«Эркин-Тоо» гезитинин журналисти, акын Афина Бакирова Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, ардактуу профессор Султан Раев менен кызыктуу маек курганын 28-февралда сайтыбызга жарыялаганбыз. Ошондон бери маектин уландысын сурап жаттыңыздар эле, урматтуу окурманым, мынакей, алдыңыздарда…
Султан РАЕВ: “Мен дүйнөнү да, адамды да таанып билдим деген күнү өз жаназаңды өзүң окуйсуң”
— Сиз кол бошобой турган жооптуу кызматтарда иштеп жатып, ушундай чыгармаларды жазганга кантип жетиштиңиз?
— Кызык суроо. Кеп кызматта эмес деп айтар элем. Туура чоң-чоң кызматтарда иштедим. Бирок чыгармачылыкка келгенде өзгөчө “режимим” бар. Чыгарманы күн болобу, түн болобу оболу мээмде жазам. Мен үчүн убакыт, мейкиндик деген түшүнүк жоголот. Бир жылдары эки жарым жылдай ишсиз үйдө отуруп калдым. Чындыгын айтайын, ушу аралыкта бир дагы чыгарма жазганым жок. Убактым китеп окуганга гана кетти. Дүйнөлүк классиктерден тартып, азыркы жазуучулардын чыгармаларына чейин окудум. Тек гана окудум. Эки сап чыгарма жазбадым.
Ал эми окурмандар кеңири билген аңгемелерими, “Жанжаза”, “Топон” романымды, “Кашаба” повестимди, драмаларды сиз айткан “жооптуу кызматтарда” жүрүп жаздым. “Чоң кызматта жүрсө чыгармачылыкка кайдан убакыт табат?” деген суроолор да болгон. Биринчиден, ага кудай берген түн бар, экинчиден, мен баягы “чымын ызылдап” келгенде, б.а. илхам келгенде гана жазам. Келбесе бир да сөз жазалбайм. “Жазышым керек” деп, өзүмдү да кыйнабайм. Чыгарма жазып жатканда аңгеме же роман болобу ошонун гана меридианында жашайм…
— “Пусу” аттуу аңгемелер жыйнагыңызда “Профессор, Шукшин, Манас” деген аңгемеңизде Ирсалат “Манас” эпосун түшүнбөйт, бирок Шукшинди билет. Ал эми каармандарыңыздын көбү билимдүү алар Пушкинди, Оскар Уайльдды, Гогенди билишет. Сиз эмне себептен ушундай интеллектуалдык деңгээли бийик каармандардын образын түзөсүз? Жашооңузда дагы билимдүү адамдар сиздин сүйүктүүлөрүңүзбү?
— Туура, ушундай жери бар. “Манасты” түшүнбөйт, профессордун суроолоруна жооп бере албайт, бирок ал экзамендин эртеси көз жарып жатпайбы?.. Уул төрөйт. Айылдан келген кайненеси небересине “Манас” деген атты коюп, аңгеменин аягында төрөткана алдында келинине: “Манас атасынын тукуму, айнанайын! Манас атасынын тукуму!” деп кыйкырып атыры. Аңгеменин өзөгү — келин эпосту билбесе да, канында Манастын генетикалык коду бар да, акыры Манасты төрөп жатпайбы? Аңгемедеги Ирсалаттай эле кыргыздын карапайым аялы бир кезде улуу Манасты төрөгөн, жөнөкөй кыргыз аялы улуулукту төрөгөн…Кыскасы, аңгеменин уюк-идеясы ушунда жатат…
Сурооңуздун экинчи жарымы интеллектуал адамдар, б.а. азыркы типтеги каармандар, социум жөнүндө… “Пусу” аңгемелер жыйнагымдагы чыгармаларды экиге бөлдүм. Биринчиси “Шаар аңгемелери”, экинчиси “Элет аңгемелери”. Билесизби?.. Кыргыз улут адабиятында “шаар адабияты” жокко эсе, башка өнүккөн өлкөлөр адабиятында ушундай түшүнүк бар. Улуттук адабиятыбыз көбүнесе “маргиналдык” адабият. Башкача айтканда, адабий каармандардын бир буту шаарда, экинчиси айылда. Нукура шаар адабияты жокко эсе.
Шаар – бу өзгөчө мегаполис гана эмес, ал биринчи кезекте заманбап көз караштардын руханий уюткусу, адеп-ахлагы, маданияты, чөйрөсү, философиясы. Адабиятыбыздагы бу тенденция эмнени көрсөтөт. Бизде улуттук шаар катмары али да калыптана элек, шаарда жашаганыбыз менен шаардык боло албай жүрөбүз. Ал психологиябыздан, ойлоо маданиятыбыздан, турмуш-тиричилигибизден, турмуштук нормабыздан, кредобуздан да байкалат. Шаар улуттук аң-сезимдин барометри. Сиз айткан каармандардын чөйрөсү да ушул аракеттердин карлыгачы деп билемин. Мен өзүм нукура “маргиналмын.” Бирок улут адабиятында “шаар адабияты” деген түшүнүк да орун алышы керек. Шаардын психологиясы адабияттын негизги предмети боло турган учур да келет деген ниеттемин…
— Белгилүү прозаик-жазуучунун “Антистандарт” аттуу ыр жыйнак чыгарганынын себеби эмнеде?
— Кыргызда “жыргагандан жылкычы болуптурмунбу?” деген кеп бар го. Анын сыңарындай, менин турмушумда ушундай бир “гольфстрим агымы” кетти. Биринчиден, өзүм бир сап ыр жазып көргөн адам эмес элем, экинчиден, поэзияны сүйөм, бирок поэтикалык сап жазган эмесмин. Эки жылдай баягы “уктасам, турсам санаамда поэзия” деп айткан мисал ырлар эле мээме келип, “ыр дербиши” болуп кеттим. Акын болоюн деген ныпым ой жок. Эмнегедир поэзиянын “цунамисинде” калдым. Айтат турбайбы, “После пятидесяти человек пишет стихи в двух случаях; первое — когда он влюбился, второе — когда сошел с ума” деп. Ырды — сүйүүгө кеч, алжыганга — эрте убакытта жазып калдым. Ошонун жыйынтыгы – “Антистандарт”.
Баягы жылдары ыраматылык Алик Акималиев экөөбүз Хоперская деген чолок көчөдө квартирада жашап калдык. Ошо Алик жашаган квартирада кийин мен жашадым.”Ат оонаган жерде түк калат, акын жашаган жерде китеп калат” дегендей, ошо квартирада Аликтен испан акыны Унамунонун ыр жыйнагы калыптыр. Аликтин окубаган акыны жок эле. А мен биринчи жолу ошондо Унамунонун китебин колума алдым. Унамуно чындыгында гениалдуу акын экен. Буга чейин деле андан калышпаган генийлердин ырларын окуган элем. Бу китеп менин дүйнөмү аңтар-теңтер кылган. Ошонун эпкини канча жыл өткөндөн кийин тийдиби, айтор акын болбосом да, ыр жазганга арбады. Механикалык эмес, табигий жагдайда.
— Сиз бир жолу “Антистандарт” жөнүндө “Бул ырлар бир келген эргүүнүн таасири менен жазылган. Мындан ары мен поэзияга кайрылбашым да мүмкүн” дегенсиз. Буга “Антистандарт” жөнүндө айтылган терс маанайдагы айрым сындар да таасир этти десек болобу?
— О, Кудай ай! Ким эмне дейт? Оңбу, терспи ал анын иши. Дегинкиси, сын, сындарга жооп берген адам эмесмин. Неге “ал эле, бул эле” деген сындын жетегинде болушубуз керек?! Кайсы бир сынчынын стандартына түшпөсөм сындаса сындасын… Эмне айтмак элем?! Бали гана дейм…
“Мындан ары поэзияга кайрылбайм” деген сөздү нукура маанисинде кабыл албоо керек, себеби ар бир адам жан дүйнөсүндө акын… Бирок, анын “шайтаны качан козголот” аны эч ким билбейт, ал таптакыр эле козголбой калышы да мүмкүн… Тек гана “шайтаны козголгон” экен деп гана кабыл алып койгула, ал ыр жыйнак акын болуу ниети менен жазылган да эмес. Ар бир адамдын ой формасы бар. Аны чыгармачыл ой жүгүртүү формасынын бир ыптасы деп гана кабыл алуу керек го дейм…
— “Адабият деген окурман түшүнүгүнөн, деңгээлинен бир кадам алдыда жүрүш керек”, “Калемгер түшүнөбү же түшүнбөй калабы деп ориентрди окурманга албаш керек” деп айтканыңыз бар. Демек, татаал, бийик жазгандан коркпош керек экен да?
— Ооба! Азыр да ошол позициядамын… Адабият поп-корн эмес…
— “Азыркы доор бизге көп суроолорду коюп жатат. Ал суроолорго жооп бериш үчүн эң оболу мезгилди аңдай билишибиз керек. Мезгилди аңдоонун эң башкы принциби – өзүбүздүн жан дүйнөбүздү таануу, өзүбүздүн кимдигибизди, биз кай жерде, кайсы чекте турабыз б.а өзүбүздү-өзүбүз аңдай алган баскычка көтөрүлө алганыбызда гана мезгилдин өзүн да, мезгилдеги өзүбүздү да түшүнө алабыз” дегениңиз эсимде. Адам өзүн жакшылап тааныш үчүн эмнелерди жасашы керек?
— Дүйнөнү таанып-билбегендей эле, өзүңдү да таанып биле албайсың! Мен дүйнөнү да, өзүмдү да таанып-билдим деген күнү өз жаназаңды өзүң окуйсуң! Адам – дүйнөдөй, дүйнө – Адамдай татаал…
— Бир интервьюсунда Габриэль Гарсиа Маркестин айтканы бар: “Атак-даңк адамды жалгыздыкка кириптер кылат. Менин окурмандарым менден тартынышат. Тааныштарым болсо “Маркес ушу тапта коноктон-конокко барып, шатыра-шатман жүрөт деп ойлошот. А мен ал учурда төрт дубалдын ортосунда жалгыз олтурган болом” деген. Булар окурмандарынын пикирин угууга таңсык болушкан. Бүгүнкү күндүн калемгерлери окурмандары менен байланышкан жагынан бактылуу болсо керек? Сизге тескерисинче жалгыз калуу, жымжырттыкта ойлонуу баалуу болсо керек ушул учурларда? Же сиз дагы Маркестикиндей сезимдерге тушугасызбы?
—Жалгыздык адамдын жанкудайы… Улуу ойлор жалгыздыктын жаншериги. Буерде жашоо жалгыздыгы эмес, ой жалгыздыгын айтып жатам…
-“Суфлёр” аттуу пьесаңыз 2016-жылы Лондондогу эл аралык фестивалга чакырылып, гран-прини жеңип алган. Бул пьесаны актриса Назира Мамбетовага арнап жазганыңыз чынбы? Андай болсо, жүздөгөн актрисалардын ичинен кандай критерийлер менен Мамбетованы тандадыңыз?
—Туура. Бул пьеса атайы Назира Мамбетовага жазылган, бу анын актрисалыгына эмес, тагдырына жазылган. Анткени, бу драмада Мамбетованын өмүрү, тагдыры, триумфу жана трагедиясы бар…
— “Акылманы жок элден ырыс таят” деп айтып өттүңүз эле. Бүгүнкү күндө биздин элибиздин акылмандары кимдер? Биздин күндүн акылмандары деп кимдерди айтсак болгудай?
— “Өсөөр элдин миң баатыры, бир акылманы” болуш керек деп ойлойм… Ар бир улуттун руханий лидери болушу шарт, руханий лидери жок эл өзөгү жок элге тете. Айтматов кезегинде ошол миссияны аткара алды эле… Платон кезегинде “Дүйнөнү философтор башкарыш керек” деп айткан, бул сөздүн өтө терең мааниси бар. Акыл дүйнөнү башкарса гана, адам өнүгөт, ошол акылды алып жүрүүчүлөр гана чыныгы улуттун лидерлери, кыргызча айтканда көсөмү боло алат… Ал эми көсөмү көп коомдо, биринчиден псевдокөсөмдөр көбөйөт, мындай өлкөдө таптакыр өнүгүү болбойт, хаос гана болот…
— Раевди Раев кылган сыр эмнеде деп ойлойсуз?
— Раевде…
Маектешкен Афина БАКИРОВА