Медеткан ШЕРИМКУЛОВ: «Авторлор тирүү турганда тууну өзгөртүүгө эч кимдин укугу жок!» (ВИДЕО)

Медеткан ШЕРИМКУЛОВ: «Авторлор тирүү турганда тууну өзгөртүүгө эч кимдин укугу жок!» (ВИДЕО)

ПРИМОВ: «Желектеги түндүктө үч чамгарак төрт болуп өзгөртүлөт»

Кечээ, 29-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында туубузду өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, дароо колдоо тапканы коомчулукту «жарды». Ошондон бери интернет колдонуучулардын дээрлик бардыгы бул чечимге нааразы болуп жазып жатышат.

Чак түштө түшкөн чагылгандай желекти өзгөртүү идеясы эмнеден жаралды, дале бүдөмүк. Бийликтегилер чаргытып ар нерсени карманып жатышат. Бул боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Примов болсо, бети кызарбастан «өзгөртүү коомчулук сунушу болчу» деп айтып чыккан. Кайсы коомчулук, таң! Көчөдөн кармап токтоткон ар бир адам «Каршымын!» деп айтары бышык.  Элди бетке кармабай эле «спикер Нурлан Шакиев экөөбүздүн идеябыз» десе туура болмок.

Айтмакчы, экөө ЖКнын конституциялык мыйзамдар комитетинде ЖЕЛЕКТЕГИ КΥНДΥН НУРЛАРЫН ЭЛЕ ЭМЕС, ТΥНДΥКТΥН ЧАМГАРАГЫН ӨЗГӨРТΥΥНΥ сунушташкан. Примов желектеги түндүктүн үч чамгарагы төрт болуп өзгөртүлөрүн, авторлор менен биргеликте ушул вариант сунушталганын, убагында ата-бабалар да ушундай түндүктү көтөрүп жүрүшкөн дейт. Авторлор деп эле жатышат, бирок, билишибизче, тууну тууралап берген автор бирөө эле, ал — Жусуп Матаев.

Примовдун айтымында, туунун айрым элементтери өзгөртүлгөндөн кийин туу түшүрүлгөн бардык документтерди тез арада өзгөртүүнүн кажети жок. Аларды мөөнөтү бүткөндөн кийин деле акырындык менен алмаштырса болот. Ага балким беш же сегиз жыл кетет имиш…

Айтор, сөз жок… сөз жок…

ШАКИЕВ: «Желектин чыгымын демөөрчүлөр көтөрөт»

Ал эми спикер болсо, туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпейт, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылтырылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөт дейт. Анчалык чыгымга даяр
көрүнбөгөн демөөрчү ким өзү?.. Матраимовбу же Бабановбу?.. Же башкасыбы? Элде суроо көп, бийликте чаргытма ар кыл жооп.
Айтор, 30 жылда болбогон нерселер болууда, таңгөрү…
Адил ИПТАРОВ: «Туунун өзгөрүшүнө КАРШЫМЫН!»
Сабыр Иптаров
Мамлекеттик желектин авторлорунун бири Сабыр Иптаров 2014-жылдын 4-октябрында каза болуп калган. Маркумдун уулу Адил Иптаров да четте калбай, «Мамлекеттик туубуздун авторлорунун бири атам» деп, «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
Менин атам раматылык Сабыр Иптаров, КРнын Мамлекеттик Туусунун авторлорунун бири. Мамлекеттик символдорду аныктоо учурунда атам демилгечи катары, анын кыраакылыгы, баамчылдыгы менен сунушталган Мамлекеттик туунун варианты легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу 32 жылдан бери өлкөнүн жүзү катары жашап келе жатат.
Мамлекеттик желектеги түстөр жана символикалык белгилер төмөндөгүдөй чечмеленген:
Кызыл түс – бийликти, жеӊишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанатты сыпаттаган түс. Хан көтөрүлгөндө ага арнап атайы кызыл кийим тигишкен.
Күн – өмүрдү, түбөлүктүүлүктү, мээримдүүлүктү, айкөлдүктү, күнөстүү өлкөбүздү, илим-билимди, бейпилдикти, теӊчиликти, жылуулукту туюнтат.
Кырк нур – кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин түзгөн кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген.
Түндүк – көчмөн маданиятын, өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, өнүгүп-өсүүнү, ата салтын, эне адебин, үй-бүлөнү туюнткан символ.
Түндүк Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабадан мурастап алган мөөр-тамгасы. Күнтүндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү — Кыргызстанды – көтөрүп турган көп улуттуу калктарды да элестетет.
Мамлекеттик желекте мына ушундай улуу идеяларды камтыган символдор чагылдырылган. Көрүнүп тургандай, мамлекеттик желектеги түстөр жана белгилер элибиздин улуттук рухий дүйнө таанымынан, тарыхый басып өткөн жолунан, эстетикалык көркөм татымынан келип жаралган символдор. Алардын мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу бул дөөлөттөрдүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын жана элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү карагандыгын көрсөтөт.
Желек – адамдын руху сыяктуу нарктуу, дили сыяктуу таза, жүзү сыяктуу көркөм болушу керек. Ал санжыраны, эпосту, тарыхый чындыкты жуурулуштуруп, калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырып, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, сыймыктантып турган рухий жана материалдык ыйык таберик болууга тийиш.
Адил  ИПТАРОВ 

«Авторлор тирүү турганда тууну өзгөртүүгө эч кимдин укугу жок!»

Өлкөбүздүн Мамлекеттик туусу эгемендик алгандагы алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Мамлекеттик туу күнү жыл сайын 5-мартта белгиленип келаткан… Ортодо Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси бир жолу көтөрүлгөн. 2011-жылы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар кеп козгоп, депутаттык комиссия да түзүлгөн. Бирок колдоо тапкан эмес… Бул жолу колдоо эл тараптан болгон жок, бирок…
24-октябрда спикер Нурланбек Шакиев экс-спикер, легендарлуу парламенттин депутаты Медеткан Шеримкуловду, Мамлекеттик Туунун көзү тирүү авторлорунун ичинен Жусуп Матаевди жана Бекбосун Жайчыбековду кабыл алган. Ошол жолугушууда Медеткан Шеримкулов Мамлекеттик Туу боюнча 700дөн ашуун сунуш келип түшкөнүн, 100дөн ашууну тандалып кароого киргизилгенин, жыйынтыгында мамлекетибиздин түндүгү көтөрүлүп, түптөлүп жаткандыгынын далили катары туунун түндүк жана күн нурунун элементтерин камтыган варианты жактырылганын айткан болчу.
«Бирок, азыркы күнгө чейин баштапкы варианты түрдүү өзгөрүүлөргө учурап, ар кандай жасалып келгенин көрүп жүрөбүз. Андыктан, баштапты концепциясын так сактоо менен айрым бир элементтерине тактоо киргизүү маселесин авторлорунун катышуусунда кайрадан карап чыгышыбыз керек. Авторлор тирүү турганда тууну өзгөртүүгө эч кимдин укугу жок» деген эле…

Авторлордун бири жыйынга эмнеге чакырылган эмес?..

Бекбосун Жайчыбеков
Мамлекеттик туубуздун авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков. Жыйынга Эдил Айдарбеков, Жусуп Матаев, Мырзабек Батырканов чакырылып, дагы бир автор Бекбосун Жайчыбеков чакырылган эмес. Ал киши азыр ооруканада. Ооруканадан берген маеги бул жерде: ВИДЕО
Мамлекеттик туубуздун башкы авторлорунун бири Сабыр Иптаров агабыз көзү тирүү болгондо туубузду жан үрөп коргоп чыгат эле. Башынан ак калпакты түшүрбөй, жүрөгү эл-жер, тил, маданият, дегеле, улут деп соккон киши эле. Тил илими үчүн кандай зор иштерди жасады, айта берсең, узак кеп… Азыркылардын тизгинин тартып коёр, акыл-эске чакырып тыйып коёр канча адамдар өтүп кетти, аттиң! Калк каршы экен дебей, азуусун айга кайрып, улут курутарлар арбыганда, асыл адамдар аман болушса эмне дейсиң, аттиң!
Азыр желегибизди автор катары коргогон жалгыз Бекбосун Жайчыбеков гана болууда. Анын ызага ууккан жан дүйнөсүн тууну өзгөртөбүз деп желигип, ээлигип алгандар түшүнмөк беле… Бирок, Бекбосун агабыз жалгыз эмес, артында эл бар. «Эл менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» дегендей, эл менен сиз бийиксиз! Эртерээк сакайып кетиңиз!
Баса, азыркы өзгөртүлмөкчү болгон желектин вариантынын автору Жусуп Матаев туубуз боюнча 3 жыл мурун башкача айтты эле… «Желекти өзгөрткөндөн эч нерсе өзгөрбөйт!» деп… Ал ВИДЕО ушул…
 Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.