Депутат Адахан Мадумаровду кармап кетишти… Ал азыр кайда?

Депутат Адахан Мадумаровду кармап кетишти… Ал азыр кайда?
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кармап кетишкенин тарапташтары «Фейсбукка» жазып чыгышты. Алардын маалыматына караганда, депутат Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында… Кайсы иш боюнча кармалганы азырынча белгисиз.
Маалым болгондой, Адахан Мадумаровду кармоо бүгүн (2-сентябрда), эртең менен 13 жаштагы уулу менен сейилдөө учурунда болгон. Баласын туугандары келип алып кеткен.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.