“Көчмөн Жараткан” (Таабалды Эгембердиев жөнүндө эскерүүлөр) китебин түзгөн, Жек Лондондун “Мартин Иден” романын которгон, эки тилде (кыргыз, орус) эркин сүйлөй да, жаза да алган, учурда Казакстандык “КАЗ Минералз Бозумчак” тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштеп жаткан, “Бишкек таймс” гезитинде чогуу иштеген кесиптешибиз – журналист, котормочу Бахтияр Шаматов белгилүү журналист, акын, устатыбыз Нуралы Капаровдун чыгармаларын да орус тилине оодарды. Кол тамгасы менен бул китепти белекке алып, куттуктап, котормочу агабыз менен интервью курдук…
— Бахтияр байке, устатыбыздын «Боргул» повестин, «Кардагы из», «Ветврачтын монологу», «Тузик» аңгемелерин орус тилине которупсуз. Толтура чыгармасынан ушуларды өзүңүз тандап алдыңызбы же Нуралы байке өзү бердиби? Которуу автордун сунушубу же?...
— Өзүң жакшы билесиң Назира, Нукем менен көп жылдардан бери чогуу иштешип, бири-бирибизге кадыр-көңүл сиңишип калдык да. Бир күнү а киши менен адабият туурасында сүйлөшүп отуруп, анын чыгармаларын орусчага которсокпу деген ойго келгенбиз. Буга бир чети учурда Москвада жашап, иштеп жүргөн таанымал акын карындашыбыз Нарсулуу Гургубаева да себепкер болду окшойт. Нарсулуу телефон чалып, азыркы кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын өзүнчө орус тилинде жыйнак кылып чыгарууга ниеттенип жатышканын, алардын тизмесин атактуу адабиятчы Үмүт Култаева эже түзүп жатканын айтып, кабыл алына турган чыгармалардын баарын орус тилине которуп берсеңиз деп суранып калды. Мен макул дедим да 30 чакты аңгемелерди которуп бердим, авторлоруна да жакты.
Нуралы Капарович орус адабиятын абдан жогору баалаган кыраакы инсан эмеспи, “Нарсулууга кеткен эки аңгемеге кошуп туруп “Боргулду” да орус тилине которуп көрбөйсүңбү, өзүнчө жыйнак кылып чыгарып койсомбу деп турам”,- деп калды. Мен ошол замат колдодум да ошол эле күнү ишке кириштим. Ушул үчөөн экөөбүз чогуу тандадык.
Эскерте кете турган бир нерсе – Нукем кыргыздын нукура көркөм тилинин болгон байлыгын колдонуп, окуянын ширесин агыза жазган жазуучу болгондуктан, анын баарын орус тилдүү окурмандын табитине шайкеш кылып которуу оңой болгон жок.
— Канча убакытта которуп бүттүңүз жана эмгек акыңыз ойдогудай төлөндүбү?
— Мен абдан бат иштейм. Баарын бир айга жетпеген убакытта которуп бүттүм. Анын үстүнө көркөм адабий котормону мен жумуш эмес, эс алуу деп эсептейм. Эмгек акы боюнча айтсам, Нукемде бу жагынан маселе болбойт. Ал эч качан бирөөнүн акысын жеген киши эмес да. Баса, бул жыйнакка анын ырларын, поэмаларын да киргизсекпи дегенбиз. Бир котормочу таап, ырларды берсек, анын которгондору Нукеме анча деле жага бербеди. Айтор, учурда Кыргызстанда кыргыз поэзиясын орус тилине которгонго дарамети жете турган котормочу жок экен десем аша чаппайм. Болгону эки гана орус улутундагы эки накта кесипкөй аял кишилер бар экен, бирок бирөөсүнүн көзү көрбөй, экинчисинин ден соолугу болбой калыптыр.
— Кыргыз котормочуларынан кимди баалайсыз?
— Котормочулардын ишин баалаш үчүн алардын котормолорун окуп туруш керек да, тилекке каршы, менде ага убакыт болсочу. Бирок тийип качып караганга аракет кылам. Менимче, Абийирбек Абыкаев деген досума тең келе турган котормочуну азырынча көрбөй турам. Мен окуган котормочулардын көбүнүн тилдери жарды, мага алар котормонун техникасын жакшы билишпегендей таасир калтырат.
— Нуралы байкенин кайсы ыры сизге эмнеси менен жагат?
— Нуралы байкенин ырларын алгач “Ала-Тоо” журналынан, кийин «Бишкек таймстан» окудум. Байкенин ырларынын өзгөчөлүгү биринчи кезекте алардын чын дилден чыкканында. Орустар искренный деп коет го, ошонусу менен адамды тартат. Көркөмдүк жагы да мыкты, саптары кыналышып, куюлушуп турат. Мен ыр билерманы эмесмин, ошондуктан ушуларды гана айта алам.
— «Бишкек таймска» чейин кайсы гезиттерде иштедиңиз эле жана кайсы редактор эмнеси менен эсиңизде калды?
— Кыргыз темир жолунун алыскы сапарга каттаган жүргүнчү ташыган поюздарындагы ишимден өз ыктыярым менен бошоп кеткенден кийин жекече буйрутма алып, курулуш жаатында иштеп жүрдүм. Бир күнү “Асаба” гезити ачылган атыптыр» дегенинен ошол жакка иштесем деп ак эткенден так этип дегдеп калдым, анткени баарыбыз билген баягы атактуу “Асаба” сот аркылуу жабылып калган эле. Кайрадан ачып аткан экен деп барсам, ал таптакыр башка – так айтканда, ошол кезде идеология жаатын тейлеп турган А. Карыпкулов аксакалдын демилгеси менен ачылып жаткан “Асабанын” клону экен. Редактору Ж. Медералиев экен, К. Белеков деген орун басары кабыл алып, жазгандарымды жактырды да, ошол гезитте иштеп калдым. Бул менин Бишкекке келгенден бери биринчи жолу жумушка кирген гезит ушул болду. Бирок өмүрү “кыска” болду, кызматкерлерге айлык акы төлөй албай, “атасы” да жакшылап карабай койду окшойт, эки жылга жетпей жабылып тынды. Мен кайрадан өзүм билген курулуш тармагына кайттым. Редактор Ж. Медералиев оор басырыктуулугу гана болбосо, кандайдыр бир лидерлик же кесипкөйлүк башка сапаттары жагынан эсимде калган жок.
— Эсиңизде калган редактор Нуралы Капаров болду окшойт?.. Кандай мүнөздөмө бере аласыз?
— Абдан ак көңүл, акылман, жоомарт, абдан терең билимдүү адам. Оюңдагыны айттырбай билип турат. Дагы бир касиети – Нуралы байкени алдай албайсың, калп айтканыңды ошол замат билип коет. Бул сапат ага жогору жактан ыроолонгон өзгөчө бир касиет го деп ойлойм.
— Сизге эмне жакпайт?
— Мага биздин “улуу элбиз, баланча миң жылдык тарыхыбыз бар” деп курулай төш кага бергенибиз эч жакпайт, ушул сөздү уксам эле намыстанып кетем. Муну башка элдер айтса жакшы болмок да, туурабы? Ишенбай Абдразаков агабыз айткандай, өксүк комплекси менен жашаган адатыбыз оңой менен калбайт окшобойбу.
— Чыгармачылыктан чарчаган учурда эмне менен алектенесиз?
— Мен курулуш иштеринин баарын жасайм, мага устанын кереги жок. Анан абдан тиккенди жакшы көрөм, апамдан калган “Зингер” деген кол машине бар, бош боло калганда жабыша калам. Тынбай велосипед тебем, мен жашаган жерден ылдыйраакта Чолпонбай паркында жакшы велотрек бар, адам да аз, ошол жакка барып 10-15 км. круг жасайм. Иши кылып менде жөн эле сулап жатмай деген түк жок.
— Учурда кайда иштеп жатасыз?
— Учурда Казакстандык “КАЗ Минералз Бозумчак” тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштеп жатам. Бишкекке келгенге чейин кичи мекеним Лейлекте советтик-партиялык кызматтарда иштегем. Шаарга келгенден кийин ойдо жок жерден темир жолго кирип кетип, 7-8 жылдай поюз минип иштеп жүрдүм. “Аалам” гезитинде катардагы кабарчы, орун басар редактор, башкы редактор болуп иштедим. Андан кийин Нуралы байке экөөбүз 24 беттик “Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитин (башында силер да иштеп калбадыңарбы) чыгарып жүрдүк.
— Гезиттерге эки тилде жазып жүрдүңүз. Дагы кайсы тилди билесиз?
— Мен бала кезден өзбектердин арасында чоңойдум, анткени айылыбыздын теңи кыргыз, теңи өзбек маале (квартал деп коелу) болгондуктан, биз өзбек мааледе турчубуз. Атам экинчи кесиби боюнча өзбек тили жана адабияты мугалими болгондуктан тамга тааныгандан эле өзбек адабиятынын классиктери Навоинин, Гафур Гуламдын, Айбектин, Хамзанын, Уйгундун ж.б. чыгармаларын окуп баштагам. Менин тилимдин байышына, котормочулук ишиме боордош өзбек, казак тилдерин жакшы билгеним да абдан жардамы тийди деп ойлойм. Өзбек, казак, каракалпак жазуучуларын түп нускасында эле окуйм, алардан азыктанып да турам.
Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын мен мектептин гана программасынын алкагында окуганым болбосо, аларды эр жеткенден кийин гана окуй баштадым. Бирок чынын айтканда, мен сүйгөн чыгармалар аз эле болду, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын”, Чыңгыз Айтматовдун повесть, романдарын жогору баалайм. Поэзияда болсо өзгөчө баалаганым Алыкул Осмонов, Шайлообек Дүйшеев, анан, албетте, Нуралы Капаров.
— Орустардан белгилүү акын, ырчы, актер Владимир Высоцкийди жактырарыңызды «Бишкек таймстан» окудук эле. Концертине барып, гитараңызга кол тамга алганыңызды жазгансыз… Высоцкийдин ырларын ырдачу белеңиз? Сиздин жакшы ырдарыңызды билебиз...
— Владимир Высоцкий кылымга бир жаралчу сейрек талант. Мен Высоцкийдин ырларын ырдаш үчүн атайын гитара черткенди үйрөнгөм. Чыны, ага чейин мандалин чертчүмүн. Той-топурларда эл суранганда Высоцкийдин ырларын аткарчумун. Бардык ырларын кагазга жазып жаттап алган элем. Баса, 90-жылдары жиндиканадан айрымасы болбой калган поюздарда жүргөндө ушул Высоцкийдин ырларынын пайдасы далай ирет тийген. Өгүздөй болгон беткапчан, кара мүртөз “Омондор” Россияда бат-баттан поюздарды баса калып текшерип, колго илингенин былчылдата сабап киргенде далай кыргыз жүргүнчүлөрдү алардын токмогунан арачалап калганмын. Эптеп служебкага киргизип алып, арактан куюп, Высоцкийдин “Охота на волков”, “07” сыяктуу ырларынан созолонтуп киргенде баары кадимкидей жоошуп жибишип, шатырата кол чаап, кайра-кайра суранып, отуруп калышаар эле.
— Менин жолдошум Эрнис (Асек уулу) да Высоцкийдин чыгармачылыгын жогору баалап, абдан жакшы көрчү.. Бир топ чыгармаларын, ырларын которгон. Котормо оңой эмес… Сурайын дегеним, заказ бергендер менен кандайча сүйлөшөсүз?
— Менин капа болгонум, котормону элдин көбү түккө турбаган оңой жумуш деп ойлойт да, анан болбогон бир акча сунушташат. Ошондуктан көп адамга жакпаса да ачык эле айтам, «акысы момунча болот» деп. Көнсө алам, болбосо жок. Эмгекти баалай албагандар менен сүйлөшүп да кереги жок. Кол алышып алып, бирок айткан убадасына турбагандарды жашыраак кезде шак эле коколоп маселени жеринде чечип алчумун. Азыр андайга барбайм, кимдин оюнда эмне бар экенин бир карап туруп эле билип койчу болдум.
— Бекташ (Шамшиев) агабыздан Жек Лондондун “Мартин Иден” романын которгонуңузду уктум эле. Ал заказ менен которулду беле жана сатыкка чыкты беле?
— Жек Лондондун “Мартин Иден” романы өзүнчө китеп болуп чыккан эмес, чыгынбай койдум. Эч ким буйрутма берген эмес, “Мартин Иден” менин башыма жаздап алып окуп келаткан сүйүктүү чыгармам, ошондуктан өз каалоом менен эле котордум. Аны тээ 70-жылдары Жоробек Султаналиев деген агабыз которгон экен, окуп таптакыр ичим чыкпаганынан, өзүм которуп чыктым. Буга 4 ай убактым кетти окшойт.
Дегеле Жек Лондонду мен абдан жогору баалайм, анын бир канча түндүк аңгемелерин да котордум, анын баары Олжокемдин “РухЭш” сайтында, “Новая литература Кыргызстана” сайтында турат.
— Учурда кайсы чыгарманы которуп жатасыз?
— Михаил Булгаковдун «Собачье сердце» повестин которуп жатам. Аягына чыгып калдым.
— Ата-энеңизде жазуучулук өнөр бар беле? Кимисин тарттыңыз? Канча бир туугансыз? Кимиси эмнеге шыктуу?
— Атам Мурзалы Шаматов Ленинграддагы жогорку аскер академиясында окуган. Бирок агасы репрессияга тушукканда “эл душманынын бир тууганы” делинип, окууну аяктап калганда академиядан чыгарып салышкан. Согушка катышкан, кийин педагогикалык институтту аяктап, мектепте директор, мугалим болуп иштеген. Энем карапайым эле аял эле. Мен чыгармачылык жагынан атамдын бир тууган агасы, эл арасында “Лейлектин булбулу” Абдираим Шама деген ат менен таанылган акын, советтик-партиялык кызматкер Абдираим чоң авамды тарткам. 1938-жылы ак жеринен жалаа жабылып, репрессияланып, атууга өкүм кылынган. Бирок орус тилин мыкты билген сабаттуу адам болгондуктан, Сталинге кайра-кайра кат жолдоп, актыгын далилдегенге аракет кылган, багына абакта (КАРЛАГда — Карагандыдагы чоң түрмөдө отурган) орус тергөөчүлөргө тилмеч болуп иштеп калып, атуу өкүмү 12 жылдык камак менен алмаштырылган. Ал кишинин кол жазмаларын Улуттук Илимдер Академиясынын кызматкери Омор Сооронов агабыз абдан изилдеп, өзүнчө электрондук форматта жыйнак кылып да чыгарды. Андан башка эки китеп болуп да жарыкка чыкты. Учурда айылдагы орто мектеп анын ысмын алып жүрөт. “Катарга калкың кошуп, анан мактан!” деген айтылуу сөз ошол кишиге таандык. Беш бир тууган элек, азыр бир эжем, карындашым, мен болуп үчөөбүз калдык. Эжем пенсияда, карындашым болсо үй-бүлөсү менен Америкада жашайт.
— Балдарыңыздын кимиси сизди тартты?
— Эки уулум бар. Экөө тең башка багыт менен кетишти, неберелеримден буюрса, кимдир бирөөсү менин жолумду жолдоп калаар деп турам.
— Жеңебиз эмне иш кылат? «Аял жакшы эр жакшы» деген сөзгө кошуласызбы?
— Жеңеңер мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп эс алууга чыкты, эми небере менен алек. Экөөбүз мурдагы ФПИРЯЛ, ГИЯГН, БГУ, азыркы БМУда чогуу бир группада окуганбыз. “Вазир жакшы, хан жакшы, аял жакшы, эр жакшы” деген макалга толугу менен кошулам.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА