Махмуд Кашгари атындагы эл аралык адабий сыйлыкка татыган «ШООЛА»…

Махмуд Кашгари атындагы эл аралык адабий сыйлыкка татыган «ШООЛА»…

Акын-жазуучулардын китептери түрк тилинде чыгарылды

29-декабрда, борбор калаадагы А. Осмонов атындагы улуттук китепканада кыргыз акын-жазуучуларынын ТҮРКСОЙ уюму тарабынан түрк тилинде чыгарылган китептеринин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага жазуучу Роза Айтматова, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, журналисттер катышты.

Учкай айтсак, түрк тилинде Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жолон Мамытов, Молдо Нияз тууралуу эмгектер жана жазуучу Топчугул Шайдуллаеванын “Эки эшиктүү үй” (İкi kapılı ev), акын, журналист ⁠Бурулкан Сарыгулованын “Жолдогу ойлор” (Yoldaki düşünceler), ⁠ акын Атантай Акбаровдун “Энелер бейиштин мекени” (Analar, bu dünyada birer melek) кечээ жакында «Даңк» медалын алган акын, журналист Абдилaат Дооровдун “Эмнегедир теше тиктейм алысты” (Nedense ben ufka dalar, bakarım) аталган китептери Анкара шаарынан мурда-кийин басылып чыккан.
ТҮРКСОЙдун колдоосу менен буга чейин Чыңгыз Айтматов, Касым Тыныстанов («Kasım Irlarının Cıynagı» — Kasım Şiirleri Mecmuası), Төлөгөн Касымбеков («Kırgın»), Жолон Мамытов, Мар Байжиевдин түрк тилинде жарык көргөн китептери аркылуу түрк окурмандары кыргыз адабияты менен таанышуусун роман, поэзия, драма — ар кыл көркөм жанрда улантышса, илимий өңүттөгү иликтөөлөр башка кырларын ачып бергендир дейбиз.
Анан түркчөгө которулду деген китептер ичинен «Katkeldi» («Кат келди») повести, билишибизче, кыргыз окурмандарынын көбүнө чала тааныш. Ал Роза Айтматова менен Люция Айтматованын уулу, жазуучу, полковник Асан Ахматовдун балдар үчүн арнап жазган китеби. Анын башкы каарманы, негизги баяны азыр 90 жаштагы техникалык илимдердин доктору, академик Ильгиз Айтматовдун согуш жылдарында «Каткелди» атыгып почточу болуп иштеген өспүрүм бала кези.
Ал эми илимий багытта түрк тилине оодарылган эмгектерден бизге маалымы филология илимдеринин доктору Үмүт Култаеванын адабиятыбыздын «баба дыйканы» Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы жана өмүр жолуна арналган “Ulussever bir yazardan ulvi bir söz”  жана түркология илиминин доктору Гүлзада Нармаматованын тунгуч жазма акындарыбыздын бири, агартуучу Молдо Нияздын чыгармачылыгына арналган “Sanat-i Digar” (Astar) аталган илимий изилдөө иштери болуп эсептелет.
Эске сала кетсек, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму кыргыз, казак, азербайжан, өзбек, түрк, түркмөн, мажар адабияты, дегеле дүйнөнүн ар кай булуң-бурчунда жашаган түрк тилдүү элдердин руханий баалуулуктарын иликтеген эмгектерди жарыялап келет. Бул багытта биздин илимий чөйрөдөн дагы кандай иликтөөлөр жарыяланарын убагында билербиз, ошентсе да, уюмдун баш катчысы Султан РАЕВ айткан «…Алдыда Барпы Алыкулов, Казыбек казалчы, Байдылда Сарногоевдин, ошондой эле бир топ азыркы адабият өкүлдөрүнүн чыгармаларын түрк тилинде басып чыгаруу пландар» тууралуу кабардар болдук, буйруса…
Айтмакчы, былтыр (2022-жылы), декабрдын аягында түрк тилине оодарылган «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» жыйнагынын бет ачары болгон. Ал тууралуу кечээги иш-чарада да сөз болду. Ал жыйнакка кирген 58 акындын биринчи жолу түрк тилинде жарык көргөн ырлары кыргызчасы катар коюлуп жарыяланган эле. Алардын арасына 2020-жылы бу жашоодон кабырганы кайыштырып арты-артынан удаалаш жаш узап кеткен белгилүү акындар Эрнис АСЕК уулу, Элмирбек ИМАНАЛИЕВ, Зайырбек АЖЫМАТОВдун да ырлары кирген.

Сыйлык — сыймык!

Жогорудагы иш-чаранын алкагында Махмуд Кашгари атындагы эл аралык адабий сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктар өз ээлерин таап, 1-орунду белгилүү радиожурналист, акын, жазуучу Элмира Ажыканова жеңип алды. Кубанган эжебиз «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

Адабий сыйлыкка быйыл март айында сынак жарыяланып, ага «Жеңекем» аттуу жаңы аңгемемди жөнөткөм. 14 өлкөдөн 400гө жакын автор катышыптыр. 1-орунга ээ болгонумду укканда ишене албай туруп калдым. Кубандым, сыймыктандым, моюнума жоопкерчилик тагылды. ТүркСОЙ уюмуна (жетекчиси С. Раев) жана Евразия Жазуучулар бирлигине (жетекчиси Yakup Ömeroğlu) ыраазычылык билдирем.

Бул адабий сыйлыкка татыган жаштардын бири журналист, жаш жазуучу Махабат Саидрахманованы куттуктап, сынакка кайсы чыгармасы менен катышып жеңип алганын сурасак, мындай деди:

«Шоола» аттуу аңгемем менен катышкам. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевге жана Евразия жазуучулар союзунун президенти Якуп Өмүроглыга ыраазычылык билдирем жана Элмира эжени сыйлыгы менен куттуктайм. Ошондой эле учурдан пайдаланып, кыргызстандыктарды келе жаткан 2024-жыл — Жаңы жылы менен куттуктайм! Жакшылыктын, молчулуктун, токчулуктун, тынчтыктын жылы болсун!

Кыргыздын сыймыктуу кыздары Элмира эжени жана Махабатты алган сыйлыктары менен куттуктайбыз! Анда эмесе, сыйлыкка татыган Махабаттын «Шооласы» алдыңыздарда…

Назира СААЛИЕВА

Махабат САИДРАХМАНОВА: «ШООЛА» (аңгеме)

Өлүп алсамбы? — деп ойлоно берчү кээде. Бул эмне деген тагдыр? Эмне деген тозоку өмүр? Ушинтип жашагандан көрө өлүп калган алда канча жеңил болмок. Мындай азапка кантип чыдайм, мындай өлөсөлү жашоонун кимге кереги бар?- деп тагдырына нааразы болуп, көп кейиди. Бирок, кайсы тагдырым, кайсы санаам, кайсы көргөн күнүм деп ой жүгүрүп, өзгөлөрдүн жашоосу менен өз жашосун таразалап көрө албады. Ак-карасын ажырата албады. Тек гана “ушинтип жашагандан көрө өлгөнүм артык” деген ойго көп жетеленди.

– Ии? – деди бир күнү тагдыры.

Ошол күнкү көзү менен көргөнү көкүрөк түпкүрүнөн тагдыр болуп үн салып тургансыды:

– Көрдүңбү? Азап кандай экенин көрдүңбү эми? Арман кандай болорун, кайгынын күйүтү кандай оор болорун сездиңби? Көрө элек болсоң, көзүңдү чоң ачып көрүп ал.

Ал бул ирет чыныгы кайгы менен бетме-бет келди, келмек тургай кайгынын сөлөкөтүндөй болгон адам баласынын колунан кармап, кучагына кысып турду. Кулап кетпесин деп жөлөп-таяп турганы, аяп турганы сексен жетидеги таенеси эле. Чүкөдөй кемпирдин, териси менен эле сөөгү калгандай арык, буладай жепжеңил, алсыз, үзүлбөй турган жалгыз гана ысык жаны бар. Ага деле карабай, алынын барынча тырмалаңдап, боз үйдүн сол капшытында, көшөгөнүн артында созулуп жаткан уулунун жансыз денесине бой урат. Бар күчүн, бар алын жумшап сөөк жаткан тарапка жүткүнөт.

-Алда, каралдым ай! Кагылайыным ай! — деп армандуу какшайт. Эчкирип, эт-бетинен кетип, бар үнү менен озондогусу келет, сөөлдөй күчү болсо кана? Бечера кемпирдин ай-ааламды бузуп, арман чапчымагы кайда? Араң чыккан алсыз үнү менен ачуу сыздады, кошок кошмок түгүл сөз сүйлөөгө чама-чаркы келбей, тек гана кокуйлап, анда-санда каралдым деп какшап отурду. Көкүрөгү эңшерилип турган энени кучактап отуруп, ыйга деле, кайгыга деле көкүрөк толо дем, күч керек окшобойбу?-деп ойлонуп кетти аял.

– Көрдүңбү?– деди тагдыры, кайра-кайра эсине салып, табалап аткансып:

— Кайгынын өң-түсү кандай болорун эми көрдүңбү?

– Көрдүм. Көрбөй көзүм кашайсын. Жүрөгүм ай. Байкуш таенем ай. Шоруң мынча көп эле? Жаратканым, өзүң жардам берчи, аячы бечараңды –деп жалынып жиберди.

Аяса жаш өмүрдү аяш керек эле. Кейисе жаш өмүргө кейиш керек эле ушул мүнөттөрдө. Бирок, күлгүндөй жаш курагында тирүүлүк менен коштошуп оо дүйнөгө кете берген таекесинен да анын артында калган кемпирдин күйүтүнө дили сыздап аны аяп жатты. Жүрөгү эзилип, жарыла жаздап турду. Кучагындагы эненин күйүтү ага өтмө катарынан өтүп, эне сезгенди сезип, эне туйгандын баарын туюп, таенесин бекем кучактап, болгон үнү менен боз үйдү башына көтөрө ый аралаш бакырып-бакырып, өксүп алды.

– Таенем, байкуш таенем ай! Эми кантер экенсиң?

Маркум, кемпирдин өлгөндөн калган жалгыз эркек баласы эле. Бири-бирине бактысы, байлыгы менен теңтайлашкан кыздары деле бар. Бирок, эркек баланын орду башка да. Кемпир уулун жалгызым деп жан тартып, жанындай көрчү. Кезинде төрт кыз, эки уулдун энеси болду. Уулдарынын улуусу Аккул көзгө толгон чырактай кезинде кырсыкка кабылды. Жайлоодо азоо айгыр ала качып, үзөңгүдөн бутун чыгара албай атка сүйрөлүп, жан берди. Ошол каргашалуу күн бүгүнгө дейре эне кургурдун өзөгүн өрттөп жашады.

Аккул таякесинин өлүмүнө байланышкан бир окуяны эстеп кетти аял. Анда 16 жашта эле. Жайкы каникулда таятасынын үйүндө жүрүп таенесинен оозунан уккан:

– Атчан тоо кыялап келатсам, алдыман бир жалаңкычтай неме чыкпадыбы? Өзүм Аккулду ойлоп кейип, ичтен сызып келаткам. Капталдагы киши бою өскөн чийлердин арасынан үстүнө аткулактын жалбырагын самсаалатып илип алган, же кишиге окшобогон, же жаныбарга окшбогон тири укмуш бир нерсе көзүмө көрүндү. Түбүң түшкүр, “Аккулду алган менмин. Мен алгам!” дебедиби. Корккон деле жокмун, чыйралып, эч нерсеге карабай ат тизгинин ошол тарапка бура тартып артынан кууп жөнөдүм. Бир заматта эле жер сыйпагандай жоголуп кетти. Тапсам эле Аккулумду кайрып алчудай болуп, кыйкырып-бакырып ыйлап, чийлердин арасын тинтип издедим. Далайга издедим. Жок. Тапкан жокмун, табылмак беле? Көмкөрөмөн түшүп алып жер тытып боздоп калдым. “Аккулду мен алгам.” дебедиби.

Көзүнөн сызылып чыккан жашты жоолугунун учу менен сүртүп коюп, үшкүрүнө сүйлөп отурган таенесин карап алып ошондо кыздын дене бою дүр эткен.

-Кантип коркпой артынан кубаладың таене? –деп таң калган.

-Аккулумду алган немени кармасамбы, түбүнө жетет элем деп улутунган таенеси.

Андай көрүмчү кокус мага көрүнүп, мага сүйлөсө, ошол жерден жүрөгүм жарылып өлсөм керек деп ойлогон эле бала неме.

Андан бери канча мезгил өттү, канча суулар акты. Бул аралыкта таятасы да дүйнө салды. А таенеси болсо “Аккулум, Аккулум” деп ичтен күйүп жүрүп ооруп, оорудан кийин жүзүнүн бир тарабы кыйшайып калды. Дагы Кудайга шүгүр, кыздары жашоо-турмушка бышык чыгып, энени биринен сала бири бапестеп багып келет. Чүйдүн абасы жеңил деп көп учурда калаадагы кыздардын колунда жүрөт. Багуусу го жакшы дечи. Бирок эненин ой-санаасынын баары айылда. Алыскы айылда абышкасы экөө өмүр кечирген үйдүн түтүнүн булатып, коломтосунун отун өчүрбөй, очор-бачар жашап жаткан жалгыз уулу Жанкулу эненин бул жалгандагы зор каниети эле. Басып-туруп бала-бакырасынын амандыгын, бактысын тилеп, тобо келтирип, “Жанкулумдан топурак буюрсун ылайым” деп тиленер эле.“Өзүңдү аясаң боло, Жанкулум деп жабышып анын тиргилигин кылып, баласын баккандан көрө жаныңды аясаң боло” деп акидей асылган кыздарын укпай, “кыздын төрүнөн уулдун улагасы артык” деп балп эте айтып, айылды көздөй жүрүп берер эле. Жашырганда эмне, келини сүйүңкүрөбөй эле тосуп алчу кемпирди. Ага деле кайыл. Билмексен болуп, коломтомдун ээси деп сөз тийгизбей мактап, жалгыз уулдун караанынан каниет алып, андан төрөлгөн неберелерине жалынып-жалбарып, келиндин оту менен кирип күлү менен чыгып жашады. Сыркоолоп калган учурларында, келин кыздарына телефон чалып, борборго алып кетишет.

Кыздары дүнүйөгө карк, акчага туйтунган немелер болсо деле кээде энеге оюн-чындан таарынып, тамашага салып тийишип калат:

– Ай апа, жок дегенде бир айлык пенсияңызды бизге берип койсоңуз боло айланайын? Эч нерсесин көрсөтпөй айылга эле сала бересиң, биз деле балаңбыз го акыры?

Эне моюн берчүбү, какылдап-шакылдаган кыздарын кайра каарып өтөт:

– Ботом, силерге эмне кереги бар акчанын? Өзүңөрдүкү өзүңөргө жетмек түгүл ашып жатпайбы, акча деген айылга керек! Мал-жандын чөбү, отун-суусу деген бар. Жанкулум жалгыз жанын карч уруп, кайсы бирине жетиштирсин? А көрөк силер деле жардам бергиле, кол кабыш кылгыла.

– Кап. Кайра ушинтесиз да апа. Жанкулуңуз эмне сиздин пенсияны эле карап калыптырбы? Кудайга шүгүр, мал-жандуу эле го?

– Мал-жандуу деп. Ошо мал-жанды бакканга да күч керек, малдын да малдай азабы болот.

– Койчу апа ошончо мал-келдүү киши, кантип эле сенин пенсияңды карап калсын? Бекер эле убайымдана бересиз. А көрөк чөнтөгүңүзгө салып койсоңуз, акча деген өзүңүзгө деле дем-күч болуп турат. Оюңуздун баары эле айыл, ай тийсе деле Жанкулга тийсин, кокуй күн тийсе деле Жанкулга тийсин деп.

– Шүк ээ. Антчү эмес. Мен өлсөм силер эмес, ошол жалгыз уулум менен келиним көмөт мени. Жанкулум көмөт. Ошондон топурак буюрсун Кудайым.

Мындай сөз эненин акыркы бүтүмү экенин баары билип бүткөн. Ушундан кийин эр болсоң бирдеме деп көр. Кыздар өз ара чогула калганда, апасынын катуулугун, тоң моюндугун айтып бир эсе күлүп,бир эсе таңданып сөз кылат.

***

Түбү түшкөн арман дүнүйө десеңчи. Эми минтип энени калаадан уулунун жамандыгына алып келди кыздары. Жолду ката аны-муну айтып алаксытып, анан дал үйүнө жетерде угузушту.

Чүкөдөй кемпир жээнинин кучагында боздоп, арыда маркумдун жубайы, кыздары, эже-карындаштары боз үйдү башына көтөрө аза зыйнатын кылып ыйлап жатты. Таенесин көргөн сайын жашы отуздан ары ооп калса деле өзүн али кичинекей, али да небере сезип эркелей кетчү жээн кыз бир заматта, ушул азалуу күндүн тозоку саатында бир топ жашка чоңое түшкөнүн сезди. Картая  түштү кадимкидей.

Таенесин көкүрөгүнө аяр кучактап, анын самсаалай түшкөн бубак чачтарын этият жыйнап, кудум кичинекей кызды сооротконсуп айланып-кагылып, кайра чыдабай өзү кошо ыйлап жатты аргасыз. Эненин энелик күйүтүнө аралашып, жан-дили сыздайт.

Ушундан бир топ күн мурун эле таенеме учурашып келейин деп таежесинин үйүнө барган. Анда го бейпил күндөрдүн бири да, көптөн бери көрө элек таенесин эси ооп карап отурган, эси ооп карагыдай бар эле. Ак жайдын күнкү ысыкта башым үшүйт деп, ансыз да калың жоолуктун ортосуна ого бетер калың матаны коюп, жип менен колго тепчип-тепчип тигип, аябай калыңдатып башына салынып алыптыр болчу. Үстүнө кийген кат-кат калың күрмөлөрүчү? Баарынан да кемпирдин колундагы шакектерине көзү түшкөн ошол күнү. Аябай  таң калган. Шакектерин ичке чүпүрөк менен тегерете кылдат ороп чыгыптыр да, ошол бойдон манжаларына тагынып алыптыр.

– Бул эмне таене? – деп сураган таң калып.

– Аа жерге кирсин, шакектерим колума токтобой жылмышып түшүп кетип жатпайбы. Ушинтип койсом ырас экен, токтоп калды.

– Аа, анда мейли– деп оозун аңырдай ачып тим болгон. Кемпирдин манжаларын жакшылап караса, чын эле шакек токточу түрү жок. Илмейип ичке, укмуштуудай кунары качып калган экен. “Ушу жашта шакек тагынып эмне кыйналат, өзү араң жүрсө, шакектерин чыгарып,  түйүнчөгүнө түйүп койбойбу нары жарыктык”деп ойлогон.“Балким карыса деле аялдык сынын коё бергиси келбей жаткандыр, кайдан билем, балким бул шакектер өзү үчүн оголе кымбаттыр”-деп оюндагысын айта алган эмес. Кемпирдин жүзү да башкача карыптыр. Жүзү тарам-тарам болуп,  бир дагы жери соо калбай бырышыптыр. Турмуш кыйма-чийме бырыш салган таенесинин  куунарган жүзүн карап отуруп:

– Карылык деген ушинтип келет турбайбы. Карылыктын кейпи ушундай экен го чиркин деп ойлонгон. Анан таенеси менен коштошуп үйүнө  кеткенден кийин да бир топ күн ошол жүздү, чүпүрөккө оролгон шакек тагынган манжаларды унута албай жүрдү эле. Эми болсо экөө кучакташып минтип аза күтүп отурат.

***

Сөөк коюлар күндүн таңында шумдуктуудай түш көрүп, түшүндө ыйлап жатып ойгонуп кетти. Өзүнө келсе чындап эле өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап аткан экен. Жүрөгү кысылып, акактап калыптыр. Эсин жыя албай бир топко отурду. Боз үй тарапка баруудан заарканып турду. Бечара кемпир кандай абалда болду экен? Канчалык заарканса деле болбой акыры барат да. Ордунан араң козголуп,бети-башын муздак сууга чайып алып, боз үйгө баш бакты. Баары кыркаар тартып, тизилип отурган экен. Өзүнө окшогон эки-үч жээн кыздар менен катар таенесине жакын барып, чөк түшүп отуруп калды да, кирпик алдынан уурдана көз чаптырды. “Кантип калды экен бечарам, такыр эле мөгдөп калды го деп ойлогон.” Бирок таенеси бүгүн түзүк экен. Тагдырына биротоло баш ийгенсип, бет алдын жансыз тиктеп мелтирейт. Түшүнүксүз бирдемелерди угулар-угулмаксан күбүрөнүп, шыпшынып коёт өзүнчө. Жакындап барып кемпирдин колдорун кармап, кош колдоп бетине басты. Мупмуздак. Жүрөгү эбак муздап калган кишинин колу жылуу болобу?- деген ой мээсин  аралап өттү.

Таенеси акырын үн катты:

– Тур, тура кой, сыртка чыгып таекеңдин зыйнатына туруп, кызматыңарды кылгыла. Эл көп. Кол жетишпей аткан чыгар сыртта.Таекеңерге акыркы кызматыңарды кылгыла!

Өх. – деп ийди жеңилдеп калгансып. Кариет.Таенеси али да кайратынан тая элек экен. Кайран киши. Жээндер жыла басып, ээрчише чыгып кетишти.

***

Сөөктү алып жөнөгөндө: “Кагылайыным, кечтим сүтүмдү, кечтим. Алдыңа эле кетсемчи мен бейбак. Ушул күндү көрбөй өлсөмчү кокуй” деп бир зыркырап, сыздап алды курган эне.

“Өлгөндүн өзүнүн шору” деген ушул белем. Эл аз-аздан тарап, кыз-келиндер табак-казанын жыйыштыра баштады.

Бир гана эненин ыйы токтогон жок. Көпчүлүк көрүнгөндү сүйлөп, шыпшынып, биринин сөзүн бири кубаттай баш ийкеп, боз үй тарапты карап жатты. Мындай күбүр-шыбырды эшите берип жадаганбы, кемпирдин небереси, маркумдун эс тартып калган уулу мыкты кеп баштады. Жараган кеп болду мунусу. Атайы көпчүлүккө угуза, бак-бак сүйлөдү:

– Эне, болду ыйлаба. Ар ким Кудайдын насип эткен жашын жашайт. Сиз эмне, атамдын жашын тартып алып жашап жаттыңыз беле?! Кудай берген өз жашыңызды жашап жатасыз. Атам да Кудай буюрган өз жашын жашады. Атамдан топурак буюрбаса, мына бизден буюрсун, ыйлаба эне.

Бул сөздү угуп жанатан “куубаш кемпир балдарынын артында калды” деп  өз ара шабырашкан көпчүлүк дымый түштү. Кемпир да кадимкидей кайратына келе калды. Айтса-айтпаса төгүнбү, жалгызынын артында алда-немедей акыл-эстүү эки уул калды, Кудайдын мунусуна да шүгүр.

***

Жол. Жолдой чубалжыган ой-санаасы бийлеп баратты аялды.

– Көрдүңбү? – дейт тагдыр кайрадан эсине салып.

– Өх деп үшкүрүнөт аялкыз. Алкымын бууп келип, карегине чайый түшкөн көз жашын моюн орогучунун бир учу менен аарчый.

– Эми көзүңдү чоң ачып жүр. Тим эле бүткүл дүйнөнүн арман-кайгысын өзүңө менчиктеп ала жаздадың эле го. Сендеги арман элде жоксунуп, өз күйүтүңдөн өзүңдүн башың чыкпай.

– Обу жок экенмин. Кайдагы бир көр дүйнөнүн ташпиши, майда-барат көңүл калуу, кесиптештердин арасындагы келишпестик, бут тосуулар, дайыны жок дейди сүйүү, таарыныч, ыза. Болбогон нерселер тура.

Колумда барды бапестеп, шүгүр келтирбеген эсим жок да. Жашоомдун жарыгын жаркыратып жандыра албаган эркелик. Аманчылык менен бейпил жашоого эркелеп жүрбөймүнбү. Кечир тагдыр, кечир.

Капыстан түшүн эстеп кетти. Түшүндө жал-куйругу төгүлгөн ат минип келатып эле чоң дайрага кездешти. Аты тайгаланып дайрага кулап, өзү жээкте томолонуп кала берди. Анда-санда куйрук башы көрүнүп аты сууга агып баратат. Жардамга эле жардамга деп кыйкырып ыйлап, дайра жээгин бойлоп чуркап баратып, ойгонуп кеткен. Денеси калтырап, алда немеден коркуп чыкты. Ушундай учурда жанымда болсо эмне, чубалжыган узун жолдо ийнине башымды жөлөп баратсам эмне деп ойлонуп алды да, кол телефонун алып, алыскы сапарда жүргөн өмүрлүк жолдошуна кыска билдирүү жазды. “Сени сагындым. Аябай сагындым. Жумушуңду ийгиликтүү бүткөрүп, эртерек кайтып кел!”

Өмүрүндө минтип жылуу сөзүн айтчу эмес. Калп айткым келбейт, алдагым келбейт”дечү эле өзүнө-өзү актанып. Бул жолу актанган жок,  калп да айткан жок, чын дилинен жазды. Өзү тараптан болгон жаман-жакшынын баарына түтө билген, болпойгон ыйманы ысык өмүрлүк жолдошун азыр чын эле сагынып, жанында болушун самап кетти. Жолдошуна кошуп шаар четиндеги тыпыйган үйүн, анда азыр өзүн күтүп жаткан мөлтүр көз наристелерин сагынды. Кечээги, мурда күнкү сагыныч менен эмес, өтө эле көп жылдык сагыныч менен сагынып турду аларды. Көп жылдан бери узак сапарда жүрүп, үйүнө эми кайтып бараткандай сезди өзүн. Далай жыл чогуу жашаган ырлуу-чырлуу турмуш арасында, жалаң өзү жөнүндө өтө көп ойлоп, өзүнүн сезимдери, карама-каршылыктары, ички дүйнөсүнөн башы чыкпай жашап жүрө берип бала сагынуу, жар сагынуу дегенди да унуткан экен. Жүрөгү делбиреп, үйүн көздөй учуп баратты. Эми өлгүсү келбей калды…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.