ВИДЕО — Султан РАЕВ: «Саякбай Каралаев эгемендүүлүгүбүздүн Символу!»

ВИДЕО — Султан РАЕВ: «Саякбай Каралаев эгемендүүлүгүбүздүн Символу!»

Эгемендик…  сыйлык…

Быйыл Эгемендик күнүнүн 32 жылдыгынын негизги салтанаты Ош облусунда белгиленүүдө… Андагы салтанатка мурдагы президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана президент Садыр Жапаров катышып, куттуктады. Анын алдында президент 31-август — Эгемендик күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыгына кол койгон.

Жарлыктын негизинде жогорку даражадагы «Манас» ордени Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедра башчысы Сабырбек Жумабеков, кинорежиссер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев сыйланган.

II жана III даражадагы «Манас» ордени менен Кыргыз эл акындары: Меңди Мамазаирова, Асан Жакшылыков, эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминов жана башкалар сыйланса, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы, Кыргыз эл жазуучу, драматург Султан Раев «Данакер» ордени менен сыйланды.

Султан РАЕВ: «Саякбай Каралаев эгемендүүлүгүбүздүн Символу!»

Саякбай Каралаев…

Мындан тогуз ай мурда Саякбай Каралаевдин эстелигин Мажарстанга ( Венгрия) тургузуу идеясын Мажар парламентинин төрага орунбасары Шандор Лежак менен талкуулаганбыз. Ал “Кимдин эстелигин тургузалы?” дегенде “Саякбай Каралаевдин!” деп айткан элем. Улуу манасчы, миллиондогон эпостун саптарын жүрөгүнө батырып, дүйнөгө тааныткан ал — Саякбай Каралаев! Саякбай атабызга Европанын борборунда айкел тургузулду, болгондо да тамыры, тарыхы, кезегинде заманы бир Мажарстанда тургузулду. Эстелик тургузуудан оболу Лежак мырзаны Кыргызстага келди, ага “Рух Ордодогу”, филармония алдындагы Саякбай атабыздын эстелигин көрсөттүм. Шандор Лежак 70-жылдары Манас жөнүндө угуп, ушу мезгилге чейин көкүрөгүнө катып келген экен. Ал эми Саякбайды рух тумарындай сыйлап келет…
Салтанаттуу ачылышта Лежактын эки сөзүнүн бири “Кыргыз…Манас” болду… Ал эми Мажарстан парламентинин төрагасы Ласло Кёвер ар бир кыргыз сыймыктана турган улуу сөздү айтты: “ Манас эпосу акыл- эстин, жан дүйнө баалуулуктарынын Империясы…” деп. Бу сөздүн Шаасы, уюктуу сөз! Бу айкелде Саякбай атабыздын бүткүл улуулугу камтылган… мажар айкелчиси улуу манасчынын жандүйнөсүн бере алган… Айтмакчы, Саякбай атабызга канатташ улуу Абайдын эстелиги турат. Айкелди белгилүү айкелчи аял Дьёрдьи Лантош жасаган.
Аземге катышып, жалындуу сүйлөгөн мамлекеттик катчыбыз Сүйүнбек Касмамбетовдун сөзүн мажарлар котормосуз эле жүрөктөрү менен туюп, түшүнүп турду…
Улуу рух Европага, бир туугандарга, касиеттүү Дунай боюна келди…
Саякбай Каралаев эгемендүүлүгүбүздүн Символу!..

Султан РАЕВ 

МЕНИН АТАМ САЯКБАЙ (Эссе) 

Эгемендиктин тарыхы…

Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгонуна быйыл 32 жыл болду. Өлкөбүз эгемендикке 1991-жылы жетишкен. 32 жыл ичинде алты президенттүү болуппуз. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте 15 жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн бийликтен кетүүгө, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки президент Курманбек Бакиев да үй-бүлөлүк башкарууга жол бергендиги үчүн аны эл тактан кулаткан. Ал дагы үй-бүлөсү менен башка өлкөгө качып кеткен. Андагы революцияда 87 бейкүнөө адам окко учуп, ал кандуу күн тарыхка кара тамга менен жазылып калды. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин, Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп, ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Бир жылдан кийин бийликте Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаев 6 жыл отургандан кийин, тактыны 2017-жылдын 15-октябрында Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Бирок, Атамбаев алты көптөгөн катачылыктарды кетирип, командасы менен аеосуз байып, ага 14 айып (алтоосу оор берене) тагылып, темир тор артында калган… Андан кийинки 6-президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоого катышып, утуп чыккан. Ошол эле жылдын 28-январында инаугурация аземи өтүп, президенттик кызматка расмий киришкен.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.