Мурдагы депутаттар: азыркы спикер Талант Мамытов, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Асылбек Жээнбеков отурган кабинетте азыр Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Русланбек Жакышов отурат. Анын кабинетине кирип барганда эле залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен Манас атабыздын портрети көзгө урунуп, жүрөк жылый түшөт. Ушул портреттер, ата-энеси, жары, балдары, бир туугандары, классташтары тууралуу маек курдук. Маегибиз акыркы коңгуроо күнүнө туш болуп калгандыктан сурообуз ушундан башталды…
— Руслан мырза, мектеп уясынан учкан күн эсиңде чыгар? Мектепти бүтүп жатканда, өзгөчө кыздардын маанайлары майрамдык деле болбой көбүнчө ыйлашчу эле… Сенде кандай сезимдер болду эле?
— Чынын айтайын, кубанганбыз. Себеби, анда биз окуу менен кошо гектарлаган талаада тамекиде иштечүбүз. Анан биринчи эле ошол түйшүктөн кутулдук деп кубандык. Экинчи Бишкек шаарын көргөнгө шаштык. Оо, биз үчүн Бишкекке кетүү чет мамлекетке кетип жаткандай сезилчү… Андагы жаш улан классташ балдар азыр ата, жибектей созулган кыздарыбыз эне… Алды небере көрүп, небере жетелеп чоң ата, чоң апа, тайне, таята болуп калышты… Байланышыбыз үзүлгөн жок, 10 жылдык, 20 жылдык деп айылыбызга барып, биргелешип чоң иш-чараларды бүтүрүп бердик…
— Демек, ынтымактуу класстан болуп, ошол бойдон калган экенсиңер да?
— Ооба, башынан баарыбыз ынтымактуу болчубуз, ошол ынтымак сакталып калганына кубанам. Азыркыга чейин баарыбыз катташабыз, ал-жай сурашып байланышып турабыз. Жолугуп, чай ичишип калганда окуучулук сонун күндөрдү, билим, тарбия берген мугалимдерибизди эстейбиз. Андайда өзгөчө биринчи мугалим унутулбайт да. Биздин биринчи мугалимибиз Нуржамал эжейибиз абдан күчтүү, мыкты мугалим болчу. Мектеп менен тааныштыгым ушул эжейибиз менен башталганына азыр деле кубанам…
— 1-класска биринчи барган күн да балалыктын өзгөчө элестүү, башкача баракчасы эмеспи…
— 1-класска барганымды эстегенде эле… атамды эстейм… Биздин балалык Таластын Бакай-Ата районундагы Таш-Кудук айылында өттү… Ошол айылда 1974-жылдын 19-мартында эмгекчил, карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм. 9 бир туугандын жетинчисимин. Биз атабыздан эрте ажырап калганбыз… мен 1-класста, эң улуу эжекем 2-курста окуп жатканда каза болуп калды… Көп баласы менен жалгыз калган апакем бизди багам деп ысык-суукта талаада — колхоз тамекисинде иштеди, 9 баласын элден кем кылбай тарбиялап, эмгекчил, чыйрак болууга үйрөттү. Бир туугандар бири-бирибиздин эле кийимибизди кийип, бири-бирибизди билимге жетелеп ынтымактуу өстүк. Апам баарыбыз тең жогорку билимдүү болушубузга өбөлгө болду, турмуш жолуна аттанты. Кудайга шүгүр, бүгүн баарыбыз өз ордубузду таап, очор-бачарлуубуз. Бирок, бири кем дүйнө дегендей, тилекке каршы, жакында эле бир тууган агабыздан ажырап калдык. «Курандан башка арга жок» экен, бири-бирибизди сооротуп, куран окуп келатабыз.
— Ажал улук экен, арты кайырлуу болсун. Сен жогоруда атаңды айтсаң, атамды, эң кенже инимди эстеп кеттим. Биздин атабыз да ошол иним 1-классты бүткөндө каза болду эле. Иним Куранды да ошол кичине жашында үйрөнүп окуду эле. Сен да кичинеңден окусаң керек?
— Ооба, ошол атамдан ажыраган 7 жашымдан бери окуп келем… Эсимде, атам каза болгондо, апам баарыбызды чогултуп отургузуп алып: «Атаңарды бейишке чыксын десеңер, анда куран окушуңар керек. Атаңарга багыштап канчалык куранды көп окусаңар, арбагы ошончолук ыраазы болот силерге, бейишке чыгат» деп бизге куран окуганды үйрөткөн. Тогузубуз тең күндө кезек менен куран окучубуз… азыркыга чейин окуйбуз. Мен үйдөн да (таңкы тамакта), кабинетиме келгенде да ата-бабабызга багыштап куран окуп, анан ишимди баштайм.
— Кабинетиң демекчи, кыргызды ааламга тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен Манас атанын сүрөтүн илип алыпсың, бул белекпи же жеке демилгеңби?..
— Экөө тең белек. Чыңгыз Айтматов атабыздын портретин классташтарым шаардык депутат болгондо белек кылышкан. «Адамга эң кыйыны — күнүгө адам болуу» деп Айтматов айткандай күнүгө адам бол!» деп… Ошондон бери кайсы кызматка барбайын залкар жазуучубуздун портретин кошо ала жүрөм, кабинетиме илип алам. Ал эми Манас атанын портретин жакында эле манасчы Азиз иним белек кылды. Буйруса, бул баалуу белек дагы кайсы жерге барбайын мени менен чогуу жүрөт.
— Тарыхый инсандарды унутпай, барктап, баалай жүргөн жакшы. Руслан, депутат болуу кыйын бекен же адам болуубу?
— (Күлүп) Албетте, адам болуу кыйын да. Адам болбой туруп кантип депутат болосуң?..
— Депутат болом деген мектеп партасындагы кыялың эмес беле?
— Жо-ок, (күлүп) Айылдагы милиция байкелерибиздин формаларына кызыгып, «келечекте милиция болом» дечүмүн да. Анын үстүнө мугалимдер да: «Руслан, чыкчыйып таза жүргөн, тартипти катуу кармаган баласың, милиция болсоң болот» деп калышчу. Чынында эле тазалыкты жакшы көрчүмүн, классташтарымдын тазалыгын, үй тапшырмаларын карачумун. Абдрахман Мамытов деген тарыхчы агайыбыз бар эле, «Балдар, силердин турмушуңар өтө оор болот. Анткени силер капитализмге кетип баратасыңар. Ошондуктан жакшы окугула. Адам болгула!» деп калчу. Көрөгөчтүк кылып айткан экен, оор турмушту баштан өткөрдүк да…
— Мектептен кийин дароо эле окууга тапшырдыңбы анан?
— Мектепти аяктагандан кийин окуп кетсем экен дегем, бирок жогорку окуу жайга тапшыра албай калдым. Айылда кара жумуштарда иштеп жүрдүм. Анан армияга кеттим, мекен алдындагы милдетимди аткарып келип, Политехникалык институтка тапшырып, инженер кесибине ээ болуп чыктым. Экинчи билимим — юридикалык, КУУну аяктагам.
— Эмгек жолун айдоочулуктан баштаган деп шайлоо учурунда аябай айтылды, ошондой болду беле?
— Ооба, эмгек жолум айдоочулуктан башталган. Ак эмгек, адал иш менен кызматтан кызматка көтөрүлдүм: Бишкек шаардык транспорт башкармалыгында жетектөөчү адис; «АИИД-Сервис» ЖЧКда директор орун басары, «КОМПАС-транста» башкы директор, Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин районуна караштуу МАБда орун басар болуп эмгектендим. Бишкек шаардык кеңештин эки жолку депутаты жана вице-спикери болдум. Ушул ийгилигимдин баары апамдыкы. Раматылык апам: «Балдарым, эч убакта калп айтпагыла! Ушак айтпагыла! Уурулук кылбагыла! Акты ак, караны кара дегиле! Ийилгенге ийилип, керсейгенге керсейип койгула! Чыныгы муктаж болгон адамдарга жардамыңарды аябагыла! Кайрымдуу болуп, соопчулук иштерди жасагыла!» деп кичинебизден кулагыбызга сиңирип коюптур… Алтындай апабыздан ажыраганыбызга жети жылдан ашты… Сөздөрү көкүрөктө, жүрөктө сакталуу жүрөт. Көзү өтсө да, сөзүн өткөрбөгөнгө аракет кылып келатабыз…
— Шаар депутаты болдуң, анан Жогорку Кеңеш депутаты, айырмачылыктар сезилип жатабы?
— Сезилгенде да кандай! Айырмачылык асман менен жердей да… Шаардык депутат шаардын гана маселелери менен алек болосуң, Жогорку Кеңештен Кыргызстандын бардык аймагындагы эл көйгөйлөрүнө көңүл бурасың. Трибунадан эл көйгөйүн, үнүн аткаруу бийлигине түз жеткире аласың. Парламенттик шайлоого «Ишеним» партиясы менен бардым да, Бишкек шаары жана Талас облусу боюнча катыштым. Үгүт иштеринде Бакай-Ата районуна барганымда, жакында да барып келдим, 15-20-жылдан бери жаңы мектеп салынбаптыр. Бала бакча, мектеп жетишпейт экен, атүгүл мектептерде окуу куралдары жетишпейт экен. «Келечек жаштардын колунда» деп коебуз да, бирок, жаштарга көңүл бурбайбыз. Жаштарга көңүлдү мектеп партасынан буруп, аларга шарт түзүп беришибиз керек! Ушул көйгөйлөрдү айтып, элдин үнүн жеткирип жатам. Анан жазгы талаа иштери, солярка маселеси менен кайрылышты. Баарын тийешелүү жерге жеткирүүгө аракет кылып жатам.
Мен бир нерсени белгилей кетсем, бу жолку шайлоодо «аралаш шайлоо системасы» жакты. Ошонун негизинде эл каалаган депутатын шайлап алды. Адаттагыдай мектептерде басым, кысым болгон жок. 54 партия ичинен да каалаган депутатына добуш беришти. Мурда байлардын акчасы же бийликтин партиясы үстөмдүк кылып кетчү. Анан партияларда бештик, ондук деген орундар бар болчу, алдыга туруу үчүн, ал эле эмес партияга кирүү үчүн да акча бергендери чындык да. Мисалы мен «Ишеним» партиясына келгенде, 54-номур калды дешти, ал шайлоого катышчу талапкерлердин эң акыркы номуру экен, мейли деп ошол катарда шайлоого бардым. Элдин колдоосу, Кудайдын буйругу менен эл өкүлү болуп отурам…
— Легендарлуу парламентте учурунда күчтүү депутаттар болгонун билесиң да. Сен кайсы депутатты жактырчу элең?
— Ал чындык, агезде күчтүү, билимдүү, мыкты депутаттар көп болчу. Алардын бири Ишенбай Кадырбеков. Ушул саясатчыны баалайм, урматтайм. Анын сөздөрүн угуп, кеңеш-кептерин жүрөгүмдөн өткөрүп кабыл алам. Кайсы бир жерге барып сүйлөп калса, кунт коюп угам. Социалдык тармактарга жарыяланган ой-пикирлерин сөзсүз окуйм. Дооронбек Садырбаев агабыздын сөздөрү да, ырлары да күчтүү, ачуу чындыкты аянбай, тайманбай айткан өрт адам эле…
— Дооронбек Садырбаевдин ырлары деп калдың, поэзия, дегеле адабият менен ымалаң кандай?
— Жазганга шыгым жок, бирок жакшы жазылган ырлардан, сөздөрдөн эргүү алам. Байдылда Сарногоев, Мидин Алыбаевдин ырларын жактырып окучумун. Силердин сайт уюштуруп жаткан ыр окуу эстафетасын колдоп чыкканым да ошондон. Мен эстафетаны узаткан Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулайманов — азыр ушул эки акындын да ырлары жагат. Анан сиздин байыңыз Эрнис Асек уулунун ырлары жакты. «Каалга» аттуу ыр китебин окуп чыктым. Жубайым, сиздин адашыңыз Назира да окуп чыгып, экөөбүз ар бир ырынын түпкүрүндө өзүнчө философия, өзүнчө маңыз жатканын сөз кылдык…
— Менин адашым Назиранын обон жаратарын акын эжебиз Гүлбүбү Байбугуева ырынан улам билип калдым. “Өмүрлүк жарыма« аттуу ырына обон жазган турбайбы. Обон жаратса, ыр да жазса керек да?
— Назира чыгармачылыкка өтө жакын. Ооба, ыр жазат, обон жаратып калат. Роза Шакирова, Лира Райымбекова жана башка ырчыларыбызга ыр жазып берип жүрөт. Чыгармачыл адамдар менен байланышы бар.
— «Жары жакшы чыкса, азаматтын көөнү бийиктейт» дейт, кызматтан кызматка көтөрүлүп жатканыңа деле жөн турмуштун көйнгөйлөрүн тейлеген келинчегиң Назиранын салымы чоң болсо керек? Мындай жарды кайдан таап алдың эле?
— Аныңыз туура, жарың жакшы болсо ишиң жүрөт. Кулак, мээңди жеп, күндө уруш-талаш болуп турса, кайдан өсөсүң? «Уруш чыккан жерден кут качарын» экөөбүз тең жакшы түшүнөбүз… (Күлүп) А Назираны ал студент, мен студент кезде ушул Бишкектен эле таап алгам. Буйрук экен, байкемдин досунун үйүнө барып калып, бир кыз менен таанышсам, ал агамдын ошол досунун балдызы экен, буйрук экен, кийин баш кошуп калдык. Жерлиги Нарындын кызы, тагырагы, мен Жумгалга күйөө баламын. Кайын атам 80 жашка чукулдап калды, кудайга шүгүр, абдан тың…
— Канча уул-кыздын ата-энеси болдуңар?
— Төрт — үч кыз, бир уулубуз бар. Кудайга шүгүр, тартиптүү, адептүү балдарыбыз. Алардын сабагы менен алышкан да, аларды билимге жетелеп жаткан да Назира. Балдарга каралап өз кесиби менен эки жылдай гана иштеди. Назира мектепте жакшы окуптур. Мен да жакшы окудум, староста болчумун. (Күлүп) Мактоо баракчаларым ушул күнгө чейин сакталуу турат, кез-кез балдарыма көрсөтүп мактанып калам. Балдарым да жакшы окуйт. Кем-карчы, билим жагынан балдарымды кем кылган жокмун, шаардагы болгон ийрим, курстун баарына катыштырдым жана катыштыруудамын.
— Соткага азгырылышпайбы балдарың? Сотка азыр балдардын аң-сезимин өлтүрүп жатат деген пикирдемин, сенчи?
— Эми сотканын ичинде эмне гана жок. Жөн функциялардан татаалына чейин бар, интернет, түркүн тиркемелер… пайдалуусу да, пайдасызы да бар. Балдар пайдалуусуна ыктап, пайдалуу жакка керектешсе, абдан жакшы. Бирок, тилекке каршы, басымдуусу пайдасыз нерсени көп көрүшөт… Алаксып сабактарынан начарлап жатышат, мугалимди угушпайт. Айрым балдар мугалимдер көтөрбөгөн өтө кымбат сотканы көтөрүшөт. Андайга азыр ата-энелер деле макул. Баланы кымбатка көндүрүп кереги жок. Анан сабакка кирээрде сотканы мугалим алып коюп, сабак аяктаганда берип турса жакшы болмок. Акыры ал тартипке деле көнүшмөк. Бирок, азыркы балдар соткадан ажыраса, жашоодогу акыркы нерсесинен ажырап жаткандай сезишет. Андайга ата-эне да каршы эмес, «Апасы болушчаактын баласы ыйлаак» деген азыр накта болуп жатат…Биз мектептен мугалимден тил уксак, таяк жесек, ата-энебиз болушчу эмес, мектепке жетип барып, мугалим менен талашып, такташып урушчу эмес. Тескерисинче, үйдөн жемелеп урушуп коюшчу. Мугалимди сыйлап-урматтаганды ата-энебиз кошо үйрөтүшчү. Ошондуктан, биринчи тарбия ата-энеден деп билем. Мектепке, окууга, мугалимдерге болгон сый, туура мамиле үйдөн башталат, мектеп ошол тарбияны бекемдеп, билим берет.
Биз балдардын соткаларын «алгач сабагыңарды аткаргыла!» деп үйдөн да алып коебуз. Тамак ичип жатканда да чукулап кармашпайт. Балдарың менен баарлашканда да алардын муктаждыгын, ой-максатын билесиң. Мен супер тарбиялоонун рецебин таап алдым дебейм, бирок, биз, ата-энелер жардамга келбесек, ушинтип бир калыпка салып тарбиялабасак, мектептин алы-күчү жетпей баратат азыр. Бир нерсе болсо, тарта салган адат пайда болду. Жарым-жартылай тартылган тасмалар чыгып жатат. Мугалимдер уруш угуп эле жатышат. Каяшаны балдар азыр кадимки оокатындай көрүп алды. Сый-урмат ушинтип улам кемий берсе, бара-бара кандай балдар чыгат мектептен?! Илимий-техникалык жетишкендиктердин турмушубузду жеңилдеткен менен, бир учурдагы көп жакшы нерселер дефицит болуп баратат. үй менен байланышабыз деп, почтага барчубуз, кат жазчубуз, сагынышып көрүшчүбүз… Азыр, көргүң келеби, видеочалуу бар, телефондон эле жазышасың, чалышасың. Азыр ата-энелер балдары менен жарыша телефон чукуп жатышат, балдары эмне менен алек, “кийинтип атам, ичинтип атам, дагы не керек” деген кайдыгерлер да жок эмес. Кичинекей баласын алаксытуудан эринип, сотка карматып коюшат… Балдардын аң-сезимин кичинесинен китепке байлаш керек деп ойлойм. Биздин үйдө чакан китепкана бар. Келинчегим китепке абдан жакын, чет жактын да, өзүбүздүн да акын-жазуучулардын китебин окуган, дале окуп жатат. Ошондон балдарыбыз да китепке жакын. Балдарыбыз окубаган китеп жок, баарын окушту, ошого сүйүнөм…
— «Өзүңдү өзгөртүү менен дүйнөнү өзгөрт» деп коюшат. Кандай ойлойсуң, дүйнө бизди өзгөрттүбү же биз дүйнөнүбү?
— Эмне өзгөрдү, адамбы же заманбы дегендей, азыр өзгөрмөлүү учур көп болуп жатат. Дүйнөдө эмне деген гана нерсе жок, ошондой болом деген менен эле адамдар алектенүүдө… Бардык нерсе нысапта го дейм…
— Жаштардан баштап айрым депутаттарга чейин казинолорго барышары чындык. Учурда «казино ачылсын-ачылбасын» деген талашта… Бул маселе парламентте да көтөрүлдү. Сен казинонун ачылышына каршысыңбы же колдойсуңбу?
— Албетте, каршымын! Эми бул азырынча сунуш да… Парламентте биринчи окуудан өткөрүп беришиптир, анда мен катышкан эмесмин. Экинчи, үчүнчү окуудан өтпөйт го деп ойлойм. Себеби, эл каршы, аны депутаттар да көрүп, байкап жатышат. Эл өкүлү болгондон кийин эл пикирин сыйлаш керек! «Эл менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» деген кеп бекер айтылган эмес…
— Дагы бир маселе социалдык тармактарда катуу талкууланды, каршы көп. Ал 12 жылдык окуу. Тагырагы, Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев «дүйнөлүк стандарт» деп биздин орто билим берүү системабызды 12 жылдык окууга ылайыктаган аракетти баштады. Буга сенин оюң кандай?
— Мен дагы каршымын. «Кыргызстанда балдар эми милдеттүү түрдө 1-класска 6 жаштан баштап барат, нулевой деген мектепке даярдоочу класстар деген жоюлат, бала жылдан утулбайт» дегендей ой айтканын социалдык тармактарда жазылгандардан окуп калдым. Менимче, баланы 6 жаштан мектепке берип, 12 класс окутканча, мектептерди көбөйтүү керек. Жетиштүү болгудай курушубуз керек. Мына, Бишкектин тегерек-четинде эле 47 конуш бар. Мектептер жетишпейт, бир класста 45 окуучу, бир партада 3-4төн отурушат экен. Окуу куралдары да жетишпейт. Бул көрүнүштөр шаар ичиндеги мектептерде да бар. Биринчи балдарга бардык шарттарды түзүп берип, анан дүйнөлүк стандартты ойлонушубуз керек. 6 жаштан окутууга милдеттендирген туура эмес. Бул барып-барып ата-энеге эле күч келет. Анткени алар балдарын мектепке 5 жашынан даярдап жатышат, окутуп, үйрөтүп… Ошондо 5 жашынан билимге кирген бала 12-класска чейин тажап кетет да… Бул эми менин жеке пикирим.
— Быйылкы окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталып, акыркы коңгуроо 9-июнда кагылганы турат. Бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилегиң…
— Урматтуу бүтүрүүчүлөр, мына жакында мектеп уясынан учканы турасыңар. Алдыда экзамендер турат, аларды ийгиликтүү тапшырып алгыла! Жалпы республикалык тестирлөө да ийгиликтүү болсун. Анан кыйналуусуз каалаган кесипке ээ болуп, зылкар Чыңгыз Айтматов агабыз айткандай, «күндө адам болууну» унутпагыла!
Маектешкен Назира СААЛИЕВА
One thought on “МАЕК – Руслан ЖАКЫШОВ: «Урматтуу бүтүрүүчүлөр, айтылуу Айтматов айткандай, «күндө адам болууну» унутпагыла!»”