ВИДЕО — Аралга атактуу балбандар барышты…

ВИДЕО — Аралга атактуу балбандар барышты…

Талас облусунун Талас районундагы Арал айылында Майрамбек Жусупбеков атындагы күрөш залы ачылды. Бул тууралуу айыл тургуну Мирлан ЖАКШЫЛЫК уулу билдирди.

Анын айтымында, күрөш залынын ачылыш аземине атактуу балбан балдарыбыз Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков, Акылбек Талантбеков, Раззак Бейшекеев да барган. Аларды Арал айылынан чыккан балбан, Азия чемпионаттарынын катышуучусу, жеңүүчүсү, Японияда өткөн Олимпиада оюндарына катышкан биздин кураманын капитаны болгон Атабек Азизбеков алып барган.

ВИДЕО

Спорт залын ачууга Талас өнүктүрүү фонду беш миллион сом, Арал айыл өкмөтү төрт миллион сом бөлгөн. Ал эми ысымы ыйгарылган Майрамбек Жусупбековдун балдары спорт залды салууга өз жерин, Адыл аттуу уулу күрөш килемин, башка майда-чүйдө спорт шаймандарын алып берген. Жуунуу, кийинүү үчүн атайын жайлар менен камсыздандыруу максаттар да бар экен, буйруса.

Спорт залынын ачылышынын урматына Талас району боюнча жаш өспүрүмдөр арасында турнир өтүп, жыйырма медаль ойнотулган. Алар үчүн жети жаштан он үч жашка чейинки болочок чемпион жеткинчектер күрөшүп, чапчаңдары, мыктылары тийиштүү медалдарды алышкан. Биринчиликти багынткан кыздардын арасында улакчы Жоки Орозбаевдин жана Арал айылынын балбан балдар-кыздарын машыктырууну колго алган машыктыруучу Бугубайдын кызы болгонун уктук. Калган балдар-кыздардын да ысымдары дүңгүрөп чыгар күндөр да алыс эместей…

ВИДЕО

Айыл өкмөтү Айбек Көчөрбаев спорт залынын ачылыш аземине атайын убакыт бөлүп келген балбандарга ыраазычылык билдирип, баштарына калпак кийгизип, үстүлөрүнө чепкен жапкан. Ал эми Майрамбек Жусупбековдун балдары жылкы союп жалпы айыл аксакалдарын, келген конокторду сыйлашкан.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Арал айылында атайын машыгуу үчүн ылайыктуу зал да, жай да болгон эмес. Дүйнөлүк күрөш жылдыздары балбандарыбызды алып барган Атабек Азисбеков Аралдан 25 чакырым алыс Көпүрө-Базарга кээде ат минип, кээде унаа тосуп барып келип машыгып баштаган. Ал жердеги машыктыруучу агайы Байсеит Дүйшөкеев менен сүйлөшүп, жумасына бир жолу машыгууга уруксат алган. Жоламандай, Акжолдой, Раззактай, Азисбектей балбан болууну самаган балдар-кыздар дагы бир коңшу айыл Үч-Эмчекке атайын унаа жалдап барып машыгып жатышчу экен, эми аларды кезектешип ташыган ата-энелерине жалдырабай, өздөрү эле тыпыңдап барып машыга башташат.

Айтмакчы, Атабек эки жыл мурунку бир маегинде туулган айылы Аралга спорт залын ачууну максат кылып жүргөнүн айткан экен. Буйруса, бул тилеги аткарылып отурат. Балким, ушул куттуу залдан Азия, дүйнө, Олимпиада чемпиондору тарбияланып чыгат… Кудай ушуну кут кылсын… Күрөш залы ак жолтойлуу болуп, балбан балдарыбыз айылга эле эмес, ааламга таанылып, Кыргызстандын желегин желбиретсин!

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.