Бүгүнкү күндө Кыргызстанда америкалык валютаны (доллар) расмий түрдө сатып алуу дээрлик мүмкүн эмес. Банктар түрдүү чектөөлөрдү киргизүүдө: алсак, айрымдары бир кишиге 100 доллардан ашык сатуудан баш тартууда.
Акча алмаштыруу жайларында АКШ валютасы дээрлик жок болууда. Мындан улам өлкөдө көмүскө валюта базары пайда болду: долларлар атайын телеграм-каналдар аркылуу банктар менен акча алмаштыруу жайларындагыдан кыйла кымбатыраак баада сатылууда.
Расмий акча алмаштыруу жайларынын өкүлдөрү мындай телеграм-каналдарда «ири өлчөмдөгү акча айланып жатканын» билдирип, аларга каршы Улуттук банкка жана Ички иштер министрлигине арыз жазышканын билдирүүдө.
«Лицензиясыз акча алмаштыруу жайлар, акча алмаштырган адамдар курсту жогорулатып же ылдыйлаткан кээ бир Телеграм-каналдар пайда болду азыр. Лицензиясыз акча алмаштырып жаткан фактылар дагы жок эмес. Биз «ошондой телеграм каналдар, акча-каражатын мыйзамсыз айландыруу боюнча чара көрүңүздөр» деп кат менен Улуттук банк менен ИИМге кайрылганбыз. Мисалы, ошол эле Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде, же «Дордойдо» «бул жакта доллар жок экен, чектөө менен сатып жатыптыр, арзаныраак экен же кымбатыраак» деп бири-бири менен сүйлөшүп алып, доллар алып-сатуу соодаларын жүргүзүү фактылары бар болчу. Ошонун негизинде Улуттук банк менен ИИМ биргеликте 5-6 күндүк рейд өткөргөн. Тилекке каршы, аз эле факты чыкты. Бирок, жок эмес», – деди Кыргызстандын акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов.
Улуттук банк да лицензиясы жок «көмүскө акча алмаштыруу» мыйзамсыз экенин билдирүүдө. «Акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүп жаткан айрым адамдардын, анын ичинде телеграм-каналдардын ишмердүүлүгүн текшерүү тууралуу укук коргоо органдарына каттар жөнөтүлдү. Учурда бул маселе каралып жатат жана тиешелүү чечимдер кабыл алынат», – деп билдиришти мекемеден.
Акча алмаштыруу жайларынын өкүлдөрү көмүскө валюта базарынын пайда болушуна Улуттук банктын аракеттери себеп болгонун билдирип жатышат. Алардын айтымында, каржы көзөмөл мекемеси акча алмаштыруу жайларына банктар менен бир күндүн ичинде айлануудагы акчасынан ашпаган суммада гана валюталык операция жүргүзүүгө уруксат берип койгон.
Финансы жаатындагы адистер учурда Кыргызстанда доллардын чоң тартышты бар экенин билдирүүдө – алар массалык түрдө чет өлкөлөргө, көбүнчө Орусияга чыгарылып кетүүдө.
«Расмий бизнес үчүн иштөө оор болууда, чыгашалары, жоготуулары көп. Бул адамдарга да ыңгайсыз. Экономиканын бир бөлүгү көмүскөгө кетиши мүмкүн. Азыр биздин өкмөт бардыгы ачык болсун, накталай акча колдонбостон банктардын кызматын пайдалансын деп экономиканы көмүскөдөн чыгарууну каалап жатпайбы. Көмүскө базар болгондо ачыктык аз болот», – деди финансист Арсланбек Кененбаев.
Жыйынтыгында Кыргызстанда чет өлкөлүк валютанын төрт алмаштыруу курсу пайда болду. Биринчиси накталай эмес конвертация, экинчиси накталай валюта сатуудагы банктын курсу, үчүнчүсү акча алмаштыруу жайларынын курсу жана төртүнчүсү көмүскө базардагы курс.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы