Сыйлык — сыймык
РЕДАКЦИЯДАН: ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунуна баш катчы болуп Султан Раев агабыз келгенден бери кыргыз адабиятына өзгөчө көңүл бурулууда. Бир топ жакшы иштер жасалды жана жасалууда.
Былтыр, 29-декабрда, борбор калаадагы А. Осмонов атындагы улуттук китепканада кыргыз акын-жазуучуларынын ТҮРКСОЙ уюму тарабынан түрк тилинде чыгарылган китептеринин бет ачары болуп, Махмуд Кашгари атындагы эл аралык адабий сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылган. 1-орунду УТРКнын кызматкери, белгилүү радиожурналист, акын, жазуучу Элмира Ажыканова жеңип алган. Эжебиздин айтымында, М. Кашкари атындагы Эл аралык адабий сыйлыкка март айында (2023-жылы) сынак жарыяланып, ага «Жеңекем» аттуу жаңы аңгемеси менен катышкан. 14 өлкөдөн 400гө жакын автор катышып, 1-орунга Элмира эжебиз ээ болуп, статуэтка, диплом менен 1200 доллар акчалай сыйлык ыйгарылган. Элмира эже, сыйлык сиздики, сыймык биздики. Куттуктайбыз!
Элдин суроосу боюнча Элмира эжебиздин аңгемесин берип турубуз!
Жеңекем (аңгеме)
— Тургула, чак түш болду. Аталуулар алты тойду, энелүүлөр эки тойду.
Ушинтип кыйкырган апам далисте чакаларын калдыратып, сүт тарткан машинесин айландыра баштады. Апам өзү эрте турат. Күн чыга электе түш болду дей берет. Ашканадан бышкан сүттүн жыты келди. Мен ордумдан туруп, кийинип, уйкулуу көзүм менен сыртка чыктым. Апам машиненин туткасын айлантып да, сүйлөнүп да жатты:
— Али эч нерсебиз даяр эмес. Дубал качан бүтөт? Отун али жыйылбай жатат… Жайлоодон койду качан алып келишет билбейм. Элге шерменде болбосок болду. Ушу кебетебиз менен кантип келин алабыз?
Бул дооматтар атам менен агама багытталган үчүн мен анчейин кабатыр эмесмин. Мен али кичине кызмын. Бирок жумшаган жакка тызылдап, кошуна эжеке айткандай, кол ийиктей чуркап турам. Ошентсем деле апама жакпайм. Бир аз кечиксем эле ачууланып кетет. Мен болбосом кантет эле, кимди жумшайт эле, билбейм.
Жакында Султан байкем келинчек алып келет. Ата-энем ошонун камында. Султан байкем аскерден келип, колхоздо шоопур болуп иштеп жатканына эки жылдай болду. Кошуна айылдагы бир кыз менен сүйлөшөт экен, сөздөрү бекип калыптыр.
— Кое тур шашылбай, ата-энесин сүрүштүрөлү. Көрбөй-билбей эле ала беребизби? — деген апам.
— Сүрүштүрүп эмне кыласыңар? Атасы лесхоздо кароолчу. Энеси мектепте мугалим. Үч кызы бар. Мен ала турганы — ортончусу. Болдубу? — деди Султан байкем апамды жактырбай.
— Болдубу дегенин кара мунун?! Болгон жок! Жок дегенде энеси менен көзмө-көз суйлөшөлү, капырай. Энесин көрүп кызын ал дейт.
Алманын көлөкөсүндө чалгысын чыңап олтурган атам сөзгө аралашты.
— Көргөндө эмне? Өзүнө жакса болду да. Алып келе берсин. Дайын-отун айтты го балаң… Мугалимдин кызы жаман болмок беле?
— Мугалим болсо эмне экен?! Мугалимдерди деле көрүп жүрөбүз. Кызын көрүш керек да.Тарбия-таалими барбы, оокат кыла алабы… Апам дагы бир топ сөздөрдү сүйлөнүп, чакасын көтөрүп сыртка чыгып кетти. Ошентсе деле баары бир атам айткандай болот. Демек, болочок келинди көрүп сынап олтурбай эле ала берет экенбиз.
Чындыгында апам тынчы жок, шашма, оюндагысы болбой калса көпкө сүйлөнгөн, ачуусу келсе баарыбызды кууруп, үйгө кыйсыпыр салып жибере турган адаты бар. Бутун сунуп жайма-жай олтуруп, бизге күлүп-жайнап мээрим төккөн учурларын деле көргөн эмесмин. Качан болсо үйдөгү бүтпөгөн оокат-тирилик менен алпурушат. Иш бүтпөй жатса дүрбөлөң салып жиберет. Өзү жумушту таза жасайт. Кедейдин эс алганы — чокой жамаганы деп бактын көлөкөсүнө көк төшөктү салып алып шырдак жөрмөйт, жүн тытат же таар согот. Ошондо да улам бирибизге кыйкырып иш тапшырып жумшап турат. Кокус үйгө кирип көпкө чейин чыкпай калсаң өзү айткандай шыйрагыңды чагып, сыртка кубалап чыгат. Бирок апам деле баардык ишти өз учурунда жасагысы келген оокатка бүйрө, тыкан адам экен.Ошон үчүн айылдагы келиндер апамды тазалык жеңе деп тергешет.
Атам болсо көп сүйлөбөгөн, токтоо, сабырдуу киши. Апама көп теңеле бербейт. Тамарканын чөбүн чаап, тал-теректи бутап, алма багын сугарып, шашпай өз ишин кылып жүрө берет. Апам кээде ашкере сүйлөнүп баратканда “токтотчу эми, кулак-мээни жедиң го” бир кыйкырып тизгинин тартып коет. Ошентип үйдөгү жууркан-төшөк, шырдак-кийиз күнгө жайылып, үй акталып, эшик терезелер сырдалып, шыбагы көчүп турган жаман кепе сарай бузулуп, ордуна башкасы салынып, айтоор даярдыктар жакшы эле жүрдү. Машине айдагандан башканы билбейт, жалкоо деген байкем тим эле жан талашып атама кошулуп, эчактан бери бүтпөгөн оокаттын баарын бүтүрүп жатты.
Келин келет деген күнү очоктун жанына отун мол жыйылып, кошуналардан чоң казан, тулга, самоорлорду алып келишти. Таңдан туруп апам абысындары менен боорсок бышырышты. Мен тынбай боорсок ташыдым. Баарынын көңүлдөрү шайма-шай. Мындайда кубанбаган абысындар качан кубанат эле?! Атам кой сойду. Чоң казанга эт асылды. Эт бышканча деп дагы бир казанга куурдак куурулду. Туугандарыбыз келин келе электе эле үйгө толуп алышты. Султан байкемдин достору жасанып кийинишип, улам үйгө кирип-чыгышып топурап жүрүштү. Айтоор, биздин үйдө көптөн күткөн жакшылыкка камылга бүткөнсүп калды.
Мен анда он үч жаштагы жаңыдан бой тартып келаткан кызмын. Апамдын менсиз иши бүтпөйт, тындырбай жумшап турат. Келе турган жеңемди эртерээк эле көргүм келип дегдеп, мен да эл менен кошо толкундап жүрдүм. Жаңы келиндер өзүнүн коомай салынган ак жоолугундай үлбүрөп сулуу, татына, назик болот эмеспи. Айылдагы жаңы келиндердин баарысы ошондой да…
Аңгыча — Кокуй болгула, тургула, келатат, – деп баары дүрбөп калышты. Апам алапайын таппай, карбаластады. Күн батканы калган. Машине бипилдедип келип, жаңы сырдалган жыгач дарбазанын сыртына токтоду. Топураган жигиттер келинди машинеден түшүрүп, апамдын абысындары үйдү көздөй жетелеп киргизип кетишти. Короодо турган мен сүрмө топтун арасынан жеңемдин жүзүн жакшылап көрө албай калдым. Узун кырмызы көйнөгүнүн этеги булак этип, кол кашыктай кызыл туфлиси менен босогодон кирип кетти. Топураган элдин артынан кошо кирели десек — Силер бутка чалынбай, эшикте ойной тургула, анан киресинер, — деп коюшту.
Бир убакта төркү бөлмөгө баш баксам көшөгөнүн ичинде жаны жеңебиз үлбүрөгөн чачылуу ак жоолукту салынып олтуруптур. Ал мени жылмая тиктеп өзүнө чакырды.
— Кел келегой, жаныма олтур, атың ким?
— Акылай, — дедим мен тарткынчыктап.
— Акылай?! Атың жакшы экен ээ? А менин атым Гулсана, — деди.
Гулсана жеңемдин жанына барып коомайланып олтурганымда андан бир сонун атырдын жыты келди. Жайлоодогу гүлдөрдүн жытындай. Апам кийгизген узун жибек көйнөгү шуудурап, ак шаалы жоолугу апакай сыйда жүзүнө жарашып, күмүш билериги, жоодураган көздөрү, ээк учундагы бир нокот калы — айтоор бир керемет болуп көрүндү мага. Бир өрүп артына таштап койгон олоң чачы кундуздай кулпурат.
Мен Гулсана жеңемдин жанында эле олтура бергим келди. Бирок апам улам чакырып, улам бир ишке жумшай бермейи бар да. Апамдын айткан жумушун арыдан бери бүтүрө коюп, кайра көшөгөгө чуркап келем. Айылдагы кыз-келиндер, кошуна аялдар жеңеме жоолук салып, кемпирлер алакан жайып бата берип, кээ бирлери чачыла чачып жаш балдарды сүйүнтүп жатышты. А мен ичимден Гулсана жеңемдин жанда жок назиктигине, маралдай керилген сулуулугуна суктанып да, сыймыктанып да олтурдум. Ал менин чачымды өзүнүн саптуу тарагы менен аярлап тарап, кооздоп өрүп, колбаштыгынан шуру басылган жалтырак кооз баргекти алып чыгып, чачыма тагып берди.
Ошентип мен Гулсана женемдин жанынан чыкпай калдым. Мектептен да үйгө шашып келем. Экөөбүз үйдөгү жумуштарды чогуу-чаран жасайбыз. Ал мага кооз төөнөгүч, бир куту сагыз, жыпар жыттуу бет май, суюк самын берди. Суюк самынды ошондо биринчи көрдүм.
Байкем кечинде жумушунан келгенде мени — Бар тиги жакка барып ойно, – деп жеңем менен өзүнчө калгысы келет. Мен деле алардын жанында сөздөрүн угуп олтурсам эмне болот эле? Кыйылып араң кетем. Жеңемди кызганып байкеме таарына түшөм. Бирок бир көзүм баары бир экөө тарапта боло берет. Алар өздөрүнчө болгондо купуя сүйлөшүп, жеңем кээде байкемдин моюнуна асылып эркелеп кетет. Алар мени кичине деп ойлоп, баладай мамиле жасаганына таарынып калам. Мен бала эмесмин. Алар билгенди мен деле билем. Мен да тез эле чоңоюп, шайы көйнөк кийип, жыттуу атыр себинип, Гулсана жеңемдей сулуу, назик келин болуп, башкаларды суктандыргым келет. Аттиң, тез эле чоңойсом экен деп таттуу кыялдарга батам.
Ошентип жеңемдин келгенине жыл айланды. Менин оюма койсо көшөгөнүн ичинде эле үлбүрөп олтура берсе дегем. Бирок андай болбойт экен. Апам жаңы келинине деле катаал мамиле жасады. Эки-үч күндөн кийин эле бутуна көлөч кийгизип, белине алжапкыч байлап көр оокатка салды. Жеңем ар бир ишти мудаалап, тыкан жасайт экен. Чыны, кашыкты жаркырата жууп, ашкананы мизилдедип койду. Үйдүн терезелерине, короонун киреберишине түркүн түстүү гүлдөрдү өстүрдү. Жеңемдин колу тийген жер гүлдөп кетет экен. Бара-бара биздин үйдүн турмушуна көнүп, көп жылдар бою биз менен жашап келаткан адамдай эле болуп калды. Таңдан кечке үй оокаты менен алектенсе да кирпигине кир жугузбай мөлтүрөп, баягыдай эле жыпар жыттанып турат. Уктаарда тишти жууп, колу бетти майлап, чачты жандырып бош кылып өрүп жатууну үйрөттү мага. Бет да, чач да түндө эс алышы керек дейт жеңем. А апам болсо жеңемдин күзгү алдында сыланып-сыйпанганын көп жактыра бербейт.
Султан байкем колхоздун башкармасынын кызматтык машинесин айдайт. Эртеден кечке башкарманы үч айылдын ортосунда ары-бери ташыйт. Тоодогу чабандарга, талаадагы дыйкандарга, райондогу жыйындарга барышат. Кээде эки-үч күндөп Фрунзеге чейин кетип калышат. Кыскасы, башкарма менен кошо тынбайт. Кээде кассирди, дүкөнчүнү, доктурду тоо-ташка ташыган кездери болот. Атам айткандай чарбанын иши чатак иш. Үйгө эрте келген күнү боло элек.
Арадан төрт жылдай убакыт өттү. Мен 8-класска көчтүм. Жеңем кийинки күндөрү негедир кабагы түйүлүп, өзү менен өзү болуп, ойго батып, мени менен да мурдакыдай көп сүйлөшпөй калды. Мен анын кабак-кашына алдыртан көз таштайм. Эмне болду экен? Байкеме таарынып калдыбы же бир оюндагысы болбой жатабы, төркүнүнө баргысы келдиби же апам бирдеме деп катуу айтып койдубу? – айтоор белгисиз. Кабагы салыңкы болуп чүнчүп кетти. Себебин сураганга батынбайм. Сурасам деле мага айтмак беле? Бирок жүрөгүм ооруп санааркайм. Ага колумдан келишинче жардам кылгым келип, жасап жаткан жумушун колунан ала коюп жүрдүм. Байкем жумушунан келгенде да алардын мамилелерине алдыртан көз салам. Бир күнү экөөнүн өздөрүнчө урушуп жаткандарын байкадым. Жеңемдин “дүкөнчү, дүкөнчү…” деп жатканын эшиттим. Ушу сөздү мурда да экөөнүн ич ара сөздөрүнөн уккандай болгом. Ооба, дүкөнчү эжекени эстедим. Эмнегедир аны айылдагылар көп сөз кылышчу. Көздөрү чырактай күйүп, каш-кирпиги төгүлгөн, тармал чачы сеңселип, артисттердей болгон супсулуу неме. Күйөөсү менен бир ай эле жашап ажырашкан деп айтышат. Шаңкылдап күлүп-жайнап турат. Боелгон тырмагын, кулпунайдай болгон эринин, кылкандай кирпиктерин карап эле тургуң келет. Чот каккан манжаларынын сулуусун айтпа. Ал таразаны тиктегенде биз анын көздөрүн тиктечүбүз. Райондун борборунан келип-кетип иштейт.
– Ушу Роза келгенден бери эркектин баары дүкөндү айланчыктап калышты, — деп кеп кылышат апамдар. Султан байкемдин машинасын да дүкөндүн алдынан кээде көрүп калчумун. Кээде акыркы автобуска үлгүрбөй калганда башкарманын машинесин суранып, үйүнө жетип алганын билет элем. — Дүкөнчүнү үйүнө жеткирип келдим, — деп байкем өзү да айтып калчу.
Жеңемдин кабагынын бүркөлгөнүн эми түшүндүм. Көрсө Султан байкемди дүкөнчүдөн кызганып, чатакташып жүргөн тура.
Ошентип байкем келинчегинин суроо-сопкутуна оңдуу жооп бербестен, ороңдоп кыска-кыска сүйлөдү. Анан далиске чыкты да, илгичтеги күрмөсүн жулуп алып үстүнө салып, эшикти тарс жаап, көчөгө кетип калды. Мен мунун баарысын ашканада байкап турдум. Ал кеткен соң жеңем көпкө чейин өз бөлмөсүнөн чыкпады. Эмне кылып жатты экен, барып карасамбы? – деп ойлодум. Балким ыйлап аткан жокпу? Бирок батынып кире албадым. Антсе да анын капа болуп жатканын жүрөгүм сезип эле турду. Бир убакта женем бөлмөсүнөн чыгып, ашканада бош турган чакаларды алды да сууга жөнөдү.
— Жеңе, мен да сиз менен барайынбы?
— Жок, өзүм эле… – деп койду. Ыйлаптыр. Көздөрү кызарып шишип калыптыр. Чарбакты аралап бир таман жол менен сууга кетти.
Сууну адырдын этегиндеги чоң сайдан алчубуз. Мен жеңемди түшүндүм. Үйдөгүлөргө көрүнбөй алысыраак барып өзүн алаксытып келгени кетти. Мейли, ошентип өзүн өзү сооротуп келсинчи, сууга барып келгиче балким таарынычы тарап калар. Ал күнү мен жеңемдин жасай турган иштеринини көбүн аткарып койдум. Менде “Экөө урушпай, баштагылай ысык мамиледе болсо экен, жеңемдин кабагы бүркөлбөсө экен” деген ой. Баягы шыңкылдаган дүкөнчү Розаны да жакшы көрбөй калдым. Жеңеме жакпаса ал мага да жакпайт.
Ошентип бир аптага чейин экөө күңкүлдөшүп урушуп, оң-тескери карашып сүйлөшпөй жүрүштү. Ал тургай жеңем түн жарымында менин жаныма келип жатып алчу болду. Байкем болсо курсагын тойгузуп алып жумушуна кетип калат. Үйдө капага батып, азап тарткан эле жеңем болду. Алардын мындай мамилесине ортодо мен кыйнала бердим. Апам да келининин кабагын байкап, бирдемени сезип эле жүргөндөй. Бирок унчукпады. Эмне болду деп сурабады.
Бир жолу экөө түнү менен урушуп чыкты. Дагы баягы дүкөнчү Розанын айынан го деп мен кыйпычыктайм. Байкем каалганы тарсылдатып жаап, босогодогу бут кийимдерди ыргыта тээп жинденип, тамекисин түтөтүп, тамарка жакта басып журдү. Демейде ар нерсени убагында териштирип турчу апам тиги экөө урушканда кайда кеткени билинбей дайыны чыкпай калат. Эртеси жеңем кийимдерин жыйнаштырып, чоң сумкага салып жатканын көрүп калдым. Чын эле кетип калабы деп чоочулаган жаным чуркап сыртка чыксам апам алма чарбактагы чарпаяда шырдак жөрмөп олтурган экен. Жанына жетип барып жеңемдин кеткени жатканын айттым. Ал үндөбөдү, солк этип да койбоду. Кайра мени жаман көзү менен карап койду. Мурдуна түшкөн көз айнегин оймок тагылган сөөмөйү менен өйдө жылдырып, теменесин сая берди. Мен кайра чуркап үйгө кирдим. Жеңем баягы кызыл туфлисин кийип, дөнгөлөктүү чемоданын сүйрөп сыртка чыкканы жатыптыр.
— Кайда барасыз, жеңе? – дедим күнөөлүүдөй.
Ал унчукпай мени карап турду да, акырын гана жылмайып, чекемден өөп койду. Жылмайганы – өкүнгөнгө окшоду. Босогону аттап короого чыкты. Анан апама эч нерсе дебей, дарбазадан да чыгып кетти. Апам аны көрмөксөн болуп шырдагын жөрмөп отура берди. Ушундай маалда байкем келип калса балким кетирбей калат беле деп мен көчө жакка кылчактадым. Жок, байкем келбеди. Гулсана жеңем кетип калды. Дарбазадан чыгып артынан карайын десем апам
– Кайда барасың? Кир үйгө! — деп кагып койду. Мен болсо ичим ачышып, буулугуп, соолуктап ыйладым. Жеңеме кетпечи деп колунан кармап алып кала албаганыма өкүнүп ыйладым. Ошенткен күндө деле ал мени укмак беле?! Мен ал үчүн баламын да. Бирок мен баарын түшүнүп эле турам го. Бала болсом да түшүнүп турам. Ал байкеме таарынып кетти. Мен апама да капа болдум. Эмне үчүн келинине бир ооз — Кайда барасың, кое турчу, эмне болду? – деп сурап койбой олтуруп алды? Эмне үчүн анын кеткенине кайдыгер? Кетсе кете берсин дегениби?
Ошентип кеткен жеңемдин артынан эч ким барган жок. Байкем да үңкүйүп машинесин айдап жүрө берди. Жеңем өзү да кайрылып келген жок. Өзү кайрылып келмек беле?! Үйүбүздүн көркү кетип, аңгырап калдык. Терезедеги, короодогу гүлдөрү жеңем өзү бардагыдай чачырап гүлдөбөй, жетимсиреп калышты.
х х х х х
Ошентип арадан жылдар өттү. Мен мектепти бүтүрүп, Фрунзедеги педагогикалык окуу жайга тапшырдым. Байкем кийинчерээк башкага үйлөндү. Кийинки жеңем бир базардан өткөн, өзүнө жашташ толмочунан келген олбурлуу неме экен. Аны менен беш балалуу болду. Балдарын удаа-удаа төрөгөнгөбү – чачы таралбай, үйү жыйналбай жүдөдү. Аны Гулсана жеңеме таптакыр окшоштура албай койдум. Ал да мага назарын бурган жок, жылдызыбыз анча келишпеди. А тиги жеңемдин кеткен бойдон дайыны чыкпады. Кийинчерээк шаарда экен дешти. Андан башка эч кабар укпадык. Жылдар өттү. Мен да окуумду бутуп турмушка чыктым. Ар кимибиз өз түйшүгүбүз менен жүрүп, чынымды айтсам Гулсана жеңем деле эстен чыгып калган.
Менин да жашым отузга жакындап, эки балалуу болгон кезим. Бир күнү жакын тааныштарыбыз баласына бешик той берип, ресторанга бардык. Эл көп экен. Той ортолоп калган кезде тамада жигит эс алуу жарыялап, баарыбыз ордубуздан туруп сыртка чыктык. Келишимдүү, сары гүлдүү көйнөкчөн, чачын төбөсүнө кооздоп түйгөн ак жуумал бир аял босогодон мени кылчак-кылчак караганын байкадым. Көзүмө жылуу учурады. Ары узап баратып бул ким эле деген кыязда артыма бурулсам ал да мени кылчайып карап жатыптыр. Дагы тиктешип калдык. Бул ким эле, кайдан көрдүм эле? – деп түйшөлдүм. Көздөрү тааныш. Бирок эстей албадым. Бир убакта оюма тык дей түштү. Бул Гулсана жеңем да! Ооба, Гулсана жеңем турбайбы!!! Мен да анын көзүнө жылуу учурап жаткан экенмин да. Ордуман турдум да элдин арасынан сары гүлдүү көйнөкчөн жеңемди издеп жөнөдүм. Аркы четтеги столдо өзү курдуу аялдар менен суусундук ичип олтурган экен. Ордунан туруп алдыман утурлап басып келди. Экөөбүз эми чындап бири бирибизди тааныдык. Ээгинин учундагы бир нокот калы көзүмө урунду. Адамдын көзү , көз каршы өзгөрбөйт деген чын экен. Жеңемди чынында көздөрүнөн тааныдым.
– Сен Акылайсыңбы? – деди.
– Ооба, жене, мен Акылаймын. Сизди тааныдым.
Кучакташып көрүштүк. Жер дүңгүрөткөн музыка бизди суйлөштүрөр эмес. Ээрчишип сыртка чыктык. Тойкананын алдындагы сөрүгө олтурдук. Ал-жай сураштык. Гулсана жеңем аял катары толукшуп, ажарына чыгып, баралына келип турган чагы экен. Көйнөгү да өзүнө куп жарашыптыр. Ойлоп көрсөм арадан жыйырма жылдай мезгил өтүптүр. Жыйырма жыл оңой эмес да.
Мен турмушка чыгып, эки балалуу болгонумду, өзүм мектепте, күйөөм жогорку окуу жайда сабак берерин айттым.
— А мен болсо ошо бойдон турмушка чыкпадым, — деди жеңем.
— Коюңузчу, эмнеге? Ошол боюнчабы? – деп жибериптирмин.
— Билесиңби, адегенде көпкө чейин Султанды күтүп жүрдүм. Артымдан сөзсүз келип кечирим сурайт, кайра жарашабыз деп ойлогом. Кийин үйлөндү деп укканда алдыма асман кулап түшкөндөй болду. Аябай өксүп ыйладым. Мен аны чындап сүйөөрүмдү ошондо түшүндүм. Жанымды коеорго жер таппай, шаарга кетип калдым. Баягы шуркуя Розага үйлөндү деп ойлогом. Ага деле үйлөнбөптүр.
Жеңемдин үнү кардыгып кетти. Мен билмексен болуп, Роза дегенди биринчи уккан кишиче түр көрсөттүм. — Кайсы Роза, жеңе?
— Сен анда кичине болуп билбей калдың. Дүкөнчү Роза деген бар эмес беле.
— Ооба, билем аны.
— Ошонун жанынан чыкпай, үйүнө жеткирип, кээде таңга маал келип… Кыскасы, айылга ушак тарап, экөөбүз урушуп, ал мойнуна албай анан таарынып кетип калгам.
— Мен андай окуяларды билген эмес экенмин, – дедим. Чет-бучкагын угуп калганымды билгизбедим.
— Анын үстүнө кайненем да кийинки күндөрү кагып-силкип, кылганымды жактырбай, “Элдин келиндери жыл айланбай төрөп берет экен” деп ар кимдин келинин мисал кылып сүйлөнө баштаган.
Ооба, апамдын антип айтары бышык эле. Андай сөздөрүнүн чет-чеберин менин деле кулагым чалган. “Туусам жүдөп калам деп көчүгүнө бирдеме салдырып алган го” деп сүйлөнгөнүн угуп, “бирдеме” деген эмне болду экен деп таңыркагам. Апамдын ошол сөзү эсимде калыптыр.
Жеңем саамга үндөбөй олтуруп калды. Эмне деп көңүл жубатарымды билбей оңтойсуз болдум.
— Султан канча балалуу болду? – деди бир маалда.
— Беш баласы бар. Төрт кыз, бир уул. Чоң кызы он алтыга чыгып калды.
— Өзү эмне иш кылат?
— Айылдын сыртына кашар куруп көчүп кетишкен. Мал багышат.
Женем башын ийкеп, унчукпай калды. “Азыркы жеңем сиздей эмес, сиздей болуш кайда?! Жүдөө, илээнди чыккан, эркектей болгон одоно неме. Көлөмү Султан байкемдей экөө чыгат, анткени аябай толуп кеткен” деп айтпадым. “Сиз менен жашаганда байкем азыр зыйкыйып жаш болмок. Тиштери түшүп, чачы өсүп, кык жыттанып жүдөп жүрмөк эмес” деп айта албадым. Жеңем ирээнжип калбасын дедим. Анан суроо салдым:
— А балким сиз апамдын сөздөрүнө көңүл бурбай, байкемдин жоруктарын билмексен болуп койсоңуз баары жакшы болмок беле…
— Балким. Мен да ошентип ойлойм. Жаш болупмун. Акыл айткан киши болбоптур. Азыр өкүнөм. “Сабыр кыл, күйөөң андай ишке бармак эмес, тиги ойсоке азгырып жатат. Андан деле кызыгы таркайт. Бул убактылуу эле” деп бирөө-жарым айтса кетпей калат белем. Жаш кезде акыл кыска болот тура.
— Жеңемдин өкүткө толгон сулуу көздөрү каканактап чыкты.
— Султан байкем дүкөнчүнү сүйбөсө деле керек. Сүйсө ошого үйлөнмөк да, — дедим.
Тапкан сөзүм ушул болду. Бул сөзүм жеңеме жакты окшойт. Ага үйлөнбөгөнүнө азыр деле сүйүнгөндөй түрү бар.
— Ооба, кийин уксам ал өзүнө жаккан эркектерди азгырып, үй бүлөсүн бузуп, арам иштерди кылчу экен, — деди жеңем күнөөнү Розага оодарып.
Ошентип той да бүттү. Жеңем экөөбүздүн сөзүбүз да бүттү. Коштоштук.
— Султанга менден салам айтып кой, — деди жеңем сулуу көздөрүн коюулантып… Дагы бирдеме айкысы келгендей болду. Бирок унчукпады.
— Айтам, айтам, — дедим.
Ичинде арамы жок, жүрөгү таза жеңекем ай… Баары бир Султан байкемди жакшы көрөт турбайбы…
Үйгө баратып ойго баттым. Саламын айтсамбы же айтпасамбы? Салам деген аманат болот, сөзсүз айтыш керек деп уккам. Же айтпай эле койсомбу? Балким Гүлсана жеңем байкемдин да жүрөктөгү жарасыдыр. Жарасын козгобой эле койсомбу?!
Элмира АЖЫКАНОВА
(2023-жыл, июнь)