Конституциялык сот 4 ай мурунку «матчество» тууралуу чуулгандуу чечимин кайра карап чыкты. Кайра кароого Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевдин сунушу негиз болгону айтылат. Жыйынтыгында документтен «жашы жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот» деген жер алып салынды.
Конституциялык сот коомчулуктун катуу сынына кабылган ушул жылдын 30-июнундагы чечимине түшүндүрмө берип, «атасынын аты-жөнү» деген жерге «апасынын аты-жөнү» дегенди колдонууга тыюу салды. Эми “матчество” айрыкча мамилени жана мыйзам чараларын талап кылган өзгөчө учурларда гана — социалдык нормаларга туура келбеген, бирок юридикалык жактан чечүүнү талап кылган өзгөчө кырдаалдарда берилиши мүмкүн.
«Турмуштук трагедияларды башынан өткөргөн жана психологиялык же физикалык травма алган, же жашоосундагы атасынын ролуна байланыштуу башка терс кырдаалдарга кабылган адамдардын укуктары жөнүндө сөз болгон. Эгерде ушул себептен адам атасынын атын алып жүргүсү келбесе, андан баш тартуу укугу 18 жашка толгондо гана берилиши керек болчу«, — деп айтылат сот чечиминде.
Президент, спикер эмне деди эле?..
Эске салсак, Конституциялык соттун коомдук чууну жаратып, элибиздин адеп-ахлак, нарк-насили, салтына доо кетирген жат, терс көрүнүш катары бааланган «матчество» боюнча позициясы эл эле эмес, бийликтегилерди да кыйла кызык абалга калтырган. Кимиси эмне дейт деп кулак түрүп, иш-аракеттери, кадамдары, иш сапарлары, башкасы дароо жарыяланчу социалдык барактарын «барактап» калганыбыз да чын. Бири тез, бири кечигип болсо да реакция кылышты. Жогорку Кеңеш спикери Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев: «Эч кандай «матчество» болбойт, ким кабыл алса, ошол жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям«, — деп «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.
Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрүп, Конституциялык соттун чечими 3 жүйө менен президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы ыктымал деп өзгөргөн талаштуу мыйзамга 3-октябрда кол койгон.
Ыраазы, ыраазы эмес Капалова… Нааразы эл…
Чуулгандуу жогорку окуя башы 2021-жылы 19-январда Алтын Капалова деген айым жашы жете элек үч баласына атасынын аты-жөнү деген жерге өз аты берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алганын Фейсбук баракчасына даңазалап жарыялап чыккандан башталган. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн өзгөрткөндүгү үчүн Капалованы «матчество» түшүнүгү мыйзамда каралган эмес, Жарандык абалдын актыларына тийиштүү мыйзамдын 5-главасы, биринчи бөлүгү, 30-беренесине ылайык, «Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат» деп сотко берген. 2021-жылы 25-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту доо арызды канааттандырып, Свердлов райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) «отчествону» «матчествого» алмаштырган каттоосун жокко чыгарган. Капалова даттанып кайрылган шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Андан кийин Жогорку сот да ошондой чечимге келген. Бирок 2023-жылы 16-февралда Конституциялык сот Капалованын Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамынын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызын кабыл алып, 30-июнда Капалованын балдары боюнча «отчествону» алмаштырууну канааттандыруусуз калтырып, Үй-бүлө кодексинин 63-беренесинин 2-бөлүгү менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы өлкөнүн Баш мыйзамына карама-каршы келбейт деген эки ача чечимди чыгарышкан. Тагырагы, 18 жашка чыккан бала «атасынын аты» деген графага өз каалоосу менен апасынын атын жаздырууга укугу бар деп «матчествону» мыйзамдаштырып беришкен.
Анткен менен «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен Конституциялык сотко Жогорку Сот сыяктуу эле өз чечимдерин кайра кароо ыйгарым укугу берилип, натыйжада 4 ай мурдагы чечим өзгөрүп отурат.
Айтмакчы, Капалова «отчествону» «матчествого» жашы жеткенде гана алмаштырат деген чечимге толук ыраазы болбой, бул укукка жашы жете электер да ээ болушу үчүн эл аралык сотторго чейин жетем деп жатты эле, «патриархалдык система менен күрөшүү» ураанын кайра көтөрүп чыгары бышык…
А биздин айтарыбыз, кыргызда алмустактан жети ата айтылып, ата-теги ата аркылуу сүрүштүрүлүп келген, мыйзам чегинде да ушул калып бузулбастан калышы керек деген позициядабыз…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы