Шаирбек Ташиев, Улукбек Ормонов президенттин «Даңк» медалы менен сыйланып, «Кожожаш» эл артисти болду…

Шаирбек Ташиев, Улукбек Ормонов президенттин «Даңк» медалы менен сыйланып, «Кожожаш» эл артисти болду…

Президенттин Жарлыгы жана сыйлыгы…

Салтка айланып калгандай, Жаңы жыл алдында ар кайсы мекемелер сыйлыктарын 15-декабрдан баштап тапшыра баштайт.  Президент Садыр Жапаров да Жаңы жыл алдында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол коюп, мамлекеттин социалдык-экономикалык, интеллектуалдык, маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жана кесиптик ишинде жетишкендерге сыйлыктарын тапшырды.

Ким кандай наам, сыйлыкка татыды?..

Президент Жарлыгынын негизинде  III даражадагы «Манас» ордени менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев жана коомдук ишмер Бакирдин Субанбеков сыйланды.

«Даңк» медалын алгандар ичинде Бишкек шаарынын мурдагы мэри, президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков, Жогорку Кеңеш депутаттары Шаирбек Ташиев, Улукбек Ормонов, президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун илимий кызматкери Автандил Арабаев, акын, журналист Абдилаат Дооров жана башкалар бар.

Ишканалар да четте калбай, ар кай тармактан наам алган өкүлдөр арасында  энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдраимов «Өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер» наамын алышты.

Эки адамдын наамы элди кубандырды…

СССРдин эл артисти, маркум залкар кинорежиссер Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» тасмасында башкы каарман Кожожаштын ролун мыкты аткарган белгилүү актер Догдурбек Кыдыралиев Кыргыз Республикасынын эл артисти болду. Ушундай жогорку даражадагы наамга 68 жашында ээ болгон агабыз сыйлык, наам деп чуркабаган жөнөкөй адам экен. Кайсы бир интервьюсунда Төлөмүш Океевдин арты менен «Кожожаш» атыгып Кыргызстанга эле эмес, союзга таанылган даражага жеткенин, Союз кулаганда «Кыргызфильм» таланып-тонолуп, техникалары сатылып, иштегенге шарт жок артисттер көчөдө калганда, башка мамлекеттин киночулары аны Орусия, Франция, Египет, Германия, Америка, Казакстанга чакырганын, арасынан казак боордошторду тандап, узак убакыттан бери кызматташып келатканын айтканы бар. Он бештен ашык киного тартылып, беш-алты тасмада башкы ролду ойногон агабызды «Эл артисти» болушу менен куттуктайбыз. Кеч болсо да, эч болбой калганына шүгүр…

Дагы бир адамдын наамы социалдык тармактарды азыр дуулдатып жатат. Ал — адабият, маданиятка салым кошуп келаткан белгилүү журналист, драматург, Борбордук Азиядагы чоң театрлардын репертуарына кирген спектаклдердин автору Кайрат Иманалиев. Ал «Кыргыз эл жазуучусу» наамына ээ болду.

Аны куттуктагандар жөнөкөй журналисттен жетекчилик кызматтарга өз эмгеги менен жеткенин, адабият, маданиятка ак эмгегин арнап жатканын жана калем жорголоткон чыгармачылыгындагы «Курманжан датка», «Атаке баатыр», «Актриса», «Көк Теңирдин белеги», «Манасчы», «Жаркынайым», «Коркут», «Керээз», «Үмүт» деген драмаларын тизмектеп, алар театрларда коюлганын жана коюлуп жатканын айтып, кыргыз, орус тили аралаш куттуктап жатышат.

Биз дагы Кайрат мырзанын чыгармачылык чабыты бийиктей беришине тилектешпиз!

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды буга чейин «Кумтөр» алтын кенин иштей баштаганынын 30 жылдыгына жана 31-август — Эгемендик күнүнө карата тапшырган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.