Жүрөк канаткан — «Күүгүмдөгү күү»…
«Ыр өмүр» поэзия-муза кечесинде (14-майда) белекке алган (көпчүлүк окурмандардын суроосу менен кайрадан жарык көргөн Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекованын) «Күүгүмдөгү күү» аттуу китебин окуп чыктым. Алымча-кошумча болуптур… Бул китеп алгач 1998-жылы жарык көргөн. Ошондон бери жолдошум Эрнис (Асек уулу) китеп текчесинде сактап жүрүптүр. 2013-жылы мага берген, окуп, айрым ырларына ыйлап калдым эле…
Сагын эженин ырларын Эрнис жатка билчү… жөө басып (жөө басканды аябай жакшы көрчү) жүргөндө биздин жана дүйнөлүк акын-жазуучулардын тагдырын, чыгармасынан айтып берчү….
Жаз келгенде эле Сагын эженин ушул ырын айтып калчу:
«Жаз келип калганбы дейм, кары коӊшум,
Кат келип калганына караганда.
Мени эстээр адамдардын бардыгынан
Түӊүлүп бүткөн маалда.
“Саламат жүрүсүӊбү, курбум” – деген
Көнүмүш сөздөр менен башталса да
“Саламат калгын” – деген
Бүтсө да сөздөр менен…
Жаз келип калган окшойт, кары коӊшум,
Кат келип калганын караганда». «Чилилик акын Пабло Неруданын жаз тууралуу ушул ырын Сагын эже жакшы которгон», -деп, Неруда акындын тагдырын, чыгармачылыгын айтып берээр эле…
Анан «Жазгы дептерден» деген Сагын эженин ырындагы ушул ыры укмуш эми» деп ушул ырды айтканда, көзүмө жаш тегеренип кетчү… Анткени сүйгөнүнөн ажыраган аялды аячумун… Азыр болсо өзүмдүн абалым так ушундай:
«Ушул эки кичинекей алсыз кол,
Күйөөсүнүн көйнөктөрүн жуучу эле,
Сылачу эле маӊдайын.
Жасачу эле тамактарын каалаган.
Ушул колдор ишсиз калды.
…Эки колум боорума алып,
Турамын кыймыл этпей,
Үй ичинде.
**
Жатканда кошо жатып,
Турганда кошо туруп.
Бакыт деген
Жаныӊда эле жүрөт окшойт,
Бирок аны байкабайсыӊ.
Байкамаксан болосуӊ,
Байкасаӊ да.
Акыры бакыт сага таарынат да,
Кетип калат.
Түбөлүк кетет сенден.
Ай кайрылбайт.
Ал сенин апаӊ эмес кыйын күндө,
Ар дайым колун сунуп, жардам кылган.
Эч нерсе албай сенден
Акысына.
Ал сенин атаӊ эмес.
Ушул ырларды окуп алып, жүрөк тилинди… Жатка айтчу эле да, кайран гана, Эрнисим!!
Өлүм чындык, өӊгө жалган!
Дагы тактап билгизди.
Жалган дүйнө.
Өлдү бүгүн,
Өлдү кымбат бир кишим.
Терек. Көчө. Бараткандар…
Тегерете карадым.
Сөзү мына, барактарда,
Өзүн кайдан табамын?
Каш-кабагы, сөөлөт, сүрү,
Канга, бекке теӊ эле эй!
Кайберендей кайран бирөө,
Кайдан эми көрөм эй.
Көксөп дуулап, булут көчкөн
Көл, дайрасы толушкан.
Жер үстүнөн кездештирбейм,
Көк астынан жолукпайм.
Кимге барам, кимге айтамын
Бөлүшкүн деп кайгымы
Кандай ачуу жалындарыӊ,
Ой айрылуу, айрылуу!
Сагын АКМАТБЕКОВА. 6.06.94
«Ыр өмүр» деген ушу да…
Ырды ыйлата, сыздата жазган кыргыз эл сыймыгы Сагын эжем төрт күн мурун өткөн «Ыр өмүр» поэзия-муза кечесине катышты. Эже сахнага чыкканда эле эл аябай кол чабышты… Ушунчалык сагынып калыппыз… 3 ырын окуду да, ошо бойдон сахнага чыккан жок. «Аз эле окуп калды» деп ырларын укканга моокум канбай калды, чынында. А бирок, «Күүгүмдөгү күү» китебинин белек алып, моокум кана, кайра-кайра окуп атабыз! Ушундай мыкты китепти белек кылган, тематикалык да, композициялык да жагын мыкты ойлонуштурулуп, жогорку деңгээлде, биргеликте уюштурган Жазуучулар союзу, Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачылык борбору, “Сонун го” китеп дүкөнүнө терең ыраазычылык!
Көрүүчүлөрдүн мактоо, алкоосуна татыган иш-чара 14-майда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болуп өттү. Анда үч муундун акындары ыр окуп элдин жан дүйнөсүнө руханий азык тартуулашты. Ал акындар: С.Акматбекова, К.Бакиров, Ж.Исабаева, Р.Исаков, А.Исмаилов, Н.Өмүрбаева, Б.Келдибаев, М.Жангазиев, Б.Нурлан кызы, М.Жумадилова, А.Кудайберди кызы, С.Турдубек уулу.
Кече форматы боюнча акындар акырын чыгып ырларын окуп… ортодо обондуу ырлар ырдалып, ал ырлар да даңкылдак-дүңкүлдөк фонограмма менен эмес, жандуу, болгондо да комуз, аккордеон коштоосунда жаңырды.
Кеченин башкы айырмасы — алып баруучу болгон жок. Акындар өздөрү эле кезек менен чыгып ырларын окуп, аты-жөндөрү артындагы таблодо бажырайып жазылып турду… Кеченин башын Сагын эже ачып берди. Андан кийин Кыргыз Эл акыны Карбалас Бакиров агабыз ырларын окуду. «Үйлөнүпмүн учкан күнү Гагарин!» деп бүтүргөн ырын окуп коюңуздар:
Көкөлөгөн канаттуулар кайыган,
Көк мейкинди жакшы көрүп баарынан.
Чыгып сага ыр окусам дечүмүн,
Чымчыктардын, булуттардын айлынан.
Булганбаган айланайын асманга,
Бугум артып кароочу элем ак таңда.
Сен дагы бир үзүмүндөй асмандын,
Аруулуксуң, жер айланган жактарда.
Жалтылдаган, шарпылдаган, толкуган,
Жан дүйнөм эх, оодарылган океан.
Мага сени жолуктурган жаздагы,
Махабаттын салам айтам тоосунан.
Тагдырдын бул тамашасын карагын,
Талаалардын кууп жүрүп шамалын.
Үргүлөгөн Таластын үр кызына,
Үйлөнүпмүн учкан күнү Гагарин!
Карбалас агайдан кийинки ыр маанайды акын Жыпара Исабаева эжебиз тартуулады. Өзгөчө ЭНЕ тууралуу ыры жүрөктөрдү бир терметип өттү окшойт…
Бүгүн СИЗ төрөгөн күн!
Бүгүн менин туулган күнүм…
Сиздин дагы майрамыңыз,
Энекебай!
Ушул күнү белиң сыздап,
Көл-шал түшүп чабалактап,
“Аялдын бир ажалы төрөт” дейт го,
Жакшылык да,
жамандык да жабалактап…
Саамга анан тынчый калып,
Белиңиздин сыздаганы,
Толгооңуздун кыстаганы,
Эстен чыгып баары-баары,
“Наристем…” — деп
элжиреп кеткендирсиз…
Төрөлө элек тунгучуңа,
Энелик мээриңизди сепкендирсиз,
Өзүңүз да алгачкы ирээт,
Эненин ким экенин сезгендирсиз?
Ой, Кудай ай!
Кайрадан толгоо күчөп,
Сөөктөрүңдүн,
жүлүнүңдүн сыздаганы жанга бүтөт!
Жаз, жарык, тирүүлүк да,
Болбурап тиктеп турат,
Келе элек ымыркайдын,
Ууз жытын искеп турат.
Аңгыча бала үнү,
Жаңыртып айлананы,
Ымыркай ыйлап келди,
Периште жандап аны!
Мен анда ыйладымбы,
Же балким эң алгачкы,
Ырымды ырдадымбы?..
Ошондо Энеке сен,
Ыр да айтып жеткире алгыс,
Даражаң сездиң бекен?
Бакытка денең балкып,
Жомокто периштедей,
Магдырап кеттиң бекен?..
О, ЭНЕ, энекебай,
Бүгүн сиз төрөгөн күн!..
Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Поэзия барда кыргыз бар, кыргыз бар жерде ыр бар»
Жаш акындардын да даярдыгы, чабыты, саптары мыкты экен, муюп уктук… Билинбей убакыт өтүп, бир акындын ааламы батпаган 3 саатта 12 акындын ыр дүйнөсүнө сапар жасадык… Кече соңу Жолдошбек Монолдоровдун калемине таандык «Жоокер маршы» аттуу обондуу ыр менен жыйынтыкталып, уюштуруучулардын башында турган, Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков чыгып, акын айымдарга гүл тапшырып, мындай жакшы бир сөзүн айтты:
— Жакшы кечеге күбө болуп отурабыз. Ар дайым айтып келем. Алып баруучу улуу физик Сергей Капицадан: «21-кылымда 20-кылымдагыдай космосту багындырган улуу окумуштуу чыгабы?» деп сураса, чыгат дептир. «Кантип» десе, ал мындай деп жооп бериптир: «Ал үчүн балдарды бала бакчадан баштап адабият сабагын көп окутуш керек! Адабиятка суугарылган баланын аң-сезими өөрчүп-өсөт да, окумуштуу болот, фантазиясы күчөйт» деп… Анынсыңарындай, биздин акындар фантазиясы менен айыл, тоо, талаа, деңизге чейин барышты, ата-энесин эстешти. Поэзия барда кыргыз бар, кыргыз бар жерде ыр бар.
Эстей албай жатам, Асанкул Шаршенов эле болсо керек, төкмө акын Эстебес Турсуналиев сахнага чыгып, төгүп, токтоло албай ырдап жатса, Асанкул агабыз: «Торгой көкөлөп учуп алды. Муну эми атып эле түшүрбөсөңөр, эми ылдый түшпөт» деген экен тамашалап… Анынсыңарындай, биздин акындар ырларын таң атканча деле окушмак… Муну биз кыскартып бергендегибиз… Мындай кечени биз ай сайын өткөрүп турушубуз керек экен деген ой келди. Мына, бүгүн муз ордунан жылды. Акындардын баарына ийгилик каалайм!
Кайрат ИМАНАЛИЕВ: «Мындай кечени жыл сайын эмес, ай сайын өткөрүш керек!»
Соңку маданий иш-чаралардын дээрлик бардыгына катышып, сөз сүйлөп жүргөн Маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев мындай кечени жыл сайын эмес, ай сайын өткөрүш керек деп Жазуучулар союзунун төрагасынын сөзүн колдогон жакшы сөзүн айтты. Сөзмө-сөз айтканда:
“Биз Жазуучулар Союзу менен биргелешип, ай сайын өткөрө турган долбоорду иштеп чыгып, поэзия майрамын өткөрүп туралы деп чечтик. Мындай жакшы кече уланыш керек. Албетте, мындай иш-чараны өткөрүү үчүн маселе каражатка келип такалат. Чыгармачыл адамдарда колдоп, аларга стимул берүү максатта президент тарабынан каражат бөлүнүү алдыда турат. Эгерде бөлүнүп калса, мамлекетке пайдалуу чыгармаларды жарата бермекчибиз», — деди.
Нурлан айткандай, муз ордунан жылды. Баарына чыгармачылык эргүү, ийгиликтерди каалайбыз, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Уюштуруучулар үч муундун акындарынын башын кошуп туура ойлонушуптур… Кийинки жаштарга, кийинки жеткинчектерге ушундай иш-чаралар менен да көркөм ыр дүйнөсүн таанытып, жеткире алабыз. Бул бир. Экинчиден, Нурлан жогоруда мисал келтирген Капица айткандай, балдарды жашынан адабиятты окутууга демилгелерди, аракеттерди көп-көп кылышыбыз керек! Бул дагы улуттук тилибиздин узак өмүрү үчүн түрткү, салым болот. Болбосо, азыр эне тилибизди жерип, орус тилине басым жасамай күчөп баратат…
Нурлан Калыбеков Жазуучулар Союзуна жетекчиликке келгенден бери жакшы иштерди, мыкты долбоорлорду ишке ашырып жатат. Маселен, көзү өтүп кеткен акын, жазуучуларды да унутпайт, дайыма алардын да атын атап, чыгармаларын жарыялап келет. Тандоосу да жакшы.
Менин жолдошум Эрнис Асек уулунун «Мастер менен Маргарита» котормосун дайыма айтып келет жана «быйыл чыгарабыз» деп жакшы тилегин айткан. Мен Нурланга ишенем жана терең ыраазычылык билдирем.
Кайрат Иманалиев айткандай, бул котормо чыгып калса, мамлекетке эле пайда алып келет, эки мамлекеттин достугун даңазалайт…
Назира СААЛИЕВА
P.S. Макаладагы «Ыр өмүр» поэзия-муза кечесиндеги сүрөттөр Жазуучулар Союзунун редакциясынан алынды.
2 thoughts on “Сагын Акматбекованын «Күүгүмдөгү күүсү»… Нурлан Калыбековдун мыкты сөзү жана сунушу…”