Айтышта Азамат Болгонбаев баш байгени жеңип алды!

Айтышта Азамат Болгонбаев баш байгени жеңип алды!
Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, Эгемендүүлүк күнүнө карата алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул жана тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI Эл аралык айтыш Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында эки күн өтүп, ага 8 кыргыз, 8 казак акыны (экөө Монголиядан, бирөө Өзбекстандан келген) катышып, жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылган.
Калыстар тобунун чечими менен сыйлыктар төмөндөгүдөй бөлүнгөн:
Баш байге 450 миң сом- Азамат Болгонбаев (Кыргызстан),
Баш байге 450 миң сом — Муктар Ниязов (Казакстан).
1-орун 300 миң сом — Изат Айдаркулова (Кыргызстан)
1-орун 300 миң сом- Казырет Бердихан (Казакстан).
2-орун 200 миң сом- Асылбек Маратов (Кыргызстан),
2-орун 200 миң сом —Данияр Алдаберген( Казакстан).
3-орун 100 миң сом —Чынгызхан Кожошев,
3-орун 100 миң сом — Талгат Орынбеков (Өзбекстан).
Атайын кызыктыруучу сыйлык жана 70 миң сом акчалай сыйлык:
Тилек Базар уулу ( Монголия);
Аманжол Куанткан (Монголия);
Нурмат Мансуров (Казакстан);
Айчолпан Түлөхан ( Казакстан);
Баян Акматов;
Акмат Султан уулу;
Кубат Тукешов ;
Кутман Садыбакасов

Тарыхый инсандын санат ырлары…

Фарс, араб, чагатай тилдерин жакшы билген, ошол тилде жаза да алган, өз доорунун эң билимдүү аалымы, жазгыч акыны Молдо Нияз Эрназар уулунун чыгармачылыгында санат ырлары өзгөчө орунда турат. Ырларынын көбү диний мазмунда жазылган: өмүр-өлүм, адеп-ахлак, жамандык-жакшылык, бу дүйнө-тиги дүйнө…

Санат ырларын комуз менен Кыргыз Эл артисттери Жолболду Алыбаев, Саламат Садыкова жана белгилүү обончу, ырчы, алып баруучу, маданияттын мыкты кызматкери Максат Кулуев ырдап, элге жеткирип жүрөт.

P.S. Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгы күзүндө Баткенде мамлекеттик деңгээлде белгиленгени турат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.