Примовдун «өрдөгү»… Самыйкожонун кнопкасын ким басты?.. «Бог ему судья…»

Примовдун «өрдөгү»… Самыйкожонун кнопкасын ким басты?.. «Бог ему судья…»

Бүгүн, 29-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында туубузду өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, дароо колдоо тапты. Депутат Акылбек Түмөнбаев талкууну токтотуп, добуш берүүгө өтүүнү сунуштаган соң, жыйынтыгында 66 депутат макул, сегизи каршы добуш беришти.

Долбоорго каршы добуш берген депутаттар:

  1. Нилуфар Алимжанова
  2. Сеидбек Атамбаев
  3. Дастан Бекешев
  4. Тазабек Икрамов
  5. Арсланбек Малиев
  6. Кубанычбек Самаков
  7. Максатбек Сарбагышев
  8. Эмил Токтошев

Авторлордун бири Примовдон «өрдөк» учуп кетти…

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Коомчулук жапырт каршы чыккан. Бирок бүгүнкү жыйында Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күнкарама сыяктуу көрүнөрүн билдиришкенин, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты. Өздөрүнө керекте «эл колдоду» дегенди карманган бийликтегилерде илгертен адат. Болбосо, «Желектеги күндүн нуру күнкарама сыяктуу…» деп соцтармактагылардын бири да жазган эмес, каршыбыз деп эле жазып жатышкан жана жазышууда… Эл ичи ушундай маанайда… Кечээги, 29-ноябрда “Азаттык” радиосу YouTube платформасында желекти өзгөртүү демилгеси боюнча сурамжылоо жүргүзгөнүн эле алалычы. Сурамжылоого 20 миң киши катышты.  78%ы учурдагы туу калсын деп добуш берсе, 5%ы эки депутат, 14%ы президент сунуштаган вариантты колдогон. Примов «өрдөк» учуруп жиберди да…

Ал эми спикер туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөт деди. Болбосо, буга чейин «Бюджетке эч зыян келбейт, алмаштыруулар элди кыйнабайт» деп сайрап жатышкан… Желекти өзгөртүү себебин болсо, чет өлкөлөргө барганда баары эле кулактарынын кужурун алып «күн караманын өлкөсүсүңөрбү?» деген суроолорду тынбай бере бергендиктен, аябай басынып, чүнчүп кетишкенби, президент Садыр Жапаров жана өзүнүн кеңеши менен ушул вариант иштелип чыкканын айтып келген. Эсил кайран 30 жылдык эгемендикте башка ажолорубузга мындай суроолорду эмнеге беришкен эмес деген ой жаралат да, аттиң…

Жапаров менен Ташиев эмне дейт?

Инаугурацияда президент Садыр Жапаров желекти өөп жаткан учуру (2021-жыл).

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде билдирген. «Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген«, — деген президент.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да, албетте, колдоорун билдирип, «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган болчу:

Менин пикирим боюнча, желекти өзгөртүшүбүз керек. Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек, күнкарама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиши керек!

Кнопканы ким басты?..

Эми, бүгүнкү Жогорку Кеңешке келсек, айрым депутаттар добуш берүүгө катышпай, арасында Мирлан Самыйкожо болгон. Кнопка баскычтардын «баскынчылыгына» дуушар болуп, депутаттык кнопкасы «макул» деп басылып калыптыр. Болбосо, журналисттерге «Каршымын!» деп эле келаткан болчу. Алтүгүл буга чейинки жыйындардын биринде мындай деген эле:

  • — Байрак качан алмашат? Согуштук учурлар болгондо, бир республиканы башка республика кошуп атканда өзгөрөт. Тууну ким саят? Эркиндиги, эгемендиги бар Эл саят. Сайылган тууну душман түшүрөт. Күндүн нуру деп жатабыз. Биз аны түз кабыл албашыбыз керек. Ошол кезде аны кыргыздын интеллигенциясы, улут каймактары кабыл алган. Биз андан кемчилик издебей эле койсок болмок. Ал күнкарама эмес, коломто деп жатат. Коломтонун оту өчпөсүн, эне бар жерде жылуулук бар деген маани болгон анда. Эне дегендин философиялык терең мааниси бар, наристелердин пири умай эненин эн тамгасынан алынган.

Бирок, Мирлан Самыйкожо бүгүнкү каралчу маселени билсе керек, башка катышпаган депутаттар да. Кыйратып мыйзам жазбаса да, орчундуу маселе көтөрбөсө да, жыйын залын аралап кнопка баскан шайдоотторго жол бербей, депутаттык, жарандык позициясын бүгүн да бекемдеп келип койсо болмок…

Мирлан САМЫЙКОЖО: «Байракты эмес, аймакты өзгөртүү керек!»

Бекбосун ЖАЙЧЫБЕКОВ: «Бог ему судья…»

Эгемендик байрагынын авторлорунун бири, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбеков аганы Мамлекеттик туубузду өзгөртөбүз деп оозанып башташкандан «Тууну өзгөртөбүз деп жатышат, авторлордун бирисиз да, бирдеме деп койбойсузбу?! Оюнузду айтпайсызбы?» деп жаалап киргенибиз чын. Көрсө, бул киши өзгөртүү тууралуу деле билбептир, өзгөргөн вариант Жогорку Кеңешке сунушталып калганын кийин билип, «сунушталган вариант жамандын жаманы» деген маанайда пикири чыккан. Кийин «Фейсбукка» ушинтип жазды дешти, биз ал пикирди таппай калдык.

Жакшы маанайда, жакшы нерсе жазайын эле дейм. Жазбай койсом жан калабы деп коём. Анан эле ичимден түрткүлөгөнсүп, жан дүйнөң жаңылыктар менен бөлүшкүсү келе берет.
Ооба, туу көп сөздү айткызды, көйгөйлөрдү көтөрүп салды. Туунун уу-чуусу менен тынч уйку жок. МЕНИН КОЛУМДАН БИРДЕМЕ КЕЛЧҮДӨЙ мени күнөөлөгөн андан көп. Эми айтайын, тууну алмаштыруу кайдан чыкканын билбейм, түшүнүгүм жок. Бардыгы «жактырып» жаткан, интернеттеги эскиздерди Жусуп Матаев жасаганын, биз менен кеңешпей ЖК тапшырганын кечээ билдим. Бог ему судья…
Ошол. Уу-чуудан кутула албай бардыгынан көңүлүм үч көчкөн журттай калып турганда, мурда эстеринен чыгарып койгон телерадионун кабарчылары тегеректеп тынчымды алганда, мэрияга чакыртып жиберишиптир. Эмнеге, дагы да ТУУ жөнүндөбү? Эми эмне болду экен деп барсам көңүл көтөрө турган иш чара экен. Муниципалдык кызматта ( он жылдан ашык кичи райондун аксакалдар соту) жигердүү эмгектенгеним үчүн, мамлекетке сиңирген эмгегим үчүн деп ушул юбилейлик медалды тапшырышты. Рахмат!

Эске сала кетсек, Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси буга чейин деле көтөрүлгөн. 2011-жылы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар кеп козгоп, депутаттык комиссия да түзүлгөн. Бирок колдоо тапкан эмес… Бул жолу колдоо эл тараптан болгон жок, бирок…

Кыргызстандын Мамлекеттик туусу өлкөбүз эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Мамлекеттик туу күнү жыл сайын 5-мартта белгиленип келет…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.