ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулу: «Уктап калба, бир боорум!»

ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулу: «Уктап калба, бир боорум!»

«Тирүүлүктүн өзү чоң майрам»

Бүгүн,  7-ноябрь журналисттердин майрамы. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен президент баш болуп куттуктап, сыйлыктарын тапшырышты. Кесиптештерибиз бири-бирин куттуктап, алган сыйлыктарын социалдык тармактарга жарыялап жатышат. Сыйлыгыңар кут болсун! Майрамыңар менен! Жолдошум Эрнис айткандай, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам».

Журналисттердин майрамы менен катар 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Бүгүн кесиптик майрамыбыз менен катар тарых күнү болгондон кийин, тарыхый күндөрдү, тарыхый инсандарды эстейт экенсиң. Тарыхый инсандарды «Жаштык  жарчысы», «Ленинчил жаш», «Асаба», «Агым» гезитттеринен окуп калдык эле. Аны менен катар жашоого из калтырып кеткен мыкты журналисттерди таанып, билип калдык. Алардын бири — Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулу. Эртеден бери ага-ининин сүрөттөрүн барактап, видеолорун көрүп, көзгө жаш тегерене жазгандарын окуп, моокум канбай отурам… айткандарында калет жок…

Записки от скуки

Канаттар

«Налет наивности никогда меня не покидает. Именно она защищает меня».(Антонио Поркья)

Азыр «Асабанын» шоопурлары олтурган бөлмөдөмүн. Мурда президенттикке талапкер Мелис Эшимкановдун штабы болчу. Жайнаган, кайнаган эл келээр эле. Ызы-чуунун, талаш-тартыштын, ар кыл сунуштардын, идеялардын майданы эле. Эми тынч. Аябай тынч бөлмө. Бөлмө эмес, кабинет. Дүйнөнүн ызы-чуусунан качсаң ушул кабинетке кире качсаң болот. «Асабачылар» кээде кире качышат. Адеттегидей жалгыз олтургам. Эл түштөнүп жүрөт. Мен «Московский комсомолецтин» кроссворду менен түштөнүп жаткам. Суроосу эмне эле? «По вертикали: 2.Лечащий совет.» Кеңеш бергенди билбеген жаным таппай олтургам. Шарт кирип келди. Элүүдөн өтүп калган киши экен. «Мелистин иниси Эрнис Асек уулу деген сен болосуңбу?» дейт. «Анда сенде сөз бар» дейт. «92-жылы «Асабага» Индиянын «Кубаныч илими» деген окуусун ыр түрүндө кыргызча которуп басыпсың. Туурабы?» дейт. Анан эле өзү жөнүндө, Аурибиндо жөнүндө, йога жөнүндө, Садыбакасов жөнүндө, акыйкат жөнүндө узун кеп куруп кирди. Сөз арасында «өзүң билесиң» деп коет. Ал «өзүң билесиң» деген сайын, ичимен «билбейм» деп коем. Анан оюм онго, санаам санга бөлүндү. Ал сүйлөп жатат. Кыргызда ушундай адамдар өтө-өтө көп экенин, алар жалгыздап жарыкты айланган көпөлөктөр экенин, бир күнү отко күйүп кетерин ойлойм. Ал сүйлөп жатат. Оюм онго… «Кой, убактыңды албайын» дейт. «Мен сага кубаныч илиминдей окууларды алып келип турайын. Сен которуп, гезитиңе басып турбайсыңбы» дейт. «Эй, бул кыргыздарга аябай керек да» дейт. «Өзүң билесиң да» дейт. Баеолугумду карасаң, «А эмнеге кыргыздарга керек?» деп жибериптирмин. Суу бүрккөндөй эле болду. «Кечир» деди. Ордунан тура калды да, кандай келсе, шарт ошондой чыгып кетти. Кайрадан жымжырттык, кроссворд үчөөбүз калдык. Аты-жөнүн да сурабапмын.

Аты-жөнүн сурабаган кишиден суранарым, кечирип коюңуз. Канатыңыз күйбөсө экен…

Эрнис АСЕК уулу, 2000-жыл

ЖАҢЫ КҮН

Чоң апам: «Бир жаман жоругуң миң жакшы жагыңды жууп кетет. Ошондуктан кыргыз «жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста» деп айтат» деп калчу. Ойлоп көрсөм, кичинекейимен эле чоң апам чоң турмушка даярдай берчү экен. Бирок мен даяр болгонум жок. Бүдүрү болгондур, бирок даяр болалбадым. Алигүнчө ар бир жаңы күн мен үчүн жаңы жашоодой. Ар бир жаңы күнгө даяр болбой келем. Соңку кезде акылдуулар көбөйүп кетти. Акыл айткан эле киши. Жашы деле, карысы деле. Бири-бирине эле акыл айткан киши. «Бул акылды кайдан алышат?» деп калам. Тигил же бул кишиге жакшылык кылсаң, «ой, бул жакшы киши турбайбы?!» деп калышат, баарына жакшылык кылсаң, сени эч ким «жакшы киши экен» деп айтпайт. Адам баласына таңгалганым токтобой келет. «Жакшы киши» деген ким? «Жаман киши» деген ким? Жакшы-жаман киши болбойт, анткени ак-карасы жуурулушуп кеткен. Бир билгеним: жакшы – тириктин иши, жаман – өлүктүн иши. Болгону ошол…

Дагы бир жаңы күн – жаңы жашоо башталды. Жакшы боломбу, жаман боломбу?.. Кайсынысынын ишине кызмат кылайын? Сен билесиңби?.

Эрнис АСЕК уулу, 01.05.2014-жыл

Кечирим

Өз учурунда кечирим сураганды билбейт экенбиз. Бири-бирибизди көралбай, көралбагандан өлалбай, кыска жашоону ого бетер кыскартып, тытынып жүрүп өтүп кетебизби? Анан жараткандан кечирим сурап койгонубузду кантели? Кечирим өзү бычак мизиндей болот окшойт. Ошондуктан адамдар кечирим сурагандан коркушатпы деп калдым. Кечирип койгондон өткөн айкөлдүк барбы? Анан «Айкөл Манас» деп коебуз. Же тырмагына татысакчы? Кыргызстан экиге бөлүнчүдөй абалда туру. Сезген бар, сезбеген бар. Андай абалды кечирим гана сактап калаарын ойлонгон жокпуз. Ойлонбойлубу, ыя? Эртең менен караңгыны жамынып, «мыйоолоп» бир «чокчолой баатыр» чуркап өттү. Ошол «мыйоологону» жаккан жок мага. «Кыргыздар мыйоолоп калган окшойбуз» деп жибериптирмин. «Мыйоолобойлучу»! Мышык ыйлачудай заман болсо да, кечиримди унутпайлычы. Башка не дейм? Башка сөз да жок…

Эрнис АСЕК уулу, 2014-жыл

СҮРӨТТӨР ТИКТЕЙТ ДУБАЛДАН…

1981-жылы 23-октябрь жума күнү атабыз Асек Эшимканов көз жумду. Анда мен кичинекей бала. Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Төркү үйдө чоң апам экөөбүз жатчубуз. Апам диванда, мен жерде. Түнкү он бирлер болуп калган. Жаңыдан жатып жатсак эле, котологон эл кирип келди. Арасынан апам кыйкырды: «Апа, Асектен айрылдык! Асектен айрылдык!» деп…Андан бери туура отуз алты жыл өтүптүр. Атам да жок, чоң апам да жок, апам да жок, алты жылдан бери Мелис байкем да жок.

2011-жылы жазында байкем негедир атамдын өлгөн күнүн эскерип, үшкүрүнүп, ошондо апам-атама арнап аңгеме жазганын, аны «Ленинчил жаш» гезитине алпарса, чыгарбай койгонуна кейип, «Жакшы жазсам керек эле, ошону кийин таппай калбадымбы, он тогуз жаштагы жаш уландын кыйкырыгы эле да» деп калды.

Мен жылмайып, «Менде» десем, чочуп кетти. «Койсоңчу, аны кайдан катып жүрөсүң? Койчу, ишенбейм» дейт. «Чын эле менде, байке, мен билинбеген архивмин да» деп, ар кимге жазган далай каттары да менде сакталуу турганын, бир гана 20 жашында жазган киносценарийин жоготуп алганымды айтсам, мени бооруна кысып,«Мага окутчу» деди. «Үйгө барып, сары чемоданды аңтарыш керек» дедим. «Анда бир күнү алып келесиң да» деп койду. Тилекке каршы, окутканга үлгүрбөдүм. Байкем атамды өзгөчө жакшы көрөр эле. Бир жолу атамдын жаш кезиндеги чоң сүрөтүн көтөрүп барсам, кабинетине маңдайына коюп алды. Компьютерден башын көтөрүп, атакемдин сүрөтүн карап олтурганын акыркы күндөрү көп байкадым. Атабыз 43 жашында кетти эле, өзү 49 жашында кетти.

Эрнис АСЕК уулу, 15.09.2017-жыл

Бакыт

Бак сугарып жатам. Сүйүнүп жатам. (Табийгаттан алыстап кеткениме күйүнүп жатам). Чоң апам айтты эле: “Бак сугарганга бак берет” деп. Түшүнчү эмесмин. Кичинекей баламын да. Чоң апам сүйлөп-сүйлөп алып, “Чоңойгондо түшүнөсүң!” деп кекиртегимден жыттап койчу. “Чоңойгондо” деп манчыркап мен калам. Бирок чоңойбой койдум. Дене карыса да, жандилим бала бойдон калды. “Бак сугарганга бак берет!” Кандай сөз? Көчмөндөрдүн көөнө сөзү. “А бак деген эмне?” десем, “Бакыт” дейт. “А бакыт деген эмне?” десем, “Өткөргөн өмүрүңө өкүнбөгөнүң” дейт. “Өкүнбөгөн деген эмне?” дейм? “А-аа, балам, чоңойгондо түшүнөсүң” дейт. Же мен чоңойбой койдум. Түшүнбөй калат окшойм да. Анан кайра чолок мээм менен ойлоп коем: “Түшүнгөнүң бакыт окшойт” деп. Түшүнбөгөндөр түшүнбөй бактысыз өтүп кетет окшобойбу. Түшүнүү укмуш экен, эй! Бакыт укмуш экен. Күн ысыкы, абдан көлөкө экен. Элиңди, жериңди түшүнсөң (койнуңдагы эриңди түшүнсөң), анан өкүнбөй жашасаң, ошол бакыт экен да. “Экен” деп калдык. “Экен” деп Ээсиз калдык. Аңгырап эле турубуз. Асманыбыз деле ачык. Болгону түшүнбөйт окшойбуз. Ажоң баш болуп, алжыган чалың каш болуп түшүнбөйт экенбиз. А түшүнүү – бакыт экен. Келгиле, түшүнүп, бактылуу болобуз! “Бир жетеней айтты эле” дейсиңер…

Эрнис АСЕК уулу, 2015-жыл

Уктап калба!

Ой басканда сыртка атып чыктым. Ой жөн баспайт да. Өсүп турган өсүмдүк, чөп, гүл, дарактар алаксытабы дейм. Тоо томкоргондой, ой омкоргондой ойлор басып турганда сыртка чыктым десем болот. Жаман чарпаябыз бар. Чарпаяга барып жаттым. Кайра эле тоо томкорулуп, ой омкорулуп жатты. “Ушундай да болобу?” деп жатсам, аяр аялым (“аяр” деген кандай алтын сөз, ошондой аялдар эле болсо) келип, “Уктап калба!” деди. Укмуш сөз болду. Ушундай  кыргыздын алтын сөздөрүнө маани беребизби, же шылдыңдайбызбы? Ал ыкыбалыңда. Менин айтайын дегеним… Айтчу эмес элем… Кыргыздын азабы эмнеде? Уйкуда. Уйку таттуу да. Таттууну жакшы көргөн элбиз. Уктап калсаң, бүт унутта калат. ”Уктап калба!” дегенди укпайбыз. Уктап калганда, иш калат, тиш калат, кадалган көз калат, айтылбай калган сөз калат, кыскасы, баары калат. Мас болгондой эле. Кыргыздын өнүкпөгөнү да ошондон. Ушундай жөнөкөй нерседен. Жөнөкөйгө маани бербейбиз да. Жанбашка тээп ойготчу Конфуций жок кашайып. “Кыргызым, ойгон!” деп ураа-патриоттор кыйкырат. Өздөрү уктап жатканы менен иштери жок. Түшүнбөстүк да.

Чын эле чарчайсың. Чачырайсың. Высоцкийдей кыйкыргың келет тим эле. Анан Джо Дассенденй мээлүүн болгуң келет. Келет, келет, бирок келгениң аткарылбайт турбайбы. Анан уктап каласың. Уктап калып, баарынан каласың. Жашоо каратып туруп өзгөрүп жатат, заман өзгөрүп жатат, аалам аласалып жатат. Ушундай учурда уктап калба, бир боорум! Айтор, уктабачы!

Эрнис АСЕК уулу, 2015-жыл

9-ДЕКАБРЬ

Жыл сайын бул күн СМС жөнөтүү менен башталар эле. Анткени, 9-декабрь – ага ордуна ага, ата ордуна ата, дос ордуна дос болгон жалгыз адамым – Мелис Эшимкановдун туулган күнү. Сөгүлүп олтурам, төгүлүп олтурам… эч калыпка түшалбай койдум. Гезит-телелер интервью сурашат. «Агаң жөнүндө сен айтпаганда, ким айтат?» дешет. Мен жылуу-жумшак баш тартам. Агам үчүн жасай турган эмгек алдыда…

Экөөбүз көп деле сүйлөшчү эмеспиз. Бири-бирибизди далыбыз менен түшүнчүбүз. Сөздүн да кереги жок эле. «Кандай, старик?» дейт. «Жакшы» дейм. Болду, бири-бирибизди түшүнгөн болобуз. «Сага бир тапшырма бар» деп калат. «Сизге да бир тапшырма бар» деп калам. Бир ачылганда, сөз бербей бажылдап калабыз. Ата сөзүн да, ага сөзүн да, дос сөзүн да айтат…

Агам баскан бактарды аралап келем. Бул жол менен үн-сөзсүз экөөбүз далай бастык. Бир күнү сейилдеп келатсак, августтун аягында болсо керек, «Эрнис, Тибеттин «Книга мертвых» дегенин окудуң беле?» деп калды. «Ооба» дедим. «Мен түшүнбөй койдум. Сага кандай таасир берди?» деди. «Ой, байке, аны эмне кыласыз? Аны түшүнүш үчүн даярдык керек. Сиз даяр эмессиз да» дедим тийишип. «Мухтар өлгөндөн бери өлүм жөнүндө көп ойлончу болдум. Анан Истинаны ойлойм. Качан өтөм, билбейм. Мага бир жыл жетет эле» дедиңиз. Унчукпадым. Кайрадан үнсүз басып жөнөдүк.

Байкем жөнүндө айта турган сөз оголе көп. Балалык кез, жаштык учур, ата-эне, кудай, кино, футбол, журналистика, саясат, жандүйнө, кыздар, кыргыздар, өлүм, өмүр, Истина ж.б.у.с. деги койчу, эмне жөнүндө гана сүйлөшчү эмес элек. Анын баары китепке жазылар. Менден эч нерсе жашырчу эмес. Билгенимдин баарын окурман журтчулугуна тартууларым бардыр. Мени өзгөчө жакшы көрчү. «Карачечекей иним» деп эч нерсе да аячу эмес эле. Азыр эч нерсе жазалбай турам. Калыпка түшалбай койдум…

Студент кезинде жазган новеллаларын таап алдым. Жыргап окудум, куунап окудум. Саясат менен чарпылбаса, гениалдуу жазуучу болмок экен. Болбой калды…

9-декабрь. Эми СМС жазайын…

Аска элең бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да элең өсүп турган…

Эрнис АСЕК уулу,

9-декабрь, 2011-жыл, «Учур»

Мыкты журналисттер эскерилет…

«Атам да жок, чоң апам да жок, апам да жок, Мелис байкем да жок» деп асыл адамдарын эскерип жазып жүргөн Эрнисим да жок. 2 жыл 10 ай 7 күндөн бери ыр китеби «КААЛГАсында», эскерүүлөрдө жашап келет.

Мыкты саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан кайын агам Мелис Эшимкановдон ажыраганыбызга 11 жыл болуптур. Көзү тирүү болгондо 9-декабрда 60 жашка толмок. Дал ушул күнү эскерели деп турабыз…

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп Эрнисим «Башат» ырында жазгандай, алар бар, биздин эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт.

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.