Сүйүнбай Эралиев. Төлөгөн Касымбеков. Мелис Эшимканов. Жаналы Нурманбетов…

 Сүйүнбай Эралиев. Төлөгөн Касымбеков. Мелис Эшимканов. Жаналы Нурманбетов…

«Председатели» деген сөз «предатели» деп гезитке чыгып кетип…

«Жаналы байке өтө грамотный, биздин журналисттер сабак ала турган киши экен» деп кесиптешибиз Айчүрөк Борукеева айткандай, акыл-насааты, дүйнө таанымы, көрөңгөсү, таланттарды баалай билгени менен бизге үлгү, ачуу чындыкты айткан, жазган, сөз баккан журналист Жаналы Нурманбетов агабызды майрамы менен куттуктап маекке тарттык.  

— Жаналы агай, эртең, 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнү жана Тарых күнү. Келе жаткан майрамыңыз менен куттуктайбыз! Артка сереп салып, алгачкы макалаңызды, жаштык кезиңизди эстесеңиз… Сиздердин учурда журналисттерге талаптар кандай эле? Кандай критерийлер менен тандалчу эле?

— Биздин учурда журналисттерге талаптар өтө күчтүү болгон. Гезиттерде негизинен гуманитарлык жогорку билими бар, компартиянын мүчөсү болгон кадрлар иштечү. Эл арасында калем кармаганга идиреги барларды да гезитке тартып тарбиялап журналист кадр кылып чыгарышчу. Мисалы, мен гезитке орто билимим менен айылдык кабарчылыктан келгем. Мени менен кошо Капарбек Сөлпиев да келген. Ал кезде атайын журналист кадрларды даярдоочу КМУнун бөлүмү жабылып калган экен, 1974-жылы КПСС БКнын «Журналисттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо» токтому чыккандан кийин алгач журналистика бөлүмү ачылып, бара-бара факультетке айланды. Азыр журфак бир топ окуу жайларда бар.

Биздин учурда басма сөзгө, журналисттерге талап жогору болгон. Мисалы, Главлит дечү беле, «Басма сөздө мамлекттик сырды сактоо» деген көзөмөл орган болгон. Бир мисал айтсам, «СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели» деген сөз «предатели» (техникалык ката, бирок саясий ката!) деп гезитке чыгып кеткени үчүн гезиттин редакторунун иши бюродо каралып, партиялык жаза алып кызматынан куулуп кеткен учурлар да болгон.

— Өзүңүз ката кетирген учурлар болду беле? Эсте калган окуялардан айтып берсеңиз?

— Журналисттик жеке практикамда өзүмдүн алабармандыгымдан өзүмө өмүр бою сабак болчу бир окуяны айтып берейин. Ал кездеги Жаңы-Жол районунун Кызыл-Бейит деген эң алыскы кыштоосунда чабандык кесипти апасынан өткөрүп алган Куттубек Эргешов деген жаш чабан жөнүндө «Эненин куттуу таягы» деген очерк жазгам. Ошо каарманымды кийинчерээк партияга кабыл алып жатканда райкомдун биринчи секретары Эркин Алиев:

— Молодец Куттубек! Сен чабандыкка комсомолдук путевка менен барган турбайсыңбы! — деп алдындагы менин очерким чыккан гезитти көтөрүп колдоо көрсөтүп жатса:

— Ээ, мен комсомол болгон эмесмин. Биздин Кызыл-Бейитте кайдагы комсомол? — деп айтып салыптыр.

Мен очерк жазып жатканда ошол жерин тактап сурап койбогон экем, жаш болгондон кийин эми комсомол болгон да деп, башкаларга мотивация иретинде ошентип жазып койгом элем. Райком редакторубузга катуу тийиптир… Ошондон кийин ар бир фактыны ар тарап тактап, ар бир сөздү «тиштеп» көрүп, андан кийин гана жазчу болгом. Дагы бир окуя эске түштү. Айыл чарба бөлүмүнүн башчысы элем. Күздүк айдап-себүүгө Фрунзе колхозуна бардым. Агроном Ашырбек Ташыбековдон интервью алып жатам. Эки смен иштеп турса, жер айдоону баланча күнгө бүтөрүн, себүү ишин андан он күндөн кийин бүтөрүн айтып жатканда, себүүнү деле эки смен кылсаңар болбойбу деп сурап калсам:

— Биринчиден, агротехникалык талаптар боюнча айдоо менен себүүнүн ортосуна убакыт керек. Экинчиден, себүү ишин жарыкта кылбаса, караңгыда сеялщик сеялканын кайсы аппаратынан урук кандай түшүп жатканына көз салалбай калат, — деп мага сырдуу карап койду. Ушуну билбесең, анан кантип гезиттин айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болуп жүрөсүң деген мыскылды түшүндүм… Мындан эмнени айткым келет? Жашоонун кайсы гана жагы болбосун, журналист жазар темасын жакшы билиши, жок дегенде жалпы түшүнүгү болушу зарыл экен.

— Агезде гезит чыгаруунун түйшүгү, жоопкерчилиги да көп эмес беле…

— Азыркы маалыматтык технологиялар өнүгүп жаткан учур менен мурдагы гезит чыгаруу өндүрүшү такыр башка. Мисалы, мен райондук гезитте иштеп баштаган 1970-жылдары типографияда тексттердин ар бир тамгасы — шрифттер (ручной набор) менен колдо терилчү. Мындай учурда даяр болгон бетке оңдоо кийирүү өтө машакат. Кээде наборщицалардын, печатниктердин олдоксон кыймылынан «басууга уруксат» деп даяр болгон номердин беттерин баарын чачып алган күндөрдү да көрдүк. Эл эртең менен ишке келе жатса, сен гезитке эми гана кол коюп иштен чыгып бараткан күндөрдүн далайын көрдүк го!… Кийинчерээк текст терүүчү линотип деген механикалык аппарат чыгып, гезит даярдоо кыйла жеңилдеп калган. Азыр баары компьютерде эле даяр болот, типографияда дежур болбойсуң.

— Алгачкы макалаңыз кайсы гезитке жарыяланды эле?

— Жаңы-Жол (азыркы Аксы) райондук «Жаңы турмуш» гезитине. Бул гезит менин турмуш мектебим. 1963-жылы, пионер кезимде чыккан эң алгачкы кабарымды сактап жүрчү элем, таппай калдым… (Туз насип буйруп, кийин ушул гезитте иштеп калган тагдырыма миң мерте ыраазымын). Окуучу кезимде кабарларым гезитке чыгып калса бутум жер баспай дердейип калчумун. (Күлүп) Агезде гезитке чыгуу чоң «авторитет» болчу. «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш» гезиттерине жаза берчү элем. Бир жолу «Кыргызстан пионери» гезитинин фирмалык узун конверти менен мектептин дарегине, менин атыма кат келиптир. Анда фамилиям атамдын атында Жуманов болчу. Пионер вожатый Итибай Ботоев агай жалпы линейкада конвертти булгалап көрсөтүп, «Мына, Жумановго «Кыргызстан пионери» гезитинен кат келди, Жаналыдай активдүү окуучу болгула!» деп ортого чыгарып, колума конвертти тапшырды. Андагы сүрдөгөн абалымды азыр да сезип турам…

Эмне деген кат болду экен деп, үйгө келгенде бир бурчка жашырынып отуруп алып, колум калтырап, жүрөк титиреп жатып ачып көрсөм, жазган кабарым жарыяланбай калган себеби көрсөтүлүп, кийинки кабар жазарда эмнеге көңүл буруу керектигине кеңеш берген «кара кагаз» экен. Жөнөткөн макала жарыяланбай калды деген жооп катты «кара кагаз» деп коюшчу. Каттар бөлүмүнүн башчысы Латипа Молдокматова деп кол коюлуптур. Ал кагазды, көчүп-конуп, ар жакка которулуп жүргөн кездерде бир жерлерде калып кетсе керек, таппай калдым…

— Кийин устат таптыңыз да… алар кимдер?

— Аксы райондук «Жаңы турмуш» газетасында Анаш Сооронбаев жана Ызак Жумабеков редактор болгон. Булар менин устаттарым! Анаш аке райондук маданият бөлүмүнө башчы болуп кеткенден кийин Ызаке редактор болгон.

21 жашымда партиялык органга келип, салабаттуу адамдардын таалимин көрүп, көрүгүндө бышып, чарыгында курчуп, бүлөөсүндө кылоом түштү.

— Ал учурда 7-ноябрды кандай майрамдачу элеңиздер?

— 7- ноябрь Союз кезде даражасы эң бийик майрам эле. Райондук деңгээлден тартып ( ал турсун айрым айылдарда да) Кызыл Аянтка чейин салтанаттуу параддар өткөрүлчү. Ага катышуу ар бир эмгек жамааттарынын граждандык да, моралдык да милдети болчу. Мен партиянын райкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүндө 5 беш жылдай иштеп калгам. Парадга даярдык, аны өткөрүү биздин бөлүмдүн иши болчу. Мурда параддан өтчү коллективдердин кезек катары башаламан түзүлүп калган экен, биз аны логикалык бир системага салып, биринчи блокко билим берүү, маданият, социалдык мекемелерди, экинчи блокко тейлөө мекемелерин, үчүнчү блокко транспорт, өнөр жай, курулуш ишканаларын кийридик. Кээ бир жылдары аба ырайы бузулуп, 7-ноябрда кар жаап кирчү. Андай болгондо балдар бакчаларынын, мектептердин мурдатан даярдап коюшкан маданий-спорттук программаларын алдырып салчубуз.

— Атактуу акын-жазуучулардан кимге жолуктуңуз эле?

— Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевге жолуккам. 1987-жыл эле. Фрунзеден аксакал, байбичеси Албина апа, Түмөнбай Байзаков, жазуучулар союзунун Оштогу бөлүмүнөн Таш Мияшев, Сатыбалды Кадыров болуп көркөм адабиятты пропагандалоо бюросу тарабынан эл аралап чыгышып, Ноокат районуна келишкен. Анда мен райондук гезиттин редактору элем. Бир жумадай конокторду коштоп, эл менен жолугушууларды уюштуруп бергем. Абшыр-Сай шаркыратмасына чейин алып баргам. Сүйүнбай аксакал менен ошондо сүрөткө түшкөм.
Ал убакта адабият, маданият өкүлдөрү келишсе, бизге табыштап коюшчу.
Бул атактуу инсандардан башка да көп өкүлдөр келип, аларды коштоп жүрдүм. Мисалы жазуучулардан Төлөгөн Касымбековду, котормочусу Владимир Коркинди, ал кездеги жаш балдар Султан Раев, Исрадин Аманбаев, Саламат Садыкова жана башкаларды…

Кийин, 1991-жыл беле, Төкөнүн 60 жылдык республикалык юбилейи айылыбыз Ак-Жолдо өткөн. Ага бийликтин атынан легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Басма сөз жана маалымат министри Абдыганы Эркебаев, Жазуучулар союзунан Осмонакун Ибраимов баштаган калемгерлер жана башка жоон топ келген. Ошондо Төлөгөн Касымбеков, салтанаттын алдында пресса өкүлдөрү менен сүрөткө түшкөм. Анда мен оргкомитетте мүчө элем.

— Азыр 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнү жана Тарых күнү. 1-ноябрдан баштап президент баш болуп, бир топ мекелердин жетекчилери журналисттерди куттуктап, наам, сыйлык, белек-бечкек алышат. Сизде да сыйлыктар болсо керек?..

— Эгемендик кезде сыйлык алган жокмун. Советтик мезгилинде чоң сыйлыктарды алгам. Басма сөз күнүнө карата райисполкомдун чечими менен 1981-жылы «Урал» мотоцикли менен, 1990-жылы «Запорожец» машинасы менен сыйлангам.

Азыр бийлик өкүлдөрү менен бизнес структуралары журналисттерге, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө көңүл буруп куттуктап, белек-бечкектерди тартуулап жатат, бул жакшы. Бирок, минтип журналисттердин «көңүлүн алуу» мамлекеттик кызматтын да, прессанын да этикалык нормаларына ылайык келбейт деп ойлойм. Мындай аракеттер прессаны «паралап алуу» катары бааланчу жетик түшүнүккө акыры барабыз.

— Кайсы журналисттерди баалайсыз жана эмне үчүн?

— Гезит окумдуу болуп турган мурунку заманда бир топ эле журналисттерди кууп окучубуз.

Мен мисалы, Абдиламит Матисаков, Алым Токтомушев, Мелис, Эрнис Эшимкановдор, Мамат Сабыров жана Жолдошбек Зарлыкбековдун жазгандарын көп окучу элем. Азыр гезит окубай калгам…

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

«Жаштык жарчысы», «Ленинчил жаш», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү, мыкты саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Мелис Эшимкановдун көзү тирүү болгондо быйыл 61 жашка чыкмак.

Былтыр 9-декабрда 60 жылдык юбилейине карата жубайы Асел Эшимканова эскерүү кечесин өткөргөн. Ошого карата Жаналы агабыз эскерүү жазган. Ошону кайталап берип турубуз.

«ЯПОН КОРОЗ» МЕЛИСТИН «АСАБА»+»АГЫМЫ» – ЧЫГААН ЖУРНАЛИСТТЕРДИН УЯСЫ

9-декабрда Кырдрамда кыргыз эркин журналистикасына чыйыр баштаган чыгаан журналист Мелис Эшимкановдун 60 жылдыгына байланыштуу эскерме кече болот экен.

Мен да ушу Мелис менен кантип таанышканым, андан кийинки ага-инилик мамилебизден биртке эскерип кетейин.

***

Төлөгөн Касымбековдун 60 жылдык салтанаты Аксынын Ак-Жолундагы Кызыл-Мойнок деген белесте өткөрүлүп калды. Агезде Төкөнүн түү дегени жерге түшпөй, легендардуу парламенттин эң чоң социалдык комитетинин штаттагы төрагасы болчу. Аксакал-көксакал жазуучулар, акындар, төкмөлөр, ырчылар, ЖК төрагасы Медеткан Шеримкулов баштаган депутаттар, министрлер, губернаторлор ж.б. лөктөр келишкенде конокторду жайгаштыруу жагындагы топто элем. Баарын жайгаштырып, эртең башталат деп кечки даярдыктар аяктап калганда Төкөнүн уулу Райкан: «Сиз да коноксуз, пресса үчүн тигилген баланча үйдө болосуз» деп калды. (Мен анда облгезитте собкорр). Барсак, босогодо кино-телекамералар, ичинде беш-алты жаш жигиттер отурушуптур, бул жерде бүт эле жаш балдар го деп калсам арасынан бирөө:

— Ооба, жашпыз, жаш болсок да башпыз,- деп тапанданып алик алды. Райкан мага карап:

— Бул Мелис Эшимканов деген идеялаш ини досум, башкы редактор,- деп тааныштырып калды. Аа, баягы «түндүктөн түшкөн редактор» сен турбайсыңбы?! Бар бол, иним! — деп кучакташып көрүштүк…

… 95-жылдар болсо керек эле, «Асабага» Мелистин «Ош картасы» деген чуулгандуу макаласы чыгып, эл ичи уу-дуу, түркүн позициялар айтылып жатканда ал макалага контраргументеримди келтирип, «Балтанын сабы жыгачтан» деген каяша аналитика жазып кол жазмамды алып Мелистин өзүнө кирдим. Иш учуру аяктап бараткан. Баш көтөрбөй окуп жатып ички телефондон бирөөнү чакырды.

— Тигил макаланы кийинкиге алып сал да ордуна муну кой,- деп менин кол жазмамды ага сунду. Гезит басууга даяр болуп калды эле деп кыңырылганына карабады.

Эрнис, бир тууган иним, жакында жооптуу секретарлыкка дайындадым,- деди, ал бала кабинеттен чыгып кеткенден кийин. Анда Эрнис элдикине окшобогон, терең ойлуу кыска эсселери менен оозго алына баштаган кези эле…

Эртеси баягы макалам гезитке чыкты. Мелистин ошондогу плюралисттик, демократ мүнөзүнө баа берип, ага деген сыйым ансайын артып калган. Болбосо өзүнүн макаласын шала-бото жиликтеген каяша макаланы бардык эле баш редакторлор өзүнүн гезитине, болгондо да даяр болуп турган кезектеги санына бастыра койбос!!!. Анысы аз келгенсип чай сунуп жатып, арактанбы же коньяктанбы деп сейфин шалдыратып ачып калганычы!…

… Кийин деле кабинетинде жолугушуп жүрдүк. Мен аны кыял-жоругуна карап «япон короз» деп эркелетип койсом, таппаганыңыз жок деп күлүп калчу. Коомдук жайларда саясаттын лөктөрү менен турганда көрүп калса бөлүнүп келип учурашып калар эле.

… Мелис түзгөн «Бей-бечаралар» партиясы убагында чоң резонанс болгон. Мен партияга катары 63 болуп катталдым эле. Мелистин партиясын Аскар Акаев да колдоп, ошол учурда Кытайдан грант менен келген мини тракторлорду бөлүштүрүү укугун ушул партияга ыйгарып, ага Омор Султанов баш-көз болуп, долбоору жактырылган дыйкан чарбаларга, жеке кожолуктарга бөлүштүрүлүп бериле баштаган. Техникалар Садыгалиев көчөсүндөгү «Кыргызсельхозтехниканын» короолорунда каз-катар тизилип турчу…

… Мелис «Асаба»–»Агым» гезиттерине сыясынан бал да тамган, кан да тамган журналисттерди топтоп, Каныбек Иманалиев, Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Түгөлбай Казаков, Баратбай Аракеев, Мамат Сабыров, ж.б. атактуу публицисттер иштечү. Кийин Сүйүн Курманова, Динара Бейшеналиева, Аскер Сакыбаева, Жылдыз Мусабекова ( кийин ЖК депутаты болду), Абдувахаб Мониев, Керим Айдаров ж.б. келишти.

Айтайын дегеним: Мелис пресс-менеджер катары да чыгаан эле. Идиректүү калемгерлерди гезитине чакырып иштеткени журналисттик кадрларды тандоо-тарбиялоо боюнча өзүнчө эле чоң мектеп болуп калган эле.

Жаналы НУРМАНБЕТОВ (2022-жыл)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.