Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты

25-26-августта Астанада Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика жана суу чарба мекемелеринин өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жеткирүү маселесин талкуулап, анын көлөмү жана жеткирүү шарттары боюнча бир катар өз ара пайдалуу макулдашууларга жетишти.

Мындан тышкары үч өлкөнүн өкүлдөрү электр энергиясын саатына эсептөө механизмин киргизүү ыктымалдыгын иштеп чыгуу, чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосундагы пландан тышкаркы суу агымдарын көзөмөлдөө келишимдерин түзүү жана пландан тышкаркы суу агымдарын көзөмөлдөө тууралуу азыркы келишимдеги шарттарды кайрадан карап чыгуу боюнча макулдашты.

Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жолугушуунун алкагында ошондой эле гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу, суу жана энергетикалык ресурстар тармагындагы байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптардын кийинки жолугушуусу 2023-жылы ноябрда Бишкекте өтөрү айтылды.

Август айынын ортосунда суунун 80% Кыргызстандан алган Казакстандын Жамбыл облусунда сугат суу тартыштыгы жаралган. Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги муну Кыргызстандын Талас дарыясындагы жана андагы Киров суу сактагычындагы суунун аз болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Маалыматка ылайык, Киров суу сактагычынан Казакстанга 21-апрелден тарта суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн. куб метр жана суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген. Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарган.

Буга чейин Казакстан Сырдарыя бессейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди өзгөртүүгө ниеттенип жатканы кабарланган.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.