ВИДЕО — Алкыш кат… «Даңк» медалы… Акындын аргымагы жана дымагы…

ВИДЕО — Алкыш кат… «Даңк» медалы… Акындын аргымагы жана дымагы…

50-күздү тоскон 17-төрага…

Республикалык Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыгынын (2000), Казакстандын Мукагали Макатаев атындагы адабий сыйлыгынын (2000), Казакстандын Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыгынын (2002) лауреаты, Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын ээси (2001), Маданияттын мыкты кызматкери (2012), Россиянын Сергей Есенин атындагы алтын медалынын (2013-жылы) ээси, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун 17-төрагасы Нурланбек Калыбеков 21-сентябрда эр ортону 50 жашка толду.

50 жылдык мааракеге арналган адабий кече 24-ноябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуп өттү. Кеченин эртеси «Нурборбор» бирикмеси аргымак мингизди. Маалыматыңыздар болсо, жазуучулар союзуна төрага болгонго чейин Нурлан чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» бирикмесин жетектеп турган…

Кыскасы, мыкты акыныбыз азыр куттуктоолордун кучагында…

Токаевдин Алкыш каты…

Сөз башынан болсун десек, адатта, андай-мындай мааракелерде той ээлери толкундап, кубанып сезимдери башкача болорун баарыбыз эле билебиз. Бирок 50 жылдык маараке форматын башкача уюштурган Нурлан Калыбеков, албетте, коноктордун куттуктоо сөздөрүн угуп, арналып ала келинген белек, сыйлыктарды кабыл алып, ортодо барактап ырларын окуп бул күн аныкы экенин аныктады. Берилген сыйлык, куттуктоо каттары да көкөлөтүп эле ийчүдөй: Евразия жазуучулар союзунун «Даңк» медалы, өзүбүздүн президент Садыр Жапаровдун куттуктоо каты, Казакстандын президент Жомарт Токаевдин Алкыш каты!.. Бирок, Нурлан, байкашымча, кадимки калыбынан жазган жок… Мааракени анын демилгеси болбогонун, өткөрүүнү дегеле каалабаганын кийин билдим…

Айтмакчы, баурлардын Алкыш катын Казак президентинин кеңешчиси Малик Отарбаев тапшырып,  улуттук баш кийимин кийгизип, үстүнө чепкен жапты.

Поэзия кечесине «Алатау арайы” гезитинин башкы редактору, акын Кәдірбек Құныпияұлы, “Мөлдір бұлақ” журналынын башкы редактору, акын Дәулетбек Байтұрсынұлы да атайы конок болуп келишкен экен, арноо ырларын окуп, куттук сөздөрүн айтып, белек-бечкектерин тапшырышты.

Евразия жазуучулар союзунун сыйлыгы

Мезгилдик мерчемде жаш, мейкиндик жагынан кеңири кулач жайган Евразия жазуучулар союзунун учурдагы Президенти, жазуучу Якуп Өмүроглы атайын Түркиядан келип, Нурлан досунун эмгегине, мээнетине токтолуп, мамлекеттер аралык достукту бекемдеп келаткандыгы үчүн деп «Даңк» медалын тапшырды.

Маалымат үчүн, Евразия жазуучулар союзу 2006-жылы апрелде Анкарада негизделген чыгармачыл ири жаш союз. Евразия чөлкөмүндөгү жазуучулардын, акындардын, маданият ишмерлеринин башын бириктирели, боордош, достук мамиледеги Евразия элдери бири-биринин тилин, адабиятын дагы да жакындан таанып билишсин деген улуу максатта түптөлгөн…

Президенттин, мамкатчынын куттуктоосу… Спикердин баасы…

Албетте, өзүбүздүкүлөр да четте калышкан жок. Тийиштүү сыйлыктар тапшырылган соң Жогорку Кеңеш депутаты Мирлан Самыйкожо чыгып сүйлөп, атайын ат арытып, жол карытып Казакстан, Түркиядан сапар тартып келген конокторго ыраазычылык билдирип, казакча ырды кагаздан карабай, жатка айтып кубантты…

Мааракелик иш-чарага катышып отурган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жана башка эл акындары, эл жазуучулары, чыгармачыл адамдар каалоо тилектерин айтышты. Мамкатчы президент Садыр Жапаровдун  куттуктоо катын окуп тапшырды…

Ал эми спикер, экөө жер соорусу Аксыдан эмеспи, Нурланбектин мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазганын, гезит-журналдарга басылып чыкканын, телеберүүлөрдө көрсөтүлүп турганын, чет жактын бир катар акын-жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчага которгонун, жаш акын-жазуучуларга акыл-кеңештерин айтып, устат болуп келатканын, бир кездеги жаш калемгер азыр адискөй агартуучу, атактуу акынга айланганын саймедиреп баяндап берди. Ал сөзүнүн арасында алп калемгерлердин ордосуна айланган Улуттук жазуучулар союзу заманбап шартта өнүгүшү керектигин баса белгилеп өттү, мамлекет тарабынан чыгармачыл адамдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, кийинки жылы Улуттук жазуучулар союзу баштаган бир катар чыгармачылык бирикмелердин ишин жакшыртууга жардамдар берилерин билдирди. «Оозуңузга май, ошондой эле болсун» дедик, сөзгө жараша иш болобу, алдыда байкайбыз да…

Чыңгыз ЭСЕНГУЛ уулу: “Улуттук жазуучулар союзуна 15 млн. сом бөлүндү”

Жазуучулар союзу менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин Маданият министрлиги да билдирди. Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу быйыл мамлекет тарабынан маданият тармагына бөлүнгөн каражаттан Кыргыз Улуттук жазуучулар союзуна 15 млн. сом бөлүнгөнүн, Нурланбек Калыбеков менен биргеликте жакшы иштерди жасап жатканын, маараке ээсинин ысымы Кыргызстанга эле эмес, жалпы түрк дүйнөсүндө, мурдагы советтик, азыркы КМШнын адабий чөйрөсүнө кеңири таанымал болгонун баса белгилеп, Есенин сыйлыгын (Россиянын Сергей Есенин атындагы алтын медалын 2013-жылы алган — авт.) алгандыгы анын эл аралык деңгээлдеги аброю жогору экендигин тастыктарын кошумчалай кетти.

Бардык куттуктоо сөздөрдөн соң маараке ээси ортого чыгып, бир топ ырларын окуп берди. Алардын арасында кыргыз адабиятын ааламга тааныткан, жайылткан Чыңгыз Айтматовго арнаган бул ыры да окулду.

Чыңгыз Айтматовго

Кайдан — жайдан белгисиз,

ток урбастан, же атпастан чагылган

түрмөктөлгөн от учуп келип мага бир тийди.

Куйкаланып кеткен жокмун, тек гана

бопбош боло түштү мээм.

Мен ааламга, аалам мага сиңгендей

улуу күчкө кеткенсидим айланып.

Жаркыраткан, магдыраткан сезимдер,

боорду эзген күлкүлөр

жинди кылып ийерине аз калды.

Жүрөгүмдөн сан жетпеген Күн көрдүм,

Айлар келе жатты катар тизилип,

тырмак, чачым учунда бажыраят жылдыздар.

Көкүрөгүм, төбөм, аяк астымда

кабат- кабат асмандар,

ийигинде ийрилип бүткөн жиптей тоголок

жер көрүнөт эсепсиз.

Баскан, учкан, сүзгөн жана сойлогон

сулуу, анан түрү суук жандыктарды да көрдүм.

Кашаттагы башаттар, асман түстүү мухиттер

ээси болуп чыкты сөөк — денемдин.

Түпкүрүнөн рухумдун Кудай жана Кудайлар

жабык эшик артында масилет куруп чыгышты.

Не маселе?.. Айткан жок…

АЛА-АРЧАДА

Кызык эле, бу тагдыр, кызык эле,

Ортобузда бир сезим ысык эле…

Ыр жазчубуз экөөбүз, сырдашчыбыз,

Көкүрөктө катылган сырды аччыбыз.

Мен Алыкул, ал болсо Айдай болуп,

Эки бети албырып Айдай толуп…

Келээр элек акындын кабырына,

Суктанып да, кейип да тагдырына.

Чырайына суктанып көргөндөр да,

Турушчу эле көрүнөн өлгөндөр да.

Куруп калган өңдөнүп башка жерлер,

Кезикчү жер, арасы муздак көрлөр…

Муздак көрлөр, Күнгө да жибибеген,

Ысып турчу махабат деми менен.

Байкап карап тургандай арбактар да,

Жарк-журк этип от жанчы нар жактарда.

Муздак көрлөр үйүбүз болгучакты,

Муздак ажал алкымдан соргучакты.

Ысык сезим ортодо жанат — деппиз,

Ысык сезим түбөлүк калат — деппиз.

Келечекти куруппуз кыял менен,

Жан болбоптур кыялың тый, ай — деген.

Жеп койду бейм, тилекти ач арбактар,

Күнөө кимде, келечек, мезгил актаар.

Көрүстөндө канатын жайган сезим,

Көрүстөндө көмүлгөн кайран сезим.

Келем кээде, жалгыздык жанга батат,

Айдайы жок, Алыкул жалгыз жатат.

Калам мен да, бир күнү жер алдында,

Айдайы жок жатамын көр алдында.

Буйрубаган бир сүйүү жер үстүндө,

Буйрумакпы катыгүн жер астында.

Байдылда деген Байдылда…

Байдылда деген Байдылда,

Нурунан күндүн, айдын да

Устукан алып жүргөнсүп,

Жаркырайт кыргыз айдыңда.

Туйлаган тулпар жалынан,

Сулуунун сүйкүм калынан —

Чууруган ырды таап алып,

Өткөрүп берчү канынан.

Ойлору суудай шар эле,

Ордосу айыл, шаар эле.

Адамды тек кой, макулук

Угууга сөзүн зар эле.

Күн — түндү билбей күйчү эле,

Жарыгы тегиз тийчү эле.

Булактар төшөп кулагын,

Балыктар сүйлөп ийчү эле.

Октолсо оттуу добушу,

Оронуп ырга конушу

Тарп чокуур тумшук ыр токуп

Безенчү карга, жорусу.

Бутаны мээлеп ата алган,

Адалдап «актан» тата алган.

Уюган балдай тилинен,

Булбул да келип бата алган.

Кырсыктын тийип кол учу,

Көрүндү белем жол учу…

Шум ажал өзү келбесе,

Эл — журту бербейт болучу.

Байдылда деген Байдылда,

Келет деп качан, кай жылда?..

Арманын уктум кусалуу

Тоо — таштын, өзөн — сайдын да.

Эми биз да айтсак…

Нурландын адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн, өнөр адамын баалай билгендигин, барктагандыгын далай көрүп, ага болгон сыйым чоң. Буларды улуу-кичүү чыгармачыл адамдарга үлгү болчу жакшы сапаттардан деп билем. Жетекчи катары иши, чынында, чачтан көп, бара турган жери да көп, бирок, “убактым жок” дебейт. Былтыр Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата биздин «Алакан» сайты уюштурган «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасына убакыт таап катышкан.

Атүгүл асыл катышуучуларыбызга чакан белектерибизди тапшыруу иш-чарабызга да алтын убактысын бөлүп, шашып жатса да, аз убакытка модератордук салымды кошуп кетти эле…

Кара жолтой 2020-жылы журналист, акын, котормочу, жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) айрылып калгам. Анан эле эки дос, мыкты акындар: Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов кетип, кайгыга салышты…

…үчөөнүн өлүмүн көтөрүү Нурланга чынында кыйын болду. Ал дагы так биздей абалда болду: давлениясы көтөрүлүп, жүрөгү канады… ооруканага жатты… Бизге окшоп жашык болуп калды.

Нурлан дайыма аттарын оозунан түшүрбөй, чыгармачылыктарын кийинки жаштарга жеткирүү максатта дайыма айтып келет. “Өзгөчө Эрнис деген гений, кежир өзүнүн чыгармачылыгын даңктабай, өзүн барктабай кетти. Айланайын жаштар, ал мыкты котормочу болчу, В.Булгаковдун “Мастер менен Маргаританы” романын которуп кетти. Ал буйруган күнү чыгат” деп какшап айтып келе жатат. Баягы күнкү мааракелик кечесинде да ушуну айтты… үчөөнүн ысымын атады…

Зайырбектин келинчеги Анархан айткандай, “бизге ушундай жакшы сөз дагы дем-күч берет”.  Өзүң бизге кеңеш айткандай, Нурлан, өзүңдү сакта, көп кейибе, ыйлаба!

Нурландын кемчилиги, менин жолдошумдай кежир экен. 50 жылдык мааракесин белгилөөгө да араң көндүрүп, чакан залга өткөрүп жатышкандарын депутат Мирлан Самыйкожо айтты…

“Бешиктеги баланын ким болорун ким билет?”…

дегендей, Нурлан Калыбеков бүгүн белгилүү акын, болгондо да мыкты акын, мыкты котормочу. Анын алгачкы ыры 1990-жылы “Ленин жолу” гезитине жарыяланган. Ал А.Осмоновдун “Ата журт”, Ж.Мамытовдун “Издейм сени”, Т.Кожомбердиевдин “Мен тоолордун уулумун” аттуу китептерин түзгөн. “Нур дүйнө” (1995-ж.), Ырлар жана поэма (1999-ж.), “Теңиринсан”( 2004-ж.), “Күнэл” ( 2007-ж. жамааттык жыйнак), “Сыр жарык” (2010-ж.), “Дервиш миров”( 2002-ж.), “Азия, все мы твои дети” (2000-ж. жамааттык жыйнак) китептердин ээси. Анын ырлары орус, казак, азербайжан, түрк тилдерине которулган. Өзү болсо Мукагали Макатаевдин “Үч бакытым” (2000-ж.) жана Магжан Жумабаевдин “Теңир от” (2002-ж.) китептерин кыргызчага которгон. Союзга төрага болуп келгенче ал чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» бирикмесин жетектеген. Жазуучулар союзуна 17-төрага болуп 2019-жылы келген.

Карагылачы, Жазуучулар союзун кандай гана акын-жазуучулар жетектеген!

  1. А.Токомбаев (1934—37-ж.ж.);
  2. Т.Үмөталиев (1937—40-ж.ж);
  3. А.Токомбаев менен К.Баялинов (1944—54-жылга чейин алмак-салмак жетектеп турган);
  4. А.Салиев (1954—1960-ж.ж.);
  5. Т.Абдумомунов (1969—1971-ж.ж.);
  6. Т.Аскаров (1971—1986-ж.ж.),
  7. Ч.Айтматов (1986—1991);
  8. А.Жакшылыков (1991—1995-ж.ж.);
  9. Ж.Мавлянов (1995—1996-ж.ж.);
  10. Н.Алымбеков (1996—2004-ж.ж.);
  11. Ж.Садыков (2004—2006-ж.ж.);
  12. А.Өмүрканов (2006—2007-ж.ж.);
  13. О.Султанов (2007—2009);
  14. А.Алымбаев (Баяс Турал) (2009—2011-ж.ж.);
  15. Ч.Абыкеев (2011-2014-ж.ж.).
  16. А.Рыскулов (2014-2019-ж.ж)
  17. Н.Калыбеков (2019-жылдын 8-февралынан тарта)

Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Мен бала элем, апам анда жаш эле..»

Акындын балалык чагы Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Аркыт айылында өткөн. 1973-жылы 21-сентябрда жарык дүйнөгө келип, ата-энесин сүйүнткөн. 1988-жылы Аркыт 8 жылдык мектебин, 1990-жылы Таш-Көмүр шаарына караштуу №6 И.В.Панфилов атындагы орто мектебин бүтүргөн. Эмгек жолу (1990–1992-жж.) “Бишкек почтампта” слесарь оңдоочулуктан башталган. Анан “Кыргызсоодакурулушмонтаж” башкармасында, Кыргызавтомаш заводунда жумушчу болуп эмгектенген. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин, 1998-жылы “философия” багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин Дин таануу кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенген.

АПАМ ЖАНА МЕН

Мен бала элем, апам анда жаш эле,

Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

Кайда барса ийик түшпөй колунан,

Ат баштыктай мен да, түшпөй жонунан.

Кумурскадай чарчабаган, тынбаган,

Үй оокатын жалгыз өзү тыңдаган.

Кайраты зор тоону ордунан жылдыраар,

Оо, ал тургай мезгил белин сындыраар,

Көөдөн көзү көрө билген, дили курч,

Макалдатып сүйлөй билген,тили курч,

Сөзгө дагы, бөзгө дагы маш эле,

Апам анда гүлкайырдай жаш эле.

Жашыл дүйнө жаштыгында чарк уруп,

Чөптөр бийлеп, таштар дагы каткырып

Тураар эле, бирок биздин дубалдан,

Көздөн, сөздөн, балким кара дубадан,

Онтогон үн чыгаар эле жаңырып,

Асман, жердин мейкиндиги тарылып.

Күн тийбеген тескейдеги үйгө окшоп,

Үй кабагын турчу муңдуу күү коштоп.

Атам сулап жатаар эле төшөктө,

Тамак бууган муң бар эле өзөктө.

Кандай күнгө кабылгам мен, катыгүн,

Оору менен алпурушуп аттигиң,

Сыртта эркек, үйдө аял болдум не?

Бешенеме кара жылдыз кондуң не?

Оору эмес, ооруп көпкө жаткандар,

Нагыз ооруу, ооруу жанды баккандар,

Ыйлап алчу, кээде ушинтип бышактап,

Кош тизесин колу менен кучактап.

Деген менен кайраты мол жан апам,

Тагдырына бий, болуштай, хан апам.

Жерди кармап турган өңдүү огунан.

Касиети обочо эле тобунан,

Бирок, аттиң мезгил ийрип ийигин,

Алды акыры өз колуна бийлигин.

Бербейт кайра, жалынсаң да бербестир,

Кайран жаштык асылсаң да, келбестир.

Карылыктын жүгүн артып жонуна,

Таяк берип, мээнет кетпес колуна,

Боюн аштап, ийип койду эңкейтип,

Сынын алып, тишин күбүп кемшейтип.

Апам тургай, менден учуп каакымы,

Каш какканча өттү жаштык закымы.

Ошол күндөн, ушул күнгө агылып,

Онтогон үн, кейиген ый жаңырып,

Аба жетпей, араң-араң дем алып,

Өмүрүмдүн күлгүн кезин жеп алып,

Күн тийбеген жарыгы жок жол басып,

Онтоп, кейип келе жатам шор басып.

Мезгил өзүң, оңдо, менин катамды,

Атамдан соң, мен карыттым апамды…

Мен бала элем, апам анда жаш эле,

Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

Кылым карыта жаша, Нурлан!

Нурлан, эр ортону 50 жашың кут болсун! Ала-Тоодой бийиктикти, күн мээриминдей жылуулукту, арчадай узун өмүр, суудай таза, кардай аппак көңүл каалайбыз! Түндүгүң кеңейип, уугуң узарып, балдарыңдын жакшылыгын көрүп, кылым карыта жаша!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.