Тишине операция жасалган учурда көз жумган наристенин иши боюнча директор, анестезиолог иштен алынды

Тишине операция жасалган учурда көз жумган наристенин иши боюнча директор, анестезиолог иштен алынды

Бишкектеги Dentamax (Дентомах) клиникасындагы тиш догдурлардын колунан көз жумган үч жаштан ашкан Алия Кубанычбекованын жаак сөөгүн операция кылуу 106 миң сомго бааланып, аягы кайгылуу окуя менен аяктап, ал боюнча тергөө иши башталганын буга чейин жазганбыз.

Бул иш боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунун директору жана анестезиологу иштен алынганы боюнча бүгүн (29-декабрда) маалым болду.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин 24.kg басылмасына билдиргенине караганда, «Дентомах» борборуна текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу аныкталып, иши токтотулган. Алардын ортосунда эч кандай келишим болгон эмес. «Дентомахтын» тиш доктуру келишимсиз эле КММАда иш жүргүзүп, мыйзам бузган.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги наристенин өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн, окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин Dentamax клиникасы жабылганын билдирген.

Эске сала кетсек, каргашалуу окуя 18-декабрда болгон. Ага байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козголгон.

Бир заматта жаркылдаган кичинекей кызынан айрылып, зар какшап калган ата-эне, чоң эне президент Садыр Жапаровго, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге жана кайрылып, окуяны дыкат иликтеп, тийиштүү адамдарды жазага тартууну талап кылышкан. Коомчулуктун дагы талабы ушул!

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.