ВИДЕО — 71 жаштагы педагог-психолог, акын эжебиздин «Эгиз кайрыгы»…

ВИДЕО — 71 жаштагы педагог-психолог, акын эжебиздин «Эгиз кайрыгы»…

Китеп текчеңизге!

Ушундай рубрикабызга бүгүн биз «Бейиш кушунун көз жашы» аттуу эки романдын автору, кезегинде мектеп мугалими, балдар бакчасынын башчысы, методисти, тарбиячысы «Республикалык эл чыгармачылык үйүнүн»,»Ленинчил жаш» гезити,»Жаш ленинчи» журналында эмгектенген — акын Бүбүсара Аруужан Калыкова эжебиздин «Эгиз кайрык» аттуу китебиндеги айрым ырларын бермекчибиз. Аталган китептин демөөрчүсү — акын Айгүл Тоголокова. Ага ыраазычылык билдирип жазган ыры:

Урабаган улуулук, асман бийик,
Күн — ай нуру агылып жаткан тийип.
Аска — тоосун байырлап жашайт дайым,
Акактай кардан — муздан баскан кийик.

Дабалайт дайралардан мүрөк суусу,
Сабалайт ай — ааламга чүрөк куусу.
Эргитет адамзаттын сезим — дээрин,
Таланттын көкөлөгөн жүрөк туусу.

Асманы бар сан жылдыз түнөк тапкан,
Карлыгачтай канатын күүлөп каккан.
Айгүл элдин барктаган акын кызы,
Өткүр тилин эргүүгө бүлөп жаткан.

Элүү жылдан ашык чыгармачылык чыйырда келе жаткан эжебиздин негизги кесиби педагог-психолог. Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык жогорку окуу жайын (1970-1975) ийгиликтүү аяктаган.

«Шыктанам» аттуу алгачкы ыры Лейлек районундагы «Алга» райондук гезитине 1966-жылы жарыяланган.  «Ала-Тоо поэзиясы — 77» жаш акындар фестивалына 1977-жылы «Чөл баяны» аттуу ыры менен катышып, 1-орунду ээлеген. «Учкун»,»Темир канат»,»Тоо булагы» жамааттык жыйнактары бардык басылмаларга чыккан.  Орус акыны В.Н.Шлёнский Энеге арналган үч ырын, «Чөл баяны», «Сапар алдында» аттуу ырларын которуп, «Вдохновение», «Новый мир», «Крестьянка», «Работница» орус журналдарына жарыялаган.
71 жаштагы эжебиз Баткен облусунун Лейлек районундагы Таңги-Шах айылынын кызы. Ошол айылдагы «Искра» орто мектебине 1959-жылы барып, аны 1969-жылы аяктаган. 1952-жылдын 10-январында жарык дүйнөгө келген эжебиз учурда Бишкекте жашайт. үч кыз, эки баланын мээримдүү энеси. Бир уулунан 2020-жылы, жолдошу Төрөкул Жунусовдон жакында эле ажырап калган.

Алдын ала бир нерсени сезе билген касиети күчтүү эжебиз барга шүгүрчүлүк кылып жашап, баскан-турганы, жазганы менен бизге үлгү болуп келет. Майрамыңыз менен, эже! Бар болуңуз!

Анда эмесе, окурман, акын эжебиздин ырлары назарыңыздарда:

КУБУЛЖУГАН БУРАК КЫЗ

Болгон чакта кубулжуган бурак кыз,
Өртүбүздөн чеп куруппуз ураткыс.
Кирсе чыкпас чытырманга айлантып,
Махабаттын токоюнда куураппыз.

О биз анда Чолпон сындуу жаныппыз,
Таң нурунун тамчысына каныппыз.
Бизден башка башчы жок деп дүйнөгө,
Ай — Ааламды бүт ээликтеп алыппыз.

Чартылдаган чагылгандай күйүппүз,
Шартылдаган жигиттерди сүйүппүз.
Бак ичинде жайнап өскөн сан гүлгө,
Жаркылдаган Күндөй, Айдай тийиппиз.

Ысып берген антыбыздан кайтпаппыз,
Кызык күндүн кырларында айттаппыз.
Жылдыздарды чылап коюп булакка,
Нурун сыгып жүзүбүздү чайкаппыз.

Кириптирбиз көшөгөгө жаз болуп,
Башка конуп ак куу сымал ак жоолук.
Үйдүн куту бизди тушап алыптыр,
Өмүрүбүз өткөн улуу так болуп.

Көк көшөгө көлдөй серпип тагдырды,
Жаадырыптыр аяздуу кар, жамгырды.
Ырдатыптыр баарыбызды тирүүлүк,
Тилди күүгө салып турган шаңдуу ырды.

ЖҮРӨГҮМ

Жүрөгүм, жүүнүң бошоп кайгырбагын,
Чүрөгү болгуң келип Байдылданын.
Муңканган шарапка мас Хаямды издеп,
Тагдырдын тар жолунда тайгылбагын.

Жүрөгүм, армандуу күн өтпөсүн де,
Үмүттүн үзүлбөгөн көксөөсүндө.
Экөөбүз билгенчелик билет кимдер,
Жашоонун жыргалы не, бөксөсү не?

Жүрөгүм, чыккан күндөй батаарым бар,
Жан сырымды жылдызга катаарым бар.
Аздектеген досторум жаны бирге,
Улуулукту узанган аты аруулар.

Жүрөгүм, жүзүм сымал эзилбегин,
Жүдөгөн бечарадай сезилбегин.
Таймаштын шахматынын ташын экчеп,
Жеңиштин матын койгон кезим менин.

Жүрөгүм, арыбагын — чарчабагын,
Сугарып улуулуктун арча багын.
Буйрусун бой жеткирүү сенден мага,
Дарагын даражалуу мартабанын.

Жүрөгүм, атырылган толкунду аруу,
Океандан асманга жол курганмын.
Азаптын ачуу жашын балга айлантып,
Музанын чөйчөгүнө толтурганмын.

БИЙЛЕП ЖАТТЫМ

Түпкүрүнө асман чөккөн күүгүмдө,
Бийлеп жаттым океандын түбүндө.
Тебеледим көк мөндүрүн кылымдын,
Себеленген долонодой күбүлгөн.

Жамгыр жашын «жигит — кыз» булут чачты,
Чабандестей толкундар «суулук» чачты.
Тулку — боюм турнадай канат серпип,
Мүрөк уузга тазарып жуулуп жатты.

Түбөлүксүң дүйнөм жашыл жаз чачтуу,
Илеп күүсүн тескейт асыл максат туу.
Ай — жылдыздын сыныктары түпкүрдө,
Сахнам болду майданындай шахматтын.

Кипариске түгөй болуп күүгүмдө,
Бийлеп жаттым океандын түбүндө.
Сан кылымды шиңгилдерге тизмектеп,
Асыл жанды багыштадым бүтүнгө.

Даярдаган Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.