгүл апасы кошумча каражат таап алайын деп совхоз кашарында жүн кырккандарга жардам берип жүргөндө, көчмө кино келет. Ал кинодо душман танкасына бет келип, граната ыргытып, баатырларча курман болгон адамды атасы катары кабылдап, аны атам деп жашап калып… куураган кандуу согуш эң кичинекейлердин да кичинекейинин жүрөгүнө кандай жаралаганы сахнада да таасирдүү көрсөтүлдү….
Эдил Байсаловго артисттер эмнени айтышты?..
Спектакль соңунда Эдил Байсалов чыгып сүйлөп, куурчак театрынын артисттеринин спектаклдеги оюнуна ыраазычылык билдирип, көрүүчүлөрдүн аздыгына кейиди. Артисттер болсо айлыктардын аздыгын айтып, маянаны көтөрүп берүүнү суранышты. Чынында эле, спектакль сценарийин жазгандардын бири Бурул эжем айткандай, «Булардын эмгеги үч эсе оор, куурчак менен ойноп, балдарга жеткирүү андан да оор!». Бурул эже да Эдил Байсаловдон сценарий жазгандардын гонорарын да көтөрүү мүмкүнчүлүгүн суранды. Эдил мырза макул болгондой болду окшойт, жүздөрүнө кубанычка толгон артисттер аны менен эстеликке сүрөткө түшүштү…
Эшимкановдордун Кубат акеси…
Аңгеме тууралуу учкай айта кетсек, алп жазуучу Чыңгыз Айтматов «Атадан калган туяк» аңгемесин 1968-жылы жазган. Бул чыгарманын негизинде 1973-1974-жылдары «Кыргызтелефильм» студиясы «Солдатенок» деп аталган кыска метраждуу телефильм тарткан. Сценарийи — Эркин Борбиев жазган. Айтмакчы, бул сценарий анын дипломдук иши болгон.
Фильм Сокулукта тартылган. Режиссеру — Элдар Уразбаев. Оператору — Марат Дуганов. Башкы ролдорду ойногондо — Шайлоо Сагынбаев, Таттыбүбү Турсунбаева, Кубатбек Жусубалиев. Бул киного фотограф да кошулган. Анын образын режиссёр менен оператор киргизген экен. Бул ролду агездеги жаш жигит, азыр 81-жазды тосуп жаткан Мелис байке менен Эрнис барктап, баалап, абдан жакшы көргөн Кубат акеси, Кыргыз Эл жазуучусу — Кубатбек Жусубалиев ойногон.
Назира СААЛИЕВА
ФОТО-сүрөттөр: Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрынын фотографы Игорь ЕМЕЦтики.