ДАСМИЯ: 13 китептин бет ачарына барган акындар, ырга жакын жазуучулар…

ДАСМИЯ: 13 китептин бет ачарына барган акындар, ырга жакын жазуучулар…

Жолуккан кандай жакшы…

Жазуучу, акын Бүбүсара Аруужан Калыкованын «Эгиз кайрык», «Табышмактуу бак», «Асмандагы жүзүмзар», «Омор Хайямдын желеси», «Жыгылган жарык», «Жалбыракка жазылган кат», «Махабат сепилинин курмандыгы» жана башка, жалпысынан 13 китебинин бет ачары «Дасмия» этнокомплексте болуп өттү.

Чакан чөйрөдө уюшулган иш-чарага Түгөлбай Казаков, Асан Турсункулов, Топчугүл Шайдуллаева, Тазагүл Закирова, Замир Абылаев, Турусбек Мамашов, Убайдилла Аджыбаев, Жумадин Кадыров, Динара Бейшеналиева, Кенже Абдылдаева жана автордун жакындары катышып, акын эжебиздин китептери боюнча ой-пикирлерин ортого салып, каалоо-тилектерин айтышты. Эженин касиетине, сабырдуулугуна, кайратына жогору баа беришти.
Куттуу болсун Улуу күн кутту чачкан,
Дүңгүрөктү Ай — аалам, укту асман.
Ак өргөөлөр заңкаят көктү челип,
Күн нурунан түндүккө уук таккан.

Эжебиздин элибизге бере турган эмгектери али алдыда. Эжеге, жалпы эл-журтка, иш-чарага келген конокторго, калемдештерибизге бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалайбыз! Иш-чаранын өтүшүнө өбөлгө түзүп берген «Дасмия» этнокомплексинин жетекчиси Турусбек Мамашовго терең ыраазычылык билдиребиз.

Айгүл ТОГОЛОКОВА

100 күндө чыккан 12 китеп

72 жаштагы Бүбүсара Аруужан Калыкова акын эжебиздин бир топ эмгегинин жарык көрүшү менен куттуктайбыз! Китептин бет ачарында айтылган каалоо-тилектин баары кабыл болсун!

Ушундай мыкты жазуучу, акын эжебиздин чыгармачылыгын ар дайым колдоп келаткан, «Эгиз кайрык» аттуу китебине демөөрчүлүк кылган акын Айгүл Тоголокова тууралуу эки ооз жаза кетпесек болбойт го… Эжебиз 100 күндө 12 китеп чыгарды. Ушунча китебинин ар бир сабын Айгүл күнү-түнү окуп, текшерип,  жарык көрүшүнө көмөк көрсөттү.

Айгүлдүн Алибеги…

Акын Айгүл айымдын 6 жаштагы небереси Эсенбек уулу Алибектин жүрөгүнө экинчи жолу Түркиядан операция жасалып, жаңы жыл жаңырардын алдында Кыргызстанга аман-эсен кайтып келди. Барып-келгенче кандай гана сар-санаа болду, чоң апасы… Кичинекей Алибегибиз аман-эсен кайтып келгенде кубанган чоң энеси элге ыраазычылыгын ыр аркылуу билдирген.

СҮЙҮНЧҮ ЭЛИМ! СҮЙҮНЧҮ!
Элибиздин жардамы менен Алибегибиздин Түркиядагы операциясы ийгиликтүү аяктап, Мекенибизге келип алды.
Баарыңыздарга башымды ийип таазим кылуу менен ыраазычылык билдирем!
Кудай буйруп, элдин тийип батасы,
Шыпаа берип, кетип кайгы — капасы.
Элге — журтка аман — эсен келишти,
Алибегим жана апа — атасы.
Ыраазылык айтам кыргыз калкыма,
Улуу —кичүү, жаш — карыга, жалпыга.
Ынтымакка баарыбызды чакырган,
Кыргызымдын
үрп — адаты, салты да.
Баары колдоп, көп түкүрүп көл болду,
Утуш ээси калың кыргыз эл болду.
Берген жардам Алибекке арналып,
Аккан дайра, ашып — ташкан сел болду.
Айгүл, кубанычыңа ортоктошпуз. Неберең эртерээк сакайып кетсин! Эч качан жок дебеген, жароокер, боорукер, берешен, колдон келсе элге ажаат ачкан мыкты айымсың, демөөрчү да боло калган, сөз баккан акынсың. Бир дагы чыгармачылык иш-чарадан калбайсың, баарына жетишесиң. Убакыт өттү дебей, билимиңди да тереңдетип жатасың. Окууңа албан-албан ийгилик, бекем ден соолук каалайбыз! Ар дайым бар бол, биз менен бир бол!

Назира СААЛИЕВА 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.